presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сапырык

Саясаттан сан кайрык
Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-министр:
"Чок кармаган мен болуп кала бергем"
- Сиз "Акаев мени кайнап турган казанга салып кеткен" деп айтып жүрөсүз. Учурунда сезген жоксузбу?
- Сезип-сезбегенде эмес, ал кырдаал күтүүсүз болуп калды да. Акаев да күтүүсүз кадам жасады. Анан аягында чок кармаган мен болуп кала бердим. Тескерисинче, мен эмес, ошол казанды кайнаткан УКК башчысы, башпрокурор өңдүүлөр күйүп, ошолор жооп бериш керек эле. Андай болбостон бардыгына жоопкер мен болуп калдым. Кандай кырдаалда кандай абалда калганыңды айтып коюу акыйкаттык го дейм.
- Азыркы бийликке сын айтып жүргөн мурунку бийлик өкүлдөрүнө мыйыгынан күлгөндөр көп. Кандай кабылдайсыз?
- Азыркы-мурунку деп бөлүнгөндөрдүн өздөрүнө мыйыктан күлсө болот. Өз принциби бар, абийири таза адамдар суу ичкен кудугуна түкүрбөй таза жүрүшөт. Ошол бизди шылдың кылгысы келгендер, Бакиев баш болуп, Акаевдин айланасында эле жүрүшчү эмес беле. Анан кайсы арларына мыйыктан күлүшөт? Накта саткындар, кызмат үчүн баарын жасоочулар, өткөнүн унутуп, ал тарапка көө сүйкөп, таш ыргытып жаткандар - азыркы бийликти айланчыктап жүргөндөр.
- Бир күндүк болсо да, министр болгонуңузга сыймыктанасызбы?
- Биринчиден, ушунчалык чоң постту ишенип берип жатканын эске алсак, анда сыймыктанса болот. Экинчиден, бир күндүк министрлик сыймыктана турган иш эмес.
- Өкүнөсүзбү?
- Эмнеге өкүнмөк элем? Өкүнбөйм. Себеби, ал менин күнөөм эмес да. Бул ошол кездеги коомдогу кырдаалдын жемиши. Ошол кырдаалдын күнөөсү.


Султан Раев, маданият жана маалымат министри:
"Кароол чоку саясатка айланып кетти"
- Султан Акимович, сизди жакын арада УТРК башчылыгына барат экен деген кептер бар. Сунуш болсо, барасызбы?
- Эми ушул жакта эле тура турсам деген оюм бар. Маданиятта бир топ иштерди баштап алдык. Баштаган ишти аягына чыгаруу жакшы да. А жанагы УТРК боюнча айтылган сөз имиш эле го. Андай болушу мүмкүн эмес. Ал жактан көрө бул жерден көп иштерди бүтүрөйүн деп ойлойм.
- Тарыхый эстеликтерди, жайларды сиздердин ми- нистрлик көзөмөлдөп, камкордукка алат эмеспи. Дегеним, Кароолчоку маселесин Абыкеевдин грузиндери кайра козгошту го. Сиз кандай пикирдесиз?
- Мен башынан эле Кароолчокунун казылышы, болгондо да азыркыдай өңүттө казылышына караманча каршымын. Албетте, эгерде илимдин, тарыхтын кызыкчылыгы болсо, анда да маалымат так экени аныкталса, анда казууга мүмкүн. Египетте, Иерусалимде деле тарыхый жайлар илимдин кызыкчылыгы үчүн казылып жүрөт. Бирок, бизде илимдин, тарыхтын эмес, саясый маселенин кызыкчылыгы болуп жатат өңдөнөт. Аны айрым бейөк-мөт уюмдар, лидерлер саясатка айлантып, чөптөй ишти төөдөй көрсөтүп жатышкандары да бар. Негизинен бул туура эмес.
- Туура эмес болсо, жөн жерден чуу салып жатышса, эч кандай археологиялык даярдыгы жок эле казабыз деп жатышса, аларды ооздуктап чара көрүүгө мыйзамда жобо барбы?
- Мындайларга чара көрүү жөнүндө мыйзам бар. Болгону анын иштеши жергиликтүү бийлик тараптан аксап, чийки болуп жатат. Дегеле тарыхый жайларды, эстеликтерди коргоо, өнүктүрүү жөнүндө биз чоң бир маселе козгоп жатабыз. Буюрса, ошол ишке ашса, мындайларга кескин чара көрүлөт.

