№52, 30.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Бийлик "билермандарына"

Камбарата ГЭСин куралы, а кантип иштетебиз?
23-майда спикер Адахан Мадумаровдун демилгеси менен Жогорку Кеңеш экинчи Камбарата ГЭСинин курулушун мамлекеттик маанидеги бүткүл элдик курулуш деп жарыялады. Депутаттар кабыл алган токтомдун маңызын бул улуу курулушка элдин акчасын мобилизациялоо идеясы түзөт. Алар узак мөөнөткө облигация чыгаруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрүүнү жана элдин кошумчасын топтоо үчүн банктан атайын эсеп ачууну өкмөткө тапшырышыптыр. Түпкү маңызы баягы көр түшүнүк. Ата-мекен деген улуу сезимге жамынып алып, элди кааласаң да курасың, каалабасаң да курасың деп зордомой.
Ооба, айрым адамдарда акча бар. Россияда, Казакстанда жана башка жерлерде иштеп акча таап келгендер көп. Алар тапкан акчаларын кайда жумшашарын билбей жатышат. Бир сөз менен айтканда, аз да болсо элде акча бар. Бирок алар өз ыктыяры менен Камбарата ГЭСин курууга чыгарылган акцияны же облигацияны сатып алышабы? Менин оюмча, жок. Ал үчүн эл мамлекеттин алдап кетпешине, салган акчасын толугу менен кайтарып, убада кылган үстөгүн кошуп берерине ишениш керек. Башканы айтпаганда да, эл мамлекеттин келечегинен түңүлүп, башка өлкөлөргө түп көтөрүлө көчүп кетип жатса, кайдан ишенет? Мамлекет курула элек Камбарата ГЭСтери эмес, иштеп жаткан ГЭСтерди жөндөп иштете албай, чыгарылган продукциясынын жарымын уурдатып жиберип жатса, тагыраак айтканда чоңдор өздөрү эле уурдап алып жатса, буга ишенмек беле. Өзүбүздүн Улуттук банк эле улуттук ишканаларга ишенбей, резервин башка өлкөдө сактап, башка өлкөлөрдүн облигациясын сатып аларын Мадумаров билбейби? Бир жылдан кийин төлөп берсе бир жөн, Камбарата ГЭСтеринин облигациясы бери эле дегенде он жылдан кийин кайтарылып берилет. Айрымдар айткандай, жок болуу коркунучундагы өлкө он жылдан кийин төлөп берет дегенге ким ишенсин. 100% үстөк пайыз төлөп берсе да, мажбурлабаса, облигацияны өз эрки менен эч ким сатып албайт.
Анысы аз келгенсип, элден кошумча чогултабыз дешкендеричи. Жакында эле болгон ХИПКтин чуусу эстен чыгып кеткен өңдүү. Өлкө ХИПКке кирет экен дегенде, айрымдар тышкы карызды да элден акча чогулта коюп төлөп салчубуз деп жулунушкан. Кана чогулткан акчалары? Улуттук банктын кабарлашына караганда, бул үчүн банкта ачылган атайын эсепке болгону 1 млн. сом араң топтолуптур. Мен Камбаратага акча чогулта коебуз деген Адахан Мадумаровдон тышкы карызды төлөөгө канча кошумча кошконун сурайт элем. Анткени мен окуган тизмеден атка минерлерден жердешим Туйгуналы Абдраимовдун эле фамилиясын көрдүм, башка эч кимди көрө алган жокмун. Мен жакшы билбей жаңылышып жатышым мүмкүн. Эгерде спикер акча которсо, качан (?) канча акча которгонун айтып койсо жакшы болор эле. Мен ошондой эле Курманбек Бакиевдин, Данияр Үсөновдун, Игорь Чудиновдун жана башкалардын акча которгон-которбогонун билгим келет. Алар демилгечи болушпаса деле, уялгандан акча которо турган жерде да.
