№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Султаныңды билип ал

Айтибай Тагаевдин ашмалтай бизнесинен
ЖКнын азыркы төрагасы. Айтибай Тагаев жөнүндө ар кандай маалыматтар тарап келет. Албетте, ал киши төрагалык кызматка олтуруп, мамлекеттин экинчи адамы статусун алган соң. Ага дейре "Айтибай Тагаев деген ким? Ал эмне иш кылчу? Кантип депутаттыкка келген?" өңдүү суроолорду кой, андай депутат бар экенин карапайым эл эмес, ошол ЖКнын өзүндө айрым журналисттер деле билчү эмес. Көктөн түшкөнсүп эле, ойдо жок жерден төрагалыкка келиши - бул кишинин өмүр баянын, баскан жолун, аки-чүкүсүн изилдетип, айттырууга түрткү болду окшойт. Анүстүнө өлкөнүн, элдин тагдырын калчап жаткан киши ким экенин билип коюу дурус го дейм.

Айтибай Султановичтин төрөлгөнүн, торолгонун, окуп-чокуганын, бизнеске кантип келгенин жаза берсе, кагаз түт келчүдөй эмес. А көрөкчө, бу сапарымда ал кишинин бизнесинин бир бучкагын гана көтөрүп көрөйүн дедим. Тагыраагы "Нур-КМ" деген заводунун атына жамынган, өзбек-кыргыз ортосундагы ишмердүүлүгүн. Аталган завод өзү кирпич чыгарчу завод, курулуш материалдар ишканасы. Бул завод СССР убагында кара жумушка кесилгендер үчүн жумуш ордун камсыздоочу. Кийин менчиктештирүү мезгилинде А.Тагаев жатаканаларынан бери 100% менчиктештирип алган. Учурда бул ишкана иштетип жаткан карьерлердин саны так эмес. Болжол менен 20 карьер бар. Балким андан да көп. Тагыраагы Баткен, Ош тоо кыркаларындагы кендер. Эгер жаңы спикердин кендеринен тапкан кирешеси менен Кыргызстандагы башка кендерден бюджетке түшкөн каражаттарды салыштырсак, миңдин бирине да чак келбейт.
А тургай Айтибай мырзанын ишканасы эмне иш жасаарын да азыр ачык билген жан жок. Мыйзамдуу аталышында курулуш материалдар ишканасы болуп, кирпич заводу аталса, иш жүзүндө ондогон камаздар, краздар, БелАЗдар менен Кыргызстандагы карьерден Өзбекстанга топурак-таш аралаш байлык ташыйт. Ал карьерлерде эмне байлык бар экенин да эч ким так билбейт. Ошол эле А.Тагаев мырза Өзбекстанга ташытып кетип жаткан карьерлердин жанында Кадамжай сурьма, Хайдаркен сымап комбинаты бар. Балким сымап, сурьма, а тургай алтын кендердир. Муну азырынча бир гана Айтибай аттуу адам билет. Кебим куру болбос үчүн мисал келтирейин.
Баткен - Өзбекстан чегарасында бажы посту бар. Аталган ишкананын "Менчик" посту десе болот. Ал пост аркылуу башка мамлекетке өтүп жаткан кен байлык эч кандай таразага тартылбайт. Тартканды кой, бул жерде тараза жок. Демек, канча кен байлык кетип жатканы белгисиз. Ал бажы пост бир нече жылдан бери канчалаган тонна кен байлыкты А.Тагаевдин жеке чөнтөгү үчүн Өзбекстанга өткөзүп берип, кыргыз мамлекетине орду толгус зыян келтирүүдө. Дагы бир мисалына токтололу: Айтибай Тагаевдин бир карьеринде экскаваторчу болуп иштеген Максудов Толкундун айтымында, күнүнө жалгыз өзү 200 тонна жүк жүктөйт. Акысына ар саатка 16 доллардан алат. Эмне жүктөөрүн деле экскаваторчу так билбейт. Өз сөзү менен айтсак, "из визняк" болуш керек дейт. Баасы болжол менен 1 тоннасы 1800 доллар имиш. Эми эсептеп жат. Ал эми 2007-жылдын 27-мартындагы Кызылкыя шаардык милиция бөлүмү жүргүзгөн операцияда ушундай жүк тартып бараткан 15 машине кармалган. Жалпысынан карьерден жүктөлгөн 150 тонна кен-топурак. Шоферлордун көргөзмөсүндө ар бири күнүнө 4төн каттам жасашат. Ошондо бир эле карьерден бир күндө биздин 600 тонна кен байлык Өзбекстанга кетет. Ал эми айрым карьерлерде 5-6дан БелАЗ автоунаалар бар. Алардын жүк көтөрүмдүүлүгү 27-30 тонна. Алардын шоферлордун ар бири күнүнө 20дан рейс жасашат. Бул - ар бир машине күнүнө 600 тонна кен байлык ташыйт дегендик. Болжол менен бир жылда 4-5 миллион тонна кен байлык өзбек мамлекетине биздин момпойгон жаңы төрагабыз аркылуу өтөт да, акысы жалгыз ушул төраганын жеке чөнтөгүнө түшөт. Карьерлер жайгашкан Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдразаков Абдысалинин айтуусунда, жергиликтүү салык үчүн бул карьерлерди иштеткен ишкана болгону 60 миң сом төгөт. Эми эсептеп көрүңүз - жылына 4 млн. тонна кен байлыкты алып чыгып кеткен Айтибай ака килограммына 1$ гана пайда көргөндө да 4 млн $ пайда табат. Ошонусунан "кайыр-садага" кылып, болгону 60 миң сомду кадыр-колко менен айыл өкмөткө төгөт. Айыл өкмөт башчынын айтымында, жогору жакка кеп таштаса, уга турган жан жок. А тургай кайра маскаралап күлүшөт дейт.
Ал эми ал жердеги бажы, чегара башчылары, генералдар бүт Айтибай Тагаевдин дирижерлугу астында. Ишке бар десе, барышат. Барба десе, барышпайт. Машинелердин документтерин бажыканадан эч ким текшербейт.
Бул Айтибай мырзанын "Нур - КМ" ишканасынын гана бир сүртүм ишмердүүлүгү. Кийинки сандарыбызда Айтибай аканын ал жерде иштеген кызматкерлерге кылган мамилеси, карьерлердин айыл элине, экологияга тийгизген терс таасири, бажыкана - чегара постторундагы көмүскө кожоюндугу, "Алга, Кыргызстанга" кашелок болгону, депутаттыкка кантип келип, эми кандайча "Акжолдун" камчы чабарына айланганы, төрагалыкка келиши, Ж.Бакиев менен достугу, кылмыштуу иштеринин артынан түшүп бетин ачмакчы болгондорду кантип каматкандыгына кеңири кайрылмакчыбыз.

