№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жанжыргалдан

Муздак айымдар ай, сойдуңар го…
(Уландысы. Башы гезиттин 20-майдагы санында)
2-сериясы
Кудум эле ууру кейпинде үйгө кирдим (тайган жүрүшкө салып). Бегимай ак шейшепке оролуп жатыптыр. Колунда кызыл вино. Ууртап-татып. А терезеде бүлбүл жанган шамчырак. Ал аңгыча:
- Эмне элейесиң? Келчи кучагыма… - деди шейшепти серпип.
Апакай денеси көзгө урунду. Негедир башкача. Карап турамбы (?), дароо үстү-башымды чечип ыргыттым да, Бегимайдын кучагына сүңгүдүм. Жыпжылуу. Денесин өпкүлөп кирдим: алкымын, эмчектерин, анан киндик тарабын искедим… Эмнегедир бир жагымсыз жыт бур дей түштү. Тык токтодум.
- Өппөйсүңбү? Эмне болду? - деди Бегимай кыңкыстап.
- Жыттанып атат…
- Табигый жыт да. Мен ошоякты өп дедимби?
- Аякты өбөм деген жокмун! - жиним кашая түштү, - киндик тарапты жыттап коеюн десем, буркурайт да, буркурайт… жуунбайсыңбы?
- Жинге тийбечи, Самар! Жуунгам.
- Кыйратып салыпсың… - дедим кол шилтеп.
Шаабайым сууду. Саамга жымжырттык. Анан мээме бир ой келди: "сого берейинчи" деген. Ушу арада төшөк чеберчилигине салып, акырын көчүгүн асманды караттым да, зыңкыйган кайбарымды сойлотуп ийдим. Анан көрүп ал, зыпылдатып кирдим дейсиң. Бегимай болсо аңкыштап, онтоп, колдору шейшепти бекем апчып, айтор жан лаззатына чөмүп баратты. Мен Кудай уруп токтоймунбу? Токтобойм да. Жарым саатча удургуй чаап, өзүмдүкүн көл-шал кыла бүтүрдүм. Тигинин желкесинен акырын тиштеп:
- Бүттүбү? - дедим.
- Меники бүтпөйт…
- Эмнеге?
- Билбейм.
- Ыя?
- Ыялабачы…
- Ыялап-мыелогон жокмун. Сурайм да…
- …
- А муздаксыңбы? - дедим чорт эле.
- Муздак? Ооба, муздакмын…
Ушу арада кайбарымды сууруп алдым. "Сага корогон ай!" дедим ичимен. Баштагы жыт кайрадан бур дей түштү.
- Дагы эле жыт, - дедим өзүмчө ичиркенип.
- Ай, Самар, жатсаң жөн жатып кетпейсиңби?! Дайым эле ушинтесиң…
Бышактагандай кала берди. Шейшепке оролуп. А мен тура жөнөдүм. Жуунайын деп. Ваннага кирсем, Бегимай да артыман башбакты. Далыман өөп:
- Жакшы сөз айтчы, жаным… - деп дирилдейт.
Жакшы сөз чыкпай койду. Жалбарганы бу саам жарабай калды. Кызык, эмнеге жылуу сөз айталбадым? Экөөбүз жуунуп атабыз. Ал кармалап коет, эркелетип. Курулай жасалма десең. Энеңди…
Анан чай ичели дедик (өзөрүп калгансып). Бегимай суу сарыккан денесине жука көгүлтүр көйнөгүн кийди да, мага чай бере баштады. Мен ойрон жөн турамбы?
- Турсий кийип алчы, - дедим мүчөсүнө көз агытып.
Жылмайып койду. Аны бирөө сүйүп аткансып? Чай куюп атат.
- Эй, тиягың элестей баштады. Кантип чай ичем ыя? Кыянаттык кылбачы… - кыязында тамаша ыргыттым.
- Кийбейм, - деп соорусун ойдолоктото чыга жөнөдү.
"А байкуш, бактысыз…" дедим көмөкөйүмөн. "Кашайып табиятынан муздак болсо, күйөөсүнөн канбаса, анан минтип жатып берет тура. Муздак аялга ким чыдасын?" дегенчелик таризде окторула түшүп, зээним кейиди. Ушундай айымдарды бапестеп, мамлекеттик маселе чечкен эргулдарды ойлодум. Акүй тараптагы. Жарым эс эркек сөрөйлөр маселе чечип калганына кашаясың… Ушул маалда Бегимай кирип келди.
