№53, 03.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Нобелге

Айтматов төртүнчү жолу аттанды
Түркиянын борбору Анкара шаарында түрк тилдүү элдердин белгилүү жазуучулары, сүрөтчүлөрү жана маданият ишмерлери Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры, белгилүү коомдук ишмер жана мурдагы элчи Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүштү. Бул тууралуу түрк маалымат кызматтары да кеңири жазып чыкты. Аны Кыргызстандан Түркиядагы маданий иш-чарага катышып жүргөн маданият жана маалымат министри Султан Раев дагы ырастады.

- Эми Нобель сыйлыгын ыйгаруунун өзүнчө бир татаал эрежеси бар. Алар, албетте, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалардын баарын аябай тыкыр карап, жашыруун добуш менен тандап алышат. Биз үчүн Чыңгыз Айтматовдун ошол сыйлыкка түрк тектүү коомчулуктан төртүнчү жолу көрсөтүлүп жаткандыгы чоң сыймык. Кудай буюрса, чыгармалары татыктуу өз баасын алат,- деген пикирин кошумчалады.
Бул күндөрү Анкарада өтүп жаткан, түрк тилдүү элдердин маданият министрлери катышкан "Түрксой" деген аталыштагы жыйындын 24-отурумунда Түркиянын президенти Абдуллах Гүл дагы дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жогору баалап, "анын эмгектери дүйнөлүк мааниге ээ" деген пикирин билдирип, быйылкы жыл Кыргызстанда Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганы колдоого алчу саамалык деп баса белгиледи. Айта кетсек, ушул эле жыйында Кыргыз эле жазуучусу Чыңгыз Айтматовго "Түрксойдун" беш жылда бир берилүүчү сыйлыгы да тапшырылган.
- Чынгыз Айтматовду Кыргызстандын жазуучулар кошууну мурда да бир нече ирет Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөткөн. Мурда коммунисттик партиянын мүчөсү болгону эске алынганбы, айтор, сыйлыкты тапшыруу комиссиясынын элегинен бир нече жолу өтпөй калган. Эми бүткүл түрк коомчулугунун Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына кайрадан көрсөтүп жатышы салмактуу жана барандуу сунуш,- дейт кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов.
Белгилүү жазуучу Татарстанда өзү тууралуу "Кылымга тете бир күн" даректүү тасмасына тартылып жаткан учурда, 16-май күнү бөйрөгү ооруп, Казандагы республикалык ооруканага жаткырылган. Чыңгыз Айтматовдун абалы оорлой баштаганда, 19-майдын түнүндө Германиянын Нюрнберг клиникасына жеткирилген.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев Чынгыз Айтматовдун саламаттыгы боюнча германиялык дарыгерлер менен байланышканын билдирип:
- Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна кандын инфекцияга кабылышы, эки жагы тең пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан. Германиялык дарыгерлер менен байланышканымда, Чыңгыз Айтматовдун абалы оор эле дешти. Дале баштагыдай оор абалда жатат. Жакшы болуп кетет деп үмүт кылып турабыз,- дейт.

Кабыл МАКЕШОВ




  Шүүдүрүмдүн өмүрүн кыйган...

Сени сиңдимдин төгүлгөн каны кечирбейт.
Албетте, мыйзам алдында жооп бересиңер
Өткөндө бир тууган инимдин кызы Назиранын өмүрүн кыйган, мыйзам алдында жооп бербей жүргөн Б.Атамбаев деген неме 20-май, 2008-жыл, "De-facto" гезити аркылуу менин кадырымды каралоого багытталган катын жарыялаптыр. Албетте, мыйзам андайларды куткарбасын билсем да, жалган жалааларына өз аргументтеримди келтирейин деп чечтим.

