№51, 27.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Акыркы коңгуроо

Көгүчкөндөр кайда учушат?
Республиканын бардык мектептеринде 24- майда акыркы коңгуроо кагылды.
Акын Акбар Рыскуловдун алгачкы ыр китебинин аты "Көгүчкөндөр бийик учушат" деп аталчу эле. Ал окуган Кемин районундагы Чымкоргон орто мектебинин быйылкы жылдагы бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо күнкү жыйында өздөрүн демонстрациялап чыкканда көгүчкөн учурса, мектепти дале болсо кыялкеч, көкүрөгүндө көп тилек-ойлору бар улан-кыздар бүтүп жаткан экен деп ойлодум. Ырас эле алар учурган көгүчкөндөр бийик учат турбайбы.
Бул мектеп 1991-жылдан бери өзүнүн дагы бир даңктуу бүтүрүүчүсү, кыргыз элине таанымал мамлекеттик ишмерлеринин бири- Абдыкайыр Казакбаевдин ысымын алып жүрөт. 24- майдагы акыркы коңгуроо күнү А. Казакбаевдин жубайы, азыр 83 жашка келип калган Чолпон апа Бишкектен барып, күтүүсүз белек тартуулады. А. Казакбаевдин уул- кыздарынын атынан мектептин окуучуларына жаңы үлгүдөгү 20 компьютер, Казакбаевдердин өздүк китепканасынан жүздөгөн китептерди жана бүтүрүүчү окуучулардын жалаң "5ке" окугандарына акчалай сыйлыктарды тартуулады.
Биринчи классты жакшы бүтүргөндөр да бул күнү "Чыныбай" аттуу коомдук фондусунан акчалай сыйлык алып, кудуңдап кубанып тургандары жүздөрүнөн көрүнүп турду. Аларды карасаң, мамлекеттик гимн ойнолуп жатканда кээ бири тыпыйган колдорун жүрөк тушуна коюп алып, ырдап да жатканда көкүрөгүң көтөрүлө түшөт экен.
… Канча жыл, канча мезгил өтсө да мектеп өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн учуруп турат экен. Мектепти мындан 10, 20 жыл мурун бүтүрүп чыккандар да келип, мектеби, ардагер мугалимдери менен учурашып кетип тургандыгы да жакшы көрүнүш. Биз окуган жылдары мектеп ушул күндөрү жийде жытына толуп чыкчу эле. Азыр жийдени гүл кылып көтөрүп келгендер кездешпеген менен, мектептен азыр деле мага жийде жыты келип тургансыйт. Өмүрүнүн көп жылын окуучуларга арнаган атам менен энем, акыркы коңгуроолорду кечээ жакында эле микрофонсуз коңур үнү менен алып барып жүрчү мугалим иним Майрамбектин элеси эсиме келет. Жийденин жытына окшоп жан жыргаткан алардын жаркын элеси мектепте калгандай сезилет мага.

Айгүл Бакеева




  Каракол таланттары

Ырчылыкты эңсеп жүрүп артист болгон
Бар кыйынчылыкка карабай Касымалы Жантөшев атындагы Ысыккөл драма театры Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышбаевдин жетекчилиги менен кадимкидей эле ишин аткарып келет, көрөрмандын дурус баасында.
Аталган коллективде таланттуу артисттер арбын, алардын бири - Бакберген Намазов.

Кант менен момпосуйга ырдачу
Бакбергендин апасы китепти көп окуган, дурус ырдаган киши экен. Билгенинин баарын ага айтып берчү тура, ырдап берчү тура. Кээде уулун колхоз жумушуна ээрчите барып, эс алганда эркелете-эзиле кетип ырдатчу экен. Бакберген жөн ырдабай "гонорар" сурап турат, анысы - кант менен кагазы жок момпосуй. Анан "гонорарын" алары менен далайга ырдайт, даркырата…
Жаратылышынан үнү бар окшобойбу. Кийин мектепте ырдап жүрөт, Шаршенбай Мүсүралиев деген таланттуу агайынан тарбия алат, айыл-апанын кол чабуусуна татыйт.

Кокустан артист болгон
Сегизинчи классты бүтүп Күрөңкеевге тапшырмай болот, вокалга. Үнүң калыптанып бүтөлек экен деп ал жерге албайт. Анан Тоголок Молдо музыкалык окуу жайына тапшырат. Өтөт. Кийин мен эмне болуп иштейм десе, балдарды ырга даярдайсың, маселен, балабакчада иштейсиң дешет. Э кокуй, ырчы болбойт турбаймбы деп көңүлү кайт болуп турганда кокустан Жетөгүз районунун маданият үйүнүн артисттерине кезигип калат, алар кароо конкурсуна келиптир. Алар айтат: "биздин бир баланын кайда кеткенин таппай калдык, анын ордуна сен бир роль аткарып бер" деп. Ал селсебеттин чабарманынын ролу экен. Сөзүн тез эле жаттап алып, ролду кемтиксиз аткарат. Оюндан соң концертте А.Атабаевдин "Эне жөнүндө балладасын" аткарат. Жакшы аткарат.
Ошентип бул коллективде иштеп калат. Ата-энеси ал жөнүндө бир айдан кийин 65 сом айлык алып келгенде билет. Мейлиң дешет. Баса, а кезде арак 2 сом 87 тыйын экен…

Ырчылыкка эми бир чабуул
Үнү тамагында, каалоосу көкүрөгүндө неме ырчылык өнөрдү багынтууга эми бир аракет жасайт Фрунзе тараптан. Дагы тилегине жете албайт. Маңдайга жазгандан качкан ким бар экен, дале ырчы болалбай калды. Ырчы деген даңазасы жок мыкты ырдайт. Үнү - лирикалык баритон.
Ташкендеги театралдык окуу жайга эки ирет өттү, экинчисинде бүтүрүп келди.