- Кел, вино ичели…
- Вино? Ичели.
- Ичимдик дегенде көздөрүң жайнайт да, Самар, - деп мага какшык жылдырды.
- Эми аял менен арак менин хоббим. Мотуев "кыздарга назикмин" дегендей эле мен да назикмин. Силер мага бирдей затсыңар, эсалам э-эй…
- Койчу?
- Койбой эле. Андан көрө тартып ийеличи.
Кылкылдаган кызыл шараптан көтөрдүк. Ак дечү беле? Татымын айт.
Бири-бирибизди чымчышып атып, вино бөтөлкөсүн тоголотуп койдук. Кеп бекен? Башым магдырайт десең. Келди-кетти ойлорго азгырыла берип, сулуума карасам - маанайы сууй түшүптүр.
- Кимдерди ойлоп атасың? - дедим кызый-кызый үнүмдү чыгарып.
- Эч кимди…
- Айтчы эй, маалкатпай.
- ….
Үнсүздүк менен жооп берет да. Унчукпай калбайм да.
- А, кыкеңдердин арзан баадагы саясатчыларынбы? Ошолорду эстейсиңби?
- Самар дейм! Эмне болуп калгансың?
- Алар элди итке мингизип, ачкадан өлтүрмөй болду. Ошолорду кайсы канчык ойлосун, ойлосо да бактысыз канчыктар… - негедир ызырына түштүм, шараптын күүсү менен.
- Мени жаман кылып салдың, Самар… Бери карачы?
Аңгыча телефонум ырдап кирди. Суукуйду досум экен…
- Алло…
- Самар, кайдасың?
- Эмне болду?
- Жай эле. Көчөдө сейилдеп. Сага да бирөө бар…
- Сулуубу?
- Келсең көрөсүң да.
- Кайерге келейин?
- Асанбайга…
- Хо-оп, досум. Жеткенде чалам…
Бегимай жалооруп туруптур. Колуман кармап:
- Кетпечи? - деди.
- Эмнеге?
- Сен бүгүн башкачасың. Кел сүйлөшөлү…
- Башка күнү, - көйнөгүмдүн жеңин түрдүм да, - кой эми, түнкү он экиден өттү. Досума барбасам болбойт.
- Токточу.
- Токтобойм. Сен косяк кетиргенсиң… - дедим да, шаша-буша короого чыктым.
Айлана сергип калыптыр. Жамгыр дыбырап. Машинемди от алдырып, урган бойдон жөнөдүм. Бир эсе Бегимайды жазалагандай эрдемсип. Жолдо ката жайлоо элестейт да, жамгырдан улам. "Оо, анда көктөм эле" дегендей, жайлоого сүт эмүүчү болоюн деп баргам эй! Бээнин сүтүн ичкени. Азыр кандай удургуп баратсам, ошол окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартылат да.
…Дүрбү салып кырда жатам. Тиги өйүздөгү мергенчи атын токуп, өз вазийпасын аткарганы жөнөп атыр. Менин чый-пыйым чыгат, эрте кетсе деп. Бир маалда салт атын теминип, бастыра берди. Артынан аялы узатып. Керемет десең, мындай айымды Кудай мергенчиге буйруп, сулуулугун ыроологонун кара… Алеки заматта күйөөсү тоо таянып, тоого сиңип кетти. Иттерин ээрчитип. Мен дароо айымдын бозүйүнө жөнөдүм, торайгырды алчактатып. Жете берерде чыйт эткизе ышкырып койдум. Анан мергенчинин аялы чыкты, мага таңыркап… Дароо эле:
- Сары кунаажын жоготтум. Көргөн жоксуңбу? - дедим эки жакка саресеп салып.
- Жок, - дейт тиги да көзүн менден албай.
- Ушул тарапка кеткендей болгон… Чарчатты мени, кымыз ичсек болобу?
- Ичиңиз…
Бозүйгө кирип кетти. Мындай шансты кое беремби (?), атты шарт эле мамыга байладым да, артынан кирдим. Экөөбүз тиктеше түштүк. Сагынышкан көздөрдөй. Тээ атамзамандан бери издешип, бирок табышпаган көздөрдөй… Кымызды да сонун сунат экен, каректерин коюулантып. Дем албай бир кесе кымызды жуттум да, кайра узаттым. Илбериңки денеси ий! Жайлоодо тим эле кор болуп жүргөндөй. Экинчи кесени да шыңгытып койдум. Анан оозумду аарчып, тике карадым:
- Атың ким эле?
