№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу-шыбырт

Азыркы замандын эң оңой оокаты ырчылыкпы? Таш ыргытсаң ырчынын башына тиет. Алар бул тармакта өз ордун таптыбы же тапкан жокпу, буга эл тараза. Булардын катарында Насыйкат, Айсанат, Ширин аттуу кыздар "Трио" тобун түзүп, ийгилик жаратышууда. Ырчы кыздардын талантын байкашканбы, айтор продюсерлерден чогуу иштейли деген сунуштар түшүүдө. "Азырынча максатыбыз - Көл жергесин кыдырып концерт коюу, продюсерликти анан ойлонуштурабыз" дейт үчилтиктин бири Айсанат.

"Трио" тобуна продюсер керекпи?
Султан Кыргызстандын жараны болду
Султан Садыралиевдин көптөн күткөн тилеги орундалып, Кыргызстандын жараны болду. Ырчы бул кубанычын күйөрмандары менен бөлүшүп, 12-13-июнь күндөрү Спорт ордосунда өтүүчү "Султан Садыралиев тартуулайт" аттуу жеке концертине даярданууда. Бул концерттин өзгөчөлүгү - улуттук колоритке көңүл бурулат, о.э. бир канча нуска менен жарык көргөн видеоальбомунун презентациясы болот.

Бегимай колледжге тапшырат
Аздыр-көптүр таанылып келе жаткан жаш ырчы Бегимай Эсенгулова 9-классты бүтүрүп, мамлекеттик экзамен берип жатат. Бир учурда келечекте юрист болууну кааларын билдирген ырчы негедир "ушул жылы финансы колледжине тапшырам" деп даярданууда.

Тосуп ал, Нарын
Жаш ырчылардын башын кошуп, "Бактылуу балалык" кайрымдуулук акциясын 1-июнь күнү Кочкор жергесинде өткөзүп келген "Жаңы муун" жаштар кыймылы, "Ализа эне" кайрымдуулук фонду 12-июнь күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында белгилүү ырчылардын коштоосунда балдарга арналган бекер концерт тартууламакчы. Ага дейре 7-июндан тарта, бала бакчаларга, мектеп жашындагыларга мультфильм, балдарга арналган кино көрсөтүүлөр күнүгө эки сааттан жүрүп турмакчы. Каалоочуларга кирүү - акысыз.

Кайрат Ысыккөлдө ырдайт
Жаш ырчы Кайрат Примбердиев "бир ок менен эки коен атып", жайкы эс алууну бекер өткөзбөй, бир жылдык энергияны топтоп келиш үчүн жана Көлдөгү пансионаттардын биринде келишим менен иштегени жөнөп жаткан учуру.










??.??