№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Желтегирмен

Докенин аты Масы менен чектелбейт
Ноокендин айыл-кыштактарынан чогулган 50дөй адам жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугуп, маркум Дооронбек Садырбаевдин мыкты сапаттарын эскеришти. Район акими Турдумамат Сагындыков менен райкеңештин төрагасы Кеңешбек Өскөнбаевге Кыргыз эл артисти Садырбаевдин атын Масы айыл өкмөтүнө коюп берүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү бийлик ээлери аларга маселени адегенде айылдык кеңеште талкуулоону, андан кийин жогорку жакка кайрылуу жагын түшүндүрүштү. Буга дейре Садырбаев менен досу Файзулла Тойчукулов экөөнүн аты кошоктолуп айылдын бир көчөсүнө берилген эле. Эми эл талабына президенттин иниси эмне дээр экен?

Бегалы билдирет
Өлкөбүздө жол эрежелери бузулуп, кырсыктардын көбөйүүсүнө "самопал" айдоочулар күнөөлүү деп депутат Бегалы Наргозуев билдирди. Анын айтымында, "самопал" айдоочулардын айдоо күбөлүгүн сатып алгандары азыр эч кимге жашыруун эмес. Ал ИИМ өкүлүн айдоо күбөлүгүн ким сатат деп жарга такады. Бегалы Наргозуев МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин бузуп, башкаларга "үлгү" көрсөтүп атышат, аларды МАИлер токтотпойт деп нааразылыгын билдирди. Парламентте катышып отурган ИИМдин 1-орун басары атайын кызматтар муну көзөмөлгө алышат деп жооп берип кутулгансыды. Ошентип, Молдогозуевич отургандарды момурайтты.

Көзү ачыкпы?
ЖК депутаты Бейшенбек Абдразаков парламент отурумунда кыргыздар акыркы жүз жыл ичинде жок болуп кетүүчү элдердин тизмесинде турат десе боло? "Жыл сайын Кыргызстандан миңдеген кыргыздар башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып кетип жатышат. Мындан тышкары жума сайын согушка кетип аткансып, эшелон-эшелон болуп, Орусияга кетип жатышат" дейт кейип. "Кыргыздарды көбөйтпөсөк, Кыргызстан, кыргыздар, кыргыз тили жок болуп кетүүсү турган иш" деп депутаттар күпүлдөп алышты. Элмира айымдын мезгилинде каякта элеңер, ыя? Жубарымбектер десе...

Исмаил ака ишин "баплайди"
Коопсуздук Кеңешинин катчысы жаза өтөөчү жайлардагы шарттын начардыгын сынга алды. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков 4-июнь күнү бир катар жаза өтөөчү жайларды кыдырып чыккан. Аны СИЗО-1 жана Новопокровкадагы эмгек түзөтүү колонияларында болгон учурда кайтаруучу кызматкерлердин формасынын жоктугуна жана жаза өтөп жаткандардын тиешелүү деңгээлде камсыздалбагандыгы өл-лө өкүндүрүптүр.

Спикер кылмышкерби?
"Өзбекстанга өтө чоң өлчөмдөгү пайдалуу курулуш материалын сатып жиберген Айтибай Тагаевдин мамлекеттик экинчи бийликке келиши парламент үчүн уят" деген пикирин депутат Роза Отунбаева сессияда айтып чыкты. Анын айтуусунда, президент Курманбек Бакиевден тартып, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттин кеңешчиси баары Айтибай Тагаевдин үйүндө мейманда болушкандыгы тууралуу маалыматтар бар. Антсе, "Акжолдун" ары жок депутаттары Айтибай аканы алтынга теңеп чыгышты эле, Роза айым кайра сөз алып, "алтынды чаң басып калса, аарчыбайсыңарбы, алтын экенин билели" деп оозунан от бүрктү.

Темике кайда теминет?
"Ак шумкар" партиясы 21-июнда курултайын өткөрөт. Съездде партиянын уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, партиянын аталышын ушул бойдон калтыруу же өзгөртүү маселеси жана өлкөдөгү жалпы коомдук-саясый кырдаал талкууланат. Келээрки шайлоодо кайсы партияга кошулаарын унутушпаса...

Кымбатчылык кааты басат
Экономика жана соода министрлиги өлкөдө баалар күздөн тарта турукташа баштайт деп божомолдоодо. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында өлкөдө инфляция 3,3 пайызды түздү. Ал эми керектөөчү товарларга баалар 10,74 пайызга, тамак-ашка жана суу ичимдиктерине 14 пайызга, нанга болгон баа 10 пайызга кымбаттаган. Мындан тышкары, бензин 13 пайызга, газ 32 пайызга, транспорт 12 пайызга жогорулаган.

Кыргызстандын аксакалдарын бийлик угабы?
Кыргыз журтуна белгилүү аксакал инсандар Карыбек Молдобаев, Ишенбай Абдуразаков, Шергазы Мамбетов, Гүлшара Дуулатова президентке кайрылуу жасап, Ишенбай Кадырбековдун сот амалдары аяктаганча баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну анын жүрүм-турумун чектөө менен алмаштырууга көмөк көрсөтүүнү кепилдик катары суранышты. "Элине төбөсү көрүнгөн жигиттин бүгүнкү аянычтуу абалын билип-көрүп туруп сыртта байкоочу болуп тура албай, президентке карыялык кеп-кеңешти айтып коюну туура көрдүк" дешет алар. Катта "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" сыңары жаңылыштык Ишенбайдан кетсе, мыйзам алдына жооп берери анык. Сиз элдин эгеси катары жеке көзөмөлүңүзгө алып, айкөлдүктү, акыйкаттыктын зор үлгүсүн көрсөтөөөрүңүзгө ак дилден ишенебиз" деп баса белгиленген.

И.Өмүркулов азуусун көрсөттү
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов учурда өкмөт азык-түлүк каатчылыгын чечүүнүн үстүндө иштебей, "алма быш, оозума түш" деп гана отурат деген пикирде. Депутаттын айтымында, азык-түлүк кризисин жөнгө салуу боюнча өкмөттүн антикризисттик программасы бүгүнкү күнгө чейин иштелип чыга элек. "Бүгүнкү күндө өкмөттүн бар-жогу билинбейт. Колдо турган электр жарыгын кымбаттатып жатышат" дейт.




  Куттуктоо!

Кечээ, гезит так басууга даярдалып жаткан күнү бакыйган башредакторубуз Аслан Сартбаев 28 жашка, бараандуу баяндамачыбыз Баратбай Аракеев 58 жашка толуп калышыптыр.
Кесиптеш, жамаатташтарыбызга бактылуу карылык, кең келечек, курч калем, мурч ой-токум, үй-бүлөлүк бакыт, деги койчу адам пендеге шыбага кылган бардык жакшылыктарды каалайбыз. Бар болгула, "Ааламдын" алгырлары!

"Ааламчылар"



Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
6-9-июнь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн деп кабарланууда.
6-июнда Кыргызстандын кээ бир облустарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31 градус.
Чүй, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32 градус.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26 градус болот.
Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус.
Бишкекте кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус.



"Аалам-пресс"










??.??