№54, 06.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Ааламдагы" уймүйүз

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү коркунучтабы?
(Башы гезиттин №52 (779) санында)
"Аалам": - Конституцияда жазылган жер боюнча мыйзамдарыбыз эмне үчүн иштебей келатат?
Өмүрбек Текебаев:
- Чегара бул дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргүзүлө турган маселе. Мыйзамда "чегара кол тийгис" деп жазылган. Бирок чегараларды да мамлекеттин кызыкчылыгына, улуттук арнамыстын кызыкчылыгына чечпей келишти.
Суверендүүлүк, мыйзам боюнча сөз кылганда улуттук кызыкчылык бизде такыр каралбай атат. Жер маселесине келгенде деле дал ушул көрүнүш.
Аликбек Жекшенкулов:
- СССР таркап, КМШ мамлекеттери болуп уюшулуп атканда, документтерде жер, менчик маселеси чечилген. Баары ошондогу чечилген абалда калат деген. Бул маселелердин тарыхый, экономикалык, саясый, теориялык мааниси бар да.
Кечээ жакында Тажикстан президенти менен биздин президент жолукту. Көзгө басар маселелер чечилген деле жок. Биздин жерге, элге карата жасаган орой, мыйзамсыз мамилелери үчүн тажик туугандар жоопко тартылышы керек эле. Жоопко тартылбаса, кийинки мамилелерде дагы ушундай мыйзамсыз көрүнүштөр боло берет. Бөгөт коюу керек. Биздин жетекчилик кучакташып, кагаз, документтерге кол койгондон башка дагы саясат бар да. Ошон үчүн эларалык мамиледе улуттун кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу саясат болушу керек.
Асыкбек Оморов:
- Союз бузулгандан кийин, Ташкөмүрдөн 1 жарым миң гектар жерге Маданият, Кемпирабат (Андижан облусуна карап), Советабат (Ханабат) Жалалабат менен Ошко өткөрбөй, жерге ээлик кылып калды. Бул аталган жерлерди (Кемпирабат, Советабат) Усубалиев эмес, совхоздун директору Рашидов аксакалыбыз Өзбекстанга арендага өткөрүп жиберген. Өмүрбек Чиркешович, сиз айткан Бүргөндүнүн жерлери арендага берилген. Ушул убакытка чейин бизге кайткан жок. Кыргызда айтылгандай, "жамандын үйүн коногу бийлейт" болуп атат да. Андан сырткары Сох, Шахимардан, Баткенден баштап Алабука, Чаткалга чейин региондордон 6 миңдей гектар жерлер Өзбекстанга берилген. Эгемендик алганда эле Акаев ушул чегара маселелерин чечип, чекит коюш керек болчу. Ал чечмек турсун, четинен кертип, Кытайга Үзөңгүкуушту сатты. Азыр Каркыраны Казакстанга саттык. Нарын облусунда Ходжент, Калмак ашуу деген ашуулар бар. Ушул жерлер Акаевдин учурунда Кытайга берилип кеткен. Бул боюнча да элге маалымат жеткен эмес. Кыргызстандын территориясы боюнча негизинен 78% жер изилдене элек. Жер алдында эмне деген гана байлыктарыбыз бар экенин билбейбиз. Жер үстүндөгү байлыгыбыздын баарын сатып атабыз.
Түзөтүү: Гезиттин №52 (779) санындагы "Экинчиси - Теңир тоонун ылдый жагындагы Жеңиш чокусунун астынан канал казып алып, суунун баарын бери көздөй, Сарыжазга агызып, ал жерге ГЭС курууга боло турган шарты бар болчу" деген жери "Сарыжазга агызып, ал жерге ГЭС курууга болот деп ким кепилдик бере алат?" деп оңдолуп окулсун.
Гүлбарчын ЯКУБОВА




  Арият кайдан жаралат?

Өлкөбүздүн көкөй кескен көйгөйүнөн
Союз таркап, "кардон" жаңыдан ачылганда биринчи ирет чет өлкөгө чыккан кесиптешибизден ал жактагылардын жашоо турмушун сурасак, "мейманканасындагы самынын жеп жибергиң келет экен" десе, "капырай, андан чоңураагын байкаган эмеспи" деп таң калганбыз. Көрсө, билинбеген менен, биздин тиричилик ошондой майда-бараттан куралып, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас нерселер менен толукталып же кемип турат тура. Муну сыртка чыккан адам дароо эле сезет. Сезет да өзүбүздүкү менен салыштырат. Салыштырып, "биз эмнеге мындай жашабайбыз" деген өкүттүн кучагында калат. Өкүнө турган, ич күйө турган жагдайыбыз аябай көп экенин, адам ариятына доо кетирип, күнүмдүк турмушту татаалдатчу жагдайды жалаң эле кемпай өкмөт менен кейбир башкаруучулар түзбөсүн, көп учурда өз бутубузга өзүбүз чалынаарыбызды түшүнөт. Бул жолу ошол майда, бирок маанилүү айырмачылыктарды салыштырып көрөлү дедик.

