presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Маектөр

Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов:
"Кушбак Тезекбаев менен чай ичип көргөн эмесмин"
- Мурдагы социалдык фонд төрагасы Акматбек Келдибеков "пенсияны чектээрде дайыма ата-энем эсиме келет" деп көп кайталачу эле, пенсияны чек- тээрде сиздин эсиңизге эмнелер келет?"
- Менин энем, кудайга шүгүр 70 жашка чыгып калса да азыр деле иштейт, позициясы активдүү, "бирөөнүн мойнуна олтургум келбейт, буюрса 80-90 жашка чыксам деле иштей берем" деп жатат.
Карыларга пенсия чектээрде мен эң ириде Кыргызстандын булуң-бурчтарына баргандагы жолугушуулардагы, кабыл алууга келгендеги карылардын абалы, айрымдарынын көз жашы, пенсия уюмдары менен жолугушуулардагы коюлган көйгөйлөр, турмуш-тирликтеги кары адамдарыбыздын оор жагдайы эсиме келет.
- Пенсия саясатынын келечеги кандай болот, азыркы пенсия турмуш-тирликти кууп жете албай жатпайбы?
- Пенсия саясатына абдан тыкандык менен мамиле жасашыбыз керек, себеби, биз бул жагынан ката кетирип койсок, ал келечекте чоң проблемаларды алып келиши мүмкүн. Бизде Россия, Казакстан мамлекеттери өңдүү чоң стабилизациялык фонддор жок. Мисалы Россияда социалдык чөйрөдө проблема болуп калды эле, бюджеттен жардам берип, ал проблеманы чечип коюшту. Бизде болсо андай эмес, бюджет жардам бере албайт.
Пенсиялык реформаны биз кайсы багытта жүргүзүп жатабыз? Биринчиден, пенсиянын өсүшү Кыргызстандагы инфляциянын өсүшүнөн жогору болушу керек, ошондо бара-бара жер-жерлердеги пенсионерлердин алган каражаты да алардын турмуш-шартын оң- доого себепчи боло алат. Экинчиден, эмгек боюнча эларалык уюмдардын стандарты боюнча пенсиянын орточо көлөмү орточо айлыктын 40 пайызын түзүшү керек. Кыргызстанда болсо пенсиянын көлөмү орточо айлыктын 28 пайызын түзөт. Биз бара-бара ошол деңгээлге өтүүгө барышыбыз керек. Үчүнчүдөн, биздеги чоң проблема СССР кулагандан кийин мурда топтолгон пенсиялык акчалар жок болуп кеткен. Эң башкысы - биз азыр рыноктук мамиледе жашап жатабыз, пенсиянын топтоо системасына өтүүнүн негизинде азыркы муундар көбүрөөк пенсия алууга шарт түзүлө турган жагдайга жетишүүбүз зарыл. Бул бүгүн-эртең эмес, келечекте ишке ашаар маселе.
- 1-июндан баштап кымбаттоолор күч алса, пенсия көбөйөбү?
- Президент кол койсо, 1-июндан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 10 пайызга көбөйөт. Пенсия негизинен үч бөлүктөн турат, базалык бөлүгү орточо айлыктын 28 пайызын түзөт. Ушул жылдын 1-январынан тартып ал 450 сом болгон. Экинчи камсыздандыруу бөлүгү да эки бөлүктөн турат, анын биринчи камсыздандыруу бөлүгү 1996-жылга чейинки айлыктын көлөмүнө байланыштуу. Бул 10 пайыздан бир аз жогорураак көтөрүлдү. Экинчи камсыздандыруу бөлүгү 1996-жылдан кийин ким пенсиялык эсебине канча көлөмдөгү акча топтосо, ошого пропорционалдуу болот.
Пенсиянын көлөмү өлкөдөгү инфляциянын көлөмүнөн жогору болушу керек. Эгерде быйыл Улуттук банк өлкөдөгү инфляциянын көлөмү 12 пайыз болду десе, анда пенсиянын көлөмү 15 пайыз болушу керек.
Бизде дагы бир проблема бар, СССР мезгилинде бир пенсионерге иштеген үчтөн ашык адам туура келчү, азыр болсо бир пенсионерге иштеген 1,8 адам туура келет. Анын да 0,6 бөлүгүн айыл чарбасында, патенттик ыкма менен иштегендер түзөт, ошондо дээрлик жакшы төлөм менен иштегендерди эсептесек, бир пенсионерге жакшы төлөм менен иштеген 1,2 адам туура келет. Эл аралык стандарт боюнча бир пенсионерге үчтөн кем эмес иштеген адам туура келиши керек. Пенсиялык фондго орточо төлөм азыр 25 пайыз, пенсияны көтөргөндө ал 28 пайыз болот.
