№52, 30.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ааламдагы Уймүйүз

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү коркунучтабы?
Ар бир адам баласынын туулган жери Мисир делет. Кыргызда "Туулган жердин топурагы алтын", "Киндик кан тамган жер ыйык" деп бекеринен айтылбайт. Кыргызстандын жеринин бүгүнкү абалы, чегара, дегеле өлкө бүтүндүгү кандай сакталууда деген суроолордун айланасында "Аалам" гезити тегерек стол уюштурган. Ага саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана геодезизт Асыкбек Оморов келип, ой бөлүштү.

"Аалам": - Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бүгүн кандай сакталууда?
Асыкбек Оморов,
геодезист:
- Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү сакталган жок. Четинен сатылып, четинен ижара берилип атат. Ижарага берилди деген сөз, ал убакыт өткөн сайын унутулуп, арендатордун менчигине өттү деген сөз. Акаевдин учурунда, мурдагы парламент ратификациялап, Үзөңгүкууш Кытайга кетти. Үзөңгүкууш 92 миң квадрат метр жер. Салыштырып айтканда, Чүй облусунун Суусамыр жагын кошкондо тоо кырканын Чүй жак тарабы, Жайыл, Панфилов райондорун, кошкондогудай бирдей аймакты ээлейт. Баары эле бийликке келе электе, жакшы эле ооз көптүрүп, эл-жер үчүн күйгөн болуп сүйлөшөт. Бийликке келгенде унчукпай калып атышат. Үзөңгүкууш кеткенде Саламат Аламанов айтып атпайбы: "Биз, Үзөңгүкууштун ордуна "Хантеңирди" алмашып алдык" деп.
"Хантеңир" мындай да. Анын эки негизги фактору бар:
Биринчи - тоо кыркаларынын кайсы бир участоктору бөлүнүп калат. Мөңгү кыркаларынан кеткен суу бөлүгүнүн оң жагы оң жактагы мамлекеттики, сол жагы сол жактагы мамлекетке таандык.
Экинчиси - Теңир тоонун ылдый жагындагы Жеңиш чокусунун астынан канал казып алып, суунун баарын бери көздөй, Сарыжазга агызып, ал жерге ГЭС курууга боло турган шарты бар болчу.
Азыр болсо суунун баары Кытайга кете берет.
Дагы бир мисал. Алыс кетпей Чүй суусун алалы, Чүй суусу да ошол сыяктуу. Бери жагы Кыргызстандыкы, ары жагы Казакстандыкы.
Ал суу Казакстан тарапка карап акпайт, себеби - Жер саат жебеси боюнча айлангандыктан, сууну Кыргызстан жакка серпет.
Азыр биздин жер участоктор айланып өткөн жолдорго кирип кетти. Мындайды казак туугандар алдын ала билип, 2-3 метр бийиктикте дамбаларды куруп ташташкан. Ал дамбалар азыр деле иштебей турат. Бул - контрприем. А бизде алдын ала билмек түгүл, азыр эч нерсени билбеген, ойлонбогондор иштеп атпайбы.
Аликбек Жекшенкулов:
- Сиздер жакшы билесиздер, жер маселеси бүгүнкү күндө өтө чоң маселе. Тилекке каршы, акыркы жылдарда өзгөчө мамлекеттин аймактык коопсуздугуна, бүтүндүгүнө күтүлбөгөндөй чоң мүчүлүш-түктөргө жол берилип атат. Эмне себептен?
Бул жерде эң негизгиси - улуттук кызыкчылыктардын сакталбай жаткандыгынан, коңшу өлкөлөр менен дипломатиялык сүйлөшүү-лөрдөн маселелерди чечүүгө жандуу кадамдарды жасабай жаткандыгынан болуп атат да. Жерге байланыштуу ар кандай документтер бар. Мурдагы документтерде СССР менен Кытай мамлекетинин ортосунда территориялык маселе бар болчу. Ал эми Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен аймактык,чегара маселелери кийин пайда болду. Мурда СССРдин курамындагы республикаларда дээрлик чегара маселелери жокко эсе болчу. Жер маселесине келгенде биздин адистер, жердин тарыхый, географиялык жактарын терең изилдеп, анын сапатын, келечекте өлкө үчүн кандай пайдалуу жактары бар экенин карап, "жети өлчөп, бир кесип" дегендей мамиле жасаса болмок да. Азыр айтып атышпайбы Каркыраны 1250 миң гектарын биз алдык, калган 600 гектардан ашыгыраагы казак туугандарга кетти деп. Казакстанга берилген жер дагы кыргыздын жери болчу деп кээ бир адистер айтып атпайбы.
