№56, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  СДПК эл тараптабы?

Асилбек Жээнбеков, ЖК депутаты:
"Өкмөт туура эмес багытты тандап алды"
- Асилбек Шарипович, кыргыз экономикасы аңды-дөңдү карабай айдап бараткан айдоочуну элестетет. Сиздер, депутаттар, өлкөнүн каржы жагын мыктылап колго алып беребиз дейсиздер. Деги Кыргызстандын капчык маселеси качан оңолот?
- Парламент мыйзам чыгаруучу орган. Мамлекетке керектүү мыйзамдардын аки-чүкүсүн талкуулап, күндөлүк турмушка колдонуу үчүн кабыл алып берет. Аткаруу органдарынын жазып келген мыйзамдарын карап, жарамдуу же пайдасыз деп бүтүм чыгарабыз. Экономика менен алектенген өкмөт бар. Жаманбы-жакшыбы алар иштеп жатышат. Бирок бараткан багыттары туура эмес жолдо. Эми баарыбыз жапатырмак аракет кылып, өлкөнү өнүктүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жатабыз. Кыргызстанда жакшы турмуш болооруна ишенич артпаганда, эмне кылмак элек?
- Парламентте СДПКнын орду дегеле сезилбейт да...
- Да, андай учурлар болуп жатат. Отурумдагы ар кандай маселелер боюнча туура кеңешибиз деле эске алынбай жатканы өкүнүчтүү. Ал гана эмес, айрым телеканалдар СДПКчыларды сессия абалында таптакыр көрсөтүшпөйт.
- Сизди чириген бай дешет го?
- Ооба, жакшы атанын уулу деген атыбыз бар. Мамлекетти тоноп карөзгөйлүк кылган эмеспиз. Уурулук, өкүмзордук деген терс сапаттарды билбейбиз. Биртууган агаларым тынч жүрүшөт. Бул жагынан алганда чириген баймын. Ал эми каражат жагынан айтып жаткан болсоңор, жаңылышасыңар. Ар кимдин тиричилигиндей эле оокат-тиричилигибиз бар.
- Айыл жеринде турмуш оорлоп кетти. Элди ким багат?
- Кыргыз эли өзүн-өзү багып жатат. Карап көргүлө, айылдын жаштары Казакстан менен Орусияга кетип калышкан. Чынын айтканда, ошолор багып жатат. Ачык айтканда, Кыргызстанга 1 жылда 1,05 млрд доллар сырттан келет. Ошентсе да, мамлекет элге жардамын бералбай жатпайбы. Айыл жерине кредит бералбай калдык. Мактанып жүргөн Айылбанкынын кредиттик портфели 60 миллион доллар эле. Эми сырттан келген акча менен Айылбанкынын портфелин салыштырып көрсөңүз, элди кимиси багып жатканы ортого чыгат. Жетишип калгансып, ушул банкты менчикке кетирип жатабыз.
- Электр энергиясына байланышкан мыйзамга келгенде СДПКчылар чыгып кеттиңер го. Эмне баары бир сөзүбүздү укпайт дедиңерби?
- Биринчиден, бизде андай түшүнүк жок. Чыгып кетүүбүздүн себеби жөнөкөй эле. Өкмөт 2012-жылы электр энергиясынын бир квт баасы 1 сом 40 тыйын болот деди. Учурда 70.5 тыйынга чейин көтөрүп отурушат. Ушуга жараша кандай социалдык программаңар бар, жакыр үйбүлөлөрга кандай жардам бераласыңар, 5 жылдын ичинде стипендия менен айлык акыларды канчага чейин көтөраласыңар десек, Чудиновдун андай программасы жок экен. Экинчиден, ошол тармактагы уурулук токтобой жатат. Башкаруу системасында кемчиликтер толтура. Ушул жагын эске алып чыгып кетүүгө туура келди.

Манас ОСМОН




  Түштүк жорго кызыганда

Куштун кош канаты сынабы?
(Башы гезиттин № 54 санында)
"Биз жердешчиликке каршы күрөшөбүз"
(К.Бакиев)
Гезитибиздин №54 санында ушундай аталышта материал жарык көрүп, ал орусча которулуп электрондук басылмаларга чейин жарыяланган эле. Бул боюнча "Аалам" гезитинин окурмандары да ар түрдүү ой-пикирлер менен кайрылышыптыр. Биз бул материалдын уландысын ушул жума күнкү чыгарылышта чагылдырмакпыз. Ага чейин кызыккандар редакцияга чейин коңгуроо кылып жиберишти. Бир чети окурмандарыбыздын пикирлерин эске алып, ошол материалдын уландысын жарыялап жатабыз. Келерки жумаларда бийликтин кадрдык реформасын изилдеп, элдин таразасына коебуз деген изги тилектерибиз бар. Ой-пикир, сунуштар болсо, редакциянын эшиги ачык.


Президенттин мамлекеттик кеңешчиси - Үсөн Сыдыков,
Жалалабат облусу, Базаркоргон району.

Президенттин КМШ жана ЕврАзЭС өлкөлөрү боюнча толук ыйгарымдуу өкүлү (вице-премьер-министр даражасында) - Эмил Узакбаев, Жалалабат облусу, Ноокен району.

Президенттин кеңешчиси - Султан Айжигитов,
Баткен облусу, Баткен шаары.

Аскердик соттун төрагасы - Дастанбай Айжигитов,
Баткен облусу, Баткен шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы -
Клара Кабилова, Жалалабат облусу, Ташкөмүр шаары.

Кыргыз Патенттин директору - Надырбек Турганбаев,
Ош облусу, Каракулжа району.

Матрезерв жетекчиси - Пайзуллабек Рахманов,
Жалалабат облусу, Базаркоргон району.

Коррупция менен күрөшүү комитети - Рахматулла Эралиев, Жалалабат облусу, Сузак району.

Чегара кызматынын жетекчиси - Замир Молдошев,
Жалалабат облусу, Сузак району.

Стандарт жана метеорология борбору -
Патидин Атаханов, Жалалабат облусу, Майлысуу шаары.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору - Адылбек Султанбеков, Ош облусу, Алай району.

"Манас" абамайданынын директору - Бакыт Сыдыков,
Жалалабат облусу, Базаркоргон району.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча улуттук агенттиктин директору - Мамасадык Бакиров, Ош облусу, Карасуу району.

Курулуш жана архитектура агенттигинин директору -
Каныбек Нарбаев, Жалалабат облусу, Аксы району.

Жалалабат облусунун губернатору - Кошбай Масиров,
Жалалабат облусу, Каракөл шаары.

Баткен облусунун губернатору - Марат Жумабеков,
Жалалабат облусу, Базаркоргон району.

Ош облус губернатору - Аалы Карашев,
Ош облусу, Өзгөн району.

"Эркин тоо" гезити - Сакы Садыков,
Ош облусу, Чоңалай району.

"Кыргыз Туусу" гезити - Кыяс Молдокасымов,
Ош облусу, Өзгөн району.
(Уландысы бар)
М. ОРОЗБАЙ уулу