№56, 13.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ай-чырай

Аял жана сулуулук
Аялзатынын сулуулугу ар мезгилдин жашоо шартына ылайык ырга салынып сүрөттөлүп келген. Алсак, ХVI кылымда француз жазуучусу Пьер де Бурдей "Келбеттүү айымдар" деген трактатында "төрт тарабы төп келишкен сулуу аял сулуулуктун 30 белгисин алып жүрүшү керек" деп белгилеген.
Алар: үч ак нерсе - тери, тиш, кол;
үч кара нерсе - көз, каш, кирпик;
үч узун нерсе - бут, чач, кол;
үч ичке нерсе - эрин, бел, кызыл ашык;
үч толук нерсе - ийин, балтыр, жамбаш болуп уланып отузга жеткен.
Андан бери канча мезгил өттү. "Идеалдуу адам" кокустан пайда болгон түшүнүк эмес экен. Ага ар мезгилдин алымча-кошумчасы болот: учур талабы, жашоо шарты, иштеген иши, көнүмүш адаттары да маанилүү роль ойнойт.
Биз жашап жаткан учурда да идеалдуулук башкача өңүттө каралат. Буга Бурдей түзгөн 30 талап дагы аздык кылчудай. Маселен, назиктик, сүйкүмдүүлүк, ишмердүүлүк, эң негизгиси - чың денсоолук, саламат дене. Ага татынакай өң-түс, жакшынакай келбет, кол, чач, кийим жарашыгы, маданияттуу жүрүм-турум, сүйлөө манерасы, мейманды күтө билүү сыяктуу сапаттар да кошумча.

Дүйнө
косметикасынан
Косметика бүгүнкү күндүн жаңылыгы эмес. Ал байыркы кылымдарда эле пайда болгон. Бул жөнүндө аздыр-көптүр маалымат Плиния китеби жана император Нерондун сарайында кызмат кылган, грек врачы Диоскорида калтырган жазмалар аркылуу жеткен.
Бүгүнкү күндүн сулууларына заманбап сулуулук косметикасынын бир нече түрүн сунуш кылабыз.

Жемиш
косметикасы
Саратан жай - жашылча-жемишке бай учур. Жашылча-жемишти жаңы кезинде пайдалануу өтө пайдалуу, себеби анын курамындагы денеге кан аркылуу тараган витаминдер косметикалык каражаттардан биртоп жогору турат. Териге болгон таасири да күчтүү.

Беткап
косметикасы
Мөмө-жемиш жана өсүмдүк маскасынын курамында териге керек микроэлементтер жана глюкоза бар. Алар терини жакшыртып, тазалап, жумшартып жана кургатып жибербейт, сергектик алып келет. Маскага жалаң жашылча-жемиш керектелет.

Бадыраң бетти агартат
Бадыраңды айрымдар анча пайдасы жок деп эсептешет. Кай бир жашылчаларга караганда пайдасы аз экендиги чын. Бирок теридеги зат алмашууну жакшыртууда ага бири да жетпейт. Ал бетти жылмакай кылып, агартат. Бадыраңды кабыгы менен жеген жакшы. Бетке пюресинен жаап же кабыгын сүртсө, эң жакшы натыйжа берет.

Помидор, буурчак, жумуртка
Бетти жылмакай кылып, көздү тирдентип, чачты жалтыраткан А,В,С витаминдери көбүнчө жумуртканын сарысында, сүт азыктарында, сабиз, помидор, буурчак, көк-сөктө(зелень), мөмө-жемиштерде болот.

Колдонуу ыкмасы
Ар түрдүү мөмө-жемиш сатып алдыңыз дейли. Аны үйгө алып келип жууп тандаганда, арасындагы эзиле бышып кеткенин, жарабаганын ыргытып жибербеңиз. Аны тазалап, эзип, бетиңизге маска жасасаңыз, бетти чыйралтып, жылмакай кылат. Бетти ар кандай сезгенүүдөн сактайт. Айрыкча алма, абрикос, шабдалыдан жасалган маска беттин абалын жакшыртат. Териңиз сезгич болсо, маскага каймак же быштактан аралаштырып коюңуз.

