№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Укугуңду билесиңби?

- Коңшум менен чаттакташа кетсем, ал жаман сөздөр менен тил тийгизди.
Моралдык жабыр тартсаң, каршы тараптан канча өлчөмдө акча талап кылса болот? Кимге кайрылам?
Нургүл Тыналиева,
Сокулук району
- Жабыр тарткан жактын моралдык жана материалдык компенсация талап кылганга толук укугу бар. Акыркы чечимди сот чыгарат. Соттун чечимине чейин жабыркаган адам канча акча талап кылып жаткандыгын билдирет. Андан кийин соттук иликтөөлөрдүн негизинде да жабыр тарткан жакка берилүүчү акчанын өлчөмү белгиленет.

- Менин эне-атам бирге жашап турушканда үй сатып алып, ал апамдын атына катталган. Ата-энем ажырашкандан кийин үй бизге калган. Апам үйдү "18 жашка чыкканыңарда, силерге өткөзүп берем" дечү. Азыр апамдын жаңы күйөөсү үйдү апамдын уруксаты менен саткан жатат. Эми үйдү биз, балдары, өзүбүзгө жаздырып алсак болобу? Кандай жолдору бар?
Айжамал Түлөбердиева,
Бишкек шаары

- Эгерде ата-энеңиз ажырашып жатканда атаңыз үйгө болгон үлүшүн сиздерге кагаз жүзүндө мураска калтырып кеткен болсо, үйдүн жарымын алганга укугуңуз бар. Атаңыз кагаз жүзүндө тастыктабаса, үй толугу менен апаңызга тиешелүү болот.

- Мен жолдошум менен ажырашайын десем, нике кагазсыз болбойт экен. Бирок балама жолдошум төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алып берген. Сотко нике кагазы жок эле кайрылсам, мага алимент кесип береби?
Сайрагүл Кенжеева,
Акөргө конушу

- Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк эки тараптын макулдугу менен берилет, ал жерде баланын мыйзамдуу ата-энесинин аты-жөнү жазылат. Сотко күбөлүк менен кайрылып, алимент кырктырып алганга укугуңуз бар.

- Өткөн жылы июнь айында жол эрежесин бузгандыгым үчүн МАИ кызматкерлери айдоочулук күбөлүгүмдү алып койгон. Шартка байланыштуу кайра кайрылып барган эмесмин. Эми жаңы күбөлүк алсам болобу?
Бектемир Молдопайызов,
Аламүдүн району

- Күбөлүгүңүздү алыш үчүн ушул райондун сот канцеляриясине тез кайрылыңыз - сиздин ишиңизди ким караганын билиңиз. Сиз катышпасаңыз да, ал жакта сот болуп, сизге тиешелүү штраф салынган. Айып акчаны төлөп күбөлүгүңүздү кайра алсаңыз болот.

Эгерде сизде жана сиздин жакындарыңызда ушундай көйгөйлүү маселелер болсо, "Аалам" гезитине кайрылыңыздар. Байланыш телефону: 591738, 0555 918507

