№52, 30.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Чокой илме саясат

Кокондун Шералысы кайталандыбы?..
Ибрагим Жунусовдун чыйпыйы чыкканда...
Кечээ Жогорку Кеңештин адаттагы сессиясы 9.30 дан өтүп башталды. Ачуу коңгуроо улам чалынып жатса да, 1-класстын окуучуларын элестеткен депутаттар ызы-чуу түшүп, сааттын жебеси араң 10.00дү көрсөткөндө гана дымып отуруп калышты. Күн тартибине киргизилген жарым сааттык ар кандай маселелер боюнча талкуу башталып, депутат Гүлнара Дербишова Баткен облусунда болгон селден жабыркагандардын абалына кейип алса, карасуулук депутат Осмонали Аттокуров Кызылсуу айылына кеткен көпүрөнү сел жууп кеткенин айтып жатса, капталдан качырып киргенсиген Алишер Сабиров түз эле парламент төрагасынын тагдырын чечип коелу деген сунушун ортого таштады. Антсе, Исхак Масалиев төраганын арызын эмнеге таркатып бербей бекитип алдыңар деп жөөлөп, Орзубек Назаров менен Аскар Салымбеков жыйынды вице-спикер Кубанычбек Исабеков алып барсын деп демитип турушту. Төраганын жалгыз колдоочусу сыяктанган Ибрагим Жунусов микрофонго чыгып, "шашылбай тургула, спикердин ордун көздөп жатсаңар, бүгүн тийет" дегендей каап алганга үлгүрдү. Ошентип боксер депутаттын сунушу кабыл алынып, Адахан Мадумаров жыйынды алып баруудан да кол жууду.

Жолдон жөөлөгөн журналисттер
Депутат Сергей Ибрагимовдун сунушу менен "Акжол" фракциясынын жарым сааттык кеңешмеси жабык эшик аркасында өттү. Айрым депутаттар белгилегендей, кеңешме өтө эле курч мүнөздө өтүп, бир сөз менен айтканда депутаттар төраганы кет дешкен. Жабык жыйында төрага Адахан Мадумаровдун бул кызматтан кетүү боюнча арызы талкуусуз кабыл алынганы маалым болду. Төраганын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселеде 79 депутат макул, 1 каршы, 1 калыс болду. Кеңешменин ортосунда адаттагыдай коштоосу жок эле Адахан мырза чыгып кетти. Жолдон жөөлөгөн журналисттерге, "төрагалыктан кеттим. Азыр жаңы спикерди тосуп алабыз. Ага чейин мен бираз убакыт сурадым" деп, бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Фойеде интервью берип жаткан СДПК фракциясынын мүчөлөрү президент Айтибай Тагаевди төрагалыкка сунуштаганын айтышты.

Төрага шайланды. Аны көрбөгөндөр да бар
Мындай сөздөргө алгач эч ким ишенген жок. Бир журналист ошондой депутат бар беле десе, экинчиси анын орусча билип-билбегенине кызыкты. Биз Молдомуса Конгантиевден сурасак, "мен саясатчы болгонумда айтат элем. Менин ишим жок. Президент сунуштаса, туура сунуштаптыр. Мындан эмнеге трагедия кыласыңар?" деп кагып койду. Аңгычале, жабык эшиктер ачылып, сессия башталып калды. Көпчүлүк күткөндөй эле Кубанычбек Исабеков президенттин сунушун окуп берип, процедуралык маселелерге кайрылды. Коммунисттердин аксакал депутаты Бейшебек Акунов сөз алып, президенттин сунушун колдой тургандыктарын билдирсе, СДПК төрагалыкка талапкер көрсөтпөй турган болду. Ошентип, комиссия түзүлүп, төраганы шайлоо добушка коюлду. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат макул, 2 депутат каршы добуш беришти. Натыйжада Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына шайланды деп табылып, парламент бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жаңы төрага ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирген соң, парламент саат 14.00 гө чейин танаписке тарады.
Айтибай Тагаев 1958-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эскиноокат айылында туулган. Кызылкыя шаарында өскөн. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Мурдагы чакырылышта парламент депутаты болгон. 2007-жылдан бери "Акжол" партиясынын мүчөсү.

Айтибай Тагаев: "Төрагалыкка көрсөтүлүшүм күтүүсүз болду"
Талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Айтибай Тагаев депутаттардын алдына чыгып, үч фракция менен да жолугушуп келгенин, чынында төрагалыкка көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун айтып, ишеним көрсөткөнү үчүн президентке жана "Акжол" партиясынын саясый кеңешине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал 90 депутатты бөлбөй, бардык фракциялар менен бирдей иштешээрин, алдыда бир катар экономикалык мыйзамдарды кароо зарылдыгы турганын, алар убагында кабыл алынса, парламент элге кыйла жардам бермектигин белгиледи. Талапкерге депутаттар тарабынан эч кандай суроо берилген жок.




 - Жаңы төрагага кимдер эмне дешти?

Токтогул Какчекеев: "Президент өзүнө ылайыктуу адамды алып келүүдө"
- Бүгүнкү күнү өлкө башчысы жогорку кызматтарда иштебеген жана саясый чөйрөдө таанылбаган, белгисиз, эрки-жүүнү бош адамдарды алып жатат. Өзү башында турган "Акжолдун" депутаттарына көрсөтмө берип, парламент төрагалыгына да ошондой адамды алып келди. Маселен, коргоо министрлигинин башына академияны же башка аскерий окуу жайды бүтүрбөгөн эле адам келди. Мындай мисалдар четтен чыгат. Мындай кадрдык жүрүштөр өлкө келечеги үчүн жакшы болбойт.

Нур Омаров: "Президент Мадумаровго кызмат сунуштайт"
- Мадумаров өзүнүн ашынган амбициясынын курмандыгы болду жана ал президентти да, депутаттарды да жадатты. Мадумаров депутат бойдон калууну каалабайт, ошондуктан, президент саясатчынын ызасын басуу үчүн бийик даражадагы кызмат бериши мүмкүн. Ал эми Мадумаровдун ордуна төрагалык кызматка Айтибай Тагаевди президент өзүнүн ыгынан чыкпаган, ыңгайлуу саясатчы катары тандап алды.

Абдыганы Эркебаев: "Президенттин да, Адахан Кимсанбаевичтин да бедели кетти"
- Бул жерде эки жагдай болуп жатат. Биринчиси - саясый жагдай. Бул алдын ала кийинки шайлоолорго карата, ачык айтканда, президенттик шайлоого карата даярдыктын башталышы. Ошого өзүн алып чыгышы ыктымал деген атаандаштарды ээрден эртерээк оодарып коюу. Экинчиси болсо, тилекке каршы Адахан Кимсанбаевич дагы убагында чогуу иштешкен, чогуу жүргөн шакирттеримдин бири эле. Өзү да негиз берип койду. Өтө эле үстөмчүл болуп, парламентте буйрукчул стилди тандап, анын артынан депутаттарга жаман көрүнүп калды окшойт. Президент экөөнүн ортосундагы сөзгө биз күбө болгон жокпуз. Бирок көрүп жатпайбызбы, бийликте эки ачалык болуп жатат. Адахан Кимсанбаевичтин да, президенттин дагы кайсы бир деңгээлде бедели кетти. Мына ошону булар Адахан Кимсанбаевичке оодарып, шылтоо кылышат.

Манас ОСМОН