№49, 20.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Из...

Кубат менен Кларанын чоң күзгүсү…
Төртүнчү курсту аяктайын деп калганыбызда "телевидениеден" окуткан Талант Разаков деген агайыбыз документалдуу фильмдер боюнча сабакка "өзгөчө" мейман чакырганын кабарлады. Жазгы күнгө талыкшып, ыкшыйып отурган аудиторияга адегенде сары багалектүү узун шыйрак, анын артынан чубалжыган жашыл плащ, анан ак кепка кирди. Сабы узун сумкеси артында калган укуруктай киши келип эле эки жакты карап калды. Кудум алыска кетип, эми үйүнө кайтып келген кишидей баарыбызды кылыйган көзү менен сыдыра карап алды да, "кандайсыңар?" деп койду. Айрандай уюп мылгып отурган бизден жооп деле күтпөй тегерете карап, "качандыр бир кезде мен да ушерде окугам, бирок анда эшиктер өз ордунда болчу" деп койду. Кайсы бир кармаштан кийин тээгинен чыккандай каалганы биз да карап калдык. Алиги агай айткан документалдуу фильмдердин сценарийин жазган Кубат Жусубалиев деген ушу киши экен. "Алайдын аркы жагын айтып отурбайын, өзүңөр көргүлө, түшүнсөңөр, түшүнөөрсүңөр, түшүнбөсөңөр дагы далайдын башын бүтүрөөрсүңөр" деди да, Кубат аке бизди өздөрүнүн кино дүйнөсүнө жетелеп кирип кетти.

Кинонун аты "Жолборс эки уйду жара тартып жатат" деп аталат экен. Аталышы кыргызча, окуясы андан бетер кыпкыргызча, кадимки ала кийиз, шырдактын оюмдары, оюмун кочкул түспөл үшмөк жип менен оюп алып, анан ага жүн жулган айылдык аялдар кирет.... Кадимки кадыресе турмуш дейин десең, дүйнөлүк музыканын коштоосунда оюм оюп жаткандар ала кийиз жасабай эле ааламдык иш кылып жаткандай. Кадрдын артынан чыккан кыргыздын коңур үнү эмелеки Кубат акеники экенин тааныдык.
Андан кийин "Койчу менен жөө туманды" көрдүк. Көрдүк да, көргөндөн көрө элегибиз көп экенин ошондо түшүндүк. Кечээ эле ошол жактан келсек да, тезектин жыты менен саманы көрүнгөн шыбак тамдарды жерий баштаган жаныбыз боорунда мөндүрү агарган тообузга жетип барып, жөө туманды мына азыр аралап чыга калгандай болдук. Укмуш болбосо да, укмуштай жанга жакын, жыты тааныш кинону Клара Юсупжанова жаратканын ошондо биринчи жолу билдик.
...Киносун көргөн менен Клара эженин өзүн көп жыл өткөндөн кийин көрдүм. Кыштын күнү тыбыт жоолукту шарф кылып мойнуна ороп алыптыр. Эже сүйлөп келаткан сөзүн шарт үзүп, бурула калды да, жол боюндагы кичинекей дүкөндөн печенье сатып алды. "Кызым ушуну жакшы көрөт, -деди мага, - кийин сен балалуу болгонуңда да ушинтип үйүңө куру барбай каласың". Кубат Жусубалиев менен Клара Юсупжанованын Жамбы аттуу кызы бар экенин, аны ийнине кондуруп алып Кубат аке күнүгө шаар четине (агезде алар жашаган жетинчи кичи райондун ары жагы ээн жатчу) чыгып кетээрин китебинен окуп билчүбүз.

Ошол жолугушууну эми минтип "кечээ көргөн бүгүн жок" деп, Жамбыга айтып берип жатам. Маңдайдагы текчеден Кубат аке менен Клара эженин сүрөттөрү бизди карап турат. Мемиреген жайкы күүгүмдө экөөбүз эмес, төртөөбүз сүйлөшүп жаткансыйбыз. Жамбы сөздү улап:

