№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Алтынга жеткен жел кайык
Жакында парус спорту боюнча Казакстандын ачык чемпионаты болуп, кыргызстандыктар эки ирет марага озуп келип, 2 алтын байгелүү болду. "Оптимист" классындагы жел кайык жарыштарында кыздардан Инга Иванова, эр-азаматтардан Эсенкан Кемелов марага озуп келип, Казакстандын чемпиону аталышып, алтын медаль тагынышты. Нурлан Азатбек уулу деген азаматыбыз күмүш байгелүү болду.
- Эки класс боюнча жарышта 2 алтын, 2 күмүш байге уттук. Эгерде 8 категория боюнча катышууга ылайык жел кайыктарыбыз болсо, дагы далай ийгиликтердин ээси болмокпуз, - дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Владимир Бубнов.

Азиянын 35 алтын байгеси
Ташкентте таэквондонун ITF версиясы боюнча Азия чемпионаты болуп, Кыргызстандын тандалма командасы 35 алтын байге утуп, олжолуу келди. Биздин кыз-жигиттер жеке таймашта 17 жолу жеңиш сересине көтөрүлүп, алтын медаль тагынса, командалык эсепте да үч ирет баш байгени утуп алышкан. Команданын 6 спортчусу 18 алтын байгени Кыргызстанга утуп берген. Бул Азия чемпионатында Евгений Шумских, Рустам, Ахмеджанов, Самат Шаршенов, Майрамбек Дүйшеев, Абдыкадыр Нарзуллаев, Максим Ким, Ирина Ли жана Ирина Волошинанын чеберчилиги жогору бааланды. Мындай ийгиликтерге жетүүгө башкы машыктыруучу Нуриса Мамбеталиеванын салымы зор.

Тогуз кумалактан Казак президентинин Кубогу
Деги казактар кыйын калк. Кыргыздын жерин, пансионаттарын гана ээлеп албастан, кыргыздын улуттук оюну - тогузкоргоолду, алар "тогуз кумалак" деп өздөрүнө менчиктеп, эларалык деңгээлге чыгарууга аракет кылышууда.
Орол шаарында тогуз кумалак боюнча Казакстандын президентинин Кубогуна арналган мелдеш башталды. Буга төрт спортчуну тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов баштап барды. Акыл таймашынын жеңүүчүлөрү 8-июнда аныкталат.

Руслан Бээжинди мээлеп жатат
Көзгө атаар мерген деп Руслан Исмаиловду бекер мактаган эмес экенбиз. Германиянын Мюнхен шаарында ок атуу боюнча дүйнө Кубогунун этаптык мелдешинде Руслан жатып 50 метрден бута атууда мүмкүн болгон 600 упайдын 590 упайына ээ болуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алуунун талабын үчүнчү ирет аткарды.

Ордо шаардын ордо чемпионаты
Бүгүн Бишкектин ордо боюнча чемпионаты башталды. 10 команда катышып жатат. Эл болгондон кийин улуттук оюндарыбызды да унутпай, ордо атышканга не жетсин.

Акыркы үмүт Алматыда
Ушул ишемби, жекшемби күндөрү жеңил атлетика боюнча олимпиада чемпиону Гусман Касановду эскерүүгө арналган эларалык мелдеш Алматыда өткөрүлөт. Бул мелдеште мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга жөө күлүктөрдө акыркы мүмкүнчүлүк бар. Үмүт арткан отуз жеңил атлетчи Алматыга аттанды.

Алдыда - Жакартадагы Азия чемпионаты
Жеңил атлетика боюнча уландар жана кыздар арасында Азия чемпионаты Индонезиянын Жакарта шаарында 8-июндан 18-июнга чейин өткөрүлөт. Бул Азия жарыштарына Кыргызстандын туусун жөө күлүктөр Дмитрий Ильин, Лилия Коваль, Айганыш Асаналиева жана Виктория Полюдина көтөрүп баратат.
Мурдагы Азия чемпионаттарына жалаң башка улуттардын өкүлдөрү барса, бул ирет бир кыргыз кызынын кошулганы жакшы жөрөлгө.

Эми "Евро-2008" деп эсибиз оойТ
Эртең футбол боюнча Европа чемпионаты башталып, футбол күйөрмандарынын уйкусуз түндөрү алдыда турат. Быйылкы "Евро-2008" таймаштары эки өлкөдө - Австрия менен Швейцарияда өткөрүлөт. Алгачкы оюнда "А" тобунан Швейцария менен Чехия, Португалия менен Түркиянын командалары беттешет. Финалдык топко чыккан 16 команда 4 топко бөлүнүп мөрөй талашат. Европа чемпиону 29-июнда аныкталат.
Быйылкы Европа чемпионаты кандай өтөөрүн, ким чемпион, жеңүүчү болорун алдыдагы мелдештер көрсөтөт. Топ томолок болгондой, ийгилик, жеңиш кимди көздөй тоголонуп кетээрине алдыда күбө болобуз. Эмесе, командалар менен таанышып, оюндардын өтүш иретин билип алып, кайсы өлкөгө күйөрман болсоңуз, жамбаштап жатып алып, күйүп-бышып сүрөөнгө ала бериңиз.

