№56, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок"

Азыркы мамчиновниктерге ишенсең, талаада каласың
Мамлекеттик башкаруу системасында кадрлар үйбүлөлүк-кландык принциптердин негизинде тандалып алынышы иштин көзүн билген, рыноктук шарттарда илгиртпей иштеп кете алгандай мененджментти терең өздөштүргөн адистердин келишине каскак.

Айткандай эле, азыр кадр саясатында орун алган фаворитизм бийликке дилетанттардын күркүрөп киришин шарттап жатканын көрүү кыйын эместир. К.Бакиев президент башы менен өзүнүн тууган-туушкандарын, жердештерин, ляппай-кошоматчыларды же кожоюнга "ак эмгегин аябаган", көздөй көргөн "ишенимдүү" кишилерин мамлекеттик орчундуу кызматтарга кыдырата дайындап жатса, алыска узап, жыргап кетерибизден түңүлөсүң. Калгандары кантмек эле президент өзү баштап жол көрсөтүп жаткан соң? "Мал ээсин тартпаса, арам өлөт" демекчи, президенттен түшкөн "сигналга" ылайык бийлик пирамидасынын төмөн жагынан орун алган чоңдор да тегерегин өз тууган-туушкандары менен курчап алууга киришет эмеспи. Тилекке каршы, мындай кадр саясаты кадиксиз түрдө мамлекеттик башкарууда профессионалдык деңгээлдин төмөндөшүнө алып келет. Жөнөкөй тил менен айтканда, элди оозуң кайда десе, мурдун көргөзгөндөр башкарып калат.
Жөндөмдүү, интеллектиси бийик адамдарды, илимий тилге салганда, кейс-моделди терең өздөштүргөн адистерди эмес, кызматка тууган-туушкандарын, санаалаштар менен кошоматчыларды алуу өнөкөтүнүн кийинки саясый, моралдык-нравалык, төтөн социалдык-экономикалык натыйжалары өтө опурталдуу. Ал көп узабай өзүнүн өкүнүчтүү "жемишин" бере баштаары талашсыз… Финансылык-кредиттик, энергетикалык, айрыкча жону жука элдин белин майыштыра турган азык-түлүк глобалдык кризиси башталганы белгилүү. Азык-түлүк кризисинин залакасы бизге окшогон жакыр өлкөлөр үчүн төө көтөргүс чоң жүк болорун Рим азык-түлүк саммитинде баса белгиленди. Айткандай эле Кыргызстанда ачкачылыктын карааны аралап жүргөнү жашыруун эместир. "Независимая газетасынын" жазганына караганда, Кыргызстан баанын өсүш темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы катарында турат экен. 1-июлдан баштап жогорулай турган коммуналдык тарифтер Кыргызстанды шериктештиктин ичиндеги эң инфляциялык өлкөсүнө айландырары анык. КМШ өлкөлөрүнүн статкомунун маалыматына ылайык, инфляциянын өсүшү Кыргызстанда төрт айдын ичинде 22,4%ти түздү. Бул болсо инфляциянын индикатору болгон керектөө баасынын индексинин көтөрүлүшүн, азык-түлүккө карата баанын тынымсыз өсүп жаткандыгын, рынокту интервенциялоо үчүн мамлекетттик матрезервде жетишерлик азык-түлүк запасы жок экендигин билдирет. Ачкачылык босогодон баш багып турганын өзүбүз деле жон терибиз менен сезип жатканыбыз жалган эместир. Ошол эле "НГ" "азыркы кездерде Кыргызстанда төшүндө орден-медалдары бар пенсионерлер кайыр сурап жүргөнүн көрөсүң, эгер мурда пенсия эптеп күн өткөргөнгө жетсе, акыркы учурларда пенсия менен тиричилик өткөрүү мүмкүн болбой калды" деп жазганы буга айгине күбө.
Кыйын-кычык мындай учурда өкмөт тезинен антиинфляциялык чараларды көрүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оперативдүү программаларды иштеп чыгууга милдеттүү эле. Тилекке каршы, андай аракеттер байкалбайт. Өкмөт дүйнөлүк азык-түлүк кризиси агымына ала салып кетип бараткандай асер калтырат. Ырас, айрым бир антикризистик чаралар багытындагы билдирүүлөр пайда болгонун белгилөө зарыл. Атап айтсак, "мозговой центр" деп аталган экономикалык өнүгүү жана соода министирлигинин мамлекеттик программалар башкармалыгынын начальниги Талантбек Сакишев: "кокусунан азык-түлүк кризиси башталса (?), мамлекет тамак-ашка болгон бааны "тоңдуруп" коюуга (замораживать) барат" дейт. Ачык айтканда, бул экономика менен тааныштыгы азыраак адамдын айтканы. Макул, баа мамлекет тарабынан теске салына баштасын дейли. Ошону менен кыйынчылыктан чыгып кетүүгө болобу? Жок. Мындай учурда кажетсиз түрдө дүкөндүн текчелеринен азык-түлүк продуктулары жер шыпыргандай жоголуп, тоталдык дефицит башталарын рыноктон бир аз кабары адамга алаканга салгандай айгине. Биринчиден, бизде менчиктин мамлекетик эмес, жеке формасы үстөмдүк кылаарын эске алуу керек. Экинчиден, Кыргызстанга негизги азык-түлүк продуктулары сырттан ташылып келинери белгилүү. Үчүнчүдөн, бүт дүйнөдө азык-түлүккө болгон баа тынымсыз өсүп баратканын, демек, ал бизде да көтөрүлүүгө аргасыз экенин унутпоо кажет. Эгер баанын өсүшүн суу буугандай токтотуп койгондо коммерсанттар (трейдерлер) азык-түлүктү сырттан ташып келүү, өлкөнү азык-түлүк менен жабдуу ишин токтотоору анык. Себеби, ал иши пайда бербей, киреше киргизбей калат. (Коммерсант макоо эмес да акыры). Демек, Талантбек Сакишев айткан баа саясатына мамлекеттин кийлигиши зыяндан башка пайда бере албайт. Муну түшүнүү үчүн чоң экономист болуунун кажети жоктур. Бааны өсүшүн ооздуктоонун, ошентип, башка жолун издөөдөн башка чара жок.
Мамлекеттик чиновниктер рынок экономикасынын закондорунан түшүнүгү жок компетентсиз болгону менен, алдым-жуттумга, коррупцияга келгенде жантыгынан жаткан жагы бар. "Казакстан тудей" агенттигинин Кыргызстандын генпрократурасына шилтеме жасап, өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун чоң бир чиновниги жең ичинен төмөнкү баада ун сатып жибергенин, натыйжада, мамлекет 18 миллион сомго зыянга дуушар болгонун кабарлады. Азыр чиновниктин үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат дейт "Казакстан тудей". Эң ыйык, эл аздектеп көзүн караган резервге кол салуудан тартынбаган чиновниктер турганда өлкөнүн кризистен чыгып кетери кыйын экендиги айтпаса да белгилүүдүр. Иши кылып, акырында айтарым, иштин көзүн билбеген, тууганчыл, ошо кезде коррупцияга машташкан азыркы режимдин бийлик чиновниктери элди ачарчылыкка кептелтип, дүйнө кыдыртып тентитип жиберери реалдуу нерсе.