Батыр Атамбаев, сен данектей кызыбыз Назираны өлтүргөнүң аз келгенсип, мага акыл айтып, тыңсынып кат жолдопсуң. Сен негизи күнөөңдү сезип, мойнуңа камчы салып кечирим сурагандын ордуна адам баласынын акылына сыйбаган жорукка бардың, сен ансыз деле Кудай алдында кечирилгис күнөөгө баткан элең.
Сен канчалык мени каралайм десең дагы, аның өтпөйт, себеби эл-журт, коомчулук менин ким экенимди билет.
Биринчиден, ички иштер министри М.Конгантиевге ачык кат жазылган соң, Ош облусунун ички иштер бөлүмү төргөө ишин ачып, азыр тергөө иши жүрүп жатат, экинчиден, мен ойлойм Башкы прокуратура жана сот бийлиги акыйкатты орнотот деп.
Эми сага жооп берейин. Сен эгерде адам баласы ойлоп тапкан мыйзамды сатып алып жоопко тартылбасаң, жараткандын мыйзамы алдында сен жана башкалар, ушул трагедиялуу окуяга текебердик менен мамиле жасаган адамдар да өзүнүн жазасын алат деп ишенем. Тажиясын өткөздүк деп жазганың, сенин адамкерчилигиңдин төмөндүгүн жана пас жигит экениңди далилдейт. Өлүмдөн улуу бул дүйнөдө эч нерсе жок. Кыргыз элинде кылымдар бою ата-бабадан келе жаткан салттар бар. Жетим бала каза болсо, ошол баланын тууган-уруктары акыркы сапарга узатып коюшат. Биздин урук-туугандар сенин жазганыңды окуп, ансыз деле Назиранын өлүмүнөн мүңкүрөп турган чагыбызда, сенин бул жалган жалааң баарыбыздын сөөгүбүздү сыздатты. Бирок акыл-эстүү бир дагы окуган адам сенин жазгандарыңа ишенген жок. Эми сенин жалган жалаа аргументтериңе жооп берейин.
Назира чынында эле өзгөчө кыз болчу, 3 жыл менин үйүмдө жашап чоңойду, тагдыр экен ата-энеси ажырашып кетти, бирок жайкы каникулда жыл сайын биздин үйдө, шаарда, Ысыккөлгө барып эс алып, эс тарта баштады. 2 бөлмөлүү квартира алып бердик, эки бала эч нерседен кем болбой чоңойду. Сен жазыпсың "Фонддон деле жардам берип койбойсузбу?" деп. Фондсуз эле, үйбүлөмдүн бюджетинен аларга эле эмес, муктаж болгон канча үйбүлөгө жардам берип келе жатам. Мунумду эл билет.
Колунда жок мүңкүрөп калган бей-бечара да кызын өлтүргөн кишиге тажиясын (похоронун) өткөртпөйт. Балаңды өлтүрүп койгон кишиден сен 100 миң сом сурайсыңбы? Балаңдын куну болгону 100 миң сомбу? Батыр, сен ушул жалган жалааларың үчүн албетте мыйзам алдында жооп бересиң. "Заказды" аткарганда да ойлонуп, сага жазып берген кагаздарды жок дегенде окуп туруп, анан кол койбойсуңбу. Бир тууган эжең Бүсара келип, Назиранын тажиясында Дамира абдан кайгыга батып шордоп турганда, "Жылдыз эжең Батырды сотко берет экен" деп дары-дармекке берген сегиз миң сомуңарды ый, өкүрүк болуп жаткан жерде чыр салып алып кеткен. Бул чындык. Сен каяктагы тажиянын чыгымын көтөрдүм деп айтып жатасың?
Менин жана профессордун чыгымын кантип сен төлөп олтурасың? Эгерде биз 12-апрелде учуп барсак, сен эмне Бишкекке келип бизге билет алып бердиңби? Сени араң дегенде 14-апрелде гана көрдүм, саат 12 чамасында, ал эми мен 13-апрелде эмес, 16-апрель күнү №4 рейс менен саат 10.40та Бишкектен учтум... Ошондо да катуу ачуум келип, "кана күнөлүүлөр, эмне үчүн Назиранын абалын сурап коюшпайт?" десем, сени эжелериң чакырышты. Көрсө, сен ошондо биринчи жолу келипсиң ооруканага. Уялбастан Дамира менен авария болгон күндөн күнү-түнү бирге жүрдүк деп жазыпсың. Сага Жылдыз Жолдошеваны каралоо боюнча атайын жазып берген "заказ" экени ушул фактыдан анык билинип калды. Сени мен реанимацияга ээрчитип барып, өлүм менен алпурушуп жаткан Назираны көрсөткөнүм ырас болгон экен. Сен канча жашасаң, ошончо Назиранын элеси сени ээрчип жүрө берет. Сен эч качан бейпил жашай албайсың. Сен кайда болбогун Назиранын өлүмү үчүн жоопко тартылышың керек.
Биздин фонд, канча кыйынчылыктар болбосун, жеке өзүмдүн канча денсоолугум кетсе дагы, акча маселесин кыйынчылыктар менен чечсек дагы, 2005-жылдан баштап 200дөн ашык өтө татаал диагноздогу балдарды алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн 5-50 миңге дейре АКШ долларына турган операцияларды жасатып өмүрүн улап келе жатам, бул эмгектер азыр айтылбаса да, качандыр бир мезгилде айтылат.
Бирок менин кабыргамы ушунчалык кайыштырып, сыздатып, боздоткон нерсе - Назиранын жаш кеткени. Ал эми Батыр, Назираны өлтүрүп коюп күнөөңдү сезбестен гезит аркылуу шылдыңдаганың үчүн сөзсүз өз жазаңды аласың.

Жылдыз Жолдошева,
Курманжан Датка атындагы
кайрымдуулук фондунун төрайымы 28. 05. 2008-ж.




Сага жандуу өрнөк берейин. Акылың болсо аңдап, уялып калаарсың.
Дамира Жоробаева, каза болгон Назиранын апасы
- Атамбаевдин айтымына караганда, Назира ооруканада жатканда күнөөлүү тарап күнү-түнү сиз менен болгон турбайбы?
- Кызым 11-апрелден 18-апрелге дейре реанимацияда болгон. Ошондо Б.Атамбаевди 14-апрелде көрдүм. Керектүү дарыларга кеткен 8 (сегиз) миң сомун тажия мезгилинде эжеси келип, жаңжал менен алып кетиптир. Андан кийин мен аны көргөнүм жок. Кызым 18-апрель күнү кош айтышты.
- Тажиянын чыгымдарын ким көтөрдү эле?
- Аны кайынжуртум өздөрү көтө-рүшкөн.
- Б.Атамбаев мен көтөрдүм дептир го?
- Жалган, кызымдын арбагынын алдында да, элдин алдында да айтып коюшум керек, тажияга бир тыйын берген эмес. Берсе да эч качан күйөөмдүн урук-туугандары албайт. Себеби Назира алардын тукуму.

Ырысов Кеңешбек, Назираны дарылаган доктор
- Кеңешбек байке, Назиранын абалын жакшыртууга Ошко барган экенсиз...
- Ооба, баргамын. Мени Жылдыз Жолдошева чакырган.
- Жол акыңызды, дегеле дарылоо мезгилинде чыгымды кайсы тарап төлөдү эле?
- Жылдыз эже экөөбүз самолетко билет алып, учуп барганбыз. Кеткен чыгымдарды бүт Жылдыз Жолдошева төлөдү.
- Б.Атамбаев биз төлөдүк деп жатат го?
- Мен аларды көргөнүм жок. Керек болсо, басып келишкен жок.