№49, 20.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  ЖОЖ көйгөй

Билим берүүнүн аксагы, тескеги
Атайын маалыматтарга караганда, 2008-2009-окуу жылынан тартып Билим берүү министрлигине караштуу ЖОЖдордо билим берүүнүн эң төмөнкү баасы 15 миң сом болот. Контракттык негиздеги бул баа региондордогу окуу жайлары менен борбордогу ЖОЖдор үчүн бирдей каралууда. Ал эми сырттан, кечки жана дистанциялык окуу формалары үчүн төмөнкү баа 13 миң сомду түзөт. ЖОЖдордун жетекчилеринин пикири боюнча, бул студенттердин санынын азайышына түрткү болот, бирок ошол эле учурда окуу жайлардын материалдык-техникалык базасынын сакталышына жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жакшы таасирин берет.

Республикабыздын жогорку окуу жайларында билим берүүнүн эң төмөнкү баасы 4 миң сом, ал эми бир бюджеттик негизде окутуу үчүн мамлекет тарабынан бир жылга 12 700 сом каражат бөлүнөт. 2007-жылы Кыргызстан боюнча 237 миң студент билим алган болсо, анын 13%ы бюджеттик бөлүмдүн студенттери. Акыркы беш жыл аралыгында студенттердин саны 19%га көбөйгөн. Бул болсо 10 миң адамга 454 студент туура келет дегендик.
Болондук системага кимдин башы ооруйт?
Эгемендик алгандан бери СССРдин акмагын чыгарып жамандаганды дале койбой келебиз. Анткен менен СССР кезде билим жаатында, эл агартуу тармагында дегеле аксап, мээси жарты адамды тарбиялап чыгарган эмес экен. "Кыргызстан - билимдүүлөрдүн өлкөсүнө кирет" деп, көкүрөк кагып мактанганыбызды да бүгүнкү аксап жаткан кадрдык саясат ачык көрсөтүп отурат. Бирде эларалык стандарт, бирде СССРден калган система жакшы деп ары-бери тартышып-талашкан менен, мурунку системадан арылбай келаткан элек.
Бүгүнкү проблемалардын орчундуусу экенин эске алганбы, айтор, май айында бийлик ЖОЖ системасына көңүлүн бургансып атат. Анысы дагы билим берүүнүн Болондук системасына өтүүбүз керек, ЖОЖдорду акционерлештиребиз, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү жоюп, бирдиктүү мамлекеттик экзамен киргизебиз деген талаштуу маселелер. Бул боюнча вице-премьер-министр Досбол Нур уулу: "Кыргызстан акырындык менен европалык стандарттарга - билим берүүнүн Болондук системага өтүшү зарыл. Адегенде гуманитардык дисциплиналардан баштап, калган багыттардын спецификасын эске алуу менен аларды кийинчерээк өткөрөбүз" деген пикирин айткан. Ал эми билим берүү жана илим министри И. Болжурова: "Жалпы республикалык тестирлөөнүн процедурасы билим берүү талаптарына жооп бербейт, эффективдүү эмес. Ал эми жалпы мамлекеттик экзамен педагогдордун өз окуучулары үчүн жоопкерчиликтерин арттырат. Ошондой эле билим берүү тармагы улуттук коопсуздукту түзө турган тармактардын бири экендигин эске алуу керек, терең ойлонбостон акционерлештирсек, Кыргызстан орчундуу проблемаларга кабылышы мүмкүн" деген пикирин билдирген.
ЖОЖдордун айрым ректорлору ЖОЖдорду акционерлештирүүгө, Болондук системаны киргизүүгө караманча каршы болсо, кээ бирөөлөрү Кыргызстандын саясый эрки жетсе, каршы эмес экенин айтышат. Бул маселе ЖОЖдордун жетекчилерине, Билим жана илим министрлигине, мектепти бүтүрүп жаткан айрым капчыктуу ата-энелер үчүн маанилүү маселе болбосо, нан кымбатчылыгынан ноюп турган карапайым калкты мындай коелу, саясый элитанын деле башын ооруткан жери жок.
Саны го бар,
сапаты-чы…
Республика боюнча 47 жогорку окуу жайы бар (32 мамлекеттик, 15 мамлекеттик эмес), 41 структуралык бөлүмдөр жана жергиликтүү университеттердин 16 филиалы, ошондой эле чет элдик окуу жайларынын 10 филиалы иштеп келет. Бул кичинекей Кыргызстан үчүн жетиштүү түгүл, ашыгыраак. Ал эми алардын сапаты боюнча кеп башка. Сырттан окуган студенттер күндүзгү бөлүмдөгү студенттердин жалпы санынын жарымына жакын, атүгүл айрым окуу жайларында алардын саны күндүзгү бөлүмдүн студенттеринен да көп. Андыктан сырттан окуу бөлүмдөрүн кыскартуу маселеси да бар. Алардын басымдуу бөлүгү экономикалык жана юридикалык адистиктер боюнча болгондуктан, аталган эки багыт боюнча мындан кийин сырттан окуу бөлүмдөрү жоюла турган болуп атат.

