№49, 20.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Улут уңгу

Чоюн Өмүралиев:
"Ыймандын сурагын унутпайлы"
- Чоюн агай, улутчулдук жана мекенчилдик сиздин пикириңизде кандай бааланат?
- Улутчулдук-мекенчилдикти кескин ажыратып бөлүп айтууга деле болбойт. Экөө түбүндө бир эле түшүнүк. Сөздүн жакшы маанисинде, улутчул киши мекенчил, мекенчил киши улутчул болот. Улутчулдук деген түшүнүк башка улуттардын кызыкчылыгына кайчы келбейт. Чыныгы улутчулдук өзөгүндө жалпы адамзаттык маани-маңызды камтыйт. Ал баарыбызга белгилүү патриотизм, эл-жерди, жаратылышты сүйүү, адамгерчилик деген жана башка түпкүлүктүү, түбөлүктүү маселелер. Түбөлүктүү маселелерге келгенде, ар бир мамлекетте, улуттардын дөөлөттөрү таламдаш, мүдөөлөш, түптөш болот. Франция, Швеция же Германияда: "Сен улутчулсуңбу, мекенчилсиңби" деген суроо коюлбайт. Күлкүлүү угулат ал. Мындай суроонун келип чыгышы, биринчиден, тарыхый мүнөзгө ээ. Экинчиден, мамлекеттик ишке да байланыштуу. Тарыхый дегеним, мисалы, кечээги СССРдин тушунда "Чоң мекендин кызыкчылыгы" атынан кичирээк улуттардын кызыкчылыктары курмандыкка чалынып турганын билебиз. Улуттун нукура азаматтары аеосуз репрессияланган. Башка эмес, Юдахиндей орустар улутчул аталган. Тилекке каршы бүгүнкү Россияда орус кызыкчылыгы атынан ал саясат дале уланууда. Бул эми "мекенчилдиктин" шовинизмди жамынган, деформацияланган түрү. Эми мамлекеттик түзүлүш жагынан, федеративдүү же конфедеративдүү мамлекеттерде улуттардын кызыкчылыгы мекенчилдикке шай чиелениши керек. Мунун мыкты үлгүсүн Швейцария берген.
Эми өзүбүзгө келсек, биз унитардык мамлекетпиз. Улутчулдук маселеси ушул ыңгайда ачык, так, ырааттуу жана принципиалдуу жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет эмес. Ал көп улуттун өкүлдөрү жашаган, "Кыргыз эли-мамлекети" алкагында бириктирген моноунитардык мамлекет. Мамлекетибиздеги бардык улут өкүлдөрүнүн иш-аракети мына ушул Кыргызстан же кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына баш ийдирилиши керек. Туу түбүндө турган калктын (титульная нация) экономикалык дагы, рухий да жактан сакталышы, өсүп-өнүгүшү үчүн ырааттуу багытталышы керек. Анткени, "кыргыз" деген эл сакталбаса, Кыргызстан деген өлкө да калбастыгын бардыгы моюндагыдай болушу керек. Бирок, биз көп учурда дале жалтактап-кылчактап, кечээ советтик федеративдүү, а аныгы кулчул психологиядан өзүбүз арыла албай келатабыз. Кокустан "улутчул" аталып калбайлы дегендей, мамлекеттик саясат деңгээлинде, коркок-билиш кыязда саксынуу бар.
- Мисалы?
- Мисалы, ушул эле 17 жылдан бери айтылып бүтпөй келаткан мамлекеттик тил маселеси. "Расмий тил" дегенди мурдагы президент 2003-жылы референдумда орус тилдүү элдин маанайын пайдаланып кетиш үчүн эле, эч бир коомдук суроо-талап, зарылдыгы жок туруп, өз демилге менен, кокустан Конституцияга киргизип жиберген. Ошондон бери парустун айбалтасынан өзүбүз улам жалтактап, ашыкча саксынып атып, ал статья бүгүн Конституцияда Кытай сепилиндей козголгус бек орноп алды. Натыйжасы - мамлекеттик тилдин толук кандуу өнүгүшүнө кедергисин тийгизип турат бүгүн. Экинчи мисал, эгерде Чөдөңдүн баласы (Чудинов) мамлекеттик тилде жок дегенде чала-моңол сүйлөп турса, бир эле ушунун өзү мамлекетибиздеги өзгө тилдүү жарандарыбыздын алдында кыргыз тилинин кадырын канчалык көтөрүп коет эле. Жок, мамлекеттик бийлик жетекчилик, аны үндөбөй бекитип берген парламент мамлекеттик тил мыйзамынын талабын өзүлөрү басмырлап, тебелеп таштады. Анан кантип кыргыз тилине карата сый-ызаат ойгонот?
