№53, 03.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Үч каарман

КР эл артисти, Т.Сатылганов атындагы
Улуттук филармониянын директору Керим Турапов:
"Менин түбөлүктүү өнөрүм, өзгөчө дараметим бар"
- Керим мырза, коомчулукта сиздин "Акжол" партиясынан ЖК депутаты болуп шайланып, аз өтпөй Улуттук филармонияга кайтып келгениңиз тууралуу ар кыл божомолдор айтылууда. Мындай кадамдардын сырларын өз оозуңуздан уксак…
- "Акжол" партиясы түзүлүп, түптөлүп баштаганда мени чакырышты. Бул партиянын иш алып баруусу, платформасы, аны жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү купулума толгондой болду. Ушу себептен бул партияга өз салымымды кошсом деген ниетте келдим. Кийин партиялык тизмеге киргизилип депутат болуп калдым.
Албетте, бул жерде ойду омкоргон катуу саясатчы болуп кетем дегенден алыс элем. Маданият тармагына тиешелүү жакшы мыйзамдар, иш-чараларга жандуу катышсам деген ниет болчу. Парламентте бир айдай отурдум... Ошол күндөрү Курманбек Салиевич "Керим, сага кыйын болуп атса керек, ал жердин табиятына ичиң чыкпай атканын байкап турам. Кааласаң, Улуттук филармонияга жетекчилик ишиңе кайра барып иштегин. Ал жерде жакшы иштерди алып барып атасың. Ойлонуп көр" деди. Менин оюмдагыны айтты. Кайрадан бул жакка келүүмдүн себеби ушул болду. Бул жерде эч бир саясый оюн болгон жок.
- "Ырчы да, артист да" деп ийишпедиби?
- Айрымдар ойлоп атышса керек. "Филармониянын жетекчилик иши текейден арзан" деп. Аябай жаңылышышат. Үч жүз адамдан турган коллективди биримдикте, тартипте кармап иш алып баруу, үч миң көрүүчүнү кабыл алып туруу оңой-олтоң иш эмес да. Канча түйшүктү талап кылат?! Кээде ушу жерде түнөп калган учурлар болот. Анан жанагы "артист, ырчы" дегендерге сөз коротпойм.
- Филармониянын иши тууралуу сөз болуп калды, бул жакка ишке орношуу Керим Тураповдун жеке иш калчоосуна жараша болуп атат, калыстык жок, кааласа алат, каалабаса кетирет деген кеп тарады.
- Мындай сөздү таратып, ыйык сахнаны ыплас жакка буруп аткандары туура эмес. Кимди ишке алып, кимди кууп атыптырмын? Бизде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Илгертен эле эмгеги сиңгендер иштеп келатат. Кырк жыл, отуз жыл мурун келгендерди кууп ийипминби? Андай болгон жок. Элге эмгеги сиңген, элдик төкмө акын Эстебес Турсуналиев агабыз көз жумгандан кийин ал кишинин ордуна Тууганбай Абдиев агабызды жумушка алганбыз. Саламат Садыкова жумуштан бошонуп кеткенде анын ордуна Кундуз Таштаналиеваны алдык. Биздеги кадр маселесинде ушундай гана өзгөрүү болду.
- Саламат Садыкованы "Эл артисти" наамы бар адам пикетке чыкпашы керек деген сөзгө алып, филармониядан четтеткен элеңиз...
- Мен ушуну тагыраак айтып берейин. Саламат эже үч жолу арызын жазып келди. Анча-мынча нерселерге таарына берет экен. Жеке мага эмес, чогуу иштешкендерге же кайсы бир концерттерге катышпай калганына. Эки жолу жазган арызынын бирөөн мен, экинчисин көркөм жетекчибиз Келдибек Тургунбаев өз колу менен айрыган. Саламат эжекебиз үчүнчү жолу да жазып келиптир. Дагы айтып коеюн, экөөбүздүн ортобузда уруш-талаш, жаман-жакшы айтышуу болгон эмес. Мүмкүн филармониядан чарчадыбы же башка жакка жумушка барам дедиби, себебин билбейм.
Саламат менен учурунда пикетке чогуу чыгып ырдаган ырчыларыбыз бүгүнкү күндө иштеп эле атышат. Ким эле аларды куугунтуктаптыр?!
- Дегеле өнөр адамдарынын пикеттерге чыгып, эки жаатка бөлүнүп, митингичилер жана антимитингичилер болуп ырдаганына кандай карайсыз?
- Элчи менен ырчынын өзгөчө даражасы болот. Ушул даражаны жерге түшүрбөй барктап, бийиктикте кармап жүрүү керек. Жеке мени сурай турган болсоң, мен эки жагына тең чыкпайм. Эмне үчүн чыкпайм - себеби күнүмдүк нерседен да түбөлүктүү өнөрүм, талантым бар. Муну аздектеп алып жүрүү намыстуураак болсо керек деп ойлойм. Жетекчи катары кызматкерлердин ушундай жакка баруусун да каалабайм.