Жол жомок
(чет өлкөдө)
Ири мегаполис шаар болсо да жолдо тыгылышкан машинелерди, чаң менен кара түтүнгө толгон көчөдө жол талашып урушкан айдоочуларды көрбөйсүң. Тартип менен маданият жолго коюлган жактагылар жол жүрүү эрежесин катуу карманышат. Башкалардын эреже бузганын байкагандар терезеден колун чыгарып, белги берип өтөт. Башты оорутуп, даңгыраган музыканы жаңыртып коюу деген дегеле жок.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочулары өздөрүн "шофер"эмес эле мамлекеттик өзгөчө маанилүү ишти аткарып жүргөн мыкты адистердей алып жүрүшөт. Аларды бул кызматка алаарда катуу текшерүүдөн өткөрүп, айдоочулук чебердигине эле эмес, адамдарга кылдат мамиле жасай ала турганына да карап тандашат окшойт. Шаар эле эмес, бүтүндөй мамлекет жөнүндөгү алгачкы пикир дал ушул муниципалдык транспорттун иштешине карап калыптанаарын билген айдоочулар ар бир аялдаманы эскертип, кирип-чыкканда кокустук болуп кетпесин деген кыязда жүргүнчүлөргө өзгөчө аяр мамиледе болушат.

(Бизде)
Эки-үч жыл Кыргызстанда жашап, мекенине кайтып бараткан таанышыбыздан "ушунча убакыт ичинде көкөйүңө тийген эмне болду" деп сурасак, "Эл тыгылган маршруткалардагы мастар" деди. Чынында эле ондогон жылдар бою миңдеген адамдардын ындынын өчүрүп, кендирин кескен шаардык унаанын шарты болуп келатат. Социализм менен кошо жок болгон автобустар менен троллейбустардын ордун баскан кичи автобустар жамандыр-жакшыдыр элди ташыганы менен, тейлөө деңгээли мал ташыган унаалардыкынан өйдө эмес. Ошон үчүн эл мындай автобустарды "скотовоз" деп аташат. Мындай "даражага" салонунда чаңы буртулдап, жабылбай калган эшигин шофердун жандоочусу кармап алган, чалдыбары чыккан машине эле эмес, айдоочусунун акыбалы да жеткизген. Капчыктуулардын жүгүрүп турган бизнеси болгон маршруткалардын басымдуу көбүн шаар жүргүнчүлөрүн ташууга даярдыгы бар тажрыйбалуу адистер эмес, ошол кожоюндардын оокат кылайын деп келген жек-жаат, туугандары айдашат. Алардын айдоочулук мүмкүнчүлүктөрү, психикалык өзгөчөлүктөрү сыяктуу нерселер айдоочулук категорияларды сатып алгандай оңой эле чечилүүчү маселе. Мына ошон үчүн сиз менен биз күнүгө жол азабы - көр азабы дегенди баштан өткөрүп жатабыз. Муну кичи автобустагы "Десят минут ужаса и ты дома", "Тише скажешь - дальше выйдешь", " Эшектер гана эшикти катуу жабышат" сыяктуу азилдер тастыктап турат. Каалаган ураанын чаптап алып, кааласа тамеки тартып, ызы-чуулуу музыканы жаңырткан айдоочу капыстан чыга калган машинелерди ашата сөгүп, капка саман тыккандай элди шыкап алып, аңтара сала айдап жүрүп отурат. Мындайда өзүңдү адам эмес, мынабу маршруткада сүрөтү чапталган кулактуу жаныбардан да төмөн сезесиң.

