№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Полит-элита

СДПКга куугунтук
Саламаттык сактоо министринин 1-орунбасары К.Бейшенбеков деген эргул бар. Бу министрликтен Т.Абдраимов кеткени анын артын казып, Туйгуналы аке аттестациядан өткөзгөн дарыгерлерди куугунтукка ала баштаптыр. Маселен, Баткен облсаламаттык башкармалыгын, Кадамжай районунун башкы дарыгерин, о.э. Жалалабат СПИД борборунун деректирин кызматтан шыпырган. Себеби жөпжөнөкөй: СДПКга жантартат маанисинде. Кадрлардын профессионалдуулугуна карабай, саясый куугунтукка алганы Кудайга жакпастыр. Же СДПКчылар эл душманы болуп төрөлдү беле? Кокус эртең СДПК төрагасы А.Атамбаев президент болуп калса, К.Бейшенбековго окшогон ойрондор биринчи жетип барары ажеп эмес.

Т.Мамашевдин шилекейи түгөнбөйбү?
Шоумен Т.Мамашев "туризмди көтөрөбүз" деп күпүлдөгөнү менен, иш жүзүндө реалдуу эмгеги э-эч көрүнбөдү. Санта-Клаусу бүтүп (кыргыздардын жүрөгүнө жат ишти козгоп), эми "Дүйнө сулуусу" конкурсун "Аалам-Ордодо" өткөзөбүз таризинде төш кагып жүрү. Же Ташкул атанын "Аалам-Ордо" курулушуна Өкмөттөн бир жардам болсочу? Жөн эле шилекей чачыраткандын да чеги болот эмеспи, ыя, Туку мырза?

Сары изине түшмөйдөн
Мамкаттоо агенттигинин деректири А.Жолдошевдин тууган-уругу менен чо-оң жерди ээлеп алганы боюнча маалыматтар чыгууда. Анын былыкчылык иштерине кызыгып көрөлү дедик. Албетте, аргумент-фактыга таянабыз. Кийинки сандарга материалды топтогонго аракет кылмакчыбыз.

И.Жунусовду кубаттаган ажо
"Акжолчу" И.Жунусов жаңы спикерге добуш берүүдө каршы экенин билгизген. Артист кыраандын мындай айбатына М.Садыркулов менен Э.Ибраимова катуу теригет да, ажого Ибрагим мырзанын жоругу тууралуу арызданышат. "Сиз көрсөткөн кандидатураны кабыл албады" таризинде кайраштырып. Курманбек Салиевич да оңой кишиби, тиги экөөнүн "сасыганын" четке кагып, "Адахан досуна күйсө жаманбы, жигитчиликте ушинтип туруп берет" кыязында мат кылыптыр. Кызыгы, ажо мындай жүрүш менен ким жигит (?), ким катынча чымчыйт ишпалдасын ашкереледиби?

М.Бакиевдин атын жамынат дейби…
Соңку учурда Мамалко агенттигинде алешем иштер күчөдү. Арак заводдоруна ашыкча планды көбөйтүү зордугу менен. Айталы, бир арак заводу 100 миң арак чыгарса (1 млн литр арак деген кеп), а экинчи жылы аны 40-50%га көбөйтүү зордугу коюлат экен. Эгер заводдун күчү келбесе, иштөө лицензиясын алып коюшат да, ишкерди сындыруу саясаты көрүлөт. Мындай ыкма мамалко агенттигинин деректири А.Батырбековдун көңүлү менен болору айдан ачык. Ал кайсы заводго жантартса, маселен "Аю" - "Арвинди" көтөрмөлөсө, алардын акчасы жүрүшөт да. Бул жерде А.Батырбековдун ырааттуу, калыс ишмердиги көрсөтүлбөгөндүгүнөн арак заводдору банкротко учурап атат. Бирдеме десе эле, М.Бакиевдин атын сатып, таянат имиш. Түбөлүк таянган тоо болобу ыя? А эң кызыгы, А.Батырбеков Свердлов районунун салык инспекциясынын кызматкеринен түз эле Мамалко агенттигинин деректирлигине көтөрүлгөн. Чиновниктин баскан жолу, репутациясы болушу керек да. А болбосо, ушундай ашмалтайдан арылбайбыз. Же Кыргызстанда "таанышың болсо таңкасың" урааны өкүм сүрө береби?

