№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элдин үнү - SMS

Кадырман окурман, жан жолдош гезитиңиз "Аалам" аркылуу ой бөлүшүп, сырдашкыңыз келсе, жан дүйнөңүздөгү жаңырыктарды жарыкка алып чыгып, бугуңуздан арылгыңыз келсе же урматтуу адамыңызды куттуктап, дос-тууган менен кабар алышууну кааласаңыз, биздин "Элдин үнү - SMS" сиздин кызматыңызда! Шарты эң эле жөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "ААLAM" деген сөздөн соң аралык калтырып, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Кызмат көрсөтүү BITEL, Mobicard, Katel, FONEX, MegaCom абоненттери үчүн жарамдуу. SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы менен - 0.50$ .
Баса, жарыя берсеңиз да болот. Маселен, "үй сатам, машине оңдойм, кийим тигем" өңдүү… Анда, кулак сизде, окурман!

Жасмин: Бахтияр, кара жаным, сүйгөнүм, күйгөнүм, дагы эмне деп жалынайын! Кечирчи, иттик менден кетти окшойт. Бул ишти жай отуруп сүйлөшөлү. Ооба, азгырылдым, алдашты. Бир айласын таап акылга келели, обещаю, больше не повториться, клянусь чем хочешь. Лапочка, позвони, мен сени билем, бул гезитти жакшы көрүп окуйсуң, и ты прочтешь менин SMSди. Пока ты не ответишь… сам знаешь…

Зулайка: Келиним Венера! Туулган күнүң кут болсун! Биздин үйбүлө сага чың денсоолук, иштериңе ийгилик, Урмат экөөңөр бактылуу болушуңарды каалайт.

Тумар: Өлкөдөгү кыбыр эткендин баары кымбаттады. Менин тракторумдун эле баасы көтөрүлбөй койду. Тээ жазда 4 миң $ болчу. Азыр деле ошондой. Кардар тапкыча картайып кетмей болдум. Тел: 0772 24-67-79.

Ниязбек: "Бажа бажаны көргөндө баш тырмашат" деп, төрт бажа отуруп алып эки жащик "Шахтерский" пивону кургатып коюптурбуз. Дагы апкелип, басалы деп атканда, ОРТ каналын жаңылыктардан "шахтерлер өлүптүр" дегенин угуп "тык" токтодук. Андан аркысын өзүңөр билесиңер да.

Айбек: Ата, апа! Каникул башталды, качан айылга кетебиз. Ысыктан тажадык, кымбатчылыктан тажадык!

Сайрагүл: Апам Гүлайды 60 жашка толушу менен куттуктайм. Денсоолукта болуп, алты балаңыздын маңдайында бактылуу, таалайлуу өмүр сүрүңүз. МУКтун экинчи курсун ийгиликтүү аяктасам, алдыңызга барып, өзгөчө белегимди тапшырам. Капа болбой туруңуз.

Кундуз: Жанымдай жакшы көргөн уулум Каныбек, кызым Канышай, экөөңөрдүн удаа келген туулган күнүңөр кут болсун! Силерге бактылуу балалык, бу дүйнөдөгү эң жакшы нерселерди каалайм!

Жетиген: Ооз ачкандардын баарын ойлобогула "келесоо" деп, макулбу? Сүйлөштүкпү? Мухтар, муну сага айтып атам, жиниме тийбе. Мен сени билем. "Коркутуп-үркүтүп" десең, аябай жаңылышасың.

Орозгүл: "Аалам" гезити, менин сиңдим Женяны өлүмдөн сактап калган силер болдуңар. Өткөндөгү SMS рубрикаңарга тил кат жиберип койгон элем. Помните? Так вот, она сейчас, в данное время настроениеси нормально болуп калды.

Тимур: №175 маршруткадан бумажнигимди алдырып ийдим. Андагы бираз акчага кейигеним жок. Билип койгула, үч иностранный жарандын визиткалары бар болчу. Мына ушуга кейип жүрөм. Кимде-ким таап алган болсо, 62-25-95 телефонуна чалып койгула. Сүйүнчүсү болот.