Түбөлүк иштечү жерин тапты
Касымалы Жантөшев атындагы Ысыккөл музыкалуу драма театрына 1982-жылы келген. Он эки жыл бою сахна жасалгалап, бир топ жыл ал тармакты жетектеп, анан 1994-жылы артисттикке өттү. Ошол жасалгачы болуп жүргөн жылдары экинчи пландагы ролдорду аткарып жүргөн.
Ошентип, артист болгондон бери Ж.Кулманбетовдун "Манас Манас болгонунда" Көкчө менен Азизкандын, М.Ауэзовдун "Абайында" Текежандын, Б.Жакиевдин "Саадак кактысында" Атанын, М.Байжиевдин "Алтынчы күнү кечиндесинде" Күрүчбектин, Д.Сариевдин "Апийим гүлүндө" Доорондун, Н.Давлесовдун "Аста секин колуктусунда" Маркабайдын, Ж.Садыковдун "Өлүп-тирилгендеринде" Баатыр жигиттин ж.б. кыркка чукул ролдорду ойногон. Көбүн дурус ойногон, көрөрманы билет.
"Ромео менен Жульеттада" Тибалттын, "Атанын тагдырында" Табылдынын ролун эңсейт. Аталган спектаклдерди койдуруп, ошол эки ролду ойнойм деп ишенет.

Эмгегинин үзүрүчү?
Бир ирет "Жылдын мыкты актеру" аталган, көп ирет чоң, кичине "Ардак грамоталарды" алган… Жанагы курсак тойгузчу карзинкенин баасы 4000 сомго чукулдап калганда Бакберген баатыр 1700 сом айлык алып токпейил басып жүрөт, койкойгонун кантесиң, искусство адамдарынын пейилинен айланса болот… Анан да бийлик менен оппозицияны бирдей эле көрөт, өтө жакшы деле эмес.
Бакберген Намазов эми "Эмгек сиңирген артист" деген наам алганы турат. Деректири М.Алышпаев баш болгон кесиптештери ошону сураптыр жогор жактан. Болсун!

Баратбай АРАКЕЕВ




  Астротөлгө денсоолукту аныктайт

Өмүрүңүз узун болсун десеңиз...
Америкалык астрологиялык изилдөө борборунун адистери ар кандай жылдыздын алдында төрөлгөн 60 миңге жакын адамдын төрөлүү жана көз жумган даталарын аныктап, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышкан. Албетте, мунун баарына ишенүү кыйын. Антсе да ар ким өз денсоолугуна кайдыгер болбой, сергек жана узак жашоого умтулушу парз.

Кой
Денсоолугу табиятынан мыкты болот. Бирок абдан эмоцианалдуу болушкандыктан алардын нерв системасы жабыркайт. Кара жумуш жасай алышпайт, көз, тамак, мурун, кулак ооруларына көп чалдыгат. Чачы тез түшүп, эрте таз болушат.

Букачар
Жугуштуу инфекциялардан, сасык тумоо, тамак ооруларынан сак болгону жакшы. Ал эми кыз-келиндер жатын, боор, бөйрөк, ревматизм сыяктуу оорулар менен көп ооруйт. Семирүү коркунучунан сактануу керек.

Эгиздер
Нерв системасы, бронхит оорулары менен жабыркашат. Эгиздердин табияты абдан күчсүз. Канча калориялуу тамак жесе да алар толбойт.

Бөйөн
Рак оорулары менен ооруп калуу коркунучу бар. Көбүнчө плеврит, геморрой, гастрит, жөтөл оорулары менен жабыркашат.

Арстан
Өпкө, кыр арка, жүрөк, сарык, көз ооруларынан сак болушу зарыл.

Бийкеч
Бул жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн денсоолугу мыкты. Ошентсе да ич оорулар менен көп оорушат. Көпкө заңдай албай, кыйналган учурлары болот.

Тараза
Таразалар кандай оору болбосун, туруштук бере алышпайт. Тышынан денсоолугу чың көрүнгөнү менен, өтө назик, оорукчан келишет. Таразанын башкы душманы - суук менен нымдуулук. Бел, бөйрөктөрү көп ооруп, тери оорулары менен жабыркашат.

Чаян
Көбүнчө гепатит, цистит, ларингит менен оорушат. Жыныс органдарынын ооруларына көп дуушар болушат. Алар дарыланганды жаман көрүшөт.

Жаачы
Көбүнчө радикулит, ревматизмден жабыркашат. Организмде кремнийдин жетишсиздигинен алардын териси кургак келип, тырмак менен чачтары жакшы өспөй, түшүп турат. Орто жашка келгенде нерв системасы бошоп, кан тамырлар кеңейип кетиши ыктымал.

Текечер
Өнөкөт нефрит, анемия, рахит, муун оорулары менен жабыркашы мүмкүн. Ар дайым депрессияда болгону тукумкуучулук аркылуу берилет.

Суу пери
Бул жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн нерви жука келет. Ич өткөк, геморрой оорулары аларга бат жабышат. Спирт ичимдиктеринен алыс болгону дурус.

Балык
Тилекке каршы, ооруга жакын болушат. Аларды экзема, ар кандай суук тийүүлөр, уулануулар коштойт. Суудан да сак болушу керек. Себеби аларда сууга чөгүп кетүү коркунучу бар.