№55, 10.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Аксуу баян

"Алыстан дүрбү менен карабай, жакындан жардамчы бол"
Ысыккөл областынын Аксуу районунун акими Тынчтыкбек Бешкемпирович Чекиев менен "Аалам" газетасынын ортосунда алым сабак айтыштар, түшүнбөстүктөр болуп калгандыгы ырас. "Бизди жазаардан мурда жергебизде болбойсуңар, жумурай журт менен эсептешпейсиңер, жасалып жаткан иштерге маани койбойсуңар" деген таарынычтар да болду. Жакында ушул өксүктү толтуруу максатында Аксуу жергесинде болуп кайттык. Көңүл кубанып, көз толгон маселе бирөө. Асманга түтүнүн бүркүп айдоосун аралап чаап бараткан техникалар андан көп. Өстөндө арыгын чапканын, өзөндө үрөнүн чачканын кезиктирдик. Жалпы калктын дүйнөлүк агымы менен да, саясатыңдын салымы менен да иштери жоктой. Катуу оттон токтобой, казандагы боткодой кайнаган эмгек.
Ачыгын айтуу керек - акимине болгон ашкере нааразычылыкты эл ичинен эшитпедик. "Кичипейил, күн тынымы жок, уюштургуч, элчил" дегендери болду. Акимчилик баштагыдай күчтүү эмес, колдорунда жок, мамлекеттик колдоо аз, аларга таарынуу, сын айтуу туура эмес. Ал эми болгон аракетин акимибиз жетекчи катарында көрсөтүп жатат. Көз карашы, интелекти бийик деп далилдөөчүлөр да табылды. Азык-түлүктөрдүн, күйүүчү майлардын баасынын күн санап кымбаттап жатышына, электр энергиясынын туруксуздугуна, жалп этип өчө калып жатышына нааразычылыктарын жашырышпады.
Анча болгон соң Аксуунун акимине да токтоло кетүүнү эп көрдүк. Атайын суроо камдабасак да, аңгемебиз алыска чапкандай көрүндү.

- Тынчтыкбек Бешкемпирович, жергебизде болбойсуңар деген экенсиз, жергеңизде болдук. Элиңиз менен анча-мынча тааныштык. Элиңер кепкор эмес көрүнөт. Трактирге чапканын, айдоосуна шашканын токтото албай убараланып дегендей...
- Азыркы мезгилдин өзү ушундай да. "Жаздын бир күнү бир кышты багат" деген кеп бар эмеспи. Баса белгилеп, кубаныч иретинде атай кетсек да болот. Жылдан-жылга элибиздин эмгекке болгон көз карашы бекемделип келатат. Эмгек гана эрезеге жеткизээрин билип калышты, сезип калышты. Айрыкча биздин райондун калкы базар экономикасын бачым кабылдашкан десек да болоор. Алгачкы мезгилдерде анча-мынча кыйналыштар болсо да, ал мезгил азыр артта калган. Кедейчилик дээрлик жок деп айта алам. Ар бир айылда жеке менчик техникалардын саны эле 60-70тен ашыгыраак бар.
Быйыл жаз эрте келди. Ошого жараша дыйкандарыбыз эрте копшолду. Былтыркы жылга караганда айдоо-себүү 5-10 күнгө эртерээк аяктады. Бүгүнкү күндө айдалбай калган жер болгон жок. Жерди өздөштүрүүдө агротехникалык эрежелердин сакталышы кадыресе жолго коюлууда. Дыйкан тандоо, талдоо табитин толук өздөштүргөн. Башкача айтканда, өндүрүлүп жаткан продукциясынын базардагы баркын, наркын билет. Өткөн жылда дан эгиндеринин ар гектарынан 19,8 центнерден түшүм алынып, 54,321 тонна дан эгини бастырылып, 2006-жылга салыштырмалуу дан эгиндери 534 тоннага көп алынган. Быйыл данга болгон каатчылык сезилээрлик болуп турат. Жылда дан эгиндери 32 миң гектар жерге айдалса, быйыл бир жарым эсе көбүрөөк жерге айдалды. Демек мурдагы жылдарга салыштырмалуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өсөт деген үмүт зор.