Төлөгөн: Аракты таштап адам болом, эми оңолом, ичпейм деп атканда, кырсык басып, эски досторго жолугуп калыбатпаймынбы. Мындай жөөттөр бул дүйнөдө аз болсо жакшы болот эле. Бүгүн сөзсүз ичем, антпеске айла жок.

Бакуля: Аламүдүн базарында иштеген Толик классташыма айтар кебим бар. Суранам, мобу келаткан дүйшөмбүдө, тактап айтканда 9-июнда Финкага берем, карызга алган 7 миң сомду кечиктирбей апкелсең, жакшы болгону турат. Пожалуйста!

Сатыбалды : Адахан Мадумаровдун парламентте депутат болуп калуусуна мен абдан каршымын. Себеби, буга чейин "от" кечип келип, эми ойлонуп, "ким эмне дейт" деп кулак түрүп жатып алганы дурус эмес. От кечип жүргөн адам чок жыттанып турушу керек деп ойлойм. Адахан уулум, катуу кетсем, атаңды кечирип кой.

Тезекбай : Бостери айлынан болом. Быйыл көлдүн сезону эрте башталчудай түр көрсөтүп атат. Кечээле бираз күн ысып койдуле, анча-мынча ысылагандардын сууга түшүп атканын көрүп калдым. "Балыктар", эртелегиле!

Гүлмира : 1-июнь балдардын коргоо күнүндө Панфилов паркында Кубан деген фотограф сүрөткө тарткан. Төрт сүрөткө 100 сом алган бойдон ушу күнгө чейин анын дайын-оту жок. Шылуун балабы дейм. Мендейлердин канчасын алдады болдукен?!

Зуля : Той болду, тойдун эртеси да болду. 20 жылдык мааракеге барып классташтарды көрдүм, кээ бири тайне болгонго үлгүрүптүр. А менчи… Азыркыга чейин турмушка чыгалекмин. Эркек жыты дегенди билбейм. Эмне ушу бойдон каламбы?

0772536725: Урматтуу мугалимдер, "Акжолго" катуу иштеп бердиңер эле, аягы эмне болду?




