№53, 03.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ааламга жол айылдан башталат

Урматтуу окурман! "Аалам" гезити "Ааламга жол айылдан башталат" аттуу рубрика астында баарлашууга чакырат. Элет көйгөйү, кыйынчылыгы, кубанычы сыяктуу айыл жеринин турмушу менен жандуу багытта иш алпарууну туура көрдүк.

Эс алуу күндөрү жайдын ысыгына какталгыча, бир күн болсо да айылдын таза абасынан дем алып мээ сергип келсин деп айылды көздөй сапар тарттым. Жолду катар чар тарапка суктануу менен болжогон жерге тез эле жете келгенсидим. Айыл эли да бар-жогуна кайыл, токпейил адамдар. Жер айдатып, малын тейлеп, сугаруу менен алек. Келген конокту сен кимсиң дебей кол куушуруп тосуп, үйүнүн төрүнө жетелешет.
Айыл элинен айланса болот. Ошондой адамдардын бири - Бектен аксакал. Узун бойлуу, сөөк-саактуу, олбурлуу адам. Кочкор өрөөнүнүн Ормонхан айылынан 68 жаштын тамагын ичип жатам дегени менен алтымышка жаңы келгендей көрүнөт. Кызыл жүздүү, алгыр көздүү Бектен аба бала кезинен тынч албаган адам. Көптөн берки оюмда жүргөн элет адамдары жөнүндө баарлашып, дил маек куруу бүгүн убактысын тапканбы, айтор тилегим ишке ашчу өңдөндү.
Барган максатымды аткарып, Бектен абага жолугуп маекке тарттым.
- Бектен аба, алгачкылардан болуп сиздердин колхоз дыйкан чарбага тарады эле, элге таратпай өзүңүзгө менчиктеп алган жок белеңиз?
Бектен ава жарк дей түшүп, бир каткырып алды.
- Бардыгы ошондой ойлошот. Эмгек дегениң эмгектенсең, ачка койбогон нерсе турбайбы. Балачактан бир отуруп эс албаган адаммын. Көлөмүм мындай чоң болгону менен, жаным жай алган эмес. Эң биринчи ушу Чүйдөн бир колхоз дыйкан чарбага тарады, экинчи, үчүнчү болуп биздин колхоз таратылды. Бизде ушундай жакшы тартип менен бөлүндү. Мен билген айыл-кыштактар биздикиндей бөлүнгөн жок. Биринчи ар бир түтүн башын эсепке алдык, экинчиден, менчик малына санак жүргүздүк, анан жанагы ортолуктагы малды кагазга түшүрүп ар бир киши башына бөлүштүрдүк.
Маселен, Ташматтын үйбүлөсүндө алты адам бар, өзүндө 20 кою болсо, ага 40 кой бердик. Маматта 9 адам, мыдыр малы жок болсо, 90 кой ээрчиттик. Ошол кезде анча-мынча малы бар адамдар эле жакшыраак эмгектенип кармап калышты, кээ бири көп балалуу, 13төн жан бар, 130 кой бөлүп берсе деле, күндө майрам, күндө той уюштуруу менен малынын аягына тез эле чыгышат экен. Мен ушул колхоздон атар козу бөлдүрмөк түгүл өзүмдө анча-мынча малым бар үчүн аз тийип калган. Болгону бир тууган эжем, иним үйбүлөбүз менен 170 баш кой бөлүшүп алдык. Анын 70и эжемдин үйбүлөсүнө тиешелүү, иниме 25и, мен 75 баш кой алдым. Киши башына жарым гектар жер бөлүндү. Ал кезде мамлекет жакшы эле кылды. Ар бирибизге мүмкүнчүлүк берилди, оокат кылып эмгектенгендерди өзүң көрүп жатасың, жашоо турмушу оңолуп жакшы жашап жатышат.
- Өмүрү тынч отуралбаган тынымы жок адам экенсиз, жаш кезиңизде кандай кызмат кылдыңыз?