Ал эми элибиз, сиз атагандай, кепке кемтик, сөзгө тайыз эмес. Кыдыр Акебиз баш болгон кеменгерлер, Кайду, Шаабай аксакалдарыбыз баш болгон даңктуу манасчылар, Ыбрай Туманов сыяктуу залкар комузчу жана да ири окумуштуулар, өнөрлүү таланттар чыккан өрөөн сөзгө жарды болмок беле. Дилин, тилин билген жерде элибиз төгүлөт. Учурда болсо эмгекке алагды да.
- Элиңизде күйүүчү май кымбат, азык-түлүктүн баасы өсүүдө. Бир жагынан электр энергиясынын туруксуздугунан улам кыйынчылыктар бар дешет.
- Азыр өзүңүздөргө дайын дүйнөдө ааламдаштыруу процесси алкымын жайып келатат. Продукцияларга болгон баалардын туруксуздугу бүткүл дүйнөдө сезилээрлик. Ошонун таасири биздин чакан республикага тиери да айдан ачык эмеспи. Ал эми электр энергиясынын саясаты азыркы тапта үнөмдөө. Ал республикабыздын тегиз аймагында болуп жатат.
- Эми бардыгын эле кол куушуруп ааламдашуу процессине шылтап коё берсек болбостур. Алардан чыгуунун аргументи жокпу, жетекчи- саясатчы катарында көз карашыңыз?
- Албетте, өз көз карашым бар. Бүгүнкү күндө президентибиздин курсу да ошол багытта иш алып барууда. Эгемендүүлүктүн он беш жылдык тарыхында болбогон илгерилөө кадамдары учурда болуп жатканын эмнеге айта албайбыз? Айыл чарба техникаларынын жаңы моделдери эли-жерибизге келип жатат. Сапаттуулукка өзгөчө басым коюлууда. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өзгөчө ири программалар турмушубузга кире баштады. Бийликтин вертикалдуулугу турмушубузга ашып, жакшы натыйжаларды берүүдө. Унутта калган айыл өкмөттөрүнө жардамдар келүүдө. Азыр айыл өкмөт башчыларынын эмгек акысы 15 миң сомго чыкты. Демек, жоопкерчилик артты.
Эми ааламдаштыруу процессине туруштук берүү үчүн дагы бир катар иштерге маани коюлса деген тилегим бар. Ал үчүн эң алгач биздин көп улуттуу республикабызда тынчтык, өз ара түшүнүшүү зарыл. Ынтымак гана ырыскыга жеткирээрин акыры билгенибиз абзел. Ошондой эле өзүбүздүн атамекендик өндүрүшүбүздүн гүлдөп өнүгүүсүн каалайм. Импорт, экспорт маселеси акырындык менен беделге чыкса деп ойлойм. Ошондой эле биздин республикабыздын регионалдык өнүгүү багыттары колго алынуусу сөзсүз керек. Анткени жалпы жер аянтыбыздын 60 пайыздан ашыгын жайлоо, жайыт жерлери түзөт. Демек географиялык мүнөздөөнүн өзү айылчарбасына көңүл бур деп айтып турат. Биз, бир кезде бир асылдыкты колдон чыгарып алдык. Базар экономикасы ушул экен деп, мыскалдап чогултулган байлыктарыбызды бачым эле учурдук. Азыр республикабыздагы 10 млн койдон, 7-8 млн ири мүйүздүү малдан дайын жок. Бул эмне деген чоң байлык эле!
Эми ошол багытта дагы деле болсо аракеттенсек деген кеп. Керек болсо өнүккөн Швейцария деле өзүлөрүнүн меринос койлору менен дүйнөгө таанымал болуп жатпайбы. Өнүккөн ири бештикте турган Корея деле мал чарбачылыгын, дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым коюшат.
Экинчиден, кыргыз өзүнүн менталитетинде малга жакын калк. Алар ар качан минген аты, күлүгү менен сыймыктанышкан. Короосунан кою, ую чыгып турса, токпейил болушкан. Керек болсо өз учурунда Кыргызстан эт, сүт азыктары менен Ленинград шаарын камсыздандырган. Биз дал ушул багытта ишти күчөтүп, азык-түлүк продукцияларын экспорттоого барсак деген ойлор бар.