- Сабира.
- Меники Самар. Эмесе мындай, чын эле сары кунаажынды көргөн жоксуңбу?
- Көргөн жокмун, байке, - келиндин ууртуна күлкү уялай түштү.
- Эми Сабира, кымызыңа рахмат! Баса, бал кымыз деген ушу беле?
- Кымыз…
- Ой сонун тура. Дагы куйчу. Кечирип койчу, күчүгүм… - деп жылмайдым.
Ал да ууртун бүлк эткизди. Мына кайрылып кымыз куярында белден кучактадым. Бекем. Кичине тыбырчылап…
- Байке, кое бериңизчи. Эмне болду? - деди күтүүсүз жүрүшүмө ойт бергендей.
Старт алганда токточу беле (?), дароо имере тартып, жүзүнөн сүйдүм. Зордоп эле оозунан өптүм, өбүшө кеттим. Тилим-тилиме тийбейт эй (!), эзилишип баратабыз. Жүккө жөлөндүк, анан жердеги көлдөлөңгө бой таштадык (ушу менин бой таштаганым соет да). Элеп-желеп боло ылдый жагын шыпырып, шаштымдын кеткенинен өзүмдүкүн зорго чечип, итерип кирдим. Жылуу уя жымылдайт. Балапан чымчыктын ойноп кирип, ойноп чыккан шамдагайлыгын эске салып. Мындайда шамдагай болбосоң, көчүгүңө шамал деген кеп да. Жайладым. Сабиранын моокумун кандырып. Көзүн сүзүп, жаткан жеринен турбай калды. Этеги шыпырылган боюнча…
Күтүүсүздөн телефонум ойгонуп ырдап кирбеспи. Аябай кыялга батканыман машинемди жай айдап алыпмын. Бет алдымда себелеген жамгыр. Телефонду акырын алдым:
- Ой Суукуйду, жетип калдым мына, - дедим озунуп.
- Каерде келатасың?
- Мына Асанбайга аз калды.
- Билесиң да, 14-үйгө келе берчи…
- Квартирачы?
- Жеткенде чалып койсоң.
- Жарайт.
Шашкалактап, өзүмчө эле калдактагандай болуп, рулду олдоксон бургулап баратканымчы. Карыш жер калса да аптыгып, 14-үйдүн астына барып токтодум. Эмнегедир жүрөгүм болк деп барып оңолду. Баса, бул үйгө балдызым жаңы эле көчүп киргенин эстеп, эми ошонун терезеси чакыйып күйүп турганы кооптондурду. Жаза тайып бетибиз ачылбаса болду, негедир шектенүүм күч. "Кой, Суукуйдуну чакырайынчы?" деген ой кетти. Телефон чалдым. Албайт. Үч жолу чалып, таза ала албайм. Санаага батканымчы, ойго ар нерсе келип. Жарым саат өттү. О-о анан бир маалда алиги жарык күйгөн терезеден Суукуйдунун башы көрүндү. Ымдагылап. Өлдүм да. "Балдызым менен кантип бет карашам?" деген сөз жүрөккө сайылды. Мындай кокустук жарабастыр. Аңгыча Суукуйду:
- Самар, кир үйгө, - дейт камырабай.
Дел болуп калыпмын. "Балдызым мындайга барбайт эле" деген ой мээмди желпип өттү. "Эмне кылсам, ыя?!" деп элейгенимче Суукуйду кайрадан:
- Болчу эми, Самар, сени эле күтө беребизби? - дейт абийирди төгүп.
Ичимен "тобокел, көрөйүнчү…" дедим. Кадамдарым шилтенди. Балдызымдын татынакай элеси. Ошол элес менен түн оокумда беттешемби? Кайсы бетим менен? Арышым шамдагай ыргакка өттү. А мээм уйгу-туйгу. "Эч болбосо тарбиялап баса берем…" деп өзүмдү жооткоттум. Көрөйүнчү…
(Уландысы бар)

Сарин Улан (Гүлжигит С.)










??.??