№53, 03.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жокелең жооп

- Сиз бир кездери азыркы оппозиционер Накен Касиевичтин кол алдында иштеген экенсиз. Депутат болгондон кийин ал киши менен канча жолу кезигип, абалын сурадыңыз?

Ажибай Айтиев, ЖК депутаты:
- Заман кандай болсо да, адамгерчилик сапаттан таптакыр кетпейм. Ооба, ал киши Ош облусун башкарып турганда кол алдында иштегем. Саясый көз караштар ар түрдүү болсо деле мен мамилемди уланта берем.
- А канча жолу абал сураштыңар?
- Мен депутат бололекте, болгондон кийин деле кезигип, абал сурашып жүрөбүз. Ал кишини сыйлайм. Мамлекетке керектүү кишилерден деп ойлойм.


- Сизди Акүйдөн аябай коркутуп-үркүтүп жатыптыр го. Кандайдыр бир иштериңер бар беле?
Осмонали Аттокуров, ЖК депутаты:
- Андай нерсе болгонун силер кайдан угуп жүрөсүңөр? Бул туура эмес, жалган маалымат. Мен эч ким менен тирешүүгө аракет кылбайм. Мен дайыма компромистеги адаммын.
- Карасууга тез-тез каттап эле сессияга отурбай калыпсыз го?
- Ой тобо, өткөндө барып-келип жаттым. Анан парламентте каникул, дем алыш болуп калса, кетем да анан.

- Асилбек Шарипович, бийликтеги айрым адамдар бизнесиңизге кол салыптыр деп угуп калдык. Мунун канчалык чындыгы бар?
Асилбек Жээнбеков, ЖК депутаты:
- Кой иним, антпе. Кудай сактасын. Андай нерсе бололек. Кайсы бизнесиме?
- Оштун Студенттер шаарчасындагы кафеңизди мисалы?
- Аны эч ким тартып алалбайт. Ал союздун мезгилинде эле мага өтүп, мыйзамдашкан. Анын үстүнө мен өтө деле чоң бизнесмен эмесмин.

- Экс-төрага менен көбүрөөк талаш-тартыш жараткан депутаттардан элеңиз. Ал киши менен жеке мамилеңер азыр кандай?
Алишер Мамасалиев, ЖК депутаты:
- Биз ал киши менен иш учурунда кайым айтышып калган учурлар болду. Бирок, мунун баары иш тууралуу болду да, туурабы? Урматтуу Адахан Кимсанбаевич дагы мендей жаш депутат кезинде курч болгон. Ошондуктан мени туура түшүнөт деп ойлойм. Ал киши өзү арыз жазып кетти. Мамилебиз болсо, мурдагыдай эле түз. Жаман айтышкан учурубуз болгон эмес.

- Курманбек Салиевичтин бийлиги келгенден бери Көл өрөөнүнүн кадрлары өспөй жатат деген пикирлер бар. Сиз ушуга кошуласызбы?
Бактыбек Иманалиев, ЖК депутаты:
- Антип силерге ким айтты?
- Быйыл көлдүк аксакалдар деле ушул туурасында президентке кайрылуу жасашпадыбы?
- Мына карасаңар, эки комитеттин төрагасы Көлдөн. Андан калса, 8-9 депутат Көлдөн шайланып келди. Мен билгенден 1-2 министр бар. Менимче, ал сөз туура эмес. Көлдөн кадрлар жетиштүү эле.

Парламенттин мурунку төрагасы сиздин жердешиңиз болчу. Ал кишинин креслосу кыйшая баштаганда, сиз колдобой койгондой ой жараттыңыз. Муну жердешин сатып кетти деп түшүнсө болобу?
Улукбек Ормонов, ЖК депутаты:
- Силер капкайдагы нерсени чыгарып, интрига кылат экенсиңер.
- Кантип?
- Кантип болмок эле, муну окуган адам Улук өзгөрүп кетти деп ойлобойбу. Ушунуңарды койсоңор боло. Өткөндө да Айтибай Султанович шайланып жатканда журналисттер менден сурап жатышат. Талапкердин туулган жери кайсы жак деп. Мен айттым, ал кыргызстандык. Биз, кыргыздар, ушул нерсебизди койбосок, дегеле өнүкпөйбүз.