Дүкөн дүйнө
(чет өлкөдө)
Чет жакка барып келгендин баары, майда болсун, чоң болсун, дүкөндөргө кирбей койбойт. Андагы тартип менен тазалыкты, кызмат көрсөтүүнүн мыкты үлгүсүн, маданияттуу мамилени байкабай койбойт. Байкайт. Эгерим тааныбаган адамдардын мындай сый-урмат мамилесинен улам көңүлүң тазарып, өзүңдүн алдыңдагы аброюң көтөрүлө түшкөнүн сезесиң. Сен да кимдир-бирөөгө жакшылык кылып, жылуу сөз айткың келет, жашоонун өзү, радиодогулар айтмакчы, кереметтей сезилет. Азыноолак алган оокатыңа топук кыласың, жашоонун мааниси баки-жокту бапырата сатып алышта эмес, башкада экенин туясың.

(Бизде)
Кыдырата тизилген темир дүкөндөр кудум бир жакка мына көчүп кетчү, станцияга убактылуу токтой калган вагондордой сезилет. Текчелери түрлүү-түркүн бөтөл-көлөргө толгон бул "вагондор" ондогон жылдардан бери миңдеген үйбүлөлөрдүн айланаар казыгы болуп келатат. Айлыктан айлыкка чейинки үзгүлтүк мезгилде кесме менен кара нанды карызга берчү бул дүкөндөрдүн соодасын тынымсыз "жүгүртүп" турган - арак. Күн тынымы жок кирип чыгып, улам куйдуруп ичип, закускесине сабиз салаттан сугунуп кетип тургандар - туруктуу кардарлар. Сураган сайын куюп берип, айдын акырында олчойгон карызын үйбүлөсүнөн доолаган сатуучулар адамдар үчүн пайда келтирип жатабы же зыянбы, кенедей да ойлоп коюшпайт.

Көчө көйү
(чет өлкөдө)
Европадагы шаарларга барып келгендер баарынан да таптаза көчөлөргө суктанышат. Чакан кафелер, гүлгө оронгон отургучтар, кичинекей скверлер, адеми фонтандар адамдардын ыракаттанып эс алуусуна ыңгайлаштырылган. Челектерге, жол боюна, ал аз келгенсип, бетон мамылардын белине чейин гүлдөр жайнаган көчөлөрдөн эгерим үйүлүп жаткан акыр-чикирди, агала болгон таштандыларды көрбөйсүң. Кайсы маалда жуулуп жатканы билинбеген көчөлөрдө кенедей да чаңдын жоктугунан бут кийимиңди кайра- кайра тазалап деле убара болбойсуң. Көпчүлүк өлкөлөрдө көчөнүн тазалыгына шаар бийликтери эле эмес, ошол көчөдө жашагандар жооптуу. Мисалы, сиздин үйүңүз туштагы көчөдөн кимдир-бирөө тайгаланып жыгылса же үйүлгөн кум шагылдын айынан айланып өтүүгө аргасыз болсо - олчойгон штраф төлөтүшөт. Акыр-чикирди көчөгө таштагандарды, атүгүл туура эмес жерден өткөндөрдү байкагандар ошол эле жерден эскерткенге акылуу.

(Бизде)
Президент наркы-терки өтчү көчө гана анча-мынча тазаланбаса калган көчөлөрдү кудай эле сактасын. Акыр-чикирлер туш келди ыргытылгандыктан дал эле алдыңдан килеңдеген келемиш желип-жортуп, жаман жыт айлана-тегеректи каптап турат. Эл көп топтолгон жерлерде түкүрүк менен какырыктан жердин бети көрүнбөйт. Көчө боюнда отуруп тамактанмак түгүл, азыр жөн эле басып жүргөндүн өзү опурталдуу болуп калды. Жакында эле адистер Бишкектин көчөлөрүнө толгон эски машинелердин түтүнү абаны канчалык деңгээлде бузганын билдирип, төбө чачты тик тургузушту.
Жогоруда учкай кеп кылган нерселер президенттен, өкмөттөн, глобалдык өзгөрүүлөр менен дүйнөлүк процесстерден эмес, өзүбүздүн турмушка болгон мамилебизден эле чыгып жаткан шарттарга байланыштуу болуп жатканын, жашообузду жапырт депрессияга кептеп жаткан, кедерибизди кетирип, адамдык ария-тыбызды түшүрүп жаткан жагдайларды өзгөртүү өзүбүздүн эле колубузда экенин айткыбыз келди. Башка апааттарга көнгөн сыяктуу пас турмушка да көнүп албай, башкалардын жакшы жактарын үйрөнүп, күнүмдүк тиричилигибизди жеңилдетсек деген ниет болду. Муну менен өз намыс-арыбыз да, жалпы элдин арияты да боор көтөрөөр беле...

Сүйүн Курманова










??.??