№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Азакеден гүлдесте

Он гүлүнүн бири ачылгандар
Интернетти "чукуп" отуруп гүлдөрдүн мүнөздөмөсүн таап алдым. Тагыраагы - ким кайсы гүлдү сүйсө, ага жараша ошол адамдын кулк-мүнөзү айтылыптыр. Өзүм жактырган гүлдү карасам - кылык-жоругум точно чыгыбатат эй. Шарт эле, баскан-турганын жадыбалдай жаттатып аткан кыраан саясатчыларыбыздын онун тандап, он гүлгө чаптай салдым. Он гүлүнүн бири ачыла түшсүн депчи. "Кыргызстан - гүлдөп-өсүп атат" деп гүлдөгөн аткаминерлерибиз таттуу тилдери менен, гүлдөбөсө деле, "гүлдөтүп" атышпайбы. Өздөрүнө жараша сүйбөгөн гүлүн "сүйдүрүп" салдым, "ме сага" деп турупчу. "Мен бул гүлдү сүйбөйм" деп мурдун чүйрүгөндөрү болсо, сүйгөн гүлүн айтаар. Анысын деле таап берем, жигиттин гүлдөрүнө...


Фиалка +
Д.Сарыгулов
Булар жоопкерчиликсиздикти жек көрөт. Түнт көрүнгөнү менен, жан дүйнөсүндө жаңы табылгалар оргуп турат. Эскичил жактары басса-турса кайталанып, өткөн-кеткенге эң эле калыс бааны ушулар берет. Фиалка мыкты ишмердин гүлү.

Гладиолус +
Ө.Текебаев
Эрки күчтүү. Жалгыздык - досу. Болгон мүмкүнчүлүгүн максатына жетүүгө жумшайт. Айланасындагылар менен пикир келишпестикке көп учурайт. Гладиолусчуга бираз ийкемдик жетишпейт да, таңгөрү.

Сирень +
А.Атамбаев
Сыртынан менменсип сүрдүү көрүнгөнү менен, ичинде өзүн-өзү сүйүүчүлүк "оорусу" былгып жатат. Аракетчил. Бирөөгө жардам берсе, андан өлгүдөй ырахат алат. Уруш-чатак кырдаалдарда өзүнөн чыгып, эмоцияга оп-оңой алдырат.

Роза +
М.Садыркулов
Розаны сүйгөндөр - калыптанган жашоону каалагандар. Амбициясы башкача. Ачуулуу келишет. Мамилелештеринен түшүнүктүүлүктү талап кылат. Ар качан ар кандай интригаларга аралаша жүрөт. Жакшы жери эч качан талашка барбайт.

Пион +
А.Мадумаров
Каяшанын катыгын берет. Бир жагынан карасаң - сезимталдуудай көрүнөт. Бир жагынан карасаң - уят-сыйыттан кол жуугандай көрүнөт. Артыкчылыгы - сексуалдуулугу артып турганы-турган. Атак-даңк үчүн баарына даяр.

Гвоздика +
М.Султанов
Пайда издегичтер. Сүйлөшүүлөргө, алакага аттана түшөт. Кылдат. Өзүмчүлдүгү чектен тыш. Күчү жетпесе дагы, талашып жемин жедирбейт. Намыскөй, анан үйбүлөгө карамдуу болушат. Калп айтууга жөндөмдүү. Гвоздикачылар акылы жетпеген нерсеге да акылмандык кылгандар.

Хризантема + Жантөрө
Сатыбалдиев
Хризантема сүйгүчтөр "кутудагы адамдай" өзүн-өзү бекитип жашайт. Булар менен түшүнүшүп иш алпаруу кыйын, эй. Канчалык жагынууга жан үрөсөң да жакпайсың. Сен эмес, өзүн-өзү жактырбайт, хриза…

Орхидея +
Т.Тургуналиев
Буларың жөнөкөй колу жеткен каражатка оңой менен ыраазы болбойт. Кашайып, ар качан жокко умтулат. Анын түгөнгүс канааттанбастыгы өмүрү өткөнчө уланат. Катаал, чырчыл мүнөзгө ээ.

Тюльпан +
К.Бакиев
Тюльпанчылар - табышмактуу адамдар. Алар дайым жакшы жашоону гана эңсегендер. Жүрөгүнүн түпкүрүндө чо-оң ишенбөөчүлүк орун алган. Бирок, сабырдуулук деген ушуларда. Турмуштагы кыйынчылыктарга ийилип, чүнчүбөйт. Энергиялуу келишет.

Лилия + Турсун Турдумамбетов
Лилияны сүйгөн адамдын энергиясы ташып, текебер келет экен. Күчүнө, ишенимине бекем турган адам. Лилиянын кемчилиги - өзүн-өзү сындай албайт. Мындай адамдар эмнеге жөндөмдүү - оюн-зоокко, алдамчылыкка.

Даярдаган Азамат Кыязов










??.??