- Апамдын атасы фронтко кетип, апасы Токмокто иштеп, өзү чоң апасынын колунда калыптыр. Кийин чоң энесинин күлкү келээрлик жоруктарын өзгөчө мээрим менен көп эстечү. Атын айтканга тили келбей, "Киляра" деп чакырган чоң апасы, эски жалпак тамдар, элеттик карапайым адамдардын тиричилиги апама өзгөчө жакын болгону ошондон болсо керек. Ошон үчүн көпчүлүк чыгармалары эч жасалмасыз , боексуз, турмушта кандай болсо, ошондой тартылган.
- Биздин коомчулук кечээ жакындан эле кыргыз турмушунан тартылган фильмдерди көрүп, кубанып, суктанып, тамшанып кирбедиби. Аларга чейин эле "Койчу менен жөө туман", "Кымыз", "Өрөөндөр жана адамдар" сыяктуу фильмдер бизде бар эмес беле, алар эмне үчүн эмдигиче көмүскөдө калып келатат?
- Азыр эми өзүнүн көзү жокто "мындай болгон" деп так кесе айтыш кыйын го, ошондой болсо да апамдын чыгармачылык тагдыры оор болгонун жакшы билем. Актердук чөйрөдө болсун, режиссердук иште болсун, ага бут тосуулар абдан көп болгон. Кыргыз кино тармагынын кандай чөйрө экенин таланттуу режиссер Динара Асанованын "Ленфильмге" кетип калганы эле айтып турбайбы. Апам да кино тартаарда дайыма тири укмуштай кыйынчылыктарга дуушар болучу. Мисалы "Саламатсыңбы, жайлоону" тартаарга уруксатты араңдан зорго сентябрда алган. Күзүндө анан кайдагы жайлоо? Табиятынан жасалмалуулукту, үстүртөн жасалган ишти жек көрчү. Кандай иште болсо да "боло берет" дегенге эгерим жол берчү эмес. Кыргыздын турмушун, табиятын, көз караш, ой-пикирин жакшы билип, өзгөчө сүйгөнү үчүн жүр нары картинаны жасай коюшка анын арияты жол бермек эмес. Ошон үчүн "Жолборс эки уйду жарып салдыны" тарткан учурда үймө-үй кыдырып, көөнөргөн буюмдардан жоголуп бараткан байыркы оймолорду издеп, ал аркылуу көчмөндөрдүн дүйнө таанымын, жашоо философиясын түшүнүүгө аракет кылган.
- Адегенде актриса катары таанымал болгон да?
- Ооба, "Биринчи мугалимде" башкы ролду ойногон. Л.Шепитьконун "Аптап" фильминде тартылган. Бирок актердук чөйрөдө "кемириле" баштаганда режиссердук курска кетип, аны 1971-жылы бүтүп, кайтып келген. Аны башкалардан айырмалап турган нерсе - нукура табигый баалуулуктарды көрө билгенинде, табитинин өтө сезимталдыгында, анан жымсалдоону билбеген "түптүздүгүндө", эч нерсеге кайдыгер карабаганында болчу.
Аны бияктагылар көрмөксөнгө салганы менен, дүйнөлүк маданият чөйрөсүндө жогору баалашчу.
91-жылы апам биринчи ирет Парижге Борбор Азиянын Франциядагы кинофестивалына келди. Бул фестивалга анын эки фильми кириптир. Мен ошол жакта болчумун да. Мага деп чучук, казы-картаны баш кылып, эт, май, вареньени толтуруп алып алыптыр. "Жүгүнүн" бир далайын Москвадан, бир далайын Франциянын чегарасынан өткөрбөй койгонуна катуу кейип келди.
Фестиваль өтчү фойеге апамдын фильмде тартылган сүрөтүн афиша кылып илип коюшкан экен. Француздар кирип эле ошол сүрөттүн алдына токтоп, кыргыз кызынын сулуулугуна суктанып жатышты. Анын жанында турган аял - ошол сүрөттөгү кыз экенин эч кимиси байкаган да жок. Ошол жолку фестивалда, андан кийин Германияда, Финляндияда өткөн сынактарда киноискусствону жакшы түшүнгөндөр абдан жогору баалап, жакшы пикирлерин айтышкан. Искусство таануучулар этнографиялык темадагы философиялык мааниси терең фильмдерге Вивальди, Бах сыяктуу дүйнөлүк шедеврлердин музыкасы шайкеш пайдаланылган, даректүү фильмдеги жаңыча жанр деген баа беришкен. Ырасында эле карапайым койчу, кадимки эле айыл, карапайым адамдардын турмушу жалпы адамзат баалуулугунун бийиктигине көтөрүлгөн.
- Юсупжанованын фильмдеринин өзөгүн Жусубалиевдин сценарийи түзчү да?
- Көпчүлүк апамдын тарткан фильмдеринин ийгилигин атамдын аркасы менен дешчү. Бирок андай дегенге деле болбойт. Атам жакшы жазуучу катары адабий чыгарма гана жазчу. Андан режиссердук идеяны апам "бычып", сценарийин экөөлөп талкуулап, талашып, тартышып отуруп жаратышчу.
- Экөө көп талашып-тартышчу беле?
- Турмуш-тиричиликте тартышышкандыр, бирок чыгармачылыкта бири-бирин толуктап турган эң сонун симбиоз болчу. Экөөнүн тең деңгээли бирдей болчу да, ошон үчүн таптакыр эч кимдикине окшобогон чыгармалар жаралган. Өздөрүнүн турмушу жөнүндө интервью бергенде атам: "Турмуш деген чоң күзгү, ошол күзгүнү Клара экөөбүз ыйлап-сыктап тазалап келатабыз" деген. Анысы чын. Экөөлөп турмуш - күзгүнү тазалоого аракет кылышкан.
- Атбашы тарапка чогуу барып репортаж жасаганыңар эсимде...
- Оо, ошол жолку саякат менин көөнүмдөгү эң бир керемет окуя болуп сакталып калды. Чет элдик эки мейман, сүрөтчү, анан апам болуп чогуу барганбыз. Ошол жолу апам бир башкача даярданды. Атбашынын Кошой Коргону - туулуп-өскөн жери да, бизди байыркы тарыхый жерлерди кыдыртып, Таш рабатты көрсөттү. Кайтып келатканда Кошой Коргонго кайрылдык. Жергиликтүү адамдар апамды көрүп кубанып учурашып жатты. Беш фильми ушул аймакта, Соңкөлдүн жээгинде тартылган да, ошон үчүн көпчүлүгү эстеп калышыптыр. Көлдөлөңдүн мыктысын салып, болгон сыйын көрсөтүп жатышты. Элдин мынчалык мейман-достугу, табияттын керемет кооздугу көкүрөгүбүзгө укмуштай бир дем толтуруп, бир башкача маанайда кайттык. Апам "кел, экөөлөп китеп жазалы" деп жүрдү, ошондо тилин албаганыма эми өкүнүп жүрөм. Эртеби-кечпи, акыры китеп жазам деп ойлойм. Анда албетте, Кыргызстандын айтып бүтпөс ажайып кооздугу, анда жашаган керемет адамдар, алардын ичинде менин атам менен апам туурасында сөз болот деп ойлойм.
Сүйүн Курманова