Боенуу (макияж) тууралуу
Макияж бетке тоналдуу бетмайды жука сүйкөнүүдөн башталат. Анын өңү бет өңүнө окшош болушу керек. Болбосо, бет менен моюн өңү айырмаланып калат. Бетмай сиңирилип, үстүнөн упа жука сүйкөлөт. Анан ар ким жүзүнө жараштырып көзүн боейт. Бири-бири толуктап турган боектордун жардамы менен табышмактуу сулуулукту жаратууга болот.

"Илеби бейиш гүлүндөй"
Адам турмушунда эринди боео жазуудан да мурда пайда болгон экен. Ооз боекту алууда моданы эске алып, көз, чач, тери, кийимге да карап тандоо керек. Ооздун формасы өзүңүзгө жакпаса, боек жана каралжын түстөгү контур калемдери менен каалаган формага келтирип, каалаган түскө боесо болот. Бадыраң маңызы жана бал эриндерди назик, жумшак кылат.

Сулуу болгуңуз келсе, тынч уйкудан баштаңыз
Адамдын денсоолугунун чың болушуна, жакшы көрүнүшүндө башкы ролду уйку ойнойт. Жакшы уктап, жакшы эс алган адамдын көңүлү ар дайым көтөрүңкү, сырт көрүнүшү да жагымдуу болот.
Көздүн астына түшкөн бырыштар кары, оорукчан адамдай көрсөтүп коет. Ошол бырышты азайтуучу амалдардын бири - тынч уйку. Уктаар алдында бетти боекторун сүртүп тазалап, кабакка ысык компресс коюп, 3 мүнөттөн кийин майлуу бетмайдан сүртүп, жеңил массаж жасаш керек.
Эртең менен 2 секунддай муздак суудан компресс коюп, артынан нымдаштыруучу (увлажняющий) бетмайдан сүртүү керек.

Зыяндуу адаттар жөнүндө
Жасалма бырыштар - мимика бырыштары. Көпчүлүк учурда кандайдыр бир сезимдерди, маселен, таң калуу, кайгыруу, сүйүнүүнү мимика аркылуу билдиришет. Андай учурда 15-20 жашта эле бетте майда издер пайда болуп, жаш өткөн сайын терең бырышка айлана баштайт. Аларды бетти бырыштырбай эле, сөз менен, көз караш менен билдирүүгө болот. Бетке эрте бырыш түшпөсүн, узакка жаш көрүнөйүн десеңиз, зыяндуу адаттардан баш тартыңыз.
Аялдын тамеки тартуусу да жаман адат
Тамеки чегүү эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк зыян алып келет. Өспүрүм кыздар боюнун өсүшү жайлап, жай жетилип жана бронхит оорусуна көп кабылышат. Тамеки чегүү терини кургатып, саргайтып, чүрүштүрүп, тез карытат. Мындай беттерди "никотиндүү бет" деп койсо болот. Тамеки чегүү алгач чарчоону жана уйкуну тараткансып көрүнгөнү менен, акырындап адамдын денсоолугун алып, никотин нерв системасын да зыянга учуратып, бара-бара ойлоо, ой жүгүртүү процессин начарлатат.
Жазга боектун кереги не?
Кирпигинен тырмагынын учуна чейин боенуп алган 14-16 жашар кызды көргөндө, анын жүзүнө боектун жарашпай турганын байкайсың. Анын бети жасалмадай көрүнөт. Косметиканы эрте, ченемсиз колдонуудан табигый сулуулугун, жагымдуулугун эрте жоготот. Ошондо "Жазга боектун кереги не?" деген макал эске түшөт.
Жаштыктын эликсири
Адам баласына, айрыкча аялзатына, жашы өйдөлөп калганда булчуңдар балбырап, нерв жана эндокрин системалары бошоңдогон көрүнүш болбосун үчүн:
- тамеки тартуу менен ичкилик ичүүдөн баш тартуу;
- тамакты мүнөздөп ичүү;
- рационго жашылча, жер-жемиштен кошуу, малдын майы кошулган тамакты чектөө;
- убагында тамактануу, активдүү кыймыл, психологиялык тең салмактуулук формаңызды сактоого жардам берет.
Аккөңүл, жакшылыкты ак дилден жасаган, кең пейил адамдар ар дайым жаш көрүнүшөт. Кайсы жашка келбеңиз, жарашыктуу кийинип жүрүү керек. Жарашыксыз, эби-сыны жок кийим, өтө кымбат болсо да, адамдын сырт көрүнүшүн бузуп, улуу көрсөтүп коет.
Кундуз МАНДЫБАЕВА