Гүлбарчын ЯКУБОВА




  Чегиртке турмуш

Чектен чыккан чегиртке
Өлкөбүздүн түштүк тарабын чегиртке каптады деген кабар тарады. Курт-кумурсканын бул түрү канчалык коркунучтуу?

Чегиртке жалгыздап жүрбөй, топ-тобу менен жүрүп, миллиарддаган чегирткенин башын бириктирген топтору күнүнө миңдеген тонна өсүмдүктү жеп салары, эгерде жээрге эч нерсеси калбай калса, бири-бирин жеп кете бере турганы маалым. Өзгөчө чоңу кичинесин жок кылат. Күнүнө ал 100 чакырымдай жол жүрүп, тоолордон, талаалардан өтүп, чөптөрдү, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды жеп жүрүп олтурат.
2001-жылы Россияда, Иркутск областын каптап, Ставрополь крайында 400 миң гектар жердеги өсүмдүктү жок кылган. 2001-жылы Дагестанда, акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй, чегиртке каптап, 10 күндүн ичинде 70 миң гектар жердин өсүмдүгүн жок кылган. 2002-жылы Кытайды каптаган. Өзгөчө кырдаал Гамбия, Мозамбик, Судан, Нигерия, Марокко сыяктуу Африка өлкөлөрүнө жайылган. Мавритания өлкөсүнүн борборунда бак-дарактарды такыр жылаңачтаган. 2008-жылы Бириккен Араб Эмираттарын каптап кирген. Алардын эсептөөлөрү боюнча, чегирткенин тобу бир күндө 25 төө же 2500 адам жегенчелик азыкты жеп түгөтөт экен.
Чектен чыккан чегиртке эми биздин өлкөбүздү аралап жүргөнү анык болду. Айыл чарба министри Арстанбек Ногоев чегиртке каптаган түштүк аймактарга барып, абал анчалык кооптуу эместигин белгиледи. Ошондой эле болсун. Ал жакта АН-2 самолету, 3 мотодельтоплан, трактор жана адам күчү колдонулуп, химикаттарды чачып, чегиртке менен күрөшүп, аларды жеңдик дешти. Бирок кырылбай калгандары тоо таянып качып, эми түндүк тарапты каптап келбесе эле болду.
Түштүктүн өрдөктөрү
Түштүккө өрдөк учуруш керек десе, аны каймана мааниде түшүнүп, айыл чарба адистеринин дагы бир калпы экен деп ойлобоңуздар. Чегиртке каптаганда кытайлыктар талааларга кадимки эле өрдөктү жайып жиберишет экен. 2002-жылы Кытайды чегиртке каптаганда бир чарчы метрге беш миңдеген чегиртке туура келген. Ошондо Кытайдын Суя Хугвейдеги Манасия жергесинде талааларга 4000ден ашык өрдөктү жайып жибергенде, алар чегирткени четинен тазалап терип-жеген. Бир жагынан чегирткеден талаа тазаланса, экинчиден, өрдөктөрдүн эттүүлүгү жогорулап, өрдөк этинин планы толгондугу кабарланат. Мына ушул мисалдан улам министр Арстанбек Ногоев баш болгон айыл чарба чоңдорун эми чегиртке баскан талааларга кытайлык ыкманы колдонуп, өрдөк учуруш тууралуу кулак кагыш кылып кетели дедик.

