№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чак түш

"Эр ортону элүү жаш", "Элүү жылда эл жаңы" деген кептер бар эмеспи. Бул жаштын тегерегиндеги адамдар ар кадамын тариздеп, "Акырын басса, аксак, катуу басса, таскак" кепке алынбай, бир нукка түшүп, токтолуп, асты небере, арты сүймөнчүк кенжесин бапестеп, алдан-күчтөн тайыбай, күжүрмөн иштин үстүндө күжүлдөп иштеп турган чак. Мына ушул өнөр күткөн орто муун өкүлдөрүнүн кээ бирлери менен капыл-тапыл сөз курадык. Калган аки-чүкүлөрүн өз ооздорунан угуп, баам салаарсыз.

Алтынбек Сапаралиев, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти:
"Андай жерден аткез жок"
- Жарым жыл мурун 60 жылдыгымды өткөрдүм. Жаңы ырларым, жаңы репертуар менен. Өткөн айдын 20ларында биздин муундагы ырчылар комуздун, аккардеондун коштоосунда кенен программада концерт бердик. Эл көп болду, дале болсо биз курактуулардын чыгармачылыгына угармандар муктаж экени бизди аябай сүйүндүрдү. Ырчылык өнөр кан-жаныбызга сиңип калган соң, үйдө тынч жаталбайт экенсиң. Концерттерге чакырышат, андай жерден "аткез" жок. Бош боло калганда неберелерим менен сейилдеп, аларды ойнотуп, өзүм да эс алып жыргап калам.

Асанкожо Айтикеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Докени 20 мүнөт эскерем"
- Дооронбек Садырбаев агабыздын көзү өтүп кетпедиби. Мына ушу кишиге арнап "Эскерүү" даректүү тасмасын даярдап аттым эле. Кыргыз журтчулугунда Докемди кимдер гана билбейт. Бир четинен устатым болот. Жыйырма мүнөттүк берүүнүн ичинде чыгармачылык жолуна токтолуп, замандаштарынын, кесиптештеринин ой-толгоосу менен толукталат…
Үйбүлөдө бир жакшы жышаан болуп турат - балдардын баары чоңоюп, иштеп, кудай буюрса, бутту кенен сунуп, толугу менен чыгармачылыкка чөмүлүп отурам.

Гүлайым Каныметова, КР эл артисти:
"Толгонайды тооруп атам"
- Ай-ааламды сапырып аткансыйм. Алгач театрдагы өз ишимди айтайын. Түрк элинин улуу жазуучусу, драматург Назим Хикметтин "Унутулган адам" спектаклинин үстүндө иштеп атабыз. Муну театрдын башкы режиссеру Алмаз Зарлыкбеков Сатыбалды Далбаев агайдын чыгармачылыгына 50 жыл толгонуна карата даярдап атат. Анан Бишкек шаардык театрында, чакырылган артист катары, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган "Эсимде" аттуу спектаклде Толгонайдын ролундамын. Ушинтип "бир бут быякта, бир бут тыякта" дегендей кеп.

Карбалас Бакиров, акын:
"Котормо менен жомок дүйнөсүндөмүн"
- Котормо менен алекмин. Борис Слуцкийдин дүйнөлүк адабияттагы мыкты делген ыр түрүндөгү он үч чыгармасын кыргызчага которуп атам… Енисей тараптагы Саян тоолорунда беш-алты жыл иштеп калдым эле, ошо кезде төрөлгөн кызым быйыл 3-классты бүтүп атат. Аты - Саян. Мына ушу кызым сүрөт тартып, түпкүрүндө бирдеме бардай өңдөнөт. Ушу күнгө чейин "жомок айтып бер" дей берет. Кыргыз эл жомокторун эбак эле айтып бүтүп, эми чет эл жомокторуна өткөм. Анан ушуларды да которуп көрсөмбү, кыргыз журтчулугуна кереги тиер, мүмкүн мага окшоп балдар жомокторун издеген ата-энелер бардыр деп ойлойм.

Темир Бирназаров, кинорежиссер:
"Райондон айылга баратам"
- Өз мекенимде жашап аткан соң, чыгармачыл адам катары көптөн бери бышып жүргөн оюм ишке ашты көрүнөт. Жарым жыл ичинде тартылган "Белгисиз маршрут" аттуу кинотасмам бүгүнкү күндө калайык-калк арасына биринчи кадамын таштаганы турат. Мезгили келгенде көрөрмандардын айтаар сөзү болоор. Алгач, бир казанда кайнап, өйдө-ылдыйда чогуу болгон чыгармачыл жамаатка таазим. Ооба, бири кем дүйнө демекчи, бул тасмадан кыр чыгарып, саясатка салып да жибериши мүмкүн. Айтаар элем, чыгармачылык изденүүдөн башка максат койгонум жок. Бир автобус карапайым жүргүнчүлөрдүн райондун борборунан айылга бараткандагы көрүнүшүн сүрөттөгөндөй болдум.

Муканбет Токтобаев, КР эл артисти:
"Бир тамчы арактын баркын билем"
- Үйбүлөбүздө кырсык болду. Алгач келинимди, аз өтпөй апамды шум ажал алып кетти.
Ушундай да болобу ботом?.. Эмнебизден жаздык?..
Айла таппай отуруп калдык. Дале эс-учубузду жыя элекпиз. Эки-үч күндөн кийин келиндин кыркылыгы. Мына ушундай, иним. Чыгармачылыкты сурасаң, театрда эле болубатам. Бу күндөрү "Белгисиз маршрут" киносунун бет ачары болубатпайбы, өзүң билсең керек. Мында акылдуусунган, орто жашап калган, бир тамчы арактын баркын билген алкаштын ролун ойнодум.

Каныкей Эралиева, КР эмгек сиңирген артисти:
"Кызгалдактуу көктөмдөбүз"
- Азыр Атайбек агаң экөөбүз китеп чыгарып жүрөбүз. Эки жыл мурун "Күн балдары" деген ыр китепти баштаганбыз. Балабакчадан баштап жогорку класстын окуучуларына арналган: нотасы, мазмунуна жараша сүрөттөр менен көркөмдөлүп, 2 миң нускада. Алгач кооптонуп, чамабызга жараша ушундай болгон. "Күн балдары" жарыкка чыгары менен өтүмдүү болуп, 10 миң нускада кайталанып "Учкун" басмаканасынан чыкканы турат. Ал эми ырчылык жаатынан - бираз күн мурун К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда "Кызгалдактуу көктөмдөр" аттуу чоң программада концертибизди тартууладык.

Кожогелди Култегин, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Жүрөгүм элитный конушта"
- "Жүрөк конуш" аттуу китепти даярдап атам. Күздө чыгып калар деген чоң үмүттөмүн. "Бал уурттам" деген жыйнактан кийинки көлөмдүү чыгармам болгону турат. Ичи ар кыл темадан куралат. Жашоо, турмуш-тиричилик, сүйүү ж.б. жаатында…
Мындан сырткары бираз мурунураак заманбап туракжайлуу болгом. Анын евро оңдоосуна билек түрө киришип, бүтө жаздап калдым. Туй ата, акчанын баарын мите курттай сорубатат. "Же куураттың ак байпак, же жыргаттың ак байпак" дегендей эле кеп болуп турат.

Бетти даярдаган Сурат Жылкычиев









??.??