Азимбек Бекназаров, "Асаба" партиясынын мүчөсү:
"Бакиевдин түбүнө кошоматчылары жетет"
- Азимбек Анаркулович, Сизди Улуттук коопсуздук комитети "президенттин өмүрүнө кол салат экен" деп сурак жүргүзүп жатыптыр го?
- Эч кандай сурак жүргүзгөн жок. Болгону УКК төрагасынын биринчи орун басары Турдубек Алмаматов чакыртыптыр. Бардым. Барсам, ошол киши: "Президентти жок кылыш керек деп жүрүпсүз, жөн жүрүңүз" деди. "Далилиңер барбы?" десем, "керек болсо, таап коебуз" деди. Кыскасы, булар эптеп эле мени камаганы жатат өңдөнөт.
- Балким, бул бийликтин оппозицияны сындыруу сценарийинин эскертүүсүдүр?
- Болушу да мүмкүн. Мен дайыма айтып келем. Булардын колунан баары келет. "Бакиевдин түбүнө өз айланасы жетет" деп эбак эле айткам. Оппозиция дагы эмес, башкалар дагы эмес, ушул эле күндөрү эң жакын болуп, айланчыктап, чачпагын көтөрүп чуркап жүргөндөр эле курутат. Ошон үчүн Бекназаровдон да, башкалардан да көрбөй эле коюшса болот.
- Демек, сиз уюштурбасаңыз да "уюштурду" жарлыгын тагып коюшу мүмкүн турбайбы?
- Ошон үчүн мен маалымат-жыйын өткөзүп, алдын ала айтып койдум. Болбосо, өздөрү айтмакчы, "далил керек десең, таап коебуз" дегендей, таап коюшат.


Амангелди Муралиев, экс-премьер министр:
"Мен таптаза кыргызмын"
- Амангелди Мурсадыкович, сиздин улутуңуз кыргыз да, туурабы?
- Ооба, таптаза кыргызмын. А эмне болду, мынча такып?
- Сиз Ошто губернатор болуп турганыңызда өзбектерге колдоо көрсөтүп, кийин депутатыкка чыкканда электоратты алыш үчүн "мен өзбекмин" деген турбайсызбы?
- Жо-ок, мен таптакыр антип айткан эмесмин. Эмнеге кыргыз болуп туруп антип айтмак элем. Документимди текшерсе деле кыргыз деп турат да. Же эмне, кыргызмын деп ураан чакырып, бүт ааламга жайыш керекпи? Андай эмес да. Туура, өзбектер көп жерде иштегем. Аларды жакшы билем. Анан эле ушинтип сөз чыгара берген болбойт да.
- Парламентти Ошко көчүрүү имиштери тарап жүрөт. Дегеле борборду Ошко көчүрүүгө кай пикирдесиз?
- Мен ойлойм, саясат өзгөрбөсө эч кандай деле таасир болбойт деп. Ошко көчсө эле маселе чечилип, өлкө өнүгүү жолуна түшүп кетет деген туура эмес. Борбор ушул жерде болгон соң, бүт үч бийлик бутагы ушул жерде эле болгону оң. Ансыз да араң турган саясат көчүп-конуудан такыр ажырымга кетет.
- Түштүктөгү өзбек улутунун таасири күчөгөнүн, чегаралардын тарыганын, айылдарды таштап баса берүүлөрдү кандай жолдор менен калыбына келтирсе болот?
- Менимче, өзбек улуту анчейин деле коркунуч туудуруп жибербейт. Кеп көчүү-көчпөөдө эмес. Кеп - саясаттын оңолушунда. Саясат өз нугун таап, ыргактуу болсо, бардыгы өз ордунда болот.

Нурлан ЖУКЕЕВ










??.??