№49, 20.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ой сыбызгы

"Руханий көрөңгөнүн тайыздыгына кейийм"
Сабалап учкан күндөрдүн маңызын таң менен кошо тосо жүргөн, күн бешимде көөшүлүп баткан күн түйшүгүн күлүк ой менен күзөтүп жүргөн, жашоонун ак-карасын, өйдө-төмөнүн, адамзатынын күнүгө бир ирет кайталанып туруучу кубаныч-кайгысын музыкага айландырган инсандардын өмүр-жашоосуна көптөн бери кызыгып жүргөм. Кудай жалгап, композитор Муратбек Бегалиевдин телефон номуру колума тийип калды. Ага байланышып, бир топ убактысын алып маектештим. Анан композитордун жандүйнөсүнө тынчтык бербеген, чыгармачылыгынын жаралышына себепкер болгон түрмөк ойлоруна гезит бетинен орун берүүнү эп көрдүм.

"Айылда калган балалык"
Композитор балалыгы калган айылы жөнүндө сыймыктанганын жашырбай, жай, көңүлдүү сөз баштады.
-Балалык өзүнчө айтылып бүтпөс баео тарых. Менин балалыгым Кызартта өттү. Ал Соңкөл жайлоосунун эле түбүндө. Андан бир тоо ашканда сулуунун көзүндөй мөлтүрөп, Соңкөл жатат…
Куйручук даанышман ата, Калык Акиев, сулуулардын сулуусу Акмөөр, Таттыбүбү, Мыскал сыяктуу кыргыз элине таандык кишилер чыккан керемет жерде өттү балалыгым. Муратбек (Рыскулов) атасындай болсун деп ырымдап атымды Муратбек койгон экен.
Үйүбүздө өрүк комуз илинип турчу. Үйдөн конок үзүлчү эмес. Алар бири-бирине кезек сунуп ыр ырдап, сөздүн гүлүн терип сүйлөп, таң сүргөнгө чейин отурушчу. Мындай көрүнүштөр бат-бат кайталанаар эле. "Тогуз кайрык", "Насыйкат", "Ибарат", "Кербезим" күүлөрүнө, керемет жердин кооздугуна жандүйнөм сугарылып эс тарттым. Атам комуз чертип, апам ооз комуз какчу.
Сегизинчи класска чейин Жумгалда окуп, андан кийин музыка кайрыктары сезимиме тынчтык бербей, билим алууга эки көзүм төрт. Ата-эненин каршылыгына карабай, шаарга качып келе бердим. Үйдө патефон бар эле, андан Шекербек Шеркулов ойногон "Ибаратты", Казандан чыккан пластинкалардагы ар кыл классикалык музыканы укчубуз. Ошондо эле радиодон анча-мынча обончулардын ырын жактырбайм жаман арымда, классикага умтулуум күчөп… Жакшы ыр болсо, кулак төшөп угам. Керемет айлана-чөйрөнүн, өнөр кишилеринин, ата-энемдин таасири мага чоң түрткү болду.

"Мугалимдерге таазим"
- Турмушта мага адамгерчилиги менен таланты төп келген мыкты мугалимдер туш болду. Алгачкы башат мугалимим Мөөркан эже, балалык жашоомо өзгөчө нук берген Синица Александра эжейим, Керимбек, Асанкан агайларга ыраазы болом.
Андан кийин адамдык жакшы сапаты менен Мукаш Абдраев агай тарбиялады. Студенттик мезгилде, алыскы жерде өз баласындай кучак жайып, дүйнөгө атагы чыккан Чулаки, Хачатурян, Фере, Холопов, Фортунатов, Шпитке, Леман, Баласанян, Убайдулина, Голубев сыяктуу улуу композиторлор таалим-тарбиясын беришти. Булардын арасынан Чулакинин тажрыйбасы мага чоң сабак болду. Анын таланттардын талантын сыйлап партия менен күрөшкөнүн, канчасын сактап калганын көрүп, өзгөчө сыйлаар элем. Мугалимдериме таазим, алар мени ушундай үлкөн жолго багыттабаса, жандүйнөм сүйгөн музыкадан оолактап калаар белем, ким билет…