Ашар ата-бабадан калган улуу салт. Уруу-уруу болуп жашаган кыргыздар кандай чоң иш болсо да бириге калып бүтүрүп салышкан. Алар муну менен бири-бирине жардам кылып, пайдасы чоң болгон. Бирок анын зыяны да бар. Ал азыркы заманда даана байкалууда. Кыйын учурда уруулаштары жардамга келет деп ишенишкен адамдар эртең талаада калам деп коркпой калат экен. Ашар мындай табигый коркуу сезимин өлтүрүп салат тура. Ошондуктан эл бар ачка калбайбыз деп, карапайым адамдар жылаңач калганча той-аш берип жатышпайбы. Бийликтегилер да элди бүтүртөбүз деп, же рынок экономикасынан жок, же коммунистик экономикадан жок, ара жолдо турушат. Ашар рынок экономикасына жат көрүнүш. Аны америкалыктарга айтсаң, түшүнүшпөйт. Түшүнүшсө да, берки жагы менен күлүшөт. Алар ашарды билбеген үчүн бир нече миллиард доллар турган курулушту бүтүрүп, эли жакшы жашайт да.
Сапар Орозбаков




  Батаарыңда дүнүйө...

Адахан Мадумаров, ЖКнын экс-төрагасы:
"Тилинен көрдү деп жатышат.
Эгер көкүрөгүңдө бир нерсе болсо, ал тилге чыгат"
- Адахан Кимсанбаевич, төрагалыктан кетүүңүз жакынкы аралыкта боло турган президенттик шайлоого тиешелүү деп ойлойсузбу?
- Биздин Кыргызстанда эркин коом болгондон кийин ар кандай ойлордун айтылышы табигый көрүнүш. Андыктан, пикирлерге тыюу салуу деген таптакыр жок, болгон да эмес. Ушул мезгилге чейин айтып келдим, "урматтуу коллегалар, мен тууралуу тетири бир нерсе ойлоп, жок жерден жазбасаңар" деп. Эми, саясат деген ушундай. Күтүүсүз ар нерсенин болуп кетиши болуп жүргөн эле нерсе.
- Отставкаңызды кандай кабыл алдыңыз?
- Мен өзүм сурандым. Коллегаларыма кайрылып, кызматтан кетүүмдү бир добуштан колдоп берсеңиздер деп өтүндүм.
- Мындан аркы саясий жүрүшүңүз кандай болот?
- Аны ойлонобуз.
- Депутат бойдон каласызбы же биротоло кетейин деген оюңуз барбы?
- Аны да ойлонууга туура келет.
- Мындан ары эмне менен алектенесиз?
- Эмне кылмак элем, Кыргызстандагы беш миллион калк эмне менен алектенип жатса, мен да ошону кылам. Жашоомду улантам.
- Партиядан кетүү боюнча чечимге барыпсыз го?
- Азыр мен эч нерсени ойлонбой, эс алгым келүүдө. Бирок, саясий багытым жакын арада белгилүү болот.
- Бийликке президенттик амбицияңыздан улам жакпай калдым деп ойлойсузбу?
- Антип ойлобойм. Каяктагыны жаза бересиңер. Мен төрага катары парламентке тартип киргиздим. Мисалы, башаламандыкты жойдум. Парламенттин подвалын 4, чатырын 2 "КаМАЗга" сыйган таштандыдан арылттым. Кыргызстандын жогорку трибунасын ыйык тутууну көрсөттүм. Балким, ушул кызматтарым айрым адамдарга жакпаган чыгаар.
- ЖКнын ремонтуна колдонулуучу кап жөнүндө эмне айтасыз?
- Бул айрым бир адамдар тарабынан көтөрүлгөн идея болчу. Кап менен ЖКны жасалгалоо менин пикирим эмес. Ал адамдын ким экенин айтпайм. Мен сатып кеткен саясатчылардын катарына кирбейм. Менин кызматтан кетүүмө кап себеп эмес, жөн гана шылтоо болду.
- Жаңы спикердин шайланышына эмне дейсиз?
- Бул парламенттин чечими. Парламенттеги ар кандай чечимге урмат көрсөтүшүбүз керек.
- Кечээ президент менен жолугушупсуз. Араңарда эмне сөз болду?
- Ушул суроого жооп бербей эле коеюнчу. Ал жердеги сүйлөнгөн сөздөр сыр бойдон калсын.
- Адахан Кимсанбаевич, ушул окуядан кандай сабак алдыңыз?