Өзүбүздүн элге да ушул багытта түшүндүрүү иштерин коюп жатабыз. Улуу акыныбыз Тоголок Молдо өз учурунда айткан "Эсиң кетсе - эчки бак, эчки тууйт эгизден" деп. Азыр кудай акы, Аксууда, районубузда жеке чарбалардын мал өндүрүүгө ыкласы артып барат. Короосунан кой чыкпаган, ую мөөрөбөгөн эл жок. Ошого топук кылып турабыз. Президентибиз К.Бакиевдин айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым коюп тургандыгынан улам айыл чарбасында ири өзгөрүштөр болот деген үмүтүбүз зор.
- Сиз президентти катуу сыйлайт көрүнөсүз. Бирге иштешкен, тыгыз катнашы бар, ишенимдүү кадры деген кептер бар.
- Ооба, катуу сыйлайм. Элибизде "Улугун сыйлабаган эл жарды" деген накыл кеп бар. Биз ошол сыйлаш үчүн президенттикке коюп шайлап албадыкпы. Негизинен сындашка машпыз. Сындаганды билген эл сыйлаганды да биле жүргөнү абзел. Президент деген өлкөдө бирөө гана. Ал, демек, мамлекеттин жүзү, мамлекеттин аброю, бедели. Өзүбүздү өзүбүз басып, өзүбүздү өзүбүз тартып турсак, өнүгүү болбойт. Президентибизге кыйында бел болуп, мамлекетти өнүктүрүү программаларын кыйшаюусуз аткаруу биздин, жетекчилердин милдети.
Президентибиз менен өз учурунда иштешип калганым да төгүн эмес. Ушундай адамдан тарбия-таалим алып, кошо иштешип калган тагдырыма өкүнбөйм, сыймыктанам. Ал эми катышым кызматташтык. Ишенип ушул постко коюп жаткан соң, мен ал адамды эч качан уятка калтырбашым керек. Эмгегим менен көрүнүп эли-журтума таанылуу менин биринчи максатым.
- "Акжол" партиясына добуш топтоодо арбын аракет көрдү, мыйзамдарды будамайлоого жол ачты, элге административдик кысымдар болду деген сөздөр бар. Дегеле, парламентте бир партиянын, "Акжолдун", 60 пайызын ээлеп отурушуна көз карашыңыз.
- Шайлоо деген жалпы массалык маанидеги маселе. Ага кандай даярдык көрсөк, элге максатыңды жеткизип, программаларыңды таасын тааныта алсаң, натыйжа ошого жараша болору анык эмеспи. Демек, шайлоо "Акжол" партиясынын даярдыгын, саясый активдүүлүгүн, жагымдуу жаркын программасы бар экендигин көрсөттү. Ошон үчүн жалпы элдик колдоого ээ болду. Ал эми мен "Акжол" партиясынан өз кандидаттыгымды койгон эмесмин. Акимчилик шайлоого калыс гана позицияда болду. Чекиев административдик күч колдонду дегенди бир да бирөө айта албайт. Эгерде мыйзам бузуучулукка жол коюлса, соттук териштирүүлөр болмок. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок.
Ал эми 60 пайызды ээлеп отуруу жаатында. Мына биздегидей эле шайлоо Россияда да болуп өттү. "Единая Россия" Думанын басымдуу бөлүгүн ээлеп отурат. Килейген улуу державанын калкы буга эмне үчүн нааразы эмес? Мен мамлекеттин кызыкчылыгындагы мыйзамдардын иштелип чыгуусуна бирдиктүү команданын болушуна ырасында каршы эмесмин. Биз, саясатты жеке кызыкчылыктарга, амбициялык мүнөзгө буруулардан пайда таппайбыз. Парламенттин мурдагы курамдарынын тарыхы деле көрсөткөн. Майнапсыз талаш-тартыштар өлкөнү ыдыратууга гана өзөк түзгөн.
Кошумчалай кетүүчү жагдай. Коом карама-каршылыксыз өнүкпөйт. Дегеле оппозиция болбосун дегенге мен каршымын. Конфронтация да керек. Бирок, ушунча болуп оппозициянын жүйөөлүү, жаркын максаттарын да көрбөдүм. Бирдиктүү программасын, альтернативалуу өнүгүү иш-чараларынын иштелип чыккан, жарыяланган жазмаларын кездештирбедим. Деген менен, мамлекеттин бийлик бутактарынын да, оппозициянын да максаты бирөө гана болушу керек. Ал өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсүнө бурулсун. Ошондуктан бул эки агымды эки башка кароо мүмкүн эмес. Ал жагдайда тек гана пикирлешип, маслеттешип тил табышуу абзел. Анткени, бардыгыбыз бир өлкөнүн, түпкү максаты бирдей Кыргызстандын жарандарыбыз.
