№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элбагаарлар

Эбин тапкандыкы эки эсеби?
Береги сүрөттөгү аксарай өлкөбүздөгү башсалыкчы Темирбек Курманбеков мырзаныкы. Ахунбаев-Бах көчөлөрүнүн кесилишин көрктөнтүп, көздүн жоосун алат. Албетте, "күндүк өмүрүңдө түштүгүнө жорго мин" демекчи, берегидей үй куруп, белен турмуш өткөзүп жаткан Темирбек мырзага бали деп таңданып, ыраазы болсоңор болот. Ким эле болсун, мындай аксарайды сала бербейт эмеспи. Анүстүнө ар күнүбүз кымбатчылык ураанын созуп турганда аксарайды кой, кыргыз байкуш жеркепе кура албай калбадыбы. Жеркепе салганга жер алалбай жүргөнү канча. Ушундай "өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса, араба сынып" турган заманда эбин таап эл алды болуп, "элит турмушун" өткөзүп, эл мыйзамда көрсөтүлгөн өз энчисиндеги 8 сотых жерин алалбай жүрсө, элден өзгөчөлөнүп 30 сотых жерге аксарай куруп жашаган Темирбек мырза эр экен эй. Алган айлыгы ашып кетсе 20 миң сомдур. Ошол акчага эле ушундай үй курганына таңбыз. Темирбек мырзанын элди таңданта турган дагы бир тактала элек, имиш мисалына да токтолгубуз келет. Ысыккөл облусунун Тоң районунун Күнчыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Манжылы деген ыйык жерден 5 гектар жерди Жетөгүз районунун Барскоон айлында жашаган апасы Айнагүл Жайнаковага каттатып берген. Албетте, бул жерде да Курманбек мырзанын айлыгын дагы бир ирээт эсептеп көрсөңөр болот. Себеби, Көлдө жердин бир чарчы метри эле миңдеген доллар турат.
Анан мамлекеттик кызматкер, 500-600, мейли 1000 доллар айлык менен жашаган Курманбек мырзанын кудурети оголе салмактуу экенине толук ишенесиңер. Баса, жерди алыш үчүн айыл өкмөт башчысынын, райондук жер каттоо башкармалыгынын көңүлүн ким аркылуу таап, ким аркылуу байланышты деп кызыгып көрсөк, айыл өкмөт башчысынын аялы райондук салык инспекциясында сектор башчы, жер каттоо башчысынын аялы район салыкчыларынын башкы бухгалтери болуп, башсалыкчы Темирбек мырзага коллега чыгып жатпайбы. Мынакей, кыргыздын Темирбек мырзадай мыкты жигиттери эбин тапса, эки жесе болоорун мыктылап өздөштүргөнү. "Өзүм дегенде өгүздөй күчтүүмүн" деген кеп бар эле кыргызда. Ушу сөз Темирбек мырзанын турмушта тутунган принцибиби дейм.

Кубаныч Зайнидинов




  Кечээкиден сабак албай…

Диктатурага алга, Кыргызстан!
Президенттин Жогорку Кеңештин төрагалыгына парламент отурумуна унчукпай келип, унчукпай кетип жүргөн, элге белгисиз депутат Айтибай Тагаевди көрсөтүшү, мынакей деп мамлекеттик күзөт башчылыгына бир тууган иниси Жаныш Бакиевди дайындашы, коомчулук кол койбо деп чыркырап турса да, чымын чаккандай көрбөй, коомдук телени о дүйнөгө узаткан теле жана радиоберүүлөр жөнүндө жаңы мыйзамга кол коюп салышы өлкөнүн кайда багыт алганын ачык көрсөттү. Илгери коммунизм курабыз дегендей ишенимдүү кадам менен. Кулов менен Атамбаевдин ачык опузасына чыдаган Бакиев бу жолу аны кыйын кезде көкүрөгүн тосуп коргогон, бала кыял Мадумаровдун бир сөзүн кечиргенге жараган жок. Жол, бир сөз менен айтканда, айкын. Диктатурага карай алга, Кыргызстан!