Кундуз Мандыбаева




  Кремлдик таблетка

Бир кездерде медицинанын жашыруун каражаты - автономдуу электростимулятордун жардамы менен СССР Компартиясынын элитасын гана дарылап келген болсо, бүгүнкү күндө кыргызстандык жарандар да аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Медик адистер жана аскер электрончулар "керемет-таблетка" дүйнөсүндөгү аналогдорго тиешеси жок жакшынакай шаймандарды ойлоп табышты. ТСС (тамак сиңирүү системасы) АЭС (автономдуу электростимулятор) карын, он эки эли ичеги, карын астындагы без түтүгүнүн системдери жана боордон тышкары жолу, жоон жана ичке ичеги, активация максатында көтөн чучук, алардын биоэлектр моторлуу жана бөлүп чыгаруучу ишмердүүлүгү, ошондой эле ич жана жамбаш көңдөйүнүн ички мүчөлөрүнүн тутумдашкан жеринин ырааттуу электрдик стимуляциясы үчүн арналган. ТСС АЭСти клиникадан тышкары шартта колдонууга, травмасыз, медикаментсиз ичеги-карын жолун өтүшкөн катмарынан тазалоо жүргүзүүгө, анын начарлап кеткен бөлүгүнүн иштешин жакшыртууга, кыймылдаткыч-эвакуатордук кыймылдуулугун калыбына келтирүүгө шарт түзөт. Немис окумуштуулары бир "кремлдик таблетка" колонотерапиянын 12 процедурасы алмаштыраарын белгилешти. Өт бөлүп чыгарууга түрткү берүүдө ТСС АЭСтин жогорку натыйжалуулугун белгилеп коюу зарыл. Медицина кадимки химиотерапиялык препараттын жардамы менен өт кабынан өттүн бөлүнүп чыгуусун күчөтүшү мүмкүн, бирок түздөн-түз боордон - жок. ТСС АЭС бул маселени өтө натыйжалуу чече алат. Стимулятор он эки эли ичегинин ишин жөнгө салат жана өт бөлүп чыгарууну бир калыпка келтирет. Өз кезегинде боор жана өт кабынын ооруларын айыктырууга, ошондой эле организмде май алмашууну бир калыпка алып келет. Кандагы майдын, анын ичинде холестериндин деңгээли 30%га төмөндөшү клиникаларда далилденген. Кандагы холестериндин азайышы канды суюлтуп, тамырларды кеңейтип, бардык органдар кан менен толук кандуу камсыз боло баштайт. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр системинин, баш мээнин ар түрдүү оорулары менен (стенокардия, ишемия, инфарктан кийинки абал, бут тамырларынын начарлоосу ж.б.) ооругандардын, б.а. организмдин бардык систем жана таяныч-кыймылдаткыч мүчөлөрүнүн оорусунун алдын алып (артроз, артрит, хандроз, омуртка арасындагы дисктин чуркусу, нервдердин кысылуусу, тери, бириктирүүчү ткандар, мүчөлөрдүн ар кандай төмөндөшү, көз оорулары), кан айлануу калыбына келет. Панкреатитти көп жылдык ийгиликтүү дарылоо тажрыйбасы, жогорудагы оорулардын кайсынысы болбосун, айыгууңузга кепилдик берет. Ички секреция безине стимулдуу таасир этүү жыйынтыгында аялдын да, эркектин да (өзгөчө улгайган эркектердин жана климакс мезгилиндеги аялдардын) жыныс гормонунун деңгээлинин жетишээрлик жогорулоосуна таасир берет.
АЭС Сизди климатикалык жана андан кийинки бардык көйгөйлөрдөн куткарат. Жаштардын гипогонадизмин (кичи жыныс мүчө) жана өспүрүмдөрдүн гиполазиясын (кодолук) дарылоо үчүн да колдонууга болот. ТСС АЭС импульсу менен карын астындагы безди стимуляциялоо кант диабети менен ооругандардын өздүк инсулинин иштеп чыгаруусунун жакшырына жана кантты азайтуучу шаймандарды аз колдонууга алып келет. ТСС АЭС импульстары нерв талчаларынын ишин калыбына келтирүү менен, травмадан кийинки оорулардын, нерв системинин оорусун айыктырат. Псориаз, көз жара, өзгөчө астма өңдүү айыкпас оорулардан айыктырат жана көрүү, угууну калыбына келтирет.
Онкологияда ТСС АЭС организмдин шишикке каршы туруктуулугун жана химиотерапиялык препараттардын дарылоо натыйжалуулугун жогорулатат жана алардын уулуулугун төмөндөтөт. Стимулятор шишиктин метостазга өтүш ылдамдыгын жана алардын коркунучтуулугун дээрлик төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. ТСС АЭС фагоцит-клеткаларынын шишикке каршы туруу жана организмдин табигый шишикке каршы туруучу иммунитетинин негизги клеткалык элементтеринин активдүүлүгүн күчөтөт.
Гинекологияда стимулятор ар түрдүү сезгенүүчү ооруларда, жыныстык умтулуунун төмөндөшү, этек кир циклинин, ошондой эле гормоналдык тең салмактуулуктун бузулуусуна алып келген ооруларда (миомалар, эндометриоздор ж.б.), мындан сырткары гинекологиялык операциялардан жана төрөттөн кийинки мезгилде пайдалуу.

ТСС АЭСтин бардык типтери КРда каттоодон өткөн. Каттоо күбөлүгүнүн сериясы --РМТ-2007, 273 КР №0626.
ЖЧК "Кремль" Кыргызстандагы расмий өкүл.
Тел: 0(312) 931099
0(772)302826 0(543)800079.
Кеңеш берүүчү дарыгер менен байланышуу - акысыз:
0(555) 50-10-56
(0772) 29-46-75




  Апта төлгөсү төппү?