- Мен кечээ "Акжол" фракциясы менен жолугушканда минтип айттым: "Саясат баары бир куулук менен митайымдыкты талап кылат экен. Бирди ойлонуп, башканы сүйлөп, өз билгениңди жасоо" дегендей. Ал эми мен мындай түшүнүккө таптакыр каршымын. Табиятым жол бербейт.
- Эми оппозициянын эшигин кагасызбы?
- Бирөөлөр кызматтан кетсе эле ар түрдүү ойлоп жиберишет экен. Мен дагы бир ирет эскертип коеюн, оппозицияга кетпейм. Андай ойлор менден алыс.
- Төрагалык мезгилиңизде ойлогон ойлоруңузду ишке ашыралдыңызбы же аткарылбай калып кеттиби?
- Биринчиден, азбы же көппү, парламентте тартип деген түшүнүк пайда боло баштады. Ачыгын айтайын, парламентте жүрүм-турум адебин жөнгө салалдым. Кызматкерлерге болсо форма тигилди. Аларга болгон мамиле жакшырды. Эң чоң бийлик эмне? Бул эл караган бетиң жер карабаса, бийлик деп ушуну айтыш керек. Мага элим төрт жолу чоң ишеним артты. Мен ушул ишеничти актай албай калсам же ушул трибунада өкмөт-мүчөлөрүн, депутаттарды же кимдир бирөөлөрдү таарынткан болсом, кечирим сурайм. Ойлогон ойлордун баары ишке аша бербейт экен.
- Оппозицияга барбасаңыз, анда конструктивдүү оппозицияга барат экенсиз да?
- Мен өзүм ошондоймун. Азыр бирөөлөр тилди күнөөлөп жатышпайбы. Жок, эгер көкүрөктө бир нерсе болсо, ал тилге чыгат. Мен президент менен болгон сүйлөшүүмдө деле оппозицияга өтпөй турганымды баса белгиледим.
- Сизди бийликтеги айрым топтордун курмандыгы болду деп жатышат го. Ушуга кандай карайсыз?
- Мен эч качан андай топторго кошулган эмесмин. Андай саясий топтор жөнүндө силер билсеңер, алардан сурагыла. Бул боюнча менин түшүнүгүм жок экен.
- Фракциянын чечими эмне үчүн жабык эшик артында тал-кууланды?
- Мадумаров кээ бир маселени ачык айтып жиберет деп айрым депутаттар жүрөксүнүштү деп түшүнүңүз.
- Этика комитети сиздин төрага катары жүрүм-турумуңузду карабадыбы. Сессиядагы ошол күнкү талаш-тартышта айрым депутаттарга орой мамиле кылдым деп ойлойсузбу?
- Мен комитеттин чечимин карап да койгонум жок. Баары түшүнүктүү болуп жатса, кайрадан козгоп кереги барбы? Бул маселе кылтыйып кайдан чыгып жатканы баарына маалым. Аны сиз да жакшы билесиз.
- Президент бүгүнкү күндө чечимдерди өзү кабыл алабы же таасир эткен айрым күчтөр барбы?
- Аны президенттин өзүнөн сураңыз. Бирок, президент өлкөдө болуп жаткан окуялардан так, туура маалымат алып жатат дегенден алысмын. Айрым адамдар менен кеңешет, пикирин сурайт дегендей. Мен деле төрага катары парламенттеги айрым окуяларды билбей калган учурум болгон.
- ЖКны ремонттоо зарыл беле? Былтыр эле ремонт болбодубу?
- Чет өлкөлөргө чыксаңыз көрөсүз. Мен башкасын айтпайын, биздин туалеттерге кирүүгө болбойт. Мезгил өткөн сайын биз да оңдонуп-түзөнүшүбүз керек да. Бир эле мен эмес, айрым депутаттар туалеттерге кирүүгө мүмкүн эмес экенин айтып жатышпайбы.
- Камбарата ГЭСинин курулушу сиздин идеяңыз дешет. Эми ал бүтөбү?
- Чынында менин идеям болгон. Ага багытталган жакшы пландар түзүлгөн эле. Мен ойлойм, жаңы келген спикер аны ишке ашырат. Бул элдик иш катары кабыл алынгандан кийин Мадумаровдун болушу-болбошу сөз кылынышы мүмкүн эмес.

Маектешкен Манас ОСМОН