"Жумгал вальсы", "Помпейдин акыркы күнү", "Ностальгия"…
Чыгармачылыктагы ийгиликтерин сурасам, "мобул китептен карап көрөрсүң" деди. Алгачкы чыгармасын мектепте окуп жүргөндө жазыптыр. Аны "Жумгал вальсы" деп атап, окуучулар арасында "хит" болгонун айтты. Ошондон бери ал жараткан композициялар анча-мынча карапайым кишилер түшүнө бербеген ноталарда жатат. Музыка дүйнөсүндө өзгөчө татаал жанр менен ту-шоосу кесилген композитордун чыгармачылык чыйыры тереңдеп баштады.
Кыл аспаптар квартети үчүн жазылган "Кыргыз сюитасы", Ч.Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жазылган драматургия, симфониялык оркестр үчүн "Майрамдык увертюра", камералык оркестр үчүн "Ностальгия", "Манас" симфониясы, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантаталар, көптөгөн камералык чыгармалары бар. Андан сырткары отуздан ашык көркөм фильмдерге, элүүдөй драмалык спектаклдерге музыкаларды жазды.
Ал эми Актан, Гүлнур, Ырыскелди, Жылдыз Осмоналиева, Замира Мавлянова сыяктуу ырчылар аткарып жүргөн ырлардын дээрлик көпчүлүгү Муратбек Бегалиевдин обондору. Өз сөзүнө жазылган "Ысыккөлдү сагынуу", акын Ш. Дүйшеевдин "Сагындым", "Атамекен", К.Урманбетовдун "Кыргызстан" деген ырларына обон жаратты. Мындан тышкары "Кызгалдак гүлүм ай", "Зоболо", "Улуу тоонун уулумун", "Таппадым сендей" ж.б. 300дөн ашык обондору азыркы күндө кыргыздын тоолору менен казактын талаасын же Ортазия чөлкөмүн эле эмес, дүйнө жүзүн аралап, жаңырып келүүдө.
Алгачкы чоң ийгилиги - 1983-жылы Москвада өткөн эларалык композиторлордун чоң кароо-сынагынан "Помпейдин акыркы күнү" аттуу чыгармасынын Гран-приге татыгандыгы болду. Андан кийин ийгиликтер жарыша келе берди. 1985-жылы Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1992-жылы "Түгөлбай ата" сыйлыгынын ээси, 1997-жылы КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, 2000-жылы эларалык "Алтын көпүрө", 2001-жылы эларалык "Руханият", 2002-жылы эларалык "Открытое сердце" сыйлыктарын алган. Ал эми 2003-жылы "Манас" орденинин кавалери болду. Булар мындай гана манжа санак сыйлыктары.

"Жүрөктөн чыккан обон түбөлүк жашайт"
Азыр жаштардын табити башкача. Жеңил-желпи ырлар көбөйүп кеткен. Мындай ырлардын, обондордун өмүрү аз экендигине көпчүлүк ынанат чыгар. Бул туурасында композитордун күйгөнүндөй бар:
-Бүгүнкү күн ушунчалык өзгөрдү. Каякты көздөй баратканыбыз белгисиз. Мерестикти, кайдыгерликти көрүп зээниң кейийт. Жаштардын азыркыдай руханий көрөңгөсүнүн жакырдыгы мынчалыкка жетпесе эмне? Бу да болсо глобализациянын жемиши. Анын кесепети өзгөчө маданиятты, искусствону жалмап, ширесин соруп бүткөнү калды. Азыркы учурда түбөлүк жашай турган, элдик фольклорду, нукуралыкты айкалыштырып музыка жазгандар бирин-экиндеп саналат, көпчүлүгү же кыйраткан сөзү жок же уккулуктуу обону жок, жылымчы чыгармаларды жаратып атышат. Ошону бирөө да кой дей албайт. Биз айтсак, жаман көрүшөт. Жаштарга колдоо көрсөтүүнүн ордуна жамандайсыңар дешет. Айтат деп жаман көрбөгүлө, айланайындар, ал - биздин милдет дейм. Мугалим катары кайдыгер карап, айтпай да кое албайт экенсиң. Залкар күүлөрдү, элдик ырларды уккула, жүрөктөн таза ыр-обон жаралат, а жүрөктөн чыккан чыгарма түбөлүк жашайт дейсиң…