- Келдибековдун учурунда Л. Фомова пенсионерлердин укугун коргоп чыкчу эле, жакында пенсионерлердин укук коргоочусу В. Житенева азыркы пенсия менен жашоого мүмкүн эместигин айтып чыкты…
- Азыр мурункуга караганда бир аз жылыш бар экени көрүнөт, пенсия убагында төлөнүп турат, алтүгүл алыскы райондордо биз июнь айынын пенсиясын май айында эле таратып койдук. Ошондо дээрлик бир пенсия кошумча берилген болот.
Биз бул жерде бир нерсени эске алышыбыз керек, мына, энергетикадагы абалды мисал келтиреличи, мындан 2-3 жыл мурун биз электр энергиясын кайсы өлкөлөргө экспорттоорубузду билбей жүрсөк, азыр электр энергиясы өзүбүзгө тартыш болуп калды. Ошол сыяктуу эле биз учурдагы пенсиялык фондду түгөтүп алсак, пенсияны байпак- батек же ун, буудай менен бере баштап, мурдагы таз кейпибизге түшүп калышыбыз ыктымал.
- Биздин көптөгөн жарандарыбыз азыр чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт, алар пенсияны кантип алышат?
- Биздин өлкөнүн 500 миңдей жараны азыр чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт, мыйзам боюнча пенсиялык төлөм Кыргызстандын аймагында иштеген жарандарга гана жүргүзүлөт. Өкмөттүк эмес пен- сиялык фонддор менен сүйлө-шүүлөрдү жүргүзүп пенсиянын топтоо көлөмүн түзүп, ал аркылуу пенсия чектөө маселесин карап жатабыз.
- Аялдар менен эркектер тең укуктуу деп атабыз, алардын пенсия жашы да бирдей болушу керек деп эсептейсизби?
- Европа мамлекеттериндегидей аялдар менен эркектердин пенсия жашын бизде да бирдей кылуу боюнча сунуштар түшкөн. Бирок биз ага барган жокпуз. Аялдар эң биринчиден энелер, алар үйбүлөдө балдарды тарбиялоодо, багууда ролу чоң, декреттик отпускаларда болуп, эркектерден көбүрөөк түйшүктү тарткандыгы белгилүү. Ошол себептүү биз аялдар менен эркектердин пенсия жашынын айырмасын 5 жыл кылганбыз. Эркектердин пенсия жашын категорияларга жараша 60-63төн, аялдардыкы 55-58ден деп белгиленди.
- Социалдык фонд менен Промстройбанктын ортосундагы маселе пенсиялык фондго байланыштуу болду, бул туурасында эмне айта аласыз?
- Бул жердеги маселенин негизи жөнөкөй эле болучу. Бир мезгилде Промстройбанк Социалдык фонддун аманат акчаларын сактап келди. Мында Социалдык фонддун акчасы Промстройбанктын өзүнүн активинен көп болуп кеткен. Алсак, Пром-стройбанктын активи, 120 млн бекен, 130-140 млн сом бекен, айтор, социалдык фонддун ал банкта салынган аманат акчасы андан да көп суммада болуп кеткен. Ошол тушта Социалдык фонддун башкармалыгы Социалдык фонддун ар бир банктагы активи банктын жалпы капиталынан ашык болбосун деген чечимин чыгарат. Ошого байланыштуу 2007-жылдын ноябрь айынын аягында Промстройбанктан ашыкча капиталын алып чыга баштаган. Бирок тобокелге салып, баарын чыгарып кетейин деген эмес болчу, бир бөлүгүн калтырышмак. Ошол учурда Социалдык фонд менен Промстройбанктын ортосунда түшүнбөстүк болуп, Промстройбанк Социалдык фондго төлөмдөрүн аткарбай койгон. Мен бул структурага декабрь айында жетекчи болуп келгенимде, Муратбек Осмоналиевге кирип айттым, сиз да банкирсиз, мен да банкирмин, Улуттук банкты жетектегем, өз ара чечишип алалы, мен ревизия жасап олтургум келбейт деп сүйлөшкөнбүз. Алар аткарууга убадасын беришкен, бирок убагында аткара албай калышты. Менден мурдагылар бул тууралуу бир нече жолу сотко да кайрылышкан экен, бирок процедуралык, кагаз толту-рууга байланыштуу мүчүлүш-түктөрдөн улам, сот алардын доосун кайра кайтарып келген. Биз да ошол процедуралык кемчиликтерди оңдоп, сотко кайра берген болчубуз. Ошонун эсебинен консервация болгон. Бирок Промстройбанк анда банкрот болгон эмес, биз берген акчаларыбызды алар үчүн да ыңгайлуу шартта, проценттик төлөмдөрүбүздү берип туруп, келишимге келгенбиз, ортобуздагы пикир келишпөөчүлүк чечилген болучу. Бул Социалдык фонддун күнөөсүнөн эмес, Промстройбанктын өзүнүн убаданы өз убагында аткара албай калгандыгынан болду. Тилекке каршы, техникалык ката кеткенби же дагы башка себептер болдубу, айтор убаданы аткара албай калышты.
- Сиздин Жогорку Кеңештеги иштериңизге токтолсок, "Camry" машиналарынын айланасында Башкы прокуратура сурак жүргүзүп жатканы чынбы?