Борборубуздагы кыйла имарат, жайлардын көрнөктөрүнө көз чаптырсаңыз, оболу үстүндө орус тилинде аталышы балчайта жазылып, а алдында кыргызча жазылышы былчыя тебеленип турат. Атайын ушинтилген. Бул кайсы идея, идеологиянын жыты? Бул салтты башка эмес, орус тилиндеги эң башкы гезитибиз, эгемендиктин биринчи күндөрүндө өзү баштап берген: "Слово Кыргызстана" деп жазган. "Слово" деген орус тилинде "Библия", "Игордун кошуну жөнүндө сөз" жана башка "Словолор" менен ассоциациялашып кайнаган орус православ духунун салтанатын символдойт. Ошентип бул гезит аты "Сөзгө" тебеленген "Кыргызстанды" билдиреби же "Кыргызстан" деген мамлекеттин "сөзү" болушу керек беле? Бул майда, бирок унитардык мамлекетибизде али да жашап турган "кожолук" жана "кулчул" психологиядан алдыртан кабар айтып турган кашкайган факт.
- Атажуртту сүйүүнү, улутчул болууну эл катмарына, жаштарга кандай таасирлерге турукташтырып жеткирүү керек? Улутчулдук абстрактуу түшүнүк боюнча калбашы үчүн бизде кандай шарттар жетишпей жатат?
- Улуттук дөөлөттүн негизин гуманизм түзөт. Гуманизм - адамзаттын, кыргыз, казак, орус, өзбек деп бөлбөй, жалпыга тиешелүү ар бир улуттун туулган жери, журттаган, жашаган мекени болот. Анын тарыхын сактоо, учурун келечек муунга мурас калтыруу улам соңку муундун ыйык парзы, милдети. Бирок жаштарга жеткирүү үчүн тээ түпкү тарых, тил, маданият, билим-илим, өз элинин түпкү дөөлөттөрүн үйрөтүп, аларды кадырлоону, сыйлоону, жашоосуна пайдалана билүүгө тарбияласа, жаштар биз ойлогондой мекенчил же улутчул болот.
- А бизде андай болбой жатпайбы?
- Бул маселе айланып келип эле экономикага, саясатка байланышып кетет. "Бири өлмөйүн, экинчисине күн жок" деген принцип менен жашаган бүтүндөй зордукчу эл, мамлекеттер бар. Нары алсыз мамлекеттерди адегенде экономикалык жактан толук алсыратышат. Кыш чилдеде кол караган койдой абалга алып келишет. Анан элдин ички дүйнөсүн жеңип алууга умтулат. Өзүнүн дөөлөтүн таңуулайт, ар кандай түз да, кыйыр да күч колдонуп, маданий нугуна салып, ар кандай жолдор менен жаштарды жеңип алууну көздөйт. Улуттун жанын жеңип алгандан кийин өз таасирин опоңой орнотот.
Мен көзгө анчейин байкалбаган, айыпсыз кичинекей бир маселени айтайын.
Ар бир улутту улут кылып сактап турган өзүнүн ички ритми болот. Ал ички ритм-жаратылышынан, табият, ичкен суусунан, жуткан абасынан, жеген даамынан биригип келип чогулат. Ички ритмдин абдан күчтүү ачылып чыккан формуласы - улуттук музыка болот. Ар бир элдин улуттук музыкасы, улуттук аспаптары аркылуу ички ритми чагылдырылат. Дискотекаларда ушул ички ритмди ургалдуу түрдө тез талкалоо процесси жүрүп жатат. Жаштар ийкемдүү келет, сырткы таасирлерге бат азгырылат. Мисалы түнү чыксаң, таңга чейин дискотека. Дискотекалап жүргөн бала эртең комуз күүсүн угабы? Улуттун кызматын кылабы? Жандүйнөсүн башка ыргактарга жеңдирип атса. Мындай карасаң, мунун баары айыпсыз көрүнөт. Бирок, улутту өзүнүн нугунан жулуп кетүүнүн ыкмасы бул. Абай айткандай: "кулактан кирип бойду алган". Бойду эмес, ойду, жүрөктү бүт алып атат. Ичинен өзгөргөн улут сырткы касиеттеринен бат эле алыстап калат.
Мунун баарын биз бүгүн Батыш глобализмине байланыштырып, түшүнүп тим болобуз. Эми ушул глобализмден эч айырмасыз же анын дин жамынып кирип келген бир формасы "арабизмди" кантебиз? Кечээ тил жамынып кирген орус шовинизминен бүгүн дин жамынып, ичибизге ургаал кирип жаткан араб шовинизминин айырмасы канчалык? Соңкусу атургай коркунучтуураак. Анткени ал ата-баба ишенимин соодалап, ошого жамынып кирет. Тоонун таптаза комуз ритмин чөлдүн аптап муңкан ритмине эритип, куйкалап… Мына ушунун баарына биз ата-бабалардын түптүү маданиятын, улуу "Манасын" тосмо коюп гана каршы тура алабыз.