- Мен өзү орто мектепти да бүтпөй калыптырмын. Анча-мынча шогураак да болсом керек. Агама, атама жардам кылып жүрдүм ДОСААФтан шоопурдун окуусун бүтүп, он жылдай шопур болуп иштедим. 70-жылдары Карагул Сакыбаев деген атагы чыккан абдан кыйын башкармабыз бар эле. Бир күнү чакырып ал кезде управляющий деген болчу, ошонун ордуна коюп койду. Кечээ эле шопур болсом эл да абдан туура эмес көрүштү. Ошентип иштеп калдым, өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү көрсөтсөм керек же анча-мынча шогураак бирөө керек болдубу, айтор мени жардамчы кылып алды. Иштей бердим, көп жетекчилер менен иштештим. Кийин деле эч окуу жайын бүткөн жокмун.
- Бектен аба, малыңыз бир чакан колхоздун малындай бар экен, а техникаларыңыз жетиштүүбү?
- Техникам, чөп чапкан комбайндан тышкары бардыгы жетиштүү. Өзүмө жетип турат. Техникаларды айдагандар, мал баккандар кадимки келишим түзүү менен иштешебиз. Кечээ келишиптир айлыгыбызды көбөйткүлө, кымбатчылык башталды деп. Малдын деле малдай азабы бар, бир кой баксаң деле ага чөп, жем, суу дегенди бериш керек да, а эми көпчүлүктө абдан эле оор, жай бою чөбүн чаап даярда, жемин тарттыр дегендей. Азыр түрдүү оорулар пайда болду, ага каршы ар бир козуну эмдейсиң.
- Кочкор өрөөнүндө жашоо жайында эле сыяктанат. Таптакыр жакыр жашагандар барбы?
- Бар. Кайсы жерде эле болбосун, эмгектенбеген киши өзүнөн-өзү түгөнөт турбайбы. "Адамды адам кылган эмгек" деп бекеринен айтылбаса керек. "Иштеген тиштейт" да, а жанагы "жылаңач" баатырлар "намыскөй" да болобу, өзүм да түшүнбөйм. "Ай кел, жардам бер, айлыгыңды аласың" десең, моюн толгоп баспайт. "Эмне байсыңбы? Кыйынсыңбы?" деп ата-энесинин кенедей алган пенсиясына, өкмөттүн балдарга берген пособиясына, карандай чайга үч маал көзү катып отурат. Айылдагы мыкты эмгекчил жигиттер жандары тынбайт. Картошка айдап жатышат, сабизи бар, буудайы бар, бардыгын даярдап алып, кышы бою күзүндө алган эмгегин башка жерлерге алып барып сатышып, жашоосун оңдоп жаткандар абдан көп.
- Саясатка көз карашыңыз кандай?
- Саясатка көзүм түз эмес, азыркы саясат өзү туура эмес жүргүзүлүп жатат. Баарыбыз эле бул туура эмес, ал туура эмес деп, эшикте топтошуп карта ойногондорго чейин саясатчы болуп кеттик! Саясатты кой, жумушчу күчү жетишпей, акыга иштегенге адам таппай жүрсөң. А кайдагы саясат өзүбүздүн курсагыбызды өзүбүз тойгуза албасак. Азыр заман жакшы, тынчтык заман, мындан жаманында деле тойго баргам дегендей, мындан жаман заман болгондо деле эл жашаган.
- Элге кандай жардам көрсөтүп турасыз. Анча-мынча мал-жаныңыздан кайрылышасызбы?
- Жакында колунда жок алты үйбүлөгө үрөндүк буудай менен техникамды бердим. Күзүндө ошо мен берген эле үрөндү кайтып бер деп. Жамандык-жакшылык болот экен, келишет, жок дебей, колдон келген жардамымды аябайм.