- Жогорку Кеңеш кезегинде 75 жеңил машина сатып алуу боюнча токтом чыгарып, атайын тендердик комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга оппозициядан да, позициядан да депутаттар киргизилген. Алар тендер өткөрүп, көзөмөлгө алып, тендерди бекитип берген. Кичине кечигүү менен, бирок ал убактагы төлөмдөр толугу менен келген. Ошону менен ЖК 21-22-октябрда тарап кеткенден кийин, ЖК иш башкармалыгы 11-21-ноябрда дагы 15 машинага кошумча акча которуп жиберген. Биз 55 машинанага акча төлөгөнбүз, 60 машина келген. Ал эми кошумча төлөөлөр боюнча дагы 15 машина боюнча азыр сөз болуп жатат. Бул маселени Башкыпрокуратура иликтеп жатат, бул боюнча кимдерден катачылык, күнөө кетирилсе, ошол жооп берүүгө тийиш.
- Спикер кезиңизде сизди Президенттикке көрсөтүү боюнча өзүнчө топтор уюшулуп, бул боюнча Кушбек Тезекбаев камалып кеткен деген сөздөр бар, буга кандай дейсиз?
- Саясатта интрига көп болот экен. Кушбек Тезекбаевди өмүрүмдө бир гана жолу көргөм, депутат Санжар Кадыралиев шайлоочулар менен округунда чоң жолугушуу уюштурган учурда, ал губернатордун орун басары катары барган. Мен аны башка көргөн да эмесмин, катташкан да эмесмин, чайын да ичкен эмесмин. Ал тургай шайлоо учурунда ал Абдыганы Эркебаевди колдоп, мага оппонент сыяктуу болуп жүрдү. Ал эми мени Президенттикке көрсөтүп жүргөн кандай топтор бар экенин да билбейм, мен эч кандай топко кирген да эмесмин, уюштурган да эмесмин. Бул сөздү мындай дейин, орустар айткандай ар ким "по мере своей испорченности" түшүнөт болушу керек, ошол сөздү чыгаргандардын өздөрү топ түзүп, президент болууну самагандар окшойт.
- Сиз өткөн башкарууда да мамлекеттик маанилүү кызматтарда иштедиңиз. Өткөндөн сизге эмне кымбат жана эмне өкүнүчтүү?
- Акаев учурунда мен Улуттук банкта иштеп жүргөнүмдө улуттук валютаны киргиздик, учурунда бул маселени сындап чыккандар көп болгон, биз ошол учурда расчетту туура жүргүзүп, туура багытты тандап алгандыгыбы далилденди. Өкүнүчтүү жагы: Аскар Акаевдин күйөө баласы Кыргызстандын ички иштерине кийлигише баштагандан тартып мамлекеттин тагдыры өкүнүчтүү жагдайларга кабыла баштаганы. Азыр дагы биз СССР мезгилиндегидей, "одобрямс" деңгээлинен жогору көтөрүлүп, мамлекетте, өкмөттө, Жогорку Кеңеште ар кыл пикирлерди угуп туруу керек. Граждандык коомдун өнүгүшө өбөлгө болуп, мамлекеттин өнүгүшүнө ар кимибиз салым кошушубуз керек.
- Сизге саясаттан башка эмне кымбат?
- Мага кандай участок тапшырылса, мен ошондо адис болуп калгым келет, Жогорку Кеңеште сен саясатчысың, шайлоочулардын укугун коргошуң керек. Ал эми пенсиялык системага иштеп кеткенден кийин, мен пенсиялык системаны жакшыртуунун үстүндө күч үрөшүм керек. Бул саясатка принципиалдуу кызыкпай, жалаң бүт иш-аракетимди ушул тармакка бөлүү дегендик.
Экинчиден, өзүмдүн жеке баа-луулуктарым бар, арак ичпейм, тамеки тартпайм, спортко кызыгам. Кийинки кезде спортко көп көңүл бура албай калдым эле, тоого чыкпай, машыкпай калдым, ит кармап бакчу элем, мына ушулардын баарын колго алсамбы дейм. Үйбүлөм менен болуп, менин эң жакшы көргөн кичинекей кызыма көбүрөөк көңүл бөлсөм дейм.
- Сиздин иниңиз Омар азыр Россияда иштеп жүрөбү?
- Омар азыр Россияда жана көбүрөөк чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. 2002-жылдан ал GSM фирмасында иштеди, азыр фондулук рынокто иштеп, Россияда, Европада болот. Кыргызстанга жылына 2-3 жолу эле келет.
- Пенсионер Марат Султановду кандайча элестетесиз?
- Кудай буюрса, пенсия жашына да келебиз, Марат Султановду мен үйдө эс алып олтура албаган, пенсияга чыкса да иштеп жүргөн, жаны тынбаган киши катары элестетем.

Маектешкен
Айгүл Бакеева










??.??