№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Түштүк жорго кызыганда

Куштун кош канаты сынабы?
"Биз жердешчиликке каршы күрөшөбүз"
(К.Бакиев)
Соңку кадрдык саясаттын кедери кеткени апендиге да маалым. Кыкеңский "бовой калды" деген эле кеп. Дегеним, учурда Түндүк-Түштүк мыктычыкмаларына арабөк мамиле жасалып, өзгөчө кадрдык жүрүштөрдө Түндүктүн иш билги адистери четке сүрүлүүдө деген пикирлер бар. Негизинен бийлик бутактарын түштүктүктөр басып кеттиби? Бул факты болалабы? Эгерде жогорку бийлик бутактарына түндүктүктөр коюлса, алар же орус же дили буруу казактар. Кызык, кадр саясатындагы адилеттик кайда? Президент Курманбек Бакиевдин "биз жердешчиликке каршы күрөшөбүз" деген лозунгу суу кечпей калдыбы?
Айтмакчы, Алмаз Атамбаев бир маегинде "Кыргызстандын Түндүк-Түштүгү куштун эки канатындай, бири сынса, куш учалбайт. Мамлекетибиз майып болот" маанайында айтты эле. Азыр болсо куштун канатын сындыруу жолоюна түштүк. Мына, төмөндөгү мисалдардан улам ким кайдан экенине баам салсаңыз болот.

Акүй көлөкөсүнөн
Президент - Курманбек Бакиев. Жалалабат облусу, Сузак району.

Мамлекеттик катчы - Досбол Нур уулу. Баткен облусу, Баткен шаары.

Мамлекеттик күзөт кызматы - Жаныш Бакиев. Жалалабат облусу, Сузак району.

Коопсуздук кеңештин катчысы - Исмаил Исаков. Ош облусу, Алай району.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү - Камбаралы Конгантиев. Жалалабат облусу, Майлысуу шаары.

Президенттин пресс-секретары - Нурлан Шакиев. Жалалабат облусу, Аксы району.

Башкы прокурор - Элмурза Сатыбалдиев. Ош облусу, Өзгөн району.

Ички иштер министри - Молдомуса Конгантиев. Жалалабат облусу, Майлысуу шаары.

Коргоо министри - Бакыт Калыев. Жалалабат облусу, Сузак району.

Каржы министри - Тажикан Калимбетова. Жалалабат облусу, Сузак району.

Соцфонд төрагасы - Марат Султанов. Ош облусу, Алай району.

Өзгөчө кырдаалдар министри - Камчыбек Ташиев. Жалалабат облусу, Сузак району.

Транспорт жана коммуникация министри - Нурлан Сулайманов. Ош облусу, Чоң Алай району.
Маданият министри - Султан Раев. Ош облусу, Карасуу району.

Билим министри - Ишенгүл Болжурова. Жалалабат облусу, Токтогул районуна келин болгон.

Маммүлк төрагасы - Турсун Турдумамбетов. Жалалабат облусу, Базаркоргон району.
Эсеп палатасынын төрагасы - Искандар Гайпкулов. Ош облусу, Араван району.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси - Курманбек Темирбаев, Жалалабат облусу, Сузак району.

Социалдык коргоо министри - Өктөмкан Абдуллаева. Ош облусу, Ноокат району.

Мамстатком - Орозмат Абдыкалыков. Ош облусу, Алай району.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттиги - Мамасадык Бакиров, Ош облусу, Карасуу району.

Адилет министри - Марат Кайыпов. Жалалабат облусу, Сузак району.

Мамкаттоо - Адамжан Жолдошев. Ош облусу, Өзгөн району.

Каржы полициясы - Акимжан Муйбилдаев. Жалалабат облусу, Алабука району.

Туризм агенттиги - Турусбек Мамашев. Ош облусу, Каракулжа району.

Спорт комитети - Бектур Асанов. Жалалабат облусу, Сузак району.

Көкүй көлөкөсүнөн

Жогорку Кеңештин төрагасы - Айтибай Тагаев. Ош облусу, Ноокат району.

"Акжол" фракция жетекчиси - Азиз Турсунбаев. Жалалабат облусу, Алабука району.

СДПК фракция жетекчиси - Бакыт Бешимов. Жалалабат облусу, Алабука району.

"Коммунисттер" фракция жетекчиси - Исхак Масалиев. Баткен облусу, Кадамжай району.

М. Орозбай уулу










??.??