- Жакында Түптө жагымсыз окуя болуп өттү. Өзүңүзгө дайын жумуртка ыргытышып дегендей. Түпкүлүгүндө эли элине таш ыргытуусу жакшы көрүнүш эместир. Жумуртка деген аш. Анын кусур-кесири бар. Башкысы, журтубузга анын кесири тийбесин дейли.
- Ырас, Түптөгү окуя эч кимге жагымдуу эмес. Бирок, аны уюштуруучулар бир нерсени терең ойлонушса болмок. Жалпы эл тытынып жаздын бир күнүн да текке кетирбөө максатында аракетин көрүп жатышса, элди эмгектен азгырууга болбойт да. Ага эл өз чечимин чыгарат. Ал элдин эрки. Кусур-кесир милдети эки тарапка тең бирдей. Саясый жойпуларга жумуртка ыргытуу ыкмасын эл теледен көрүп жатышат. Балким ошону туурашкандыр. Ал эми мен эч кимге жумуртка ыргыткан эмесмин.
- Бул түздөн түз губенатор Исаевдин көрсөтмөсү болчу деп далилдегендер да чыгууда. Балким губернатордун көрсөтмөсүн колдогон чыгарсыздар. Ысыккөлдүн беделдүү карылары да губернаторго каршы пикир жазышты. Сиз өзүңүздүн жекече аким эмес, адам катарында губернаторго бааңыз канча?
- Ырас, кырдаалга көзөмөл болуу ар бир жетекчинин милдети. Кокусунан ал жерде ашынган иштер болуп кетсе, анын жоопкерчилиги кимде калат эле? Албетте, жетекчилерде. Ал эми губернатор жумуртка ыргыткыла деп айткан эмес, айтмак да эмес. Анткени, жагынуу же коргоо иретинде эмес. Губернатор менин коргоомо муктаж да эмес. Ал адам, биринчиден, өз ишин кылдат билген, жетекчилик жөндөмү артык адам. Чынын айтайын, Ысыккөлдө кандай жакшылыктар болсо, ал Исаевдин тушунда гана болду. Райондук борборлор жаңыланып, көркөмдөлүп, шаарлар көрктөнүп өнүгүп жатат. Көз алдыңда зор жылыштар бар. Ишенбесеңер, элге чыккыла. Бир да бирөө губернатордун ишкерлик, адамкерчилик сапаттарын тана албайт.
Ал эми ардактуу аталардын пикирлерин да окудук. Аларга өз ойлору кымбат. Ал кишилерге акараат айткым келбейт, сыйлайм. Бир гана айтаарым - алыстан туруп дүрбү менен карабай, жакындан элиңиздерге бат-бат келип, ысык-суугун тең көрүшүп турсаңыздар болоор беле деген гана өтүнүч. Балким ошондо жанагыдай каймана баа коюучулук болмок эмес.
- Тынчтыкбек мырза! Элиңизди араладык. Элиңиздин сизге болгон баасы, көз карашы да жаман эместей.....
- Азыркы учурда жалпы элге кимдир бирөөнүн кара көзү, сымбаттуу келбети, кооз сүйлөгөн кеби керек эмес. Азыр ишиң менен гана тааныласың. Бизде да ошондой сапаттар бар деп ойлойм. Ишти жолго коюп илгерилетип алганыбызга гана сыймыктана алам. Айылчарбасында алгылыктуу жылыштар бар. Районубуздун борбору жарыктандырылып, көрктөндүрүлүп жатат. Бир жылда райондо 2 мектептин курулушу бүтүп, 3 балабакча кайрадан ремонттон өтүп, ишке берилди. Аксуунун борборунда спорт комплекси ишке берилди. Биз кыдыр колдогон Кыдыр Акенин мекенибиз. Мына, райондун борборунда Кыдыр Акенин галереясынын курулушуна кириштик. Бул курулуш жалпы массалык колдоого арзып турат. Сарыжаз өрөөнүндө кен иштетүүнүн жаңы булактарынын ачылышын жолго койдук. Буюрса, бул жаатта жумушсуздукту жоюу иштери чечилет. Дүйнөлүк мааниге ээ боло тургандай лыжа базасы курулат деген долбоор ишке ашуунун алдында турат. Ошондой асыл максаттар көп.