Аязгүл Жаанбаева




  Аңги-маңги заманбы?

"Периштелер бейиштен күтүшөт..."
"Вечерний Бишкек" гезитинин кайсы санында болбосун, акыркы беттеринде жарыяланып жаткан "Услуги" (кызмат көрсөтүү) дегениндеги телефон номурларына чалсаң кулагыңдын курчун кандырган жоопторду угасың.
Шаарда жашап, иштеп жүрүп айлана-тегерегимде эмнелер болуп жатканын айылдагылардын кээ бирөөлөрүндөй билбей жүргөнүм мезгил агымынан артта калган бир байкуштугумданбы же чөнтөгүмдүн өтө эле жукалыгынанбы, аны өзүм да түшүнө албайм.
Жакында орточо жашоо-турмушу бар, бала кезде бирге чоңойгон жолдошум айылдан келиптир, жумуштарын бүтүргөндөн кийин:
- Эс алып келбейлиби, - деп калды.
- Кайда барып? - десем,
- Ой жолуң болгур, шаарда жүрүп кайда барып эс алышты билбейсиңби? - деп мени шылдыңдагандай карады.
Колунда кармап жүргөн "Вечерний Бишкек" гезитин барактап, акыркы беттериндеги "Услуги" (кызмат көрсөтүү) деген жарыядагы телефон номурларына чалды. Беш-алтоо менен сүйлөшүп, бирөө менен макулдашты окшойт:
- Жүрү кеттик, арзаныраагын таптым, саатына 800 сомдон экен, - дебеспи.
- О кокуй, андай жериңден алыс эле болоюн. Анча акчаны ал жакка жумшагандан көрө, үйгө бир нерсе алганым олжо эмеспи, - деп кетенчиктесем,
- Ай байкушум ай, качан киши болосуң. Чочубай эле кой, акчаны мен төлөйм, бас кеттик. Жок дегенде жолдош болуп жанымда жүрсөң, - дейт ансайын жабышып.
Бишкектеги эркектер үчүн андай интимдик кызмат көрсөтүүчү жерлерди азыр "тигил жерде, бул жерде" деп бөлүп айтыш кыйын. Анткени шаардын бардык жерлеринде жөргөмүштүн желесиндей торун жайыптыр. "Элита - эң жогорку", "орточо", "төмөнкү" деп алардагы кызмат көрсөтүп жүрүшкөн кыз аттуулардын өңү-түсүнө, дене-түзүлүшүнө, ал-абалына карата бөлүнөт экен. Эң жогорку элитасы - интим кызматына бир кишиден бир саатка 1,5-2 миң сом алат. Андан кийинки орточосу - саатына 1-1,5 миң сом алса, төмөнкүсү 800 сомдон жогору. Мындай эң жогорку акыны азырынча эң эле дефицит деп эсептелген адистер да албаса керек. Аларга медициналык көзөмөлдүн бар-жогуна эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн ар кандай венерикалык оорулар (вич - СПИД) менен жалпы коомчулукка коркунуч туудурууда. Жыйналып жаткан ушунча акчалардын да өз ээлери бар. Квартиралардын кожоюндары, кыздарды таап жаткан ортомчулар (сутенерлор), аларды калкалап, коргоп тургандар, анан кыздардын өздөрү. Мына ушундай жолдор менен жалпы коомчулукка тиешелүү болгон мыйзамдарды уруп ойнобой, өздөрүн өздөрү мыйзамдаштырып, күнүнө миңдеген сом акча таап турушат. Андай жерлерге капчыгы калыңдар, ой-санаасы жок, абийирлери, ар-намыстары чектелүүлөр гана барышары белгилүү. Аны ачыкка чыгарып мыйзамдаштырабыз дегендер жөн эле убара болуп жүрүшүптүр. Иш жүзүндө көрсө ал небак эле көмүскө мыйзамдаштырылып, мамлекетке бир тыйын да пайда алып келбей, айрым гана топтордун кызыкчылыктары үчүн иштеп, чөнтөктөрүн кампайтышууда. Күн сайын өсүп бараткан кымбатчылыктан карапайым калк айласын таппай каржалып турса, акчалуулар үчүн "Вечерний Бишкек" сыяктанган гезиттер аркылуу өз кызматтарын ачык эле жар салып турушат. Мамлекеттин ичинде туруп ага баш ийбей, өз мыйзамдары менен гана коркпой-үркпөй иштеп, жашап жатышкандардын, албетте, таянган тоолору бийик.
Мына ошентип жалпы эл жанталашып күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп жүрсө, алардын эсебинен байып жаткан көөдөк көпкөндөрдү "периштелер бейиштен күткөн, "кыздардын назик колдору, денелери жандарын жыргаткан", "жомоктогудай жыргалга батырган" заманда жашап жатканыбыз жалганбы?

Жума Мамбетов