Өмүртөрө Кудайбердиев




  КурумУшу

Жайкы саясый сезондун хити
(Уландысы. Башы 5-бетте)
Чиновниктер жининдей көрүп жеп жибергени араң турган менен, таблоиддердин тамырын биротоло кыркып таштай албай келе жатышканы бар. Мунун себеби эмнеде? Биринчиден, "желтая пресса" дегениңдин чиновниктердин сары изине сая түшүп, алардын бетин ачуу аракеттери бийликтин өзүнө, тагыраак айтканда, жогорку эшелондогу бийлик мыкчыгерлерине пайдалуу. Чиновниктер колдон келишинче көзөмөлдөн, кой-айдан сырткары болуп кыңыр иштерин уланта берүүнү көздөйт. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип тайраңдап, эркин сайрандап жүрүүгө умтулат. Ал эми чиновниктерди тизгиндеп, коомчулуктун, т. а. коомдук пикирдин көзөмөлүндө турушун мына ошо таблоиддер камсыз кылат. Чиновниктердин эч кимди көзгө илбей эсирип кетиши бийлик үчүн пайдасыз. Ошондуктан функционалдык таблоиддерге бийликтин өзү кызыкдар. Батыш өлкөлөрүндө "публичный" саясатчылар, орчундуу мамлекеттик кызмат ордун ээлеген чиновниктер, шоу-бизнесинин адамдары, көрүнүктүү артисттер бир сөз менен саясый жана маданий элита жаза басып кичинекей кынтык кетирсе, аны баса калып чуулдатып жибериши (кээде көбүртүп-жабыртып) кадыресе көрүнүштөрдөн. Анын эрөөн-терөөнү деле жок. Тескерисинче, мындай прессага жактыруу, колдоо менен мамиле жасалат. Тагыраак айтканда, кызыгуу менен кабыл алынат. Себеп дегенде, элитанын коомдогу ролу ченемсиз чоң экендиги, ошол эле мезгилде эч кимге артыкчылык берип эркелетпеш керектигин жакшы түшүнүшөт.
Деген менен ушак-айыңдарды "өндүрүп", аны элге таратуу иши атайы саясый технологиялык борборго жүктөлүп, өзүнчө тымызын "пиарщиктердин" тобу жүзөгө ашырары бар. Таблоиддер канткен күндө да башкы ролду ойнобойт. Негизги роль информтехнологдорго таандык. Технологдордун ишинде пресса, интернет-мейкиндиги гана эмес, оозеки учурма ушак ("сарафановое радио") каражаттарынын кызматы ишке салынат. Прессага караганда, белгилей кетүү кажет, оозеки таратылган айың кеп натыйжалуу - ал учу-кыйырга тегиз тарап, дарегине так жеткирүүдө оперативдүүлүгү менен кадиксиздиги жагынан таблоиддерден да жогору бааланат.
Кыргызстанда ушак-айыңды иштеп чыгып, аны таратуу технологиялык борбору иштээрин, анын саясатка тийгизген таасири ченемсиз чоң экендиги президент К.Бакиев Германияга дарылануу үчүн барып, өз маалында кайта албай кармалып калган кезде айкын көрүндү. Анда президент операция болуп оор абалда экен, атүгүл жан таслим болуп аа дүйнөгө аттанып кетиптир деген сөз тараган. Айың кептин баштапкы булагы кайда экенин азыр аныктоо кыйын.
Кийинки учурдагы массалык маалымат каражаттарында, "глобалдык желеде" б.а. интернет-сайттарда, бийлик кулуарларында активдүү таратылып жаткан айың кеп 2010-жылдагы президенттик шайлоого байланышат. "Маалыматка канык кишилердин" айтымдарына караганда, К.Бакиев экинчи мөөнөткө президентикке бара албайт. Денсоолугу талапка жооп бербейт. Ал Германияда дарылануу учурунда белгилүү болгон. Иши да илгерилебей, өлкө терең кризиске кабылды. Демек, президенттикке жаңы адам келиши керек. Башкы талапкер ким? Азырынча белгисиз. Мындай версияны ырастагансып саясатчылардан алган журналисттердин интервьюларында президенттин амбициясы боюнча суроо салуу адат болуп калганын байкоо кыйынчылыкка турбас. Иши кылып Германия "окуясы" дагы эле болсо уланууда. Сыягы ал жайкы отпуска учурунун саясый-информациялык хити болуп калчудай.

Үсөн Касыбеков