(9-июнь - 15-июнь)
Кой
Бул жумада көңүлүңүз көкөлөп учат. Ишиңизден ийгилик табасыз. Таарынышып жүргөн болсоңуз, тез эле жарашыздар. Акыры көптөн күткөн тилегиңиз ишке ашат. Баардыгын бүтүргөндөн кийин сиз пайдалуу жана кызыктуу сунуштарды угасыз. Жакындарыңыз ар кыл кырдаалда сиз менен болушат.

Букачар
Бул жумада ойлонбостон иш баштабаңыз. Токтоолук кылып, сабырдуу болсоңуз, баштапкы аракеттериңиздин акыбети кайтат. Өзүңүздүн көрсөтө турган мезгил келип жетти. Жуманын аягында эмне иш жасабаңыз да, бардыгы сизге пайда алып келет.

Эгиздер
Бул жумадагы бардык маселелер ишиңизге байланыштуу болот. Шашылыш иш жасабаңыз. "Шашкан шайтандын иши". Жашоого болгон көз карашыңыз өзгөрөт. Өзгөнүн эмес, өзүңүздүн кемчиликтериңизди оңдоңуз. Алыс жолго аттанбаңыз. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө арнаңыз.

Бөйөн
Жуманын башында чакыруусуз келген коноктор түйшүгүңүздү көбөйтөт. Азгырган сунуштарга макул болуудан мурда байкаштырыңыз. Жуманын акырында үй-бүлөңүздүн талабын жер түбүнө чейин барсаңыз да, аткарууга аракет кыласыз.

Арстан
Бул аптада ашыкча чыгым болуунун кереги жок. Дайны жок нерселерди сатып албаңыз. Эң жакшысы үйдө көбүрөөк болуп, жакындарыңызга көбүрөөк көңүл буруңуз. Жакшылап ойлонуп, андан аркы иштериңизди баштаңыз.

Бийкеч
Бул жумада көптөн бери күтүп жүргөн адамыңызга жолугасыз. Бейшембиде эмне иш кылсаңыз да, көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Жумушту так, убагында аткарууга аракет кыласыз. Жуманын аягында үйчарбачылыгын иретке келтирүү менен алектениңиз.

Тараза
Бул жумада көрө албастар айрым бир иштериңизге тоскоол болушат. Абайлаңыз, токтоо болуңуз. Шаршембиде жетекчиликтин көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк болот. Жуманын аягында досуңуздан жакшы жаңылык угасыз.

Чаян
Бул жумада жакын санаалаштарыңыз менен пикир келишпестик келип чыгат. Бирок кам санабаңыз, алар өз күнөөсүн сезип сизден кечирим сурашат. Айрым байланыштар күтүлбөгөн жерден сизге пайдалуу сунуштарды алып келиши мүмкүн. Өткөнгө өкүнбөңүз, оң-терс жагын көрө билиңиз.

Жаачы
Бул жумада өзүңүзгө ишеним артасыз. Жардамга муктаж жакындарыңызга кол сунуңуз. Кесиптештериңиз менен мамилеңиз өзгөрөт, жакшы же жаман жакка бурулушу өзүңүзгө байланыштуу болот. Жума күнү кызыктуу идеяларды таап чыгасыз. Тамашакөй экениңиз байкалат.

Текечер
Менменсинбей, азга да каниет кылыңыз. Түзүлгөн мамилеге аяр мамиле кылыңыз, болбосо, таанышуу, жолугушуу, сүйлөшүүлөрдүн бардыгы текке кетет. Сырыңызды ишенген гана адамга айтыңыз, кеңеш сураңыз. Дем алыш күндү өзүңүзгө арнаңыз.

Суу пери
Бул жумада керектүү адамдар өз убагында көмөк көрсөтүшөт. Бирок жакын адамдардын кызыкчылыгын эске алыңыз. Жуманын аягындагы жаңылыктар сизди кайдыгер калтырбайт. Сизде өзгөчө бир идея пайда болот.

Балык
Бул жумада кызматташуу жана финансы жактан колдоо күткөндөрдүн иши оңунан чыгат. Бышып-жетилген пландарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Ыңгайы келип турат. Жуманын аягында досторуңуз менен болгон мамилени бузуп албаңыз.










??.??