№55, 10.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ташбилек

"Алышты" дүйнө тааныдыбы?
Ар улуттун ажайып жүзүн ачып турган, жанга жарк эткен өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Буга ата-бабалардын жоокерчилиги: бет маңдай чыга калган касын, душманын белбоодон так көтөрүп, айланта чапканда - "өпкөсү" үзүлүп "көтөрүм болгон койдой" ордунан туралбай багынып бергени эмне деген керемет. Белбоо күрөшүнүн баяны ушинтип куралып, түптөлүп, бүгүнкү күнгө чейин башка улуттун ооздун ачырып, тамшандырып келет.

2002-жылы дүйнө журтчулугунда белбоо күрөшү менен шугулданган санаалаштар Ош шаарындагы чоң жыйынга келип, масилеттешип, "Алыш" федерациясынын тушоосун кесишкен эле. Бул аты аталган федерация ошо күндөн ушу күнгө чейин ат көтөргүс алгылыктуу иштерди жасап келет.
Нечен-нечен эларалык мелдештерге барып, кыргыздын намысын бек коргоп келген ташбилек балбандар четтен чыгат.
Бир аз күн мурун "Алыш" федерациясынын ишмердиги Эларалык күрөш ассоциациясы (ФИЛА) тарабынан жогору бааланып, аталган уюмга мүчө кылып кабылданганы тууралуу "Алыш" федерациясынын биринчи вице-президенти Алманбет Анапияев менен азыноолак маек курдук.
- Кечиресиз, Алмамбет мырза, алыш деген сөздүн мааниси, теги бардыр?
- Алыш бул түрк тилинен алынып, эки күчтүн тиреши деген маанини берет. Мындай жагдайда ар бир элдин өзүнө тиешелүү улуттук спорттук оюн түрлөрү кездешет. Маселен, өзбектерде кураш, грузиндерде чадоба, корейлерде срын. Бизде болсо күрөш деп.
- Бу саамалык ишке өзүңүз барып күбө болуп келдиңиз. Кай жерде, ким менен?
- Швейцарияга барардан бир жыл мурун Минск шаарында ФИЛАнын конгресси болуп, ал жерде "Алыш" федерациясынын вице-президенттигине талапкерлердин ичинен мага ишеним артышкан. Бир жылдын ичинде көп жумуштардын көзүн таап, ишке билек түрө кириштим. Максат кылган жумуштарды четинен жүзөгө ашырууда федерация жамааты колдоого алышты.
Бизди ФИЛАнын президенти Рафаэль Мартинетти кабыл алып, ал жерде келечектеги алгылыктуу иштер жөнүндө баарлашып, жакшы ойлордон бөлүштүк. Бизди таңкалтырганы ошо ФИЛАнын офисинде илинип турган чоң көлөмдөгү сүрөт болду: жайлоо, белбоо байланган эки балбандын тегеректеп отурган эл ортосунда күрөшүп атканы тартылган.
1785-жылы тартылган бул сүрөт айтып тургандай, Алыш күрөшүнүн байыртадан келатканынын дагы бир далили деп ойлойм.
Алмамбет мырзанын кезектеги чоң мелдешке кам көрүп, тыным этпей, бирөөдөн жардам сурабай, жеке өз күчү менен кыргыз эли үчүн кылган кызматы жеке жарандык парасаты экенин туйдум да, ушундай жигиттер өлкөбүздө көбөйсө экен деген тилекте калдым.

Маектешкен
Сурат Жылкычиев