Мындай жер маселесин БУУнун принциптеринде эмес, атамзамандан бери келаткан тарыхый принциптерге таянып чечиш керек да. Каркыранын каймагы казактарга кеткенин жергиликтүү эл (Түп эли) да билген жок. Себеби, аларга туура маалымат жеткен жок. Эгер туура маалыматтар жеткенде мүмкүн баары башкача болмок. Маалыматты туура эмес берүү менен биз жылдан-жылга көп жерлерди коңшу мамлекеттерге уттуруп атабыз да. Маселен, Өзбекстан менен жалпы чегара аянты 1280 км жер. Тажикстан менен 920 км, а жерде кандай сүйлөшүүлөр болду? Бул тууралуу дагы өлкөнүн, улуттун кызыкчылыгын коргогон сүйлөшүүлөр байкалбайт. А түштүктө болсо орустар айтмакчы, "по живому" маселелер бар. Ал жерде тажиктер, өзбөктер, кыргыздар аралашып жашайт. Алар чарба, тиричилик кылат, иши кылып, түштүктө чоң проблемалар дагы астыда. Ошондуктан жер маселесин дыкат карап, принциптүү мамиле, кадам жасаш керек.
Өмүрбек Текебаев:
- Көз карандысыздыкты алгандан бери бир топ мезгил өткөндүгүнө карабастан, мамлекеттик кызыкчылыкты саясатчылар, бийликтегилер так аныктаган жок. Ошонун кесепетинен, эларалык мамилелерде ар дайым уттуруп келатабыз. Өзүбүздүн ички экономикалык-социалдык турмушубузда да дал ошондой көрүнүш. Чегараны юридикалык жактан бекемдешибиз керек эле. Кыргызстан үчүн бул абдан чоң мааниге ээ. Тарыхта мамлекеттердин чегараларында көптөгөн оңго-солго кеткен проблемалар бар.
Кытайлар Үзөңгүкуушту жөн эле сатып алышкан жок. Алардын саясатчылары суунун баасы жакынкы арада алтынга тете болуп каларын билишкен жана бул өрөөн энергетиканын булагы катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берерине көзү жеткен. Ошондуктан Үзөңгүкуушту ээлеп калууга болгон аракетин жумшады жана ал аракеттерине жетти. А биз Үзөңгүкууштун келечекте энергоресурстун булагы, Кыргызстандын суу тагдыры болорун ойлогон да жокпуз. Аликбек мырза айткандай, кеп алмашылган участоктордун өлчөмүндө эмес, анын саясый, тарыхый, экономикалык баалуулугунда жатат. Үзөңгүкууштун тарыхый маанилүүлүгүн Кыргызстандагы эч бир башка тарыхый объектилер менен алмаштыра албайбыз. Ал эми Санташ айылынын жанындагы миң гектардан ашыгыраак жер аска-зоосу кыргыз тарабында жайгашып, өмүрү казактар жашабаган жер. Биз албай, казактарга алмаштырбай койгон күндө дагы ал жерди кыргыздар эксплуатациялаган. А Каркыранын казактарга берилгендиги эмнеси менен айырмаланат? Ал жерден негизгиси суу өтөт, жол өтөт. Хантеңирге бара турган түйүн ошол жерден өтөт. Мурда эларалык туристтер Хантеңирге Кыргызстандын территориясы аркылуу өтүп жүрсө, эми Казакстандын аймагынан өтөт. Мындан Казакстандын туристтик потенциалы кеңейет, экономикалык мүмкүнчүлүгү чыңдалат. Союздун убагында Каркыра аркылуу сууларды Ысыккөлгө буруп алып келчү долбоорлор болгон. Мына азыр алар ишке ашпайт. Анткени, суу, суу буруучу мүмкүнчүлүктөр, мөңгүлөрдүн баары Казакстанга өтүп кетти. Биздин бийликтегилер, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарга кайдыгер карагандыктан, экономикалык баалуулукка ээ жерлерди коңшулар талашып атат.
Токмокко кире бергенде 700 метрдей жолубуз сокур ичегидей болуп, жасалма түрдө бурулуп өтөт. Эмне үчүн 3 гектар жерди казактардан сураган жоксуңар деп С. Аламановдон сурасам, бербей коюшту дейт. Эмне үчүн бербейт алар? Анткени, ошол жерден кыргыз бизге илинет, алар бизге көз каранды болот деген стратегиялык ниеттеги келечеги жатпайбы? Эми аны айланып өтсөк болот деңизчи, бирок ичкери карай кирип баратабыз да. Кыргыздын акыркы 100-150 жылдагы тарыхын карасаңыздар, тоону көздөй жылып, түз жерди берип атабыз. Убагында Каркырадан, бул жагы Кордойдон өтүп, Алматы облусунун бир тобу кыргыз урууларынын жери болгон. Мамлекеттер түзүлүп, чегара бөлүнгөнгө чейин кыргыздар жердеген. Фергана өрөөнүндө да мындайлар болгон. Бизде жер бергенге үлгүрбөгөн жалгыз эле Апсамат Масалиев аксакал болду да. Калгандарынын баарынын тушунда жер берилип келатат. Экспансия болуп атат. Жер тарып баратат. Кыргызстан суверендүү болуп туруп, өзүбүздүн жерге ээлигибизди жоготкон учурлар көп. Мисалы, Баткенде Бүргөндү деген жерде нефти менен газ чыгат. 18 жылдан бери өзбек туугандар ал жерден газды бекер алып колдонот. 20 миң тонна нефти Баткен облусунун айылчарбасына бекер жер айдап берип, экономикасын көтөрөт беле? Көтөрмөк. Баткенге элди кармап калмак, миграция деген буулмак. Биздин байлыкты биздики деп сурагандан тартынышат, корунушат. Бул - биздин кемтик, өксүк.

(Уландысы бар)

Гүлбарчын ЯКУБОВА