№55, 10.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

ФУТБОЛ: ЕВРОПА-2008 МЕЛДЕШИ КЫЗЫКТУУ БАШТАЛДЫ
7-июнда Швейцариянын Базель шаарында футбол боюнча Европа чемпионатынын ачылыш аземи болуп, биринчи беттешүү Швейцария жана Чехиянын командаларынын ортосунда өтүп, 1:0 эсебинде чехтер жеңишке жетишти. Португалия жана Түркиянын футболчуларынын да таймашуусу күрч мүнөздө өтүп, 2:0 эсебинде португалиялыктар утуп, үч упайдын ээси болушту. 8-июнда "В" тобундагы атаандаштар Австрия менен Хорватия таймашып, 1:0 менен хорваттар утуп, Германия менен Польшанын командалары таймашууга чыгып, 2:0 эсебинде немистер утушка ээ болушту.
7- июнда Европа чемпионатынын ачылыш аземи Швейцариянын Базель шаарындагы кайра реконструкцияланып курулган, 42 миң 500 орундуу "Санкт-Якоб Парк" стадионунда болду.
Алгачкы беттешүү талаа ээлери Швейцариянын тандалма командасы менен Чехиянын футболчуларынын ортосунда өттү. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Экинчи тайм ортолоп калганда оюнга кошулган Чехиянын "Баник" футбол клубунун чабуулчусу Вацлав Сверкош 13 мүнөт ойногондон кийин эсепти ачып, өз өлкөсүнө жеңиш алып берди.




Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалы
Бишкекте өтөт
Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев Европа континенталдык футбол федерациясынын жетекчиси Мишель Платиниге билет боюнча үч ирет кайрылган. Биз Амангелди мырзаны кепке тартып турубуз.

- Эки өлкөдө Европа чемпионаты башталды. Бул мелдеш кандай деңгээлде өтөт дейсиз жана сиз кайсы курама команданын күйөрманысыз?
- Европада чоң футбол майрамы башталды, абдан жогорку деңгээлдеги оюн болууда. Мага Италиянын курама командасы жагат. Ошондой эле хорваттардын командасы дагы күчтүү ойноп жатат. Бул майрам азыркы өнүккөн футболду көрсөтүүдө.
-Амангелди мырза, Азия футбол боюнча чемпионатын, Кубогун Европаныкындай деңгээлге көтөрүүгө болобу?
- Өнүккөн өлкөлөрдүн курама командалары өздөрүн жакшы эле көрсөтүшүүдө. Маселен, Япония, Корея, Иран, ошондой эле Ирак Азиянын чемпиону болду. Кытайдын футболчулары дагы акырындап ийгиликтерге жетүүдө. Азия азыр туура жолдо баратат. Келечекте да Азия чемпионаты ушундай деңгээлде өтүп калуусу ыктымал.
Ал эми бизде азыр 120 машыктыруучу айлык акысын алып иштеп жатат. Стадиондорду куруп жатабыз. Футбол базабыздын курулушунун экинчи этабы аяктады. Ал жерге эки чоң футбол талаасын жана эки кичи футбол аянтын куруудабыз. Түркияда, Орусияда, Кипрде, Казакстанда, Өзбекстанда жана Украинада биздин балдар ойноп жатышат. Келечегинен үмүткөр кылган жаштар арбын.
Жакында эле Азия Кубогунун группалык турнирин Кыргызстанда өткөрдүк. Ошондо биздин уюштуруучулук жагыбызды Азия конфедерациясы жогору баалап, сентябрь айында клубдар ортосунда өтө турган, Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган турнирдин финалдык бөлүгү Бишкекте өтсүн деген жыйынтыкка келишкен экен. Эми биз даярдыктарды көрө баштамакчыбыз. "Дордой" командасы үчүнчү ирет ийгилик жаратат деген үмүт чоң.
- Мамлекеттик деңгээлде футболду өстүрүп-өнүктүрүүгө камылга көрүлүп, камкордук жүрүп жатабы?
- Алар негизинен калыс болушууда. Бизде футболду көтөрсө болот. Мисалы, Өзбекстанда президент баш болуп көз кырын салууда. Футбол бул чоң реклама, саясат экенин алар түшүнүп жатышат.

