№56, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Александр Воинов спорт агенттигине жетекчи
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Бектур Асанов өкмөт алдындагы дене тарбия жана спорт, жаштар, балдарды коргоо боюнча агенттигинин жетекчилигинен бошотулду. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Бектур Асановдун билдиргенине караганда, ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүүгө өлкө башчысына арыз жолдогон. Анын ордун "Гермес-профи" клубунун негиздөөчүсү, ушу-саньдо боюнча дүйнө чемпиону, президенттин спорт боюнча кеңешчиси Александр Воинов ээледи.

Экс-спикер күчүн эми бильярддан чыгарат
Өткөндө бильярд боюнча Диломаттар Кубогу мелдеши болуп, баш байгени саясатчыларга "тиш кайраган" экс-спикер Адахан Мадумаров жеңип алды. Саясатта дагы бильярд шарларын аткандай чындыкты айтып чыкса, Адахан дале көп упай топтоп, келечекте жеңүүчү аталаар... Экинчи орунду Жогорку Кеңештин кызматкери Вячеслав Хан утуп алды. Үчүнчү байгелүү орунду бильярд федерациясынын вице-президенти Шейшенбек Байзаков камсыз кылды.
Командалык эсептеги таймашууда да баш байгени "ЖК-1" аталгандардын катарында экс-спикер Адахан Мадумаров менен "акжолчу" депутат Борис Сан утуп алышты. Кайрымдуулук турнирине Орусиянын биздеги элчиси Валентин Власов жана Украинанын биздеги элчиси Владимир Соловей да катышты.
Мелдештин байге фондусуна түшкөн 50 миң сом Ысыката районундагы "Келечек" балдар үйүнө тапшырылды.

Бишкектеги эларалык теннис турнири
Эларалык теннис федерациясынын демилгеси менен Бишкекте чоң теннис боюнча улан-кыздар арасында эларалык турнир болду.
Буга Орусия, Украина, Индонезия, Өзбекстан жана Кыргызстандан 13 жаштан 18 жашка чейинки 128 өспүрүм катышты.
Баш байге үчүн кыргызстандык Данияр Дулдаев менен өзбекстандык Юрий Маслов күч сынашып, натыйжада өзбекстандык мейман жеңишке жетишти.
Кыздардан да өзбекстандык Каролина Черная лидер болуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Кыргызстандык Анастасия Терентьева күмүш байгелүү болду.

Кыргызстандык Василий Данилов Дүйнө Кубогунда сүзүүдө
Кыргызстандык суучул Василий Данилов Италияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунун этаптык мелдешине катышууда. Мындан сырткары Дүйнө Кубогунун этаптык мелдештери Монако, Барселона жана Каннете шаарларында өтүп, мыктылар мөрөй талашышат.

"Дордой-Динамо" үчүнчү ирет чемпион болобу?
Азия футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин чечими менен быйылкы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык таймашуулары сентябрь айында Бишкекте өткөрүлмөк болду. Борбор шаарыбыздагы "Спартак" стадиону мындай эларалык турнирди өткөрүүгө даярбы? Ага чейин жок дегенде электрондук табло алынаар бекен?! Же дагы кол менен жазып, эсепти колго тагып, уят болобузбу?! Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Нарындын "Дордой-Динамо" командасы АФК президентинин Кубогун эки ирет удаа жеңип алган. Мурдагы жылы Малайзияда, былтыр Пакистанда жеңиш сересине көтөрүлгөн. Эми "Дордой" үчүнчү ирет Бишкекте чемпион боло алаар бекен?!

Бетти даярдаган Кабыл Макешов