Кабыл Макешов




  Сандан-санга

БАРАТБАЙ АРАКЕЕВ
Аксулуу
Үч ай аракты таштаган "эмгеги" өлдү. Сатар мындай иште кириш сөз кылып отурбайт, Турдуканды имере тартып оозунан соруп, дароо эле үстүнө чыкты. Өздөрүнүкүн өздөрү чечти…
Аз өтпөй Турдукан Сатардыкы болуп ордунан турду, аны мойнунан кучактай оозунан өөп алды:
- Алтыным, турбайсыңбы, менин…
"Эми сени каалагандай талпак кылам, шуркуя" деди Сатар ичинен бу чырайына кызыккан аялга. Ага дене кумары эле болбосо, эч кандай сезими жок эле…
Дагы бир сааттай чоң жол менен жүргөндөн кийин тоого бурулушту да, он чакырымдай суу бойлогон жол менен тоо өрдөп көздөгөн жерине жетишти. Сатар жакшы билет бу тарапты. Суунун боюна тигилген бозүйдөн калпакчак жигит чыгып, саламын эпилдей айтып, үйгө киргизди. Дасторкон салынуу экен, түр даам.
Жигит кымыз куюп сунду. Анан дасторкон четинде тизилген бөтөлкөдөн бирди алып, үчөөнө куйду. Алып жиберишти. Тооктун этинен жешти. Дагы жүздөн алышты. Үчүнчү стакандан кийин сөз уланды. Тиги жигит оозунда сөзү бар неме экен, эриктирбейт, күлдүрөт. Ал аңгыча салам айтып күлүмсүрөгөн чырайлуу, ичке келин үйгө кирди.
- Келинчегим, - деди жигит. - Бир аз кечигип калды, кечирип коюңуздар.
Жигит стакандарды толтурду. Сатар келинчекке баса куюусун суранды эле, ага чоң стаканга мелт-калт куюлду.
- Опий, өлтүрөсүң го кишини, - деп туруп, оңбогон келин бир эле басты. Эр экен. Артынан тооктун этинен бурдап-бурдап койду. Бир маалда жигит сыртка чыгып кетип, аздан соң үн салды:
- Урматтуу меймандар, сыртка чыгып берсеңиздер.
Баары сыртка чыгышты. Жигит бир каракүрөң козуну туура тартып турган экен.
- Бата кылып коюңуздар.
- Оомийин…
Жигит келинчеги экөө козу менен алек болуп, берки экөө суу жээктешти, бадал аралашты. Далдоо жерге келгенде Турдукан Сатардын мойнуна асылды:
- Сени дагы каалап атам…
- Анан… Азыр уят.
- Каалап атпаймынбы…
- Чыда да. Чыдамың жок го такыр.
- Сен чыдатпайт турбайсыңбы.
- Анан, - Сатар тигинин колун акырын мойнуна алды, анын азыр көңүлү жок болчу. Бу каапыр тиги шойкомдуу келинге көз артып койгон болчу. Буюрса, бүгүн түнү деп.
О, ал келин тың эле, колунан да, тилинен да келген. Айылдын тыңчыкма келиндеринин бири. Күйөөсүн чимирет. Оокатын да тың жасайт, кайнене-кайнатасын да бапестей багат. Бир уул төрөп, ошол бойдон төрөбөй жүрөт. Анысы он үчкө чыкты. Айылда буга кызыкпаган эркек аз. Улуусу да, кичүүсү да, байы да, кедейи да бар. Кез-кези менен көңүлүн тапкандарга макул болуп коет, аша кетпейт. Баасын билет.
Азыр ичеги артып жатып, тиги сымбаттуу кишини ойлоп койду. Ал сөз айтса көнөр беле… "Караганы сонун экен, жандүйнөңдү эритип жиберчүдөй болуп… Жанындагысына баа берчү деле неме эмес экен. Өңдүү-түстүү болгону менен, эркектерге бир түндүк неме. Тигинисине үзүлүп түшүп атат, ысыгы жаңы эле башталган го…
Керек болобу, бүгүнкү түнүн куру калтырайынбы, ыя, эжекеси?" Ушуларды ойлоп келин бир жылмайып алды. Тиги экөө келатат катарлаша. Байкалып турат, жабышканы - аял, кенебегени - эркек экен.
Жигит да, келинчеги да шамдагай немелер экен, алеки саатта эт, ичеги-карын менен казанга түшүп, от улуу жагылды. Турдукандын көңүлү айнып, жаны жер тартат. Аны көргөн Сатар жигитке айтты:
- Иним, эжеңди үйгө алып кирип жаткырчы, бир аз эс алсын.
Жигит эжекесин колтуктай жетелей басты.