Үсөн Касыбеков




Обращение
Президенту
Кыргызской
Республики г-ну К.Бакиеву

Уважаемый Курманбек Салиевич!

Настоящим обращаюсь к Вам не как экс-Омбудсмен к Президенту, по поручению партии "ЭрК" (Эркин Кыргызстан) как ее лидер к лидеру партии "Ак жол".
Я очень надеюсь, что Вы осознаете всю полноту ответственности за судьбу народа и государства, которую взвалили на себя, расставив с должностей глав сельских управ до членов правительства и парламента приверженцев Вашей партии. Это означает, что за все происходящие в стране и от имени Кыргызстана, со всеми его удачами и неудачами, несете персональную ответственность Вы и никто другой, так как власть монополизирована.
Однако, перед лицом истории и потомками мы, Ваши современники, также в ответе за происходящие и то, что может произойти. Я не могу быть равнодушен к судьбе своей страны, ее настоящему и будущему! Мне и моим детям здесь жить и умереть! Именно поэтому я счел нужным обратиться к Вам как экс-кандидат в Президенты Кыргызской Республики и лидер конструктивно-оппозиционной партии "ЭрК" с этим письмом. Надеюсь на его принятие.
Вы прекрасно помните, наверное, все наши беседы о внутренней и внешней политике страны, кадровой расстановке и других актуальных проблемах. Говоря Вам горькую правду, я искренне желал, чтобы Вы, как новый политический лидер Кыргызской Республики, оправдали надежды миллионов наших соотечественников, появившиеся после событий 24 марта 2005 года, и остались в памяти людей так же, как Исхак Раззаков, Торобай Кулатов, Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев и многие другие выдающиеся личности нашего народа!
К сожалению, история повторяется. Нарушается территориальная целостность страны и другому государству передается самое святое - земля, завещанная нашими великими предками. Важнейший государственный стратегический объект - энергетический сектор отдается на откуп частным лицам. Власть не может справиться с продовольственным кризисом и подорожанием продуктов первой необходимости. Жители бегут в более благополучные государства, при этом отказываются от кыргызского гражданства.
Сегодня в стране идет неприкрытая атака на конституционные права и свободы граждан и другие демократические ценности! В столице и других городах власть запрещает проводит митинги, демонстрации и шествия; глав сельских управ теперь народ не выбирает, а назначают "сверху"; зависимые судьи удовлетворяют миллионные иски родственников первых лиц государства против независимых газет; убивают не только политиков и бизнесменов, а и журналистов, но заказные убийства остаются нераскрытыми; президентские и парламентские выборы фальсифицируются и т.п. У людей снова появляется страх произносить правду вслух.
Уважаемый Курманбек Салиевич, Вы пришли к власти благодаря возмущению электората из-за фальсификации и применения административных ресурсов Вашим предшественником на парламентских выборах 2005 года. Теперь же, после грубо сфальсифицированных парламентских выбором 2007 года, Вы отказываете в таком же праве возмутившимся и несогласным политическим партиям и их электорату. Более того, Центральная избирательная комиссия, работу которой, как и в 2000 году, непосредственно курировал руководитель администрации Президента М.Садыркулов, отказывается публиковать официальные итоги голосования.
Разве всего этого ожидал наш многострадальный народ?! Ропот среди населения, особенно живущие на грани бедности и нищеты, растет. Что будут осенью - одному Богу известно!
Сейчас крестьяне усиленно готовятся к осеннему урожаю. Наступила пора летних отпусков для горожан и бюджетников
Господин Президент, я предлагаю воспользоваться этим затишьем и под Вашей эгидой до 1-го июля собрать за круглым столом в определенном формате всех представителей политических партий, НПО и общественных деятелей, кому дороги благополучие и стабильность в нашей стране. К этому диалогу призывает традиция наших великих предков, которые в тяжелые для народа времена сообща искали пути выхода из кризиса и приходили к компромиссам! Мудрая поговорка гласит: "Ханы приходят и уходят, а народ остается!".
С уважением,
Турсунбай Бакир уулу