"Мен мындан ары силердин кудайыңар болом, силерди эмне кылсам да өзүм билем" деп элге башынан эле ачык айтып коюшкан Сапармурат Ниязов менен Ислам Каримов адам экен деп койдум. Болбосо, акыры барар жол ошол болгон соң, элди да, өзүн да убара кылып, тыякка бир, быякка бир сүйрөштүн кандай кажети бар эле. Биздин эки президент тең адегенде демократия деп, анан гана "жол биякта турбайбы" деп авторитардык бийликке өттү. Демократия дегенде да чын ниеттери менен демократия дешти. Мен мисалы, Акаев президент болуп шайланганда шампан ичкендердин бири болгом. Кийин анын бийлиги менен күрөшүп жүрүп өмүрүмдүн бир далайы кантип өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Өзүмдүн экономист деген сүйгөн кесибимди таштап, "Азаттыкта" 10 жыл журналист болуш оңойбу? 24-мартта бийлик алмашканда да кубангандан ыйлагам. Бакиевдин ошол күнү аянтта "үйбүлөлүк башкаруу болбойт, мамлекеттик маалымат каражаттары жоюлуп, коомдук теле болот" дегени кулагымда дагы эле жаңырат. Авторитардык бийликти сындап жүрүп, андан ашып түшөт деп ойлобоптурмун.
Багыттын чукул бурулушун оор кабыл алгандыгым Кыргызстандын шартында бир адамдын бийлиги экономиканы өстүрбөшүнө терең ишенгениме байланыштуу болсо керек. Мактаныч үчүн эмес, зарыл болгон үчүн айтууга туура келет - мен кыргыз экономикасында келип чыккан проблемаларды жана анын чечилиш жолдорун алдын ала айтып келгем. Ишенбегендер болсо, менин эски макаларымды окуп көрсө болот. Азыр да көзүм жетип турат. Бир адамдын бийлиги биздин экономиканы оңой албайт. Андай бийлик мунайга, газга ж.б. кен байлыктарга мол Орусияда жана Казахстанда бир натыйжа бериши мүмкүн. Ал да жарым-жартылай жана убактылуу. Кыргызстанда бул - туюк жол. Камбаратаны, Ташкөмүрдөгү цемент заводун куруп койсок эле эл иш менен камсыз болуп, жыргап калабы? Андай 10 ишкана курсаң да, ашып кетсе 50 миң адам кызмат менен камсыз болот. Калган эл эшек такалайбы? Кыргызстанда кайра иштетүү тармактарын өнүктүргөндө гана экономика өнүгөт. Алар бийлик каалаганын жасап, тартипти өзү бузган өлкөдө өнүккөн эмес.
Акаевдин учурунда жаздым эле, азыр да кайталайм, эл алдында жооп бербеген авторитардык бийлик эч качан бир нерсеге умтулуп, жетишүүгө аракет кылбайт. Экономиканы көтөрүүгө да жан үрөп киришпейт. Бул ал жагынан орто кылымдагы жалкоо феодалга окшошуп кетет. Аны ошол эле Акаевден байкаса болот. Акыркы жылдары, бийлигин чыңдап алгандан кийин, ал жумушка келгиси келсе, келип, келбесе, арак ичип чардап кеткенин айтышат. Эч нерсеге жооп бербеген бийлик кадр маселесине келгенде да кызматка колунан иш келе тургандарды эмес, кошоматчыларды коет. Акаев, башка адам табылбай калгансып, өз аспираранттарын премьерге чейин көтөрбөдү беле. Ал кайсы жакшы кадрды даярдады? Же Бакиев Тагаевден башка адам таба албай калдыбы? Акыркысы - бир адамдын бийлиги дайыма коррупция менен коштолот. Демократиялуу өлкөдө ал дээрлик болбойт. Коррупциянын тамыры - так ошол эч кимге баш ийбеген бийликте. Мен буларды демократиядан тажап бүттүк, бир эле адам башкарса болот эле дегендер үчүн айтып жатам. Жер шарынын аркы-берки бетин изилдеп көр, атам замандан тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхты оку - бир адамдын бийлигине негизделген саясий система үчүн жогоруда айтылгандар кокустук эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Мени таң калтырганы - бийликтин диктатурага укмуштуудай тездик менен баратканы. Эч нерсеге карабай. Мунусу мени үмүттөндүрөт дагы. Анткени тездик менен орногон диктатуранын өмүрү анчалык узак болбойт. Сталин өзүнүн каршылаштары менен 15 жыл күрөшүп, согуштун алдында гана өзүн өлкөнүн толук кожоюну сезе баштаган. Элдин турмушун аздап оңогондон кийин. Ошондо да маал-маалы менен өз канынан чыккан баласына да аябагандай принциалдуулук көрсөтүп турууга мажбур болгон. Бакиев болсо, баа көтөрүлүп, эл кыйналып турганына карабай, тездик менен диктатурага багыт койду. Ошол эле мыйзам ченемдүүлүүлүккө таянсак, биздеги диктатура Өзбекстан менен Түркмөнстандан ашып түшүшү мүмкүн. Анткени демократиялык кыймылды сындыруу үчүн күч керек. Бирок демократиялык процесстердин да күчү бизде оңой эмес. Аргасыздан Кыргызстан дестабилдешүүгө баратат дегендерге кошулбай кое албайсың.

Сапар Орозбаков















??.??