Айгүл Бакеева




  Абитуриент - 2008

Сапаттуу билим алгың келеби?
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы
Кыргыз мамлекеттик искусство институту
2008-2009-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча
күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алууну ЖАРЫЯЛАЙТ:
1.Театр жана кино факультети
Адистик боюнча экзамендер төмөнкүлөрдөн турат:
Драма жана кинонун актеру: актерлук жөндөмдүүлүк: үнүн, сүйлөө чеберчилигин жана музыкалык - ритмикалык шыктуулугун текшерүү;
Драма жана кино режиссеру: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актерлук жөндөмдүүлүк;
Кинооператор: фотосүрөттөр боюнча конкурс (алдын ала), фоторепортаж (кирүү экзамендер учурунда), физика жана химия боюнча аңгемелешүү;
Кино жана телевидениенин үн режиссеру: адистиги жана физика боюнча аңгемелешүү, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
Киносценаристка: адистиги боюнча экзамендер (оозеки жана жазуу түрүндө);
Кино жана ТВ экономикасы: адистик боюнча коллоквиум, математика (жазуу түрүндө);
Театр таануу: макалалар, рецензиялар, кыргыз жана орус адабияты.
2.Хор жана оркестр дирижерлугу факультети
Музыка мугалими: дирижерлук кылуу, ырдоо, музыканын теориясы, сольфеджио; (оозеки)
Хор коллективинин жетекчиси: дирижерлук кылуу, музыканын теориясы, сольфеджио (оозеки).
Эл аспаптар оркестринин жетекчиси: дирижерлук кылуу, аспапта ойноо, музыканын теориясы, сольфеджио (оозеки);
Фольклордук-этнографиялык ансамблдин жетекчиси: кыргыз элдик музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу, музыканын теориясы, сольфеджио (оозеки);
Эстрадалык жана үйлөмө аспаптар оркестрлеринин жетекчиси: музыкалык аспапта ойноо, музыканын теориясы, сольфеджио (оозеки), фортепиано;
Эстрада ырчысы: эки-үч аткаруу, аспапта ойноо, музыканын теориясы, сольфеджио (оозеки);

Эскертүү:
1. Күндүзгү бөлүмгө кирүү-чүлөрдүн атайын музыкалык билими болбосо, анда адистик боюнча экзамендердин ордуна музыкалык шыктуулуктарын текшерүүдөн өтүшөт.
2. Сырттан окуу бөлүмдөгү музыкалык адистиктерге атайын музыкалык билими барлар кабыл алынат.
3. Социалдык-маданий ишмердиги факультети
Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери: адистиги боюнча аңгемелешүү, социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө);
Бий коллективинин жетекчиси: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сценалык, тарыхый турмуш бийлери), адистиги боюнча аңгемелешүү;
Педагог-хореограф (сырттан окуу бөлүмүнө): аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сценалык, тарыхый турмуш бийлери), хореографиялык сабактарды берүү методикасы боюнча аңгемелешүү.
Бардык адистиктерге кирүүчүлөр адистик боюнча экзамендерден тышкары кыргыз же орус тилинен диктант жазышат.
Институтка 35 жашка чейинки (драма театрынын актеру - 22 жашка чейин), атайын же жалпы орто билими бар уландар жана кыздар кабыл алынат.
Институтка ташыруучу абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жок эле адистик кирүү экзамендерин тапшырышат.
Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.
Контракттын баасы - 5000-6000 сомдун өлчөмүндө болот.
Студенттер жатакана менен камсыз болушат.
Документтерди кабыл алуу - 1-июндан 15-июлга чейин, кабыл алуу экзамендери 17-июлдан башталат.
Талап кылынуучу документтер:
1. Орто билими жөнүндө аттестат же диплом (түп нускасы);
2. Медициналык справка (086-У формасы);
3. 3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;
4. Паспорт, аскердик китепче же каттоо күбөлүгү;
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы барлар үчүн);
Институттун дареги: Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү, 113, телефондор: 47-03-79, 47-02-39.
Аялдамалар: Жантөшев көчөсү, Медициналык академия, Дене тарбия жана спорт академиясы.