"Аалам-пресс"




  Ойилик

Бийлик Кыргызстандагы сөз эркиндигин муунтууда деген пикирге кошуласызбы?
Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:

- Азыр ММКларды ачыктан-ачык кысымга алган учурларын көрөлекпиз. Эгер ушундай жолго бара турган болсо, элге-журтка берген убададан танып, милдеттенмелерин унутат дегендик. Акыл-эстүү бийлик эч качан ММКларды куугунтукка албайт. Эгер ММКлар мыйзамдын чегинен чыгып коркунуч жаратып жатса, тиешелүү органдар бар, ошолор аркылуу туура жолго салып коюу керек. Гезиттерди жаап, журналисттерди коркутуп-үркүтүү менен бийлик абийир таппайт.

Ахматбек Келдибеков,
экономика илимдеринин кандидаты:
- Мен мындай пикирге кошулалбайм. Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары жалганды деле чындай жазып жатпайбы. Буга ким чек коюптур? Бизде журналисттерге бийлик тарабынан кысым бололек. Эркин гезиттердин нускасы өкмөттүк гезиттерге караганда жогору. Алардын саны да көп. Ушул нерсе Кыргызстандагы эркин ММКнын далили да.

Курманбек Осмонов,
Жогорку соттун экс-төрагасы:
- Тиги гезиттердин соттошуу маселелерин билбейт экем. Алардын чоо-жайынан кабарым жок. Бирок, Кыргызстанда ачыктан-ачык болбосо да, ММКларды ооздуктоо багытында биртоп алдыга жылдык. Негизинен мындай пикирлердин жаралышы бекеринен эмес деп ойлойм.

Арфидин Аланов,
Ош шаарынын вице-мэри:
- Андай нерсени таптакыр көрөлекмин. Бишкекти билбейт экем, Оштогу ММКлар каалаганын жазып, өз билгендериндей гезит чыгарышууда. Мыйзам баарына тегиз жазылган. Эгер мыйзамдын чегинен ашса, албетте, тескеп туура багытка салып коюу зарыл. Муну куугунтук иретинде кабыл албагыла да.

Анаш Сейтказиев,
ЖК депутаты:
- Биз коммунисттик духта тарбияланып калганбыз. Ошондуктан, Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын бүгүнкү күндөгү иш-аракеттери такыр жакпайт. Эгер менде бийлик болсо, буларга цензура киргизмекмин. Эмнеге дегенде, капкайдагы жалган нерсени жаза беришет экен.

Чолпон Жакупова,
Коомдук парламенттин мүчөсү:
- Сөз эркиндиги таптакыр эле чектелип калды дегенден алысмын. Бирок, бийлик бардык массалык маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууга аракет кылууда. Алыска барбайлы, кечээ сот чечими менен айыпка жыгылган "Де-Факто" жана "Алиби" гезиттери буга далил. Бийлик ушундай көз караштан арылбаса, Кыргызстанда сөз эркиндиги түп-тамырынан жок болот.

Иса Өмүркулов,
ЖК депутаты:
- Мына, кечээ сот чечими менен оппозициялык маанайдагы эки гезитти айыпка жыгышты. Ушундан эле көрсөңөр болот. Кыргызстандагы сөз эркиндигин муунтуп жатышат. Чындыкты айткан гезиттер эч качан бийликке жаккан эмес. Ошондуктан, бийлик ММКларды тескөөгө алуу максатында ар түрдүү жолдорго барып жатат. Муну менен биз тоталитардык режимдеги айрым өлкөлөрдүн кейпин кийип баратабыз.

Манас ОСМОН