Маектешкен
Сурат Жылкычиев




Ильич шамын үнөмдө дейт, эй!
Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, министр Сапарбек Балкыбеков 1-июндан 31-августка чейин электр энергиясын керектөөнү чектөөнү алып салган буйрукка кол койду. Бирок ар бир бөлүштүргүч компанияларга бөлүнгөн лимит сакталып кала берет. Маселен, "Түндүкэлектрого" июнь айында 236.6 миллион киловатт/саат, июль айында 237.7 миллион киловатт/саат лимит коюлган. Бөлүштүргүч компаниялардын жетекчилерине карызы бар керектөөчүлөргө энергия берүүнү даректүү токтотуу тапшырылган. Министрдин чакырыгында.
"Калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Анткени электр энергиясын пайдалануу белгиленген лимиттен ашып баратса, анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн тийиштүү денгээлде сактоо үчүн өчүрүүлөр болот" деп белгиленген.

Жаныш Бакиев кайрадан ээрге минеби?
Президенттин көздөй иниси, милициянын генерал-майору Жаныш Бакиев президенттин алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына барат деген каңшаар тарады. А тургай, маселе эбак чечилип калгандыгын, ырастап жибергендер бар.

"Каракечечи" Камчыбекти кара теке сүзүп...
"Каракечени атасынан калган энчисиндей көрүп, эчкимди жолоткусу келбей ээн-эркин сайрандоочу экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев бул майкөлүнөн ажырап тыныптыр. "Түбөлүктүү досу" Нурлан Мотуев экс-депутаттын лицензиясын тиешелүү тармак тартып алгандыгына күйүнгөндөнбү, сүйүнгөндөнбү, айтор, "шашылыш" маалымат таратып жүрү.




  Сейрек кадр

Ураалаштар
Кыргыз тарыхында эң жогорку деңгээлде уюшулган, "алданып" болсо да максатына жеткен абройлуу митинг болгонун танбайбыз. Ушул катарлаш тургандардын биринин сөзү бириникинен өткөн, элдин ишенимин, үмүтүн байлап духун көтөргөн небир укмуш касиет кимисинде артык экенин, кимисинин саясый салмагы чоң экенин а кезде аңдоо мүмкүн эмес болучу.
Анткени, Т.Сариев "Акшумкарын" алып учуп, Ө.Текебаевдин "Атамекенине" аралаша Ф.Куловдун "Бириккен фронтуна" кызмат өтөп, алардын шарданында жоюлуп кете жаздаган партиясын кайта колго алалек кез. Акүй төбөсүндөгү снайперлерди тиктеген Ө.Текебаев досторунан тирүүлөй ажырап кайтале жалгыз калалек кез. Айым-кыздардын делебесин козгоп, жигиттердин намысын ойготкон Ө.Бабанов биринчи депутаттыгынан ажырап, экинчи депутаттыгына жеталбай бизнестин айынан бийликке "жем" болуп "өчө" элек кез. М.Эшимканов КТР жетекчилигин колго алып, чогуу ураалашкан досторун күндөп-түндөп эфирден боктой элек кез. А.Атамбаев ажо К.Бакиевден "Данакер" сыйлыгын алып, чепкен-калпак кие элек кез. И.Өмүркулов эски мандатын жаңы мандатка алмаштырып, К.Иманалиев "Туран" партиясынын "туусу" боло элек кез,
Кайталангыс ирмем. Же, кайталанабы? Жазып-тайып эгер кайталанып калса… Анда арасында бирөөсү сөзсүз кем болот. Ал кимиси?..

Азамат Кыязов