Сөз соңунда
Урматтуу Айтибай Султанович, биз сиздин мамлекеттин экинчи адамы, Жогорку Кеңештин төрагасы экениңизди эске алып, жогорудагы материалды гезитке берээр алды жардамчыңызбы, пресс-катчыңызбы, Авланбек мырза менен байланышып, журналисттик этиканы сыйлап, бир беткей каралоо болбосо үчүн, айрым фактылар боюнча өз пикириңизди угуп, макала менен сиздин оюңузду коомчулукка катар берүүнү көздөгөнбүз. Тилекке каршы, Авланбек мырза сиз менен макулдаштым деп кабылдамаңызга чакырып алып, өз ишине чалагайым экенин көрсөттү. Сиз менен болчу жолугушууну үзгүлтүккө учуратты.
Баса, сиз өзүңүзгө түз сүйлөгөн, өз көлөкөсүнөн өздөрү коркпогон жардамчы күтпөсөңүз, сизге жолугуу, сизге кирүү аз убакыттын ичинде эле тозоктун тогуз кат дарбазасынан да катаалдашып кетиптир.

Кубаныч Зайнидинов




  Гениалдуубу?

Нурлан Мотуев, "Каракече королу":
"Мен эбак эле "Каракеченин" элдик жетекчиси болгом"
- Өткөндө "Каракечеден" Камчыбек Жолдошбаевди кууп чыгышты дегендей маалымат тараттыңыз. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Мен үч жыл мурда эле ушундай болоорун билгем. Анткени, "Каракечени" жеке фирмалардан куткарып, мамлекетке өткөзүп берүү тууралуу сунушумду айткам. Ошол айткандарымды учурдагы өкмөт туура кабылдап токтомун чыгарды. Ошонун негизинде Камчыбек Жолдошбаевдин лицензиясын жакында эле алып койду. Эми ал көмүр казуу укугунан ажырап отурат.
- Камчыкенин "Бешсары" фирмасы казууну уланта берет деп айрым ММКлар жазышты го?
- Ал жерде "Бешсары" деген разрез жок. "Агым" гезити туура эмес маалымат бериптир.
- "Каракече" мамлекеттин колуна өтсө, эмне пайда көрөт? Айырмасы жок эмеспи...
- "Каракечени" өкмөт дайындаган бир киши эле башкарышы керек экен. Бул элге көбүрөөк пайда алып келет. Мисалы, мен 200 миң тоннадан ашык көмүр казып, эл-журтка жардам иретинде да, 10 миң тонна көмүр бергем. Ал эми Жолдошбаевдер 50 миң тонна казып алып, оозун куурай менен аарчып отурушат. Ушул кантип болсун?!
- Мындай идеяңызды убагында кимдер колдошкон эле?
- Ошондогу документ турбайбы. Мында, Кызылжылдыз, Чаек, Байзак, Көкой, Башкууганды, Жумгал жана Куйручук деген айыл өкмөттөр, алардын жетекчилери колдоп, мөөрлөрүн басып беришкен.
- Алар эмне үчүн колдоду деп ойлойсуз?
- Биз Жумгал районунун калкы жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөзүп, чечим кабыл алганбыз. Анда, "Каракече" көмүр кенин мамлекетке өткөзүү, анын жетекчилигине Нурлан Мотуевди дайындоо, Жумгал районунун тытылган жолдорун калыбына келтирүү жана Жумгал районун бийик тоолуу аймактардын катарына киргизүү маселелери каралган.

Өмүртөрө
Кудайбердиев










??.??