  Кыйраган кайык баяны

Илгери, илгери... Илгери дейин десең, кечээ жакында эле, кечээ жакында дейин десең, таптакыр башка мезгилде, бардык нерселер башка чен-өлчөм менен өлчөнүп, башка баа менен бааланып турган убакта ушул үйбүлө миң-сандаган башка үйбүлөлөр сыяктуу эле өздөрүнүн кичинекей кайыгында беймарал турмуш өткөрүшчү. Ал кайыктын бир калагы өзбек да, бир кайыгы кыргыз болчу. Алардын күйөөсү - өзбек, аялы - кыргыз экенин ал кезде эч ким эрөөн-терөөн алчу эмес, андай интернационалдуу үйбүлөлөр эбегейсиз зор мекенде эң эле көп болчу.
Көздөрү ботонукундай жайнаган, кырдач мурун, оймок ооз, кол менен жасагандай беш баланы, бешөө бирдей төп баланы өзбек чоң эне бешикке бөлөп, ыр ырдап, кыргыз келин алардын кызматын кылып, ушу турмуш, ушу күн ушул бойдон турчудай сезилчү.
Анда алиги зор мекендин муз жарылгандай чарт бөлүнөөрүн, аны бөлгөн толкундун минтип далай кайыктарды калдастатаарын ким ойлоптур. Оомал-төкмөл ошол он беш жыл аларды орун-очок алган Жизактан быякка, Кыргызстанга карай сүрдү. Өзбекстанга караганда жеке ишкердикке кенен жол ачкан Кыргызстанда жашоо алда канча жеңилирээктей сезилип, тогуз жолдун тоому деп Балыкчыга көчүп келишти. Ашкана ачып, аш басышты, камыр ийлеп лагман чоюшту.
Бара-бара буттарына туруп, үй сатып алып, кенелип оокат кыла башташты. Жалаң тамак-аштан түшкөн пайдага алымсынбаган аялы бир күнү жаңы сунуш киргизди. Анын ою менен эми арак куюп сата башташты. Болжогондой олжо көбүрөөк түшө баштады. Ага жараша жоро-жолдош көбөйдү, "аш көп болсо каада көп" дегендей күндө майрам, күндө той. Карыз алып ичкен достор алды-арттарына түшүп, "жездеке менен эжекени" да ичкиликке көндүрүштү. Иш баштагыдай болбой, тамак-ашты быякка коюп, эми өңчөй аракка өтүштү. Анысынын анты барбы, айтор алка-жакадан алгандар көбөйүп, акыры ашкананы, андан соң үй-жайды доочуларга кармата берип, батирде баш калкалап калышты. Андайда балдар эске келмекпи, ар кими өз билгенинче күн өткөрүп жатышты. Он экиден бири жок, жакыр турмуш экөөнү тең адам кебетесинен кетирип, бири-бирин өлтүрүп салуудан кайра тартпачудай абалга жеткенде экөөнүн урушуна арачы түшкөн, "улуттук намысы" ойгонгон коңшулар баса калып уруп басмырлаганда, эркеги ушунчамда элиме кетейин дедиби, бир күнү айтпай-дебей Жизакка жылт койду.
Беш бала менен калган аялы көрүнгөн жерде баш калкалап, улуу баласынын уурдап келгендерин сатып күн өткөрүп калды.
Кайда болбо, кандай абалда жүрбө, балага деген сүйүү жүрөгүңдүн толтосунда болсо, жипсиз байлап, санааңды тушап турат го. Жерине жетип, жекече оокат кылам деген атанын оюнан балдары кетпеди. Жок дегенде уулдарын ала кетпегенине жүрөгү күйүп, көз алдына элестери тартыла берди. "Куураган куу кыргыздарыңды эмне кыласың, ошондон нары жоголушсун, экинчи көзүмө көрсөтпө!" деген энесинин сөзү бир жагынан ууктуруп, бир канча жыл өткөн соң айланып Балыкчыга кайра келди.
Анча көп убакыт өтпөсө да, аңтар-теңтер түшкөн турмуш жүрөгүнүн үшүн алды. Сурамжылап отуруп бир кездеги арзып алган жарынын көз жумганын, балдары чилче тарап, улуусу кылмыш кылып иши тергөөдө экенин, андан кийинкиси атайын мектеп-интернатта, ортончу баласы дайынсыз жоголуп, жалгыз кызы менен кичүү баласы балдарды коргоочу борбордо экенин билди.
Кайсы биринин күйүтүн тартаарын билбей, ичинен кан өтүп түтөгөн ата күчүн арактан чыгарып, ызасын көз жашка кошуп жутуп, балдарына келди. Кичүү баласы атасын унута элек экен, кудуңдап жүгүрүп, мойнуна асылып, бетине бетин басып, жетине албай жатты. Тестиер болуп калган кызынын сүйлөгөнүнөн да тескери карап ыйлаганы көп болду.
- Жүрү, кызым, кетели, - деди ата тамагын кысып турган ызасын араң басып.
- Каякка?
- Үйгө, Жизакка кетебиз. Мен силерди өзүм багам.
- Неге? Мен быякта окуп жатам. Ал жакка барсам окута албайсыз да. Дагы ичип алыпсыз. Эртең ичпей келиңизчи, кыздар атаң алкаш турбайбы дешет... Кыз атасынын жакасын оңдоп, ийнинен сылап акырын шыбырады.
Эки саат сүйлөшүп кызын көндүрө албаган ата башын жерге салган бойдон кетти. Эртеси атасынын дагы ичип келгенин көргөн кыз эми такыр барбаймынга өттү.
- Азыр мени менен кетпесең, болду, экинчи келбейм, биротоло кетем. Жалгыз кызым экениңе карабайм. Жүрү, кызым, акыркы жолу айтып атам!
Алагүү атасын жаш жууган көзү менен тиктеген кыз башын чайкады.
- Сиз менен кетсек, балдар бизди "кыргызсың" деп урушат, сиз арак ичесиз, мен окубай калам...
Эч нерсе менен иши жок ойноп турган кичүү баласы да башын жерге салып эжесинин артына жашынды.
Деңизи какшып, кайыгы талкаланган, эр ортонуна чыгып-чыкпай эндиреп калган адам эмне кылаарын билбей дел болуп, акырында сенделе басып жөнөдү. Атасынын карааны көрүнбөй калганча узата карап калган кыз күүгүм киргенче терезенин түбүндө катып турду.

Сүйүн Курманова










??.??