№51, 27.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Атың баспаса, ал Акылбек Жапаровдун күнөөсү
Жекшемби күнү жаңы жасалгаланган шахмат клубунда кезектеги Кыргызстандын 70-жолку чемпионатынын финалдык оюну аяктады. Турнирге 40тан ашык ар кай жерден келген "гроссмейстерлер" баш катырып, мээ чайкаштыбейм.
Жаңы клуб деп айтып кетпедимби. Ал Панфилов паркынын батыш тарабындагы "Спартак" стадионунун таманынан орун алып, бир аз оңтойсуз болуп калгандай.
Өзгөчө мелдештин жыйынтыктоо турунда көзгө сайгандай көрүнүп калды. Буга чейин швейцар таризинде былчылдашып, упайлары менен удаалаш келаткан шахматчылар акыркы көз ирмемге чейин мүмкүнчүлүктөрүн саресепке салып телмирип отурса, бир жагынан парктын даңкылдак-дүңкүлдөк үндөрү, аттракциондордун шакылдактары оюнчулардын ойлорун онго бөлүп, кыжырдантып аткандары байкалып турду. Федерация башчысы Акылбек Жапаров ушу жагын эске алса, жаман болбос эле.
Эми турнирге токтоло турган болсок, КРнын кезектеги чемпиону болуп Леонид Юртаев аталды. Бул шахматчы өлкөдөгү жалгыз гроссмейстер. Акыркы 15 жыл мындай наамды багындырган кыргыз шахматчылары бололек. Күмүш медалды теңиртоолук, мөңгүнүн этегинен түшүп келген нарындык жигит Болот Такырбашев Л.Юртаевдей 8,5 упай топтогону чоң жетишкендик. Коло медалды 7,5 упайы менен Нурдин Самаков алды. Төртүнчү, бешинчи орунда Төлөгөнтегин Семетей (7,5 упай), Эмил Молдобаев (7,5 упай), алтынчы орунда Таалай Иманалиев (7,0 упай) калды. Аттары аталган алты шахматчы жакында Германия жергесинде өтүүчү бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына жолдомо алышты.



"Дени сак улут - гүлдөгөн өлкө"
Ушундай ураан астында жыл сайын өтүүчү спорттун жети түрүнөн (волейбол, футбол, кол күрөш, күрөш, ордо, тогуз коргоол жана чуркоо) республикалык мелдеш бу жолу Жалалабат шаарында өтүп атат.
Мындай саамалыкты колго алган мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентчилиги бир миллион 830 миң сом каражатын бөлүп, өлкөнүн булуң-бурчтарынан спорт ышкыбоздорунун башын бириктирип, жеңүүчүлөрүн аныкташмакчы.




Балбан болсоң, Кожомкулдай бол
Дем алыш күнү Кожомкул Кааба уулунун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча салтка айланып калган эларалык чоң турнир аяктады.
Бу мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Кытай жана Бурятиядан 150дөн ашык эркин күрөш балбандары жети салмак боюнча күч сынашты.
Арасында быйыл Кытай жергесинде өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алган балбандардын бар экенин эске сала турган болсок, мелдештин деңгээлин, салмагын өзүң баамдап, тыңдап ал.
55 кг салмакта Нурлан Орозбек уулу казак балбанын оңкосунан сайып, турнирдин жеңүүчүсү болду.
60 кг салмакта Кытайга жолдомо алган Базар Базаргуриев деген балбаныбызга теңдеш спортсмен табылбады. Кезегинде финалдык таймашта кытайлык атлетти жыгып, мөрөйгө жетишти.
66 кг салмакта турнирдин жеңүүчүсү болуп (РУОР) олимпиада спортсмендери окуу жайынын балбаны Азат Донбаев аталды. Кытай олимпиадасына дагы бир жолдомо алган кыргызстандык Арсен Гитинов (74 кг) турнирдин жеңүүчүсү болду.
84 кг салмакта казакстандык Кайсар Боронбаев деген атлетке жана 96 кг салмакта алматылык Даулет Шабанбаевге кыргыз балбандары айбат кылалбады. 120 кг салмакта финалдык оюнга Айзал Лазарев (Россия) менен казак балбаны чыгып, россиялык өз жемин жедирген жок.