- Азыркы мезгилде улуттук аң-сезимди, улуттук жүрүм-турумду алып жүргөн лидерлер барбы, сиз кайсы лидерди мекенчил деп атай аласыз?
- Биз биринчи күндөн, азыр дагы "капиталисттик коомду куруп баштадык". "Капиталисттик системага бет алдык" деп түшүнүп алып өтө терең жаңылыштык. Ошого тең жапайы капитализмдин "алгачкы капиталды кантип топтош керек" деген жексур принцибине жетеленип кеттик. Ушул ишенимде жашап келатабыз, өзүбүздү актап-жактап…
Улуттук стратегия, идеологиянын түпкүлүгү такталбаганынан улам, орустар айтмакчы, "все дозволено, все позволено" деген кир саясатка кирип кеттик. Ушундай кир заманда өз принцибинен тайбай келаткандыгы үчүн Өмүрбек Текебаевди баалайм. Болот Шерниязовдо да лидерлик жакшы сапаттар бар. Ушул "атамекенчилерди" идеялык жактан социал-демократтар толуктайт, мисалы Жусуп Жээнбеков, Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов. Буларды мен мекенчилдер деп билем. Көзгө түшүп калгандардын кыйласы кечээги принцип, позициясынан тайып, бул жакка, тигил жакка өздөрүн сатып кетти. Эл болгондон кийин элдин уучу куру эмес. Кыргыз деген түптүү эл. Улутчулдар чыга берет.
- Азыркы парламент улуттун мүдөөсүн көздөгөн кайсы бир нукура мыйзамдарга кайрыла алат деп ишене аласызбы?
- Мен мамлекетчилмин. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жанды курман кылыш керек деп көп жазчумун. Павел Корчагиндей, мугалим Дүйшөндөй! Бирок эми суроо туулуп калды, кайсы мамлекеттин? Менин мамлекетим, тагыраак айтканда, анын башкаруучулары мамлекеттин стратегиясын таптакыр башка нукка, эл кызыкчылыгына кайчы жолго буруп кетишти. Ошондо мен ушул коррупциялашкан, бирин-бири жеген системаны түзгөн, сырткы жеке капиталдын араанына укмуштуудай жыпжылаңач ыңгайлашкан жалган демократиялуу мамлекет үчүн жанымды береминби? Бир келген өмүрүмдү!
1996-жылы Конституция экинчи оңдолгондо, президенттин колуна бирдиктүү бийлик топтолгондо: "Сөз жок, бир кадамга алга. Бирок эми мамлекеттик күчтүү бийлик буга дейре кабыл алынып кеткен башы бузук мыйзамдарды турмушка батыл баштап кетпесе, элдин түз келечегине баштап берсе..." деп, "Эркин Тоого" кооптуу жазганым эсимде. Тилекке каршы, Акаевдин күчтүү бийлиги башы бузук мыйзамдарды гана ишке ашырбастан, жаңы жаңылыштыгын да ишенимдүү бекемдешке шарт түзүп кетти. Эми Бакиев мисалында деле дал ушунун өзү кайталанып жатат. Азыр мамлекетти башкаруунун табылган күчтүү формасы мамлекеттүүлүктү талкалоого кызмат кылууда. Акаевдин жер менчик саясатын уланткан, анан кен менчик, энерго менчик саясатын "Акжол" партиясы ансайын активдүү жиреп берүүдө. Негизи мен мамлекетке авангард партиянын болушун жактайм. Алтургай андан да ары кетип, кечээги СССР же азыркы Кытайдагыдай бир эле башкы партиялуулуктун болушун илгери күндөн жазып келем. Тек, ал өз ичинен тактикалык маселелерин тактап калчаган фракциялуулукка жол бериши керек. Бирок, эң башкы программалык мазмун багытында ал солк эткис монолит бек тургузушу керек. Ал партия мекендин кызыкчылыгына иштеген стратегиялык курсу, максимум программасы, улуттун чыныгы философиясы, идеологиясынан агылып чыккан, анык гуманисттик принциптерге негизделген улутчул партия болушу керек. Улутту буйдалтпай, чайналтпай, алга башташы керек. Бирок, биздин "Акжол" андай партия эмес. Ал мамлекеттин кызыкчылыгына кайчы келген, айрым бийлик ээлеринин жаңылыш тандаган, түшкөн жолун турмушка ургаалдуу ашырууга кызмат кылып жатат. Эң опуртал жери - ЖоКе аркылуу бүт баарын так мыйзамдаштырып атканы. Демек, "Акжол" партиясынын ар бир мүчөсү азыр элдин тагдырындагы эң жооптуу милдетти аркалоого өтүшкөнүн терең сезишип, башы бузук багыттын сокур балта чабарлары болуп калуудан сактануулары эп. Анткени, баары бир эртеңки күндүн сурагы бар. Келечек муундун, ыймандын сурагы бар…

Маектешкен Гүлбарчын ЯКУБОВА