Кабыл Макешов




  Сандан-санга

(повесть)
БАРАТБАЙ АРАКЕЕВ
Аксулуу
Ошондо Сатар келинге айтты:
- Атың ким эле, келин балам?
- Атыр.
- Жакшы ат экен. Атыр экөөбүз мас болбойлу, ээ?
Келин күлдү:
- Мас болгум келсечи?
- Мен суранам…
- Бат элеби? - Шайтан келин шыңкылдады, - укмушсуз го…
- Укмушмун. Мас болбойбузбу?
- Макулмун, агай, мейман эмессизби.
Экөө бири-бирин түшүнүштү, тиги экөөнү мас кылыш керек. Турдукан эми бирди ичсе бүттү же ичпей эле бүттү, а тиги жигитчи?
- Жолдошуңуз мас болуп берер бекен?..
- Болбосо, болтурабыз да.
Аңгыча жигит келди:
- Эже аябай кыйналып атат окшойт. Мурун мындайы жок беле, ыя, байке?
- Ошенте берет, камтама болбогула.
- Ошондой десеңиз, мен да…
Келин бөтөлкөнү алып стаканга баса куйду да, күйөөсүнө сунду:
- Ме, алып жиберчи. Сен келгенче агай экөөбүз бирден алып койдук.
- Мейли эмесе, амандык үчүн.
Жигит алып, боордон сугунду. Ал бир ичкенден кийин "дагы эле дагы" дегендердин бири эле. Бат эле үчөөнө куйду, кызып калган.
- Өзүңө эмне жакшы куйбайсың, мунун куулугун айт, - деп келин ага дагы баса куйду. - Мына эми… Ал, алып жибер. Жигит тартты. Берки экөө ичимиш болду. Беш мүнөттөн кийин келин күйөөсүнө эми бир куйду. Анан беш мүнөт өттүбү, жокпу, анысы тумшугу менен жерге сайылды.
- Эми эртең шашкеде бир көрөбүз муну, - деди келин жылмайып. - Өлгөндөр туруп кетиши мүмкүн, алды бул турбайт. Жүрүңүз үйгө, жаткызып коелу.
Экөөлөп жигитти сүйрөп барып бозүйгө жаткырышты. Турдукан жатат аздап онтоп. Сатар жанагы кырдуу стакандын бирине кап ортосунан куюп, ага болбой атып жуткузду эле, эми онтогонго да шайы келбей калды. Көптөн бери ичпей келген неме дароо эле ашык ичип койбодубу. Сатар менен Атыр сыртка чыгып, казан түбүнө отурушту. Экөөнүн алдында эки талпак. Сатар айтты:
- Атыр, кел экөөбүз бирден алалы.
- Мас болуп калбайбызбы?
- Болбойбуз.
- Андай болсо куюңуз.
Ичишти. Сатар келинге жыла отуруп, белинен имерди:
- Татына экенсиз, кишини чыдатпаган.
- А сиз чыдаңыз.
- Чыдабасамчы?
- Андабы?... Анда мен чыдайм, - келин кыткылыктады. - Эгер чыдабасак, сизди күтпөй эле… - дагы кыткылыктады.
- Айтчы, күтпөй эле эмне кыласың?
- Кыйнап коем…
- Кантип?
- Кантип? Моминтип… - келиндин колу Сатардын мойнуна оролду, оозго ооз жабышты. Анан келиндин бир колу эркекти сылай сойлоду. Эркектен эс кетти, онтоп жиберди. Келин эркекти чалкадан салды. Костюмунун, көйнөгүнүн топчуларын чечип жиберди…
- Чыдабасам жаман бекенминби? - деди келин, - бул чети эле… Бүгүн сиздикимин. Кааласаңыз - койсоңуз эрк сизде. Күчүңүз жетсе, тынбаңыз, кумарыңызды кандырып берем. Эртең болсо… Эртең баары унутулушу керек, уктуңузбу?
- Уктум, алтыным.
Эт да бышты, бирок жеген киши болгон жок. Келин бозүйдөн жууркан-төшөк алып чыгып, сыртка төшөк салды. Келин келин экен. Сатардын айласын түгөттү, эзип салды. Дайыма аялга үстөмдүк кылып бой көтөрчү неме, бу жолу келинге катын болуп берди…
Таң агара баштаган кезде келин Сатарды тургузуп, жууркан-төшөктү үйгө киргизип, эси эңгиреген агайына:
- Жакшы калыңыз, эстешмей жок, - деп басты эле, Сатар сурады:
- Атыр, кечинде дагы келесиңби?
- Жок, мен экинчи ирет мыктынын мыктысына гана келем, - деп сырдуу жылмайып, кадамын ылдамдатты…
Түндөгү жыргалы кол менен сындыргандай жок болгон Сатар шылкыйып жер карады…