"Кыйын кезеңден искусство сактап калат"
- Дүйнөдө, жер жүзүндө, анын ичинде өзүбүздүн кенедей өлкөбүздө эмне деген окуялар болуп жатат. Ошондой кыйын кезең, оор учурлардан саясат, экономика, бийлик да эмес, маданият, искусство сактап калат. Андыктан, маданият тармагы саясатчылардын куралына айланбашы керек.
Эгерде бийлик композиторлордун башын кошуп, мамлекеттик деңгээлде шарт түзүп берсе, оо, тоону томкормокпуз го. Чыгармачыл адамдар ошондой көңүл бурууга, жакшы сөз менен аяр мамилеге муктаж болот тура. Эгерде баарыбызды, мейли композитор, мейли хоровик, балетмейстерди чакырып, "кана, кыргыздын патриоттору, баарың чогулуп укмуштай чыгарма жараткылачы, дүйнө тамшанып, таңкалып уксун" десе, кантип бир шедевр жаралбай койсун? Албетте, жаралмак. Союз мезгилиндеги мыкты опера-балеттер, мыкты хор менен симфониялар дал ушинтип жаралбады беле?

Композитор, ректор
Муратбек Бегалиевдин симфонияларын, профессионал ырчылардын репертуарынан түшпөгөн обондорун термелеп отурбайлы, таманы тешилгенче чуркап жүрүп консерваторияны ачканы эле эмне деген эрдик билгенге. Мындан 14-15 жыл мурда "бизге консерваториянын эмне кереги бар, жайнаган ЖОЖдордун бири болот" дегендер чыккан. Мына азыр бул окуу жай мамлекеттин жүзү - таланттуу, билимдүү кадрлардын руханий ордосу, музыканын корифейлери эмгектенип, чет өлкөлөрдө билимин тереңдетип да, иштеп да, кыргыздын атын таанытып да жүргөн таланттардын очогу болуп калгандыгын ким моюнга албайт?
- 15 жыл ичинде биздин консерваторияны 1000ден ашык студент бүтүрдү. Ошонун ичинен 300дөн ашыгы лауреат болду. Консерватория быйыл 15 жашка чыгып отурат. 15 жылдыкка карата 3 - Бишкек-Москва-Токио, Бишкек-Москва-Мадрид, Бишкек-Москва-Кельн аттуу концерт өткөрдүк, калгандарын акырындык менен өткөрөбүз. Күзүндө 66 мамлекет катышкан чоң фестиваль болгону турат. Ошого бизден да таланттар барып, өнөрүн сынап келишет, - дейт ректор М. Бегалиев.

Улуулар
- Адам өмүрү төрт бөлүктөн турат. Аны бекеринен жылдын лидерлерине салыштырбайбыз. Таңдай таза балалык, жалындаган жаш курак, жорго минген орто жаш, кадырман карылык.
…Бала кезде көргөн карыялар, ак сакалдары жайкалган, калдайган көрпө же суусар тебетейчен, жука кемселдин сыртынан чепкен же ичик кийген сөөлөттүү кишилер болчу эле. Кийинчерээк алардын ордун заманга жараша сакал-муруттары сыйда серпилген же анысы жок эле, европалыктарча сынынан кетпей зыңгыраган, эки доорго орток караган окумал карыялар ээлешти…
Эл арасында жаңыдан чыгып келе жаткан "бычакка сап" уул-кыздарга алдыртан назар салам. Себеби, элдин келечеги ошолордун колуна өтөт. Ошол идиректүү жаштарга үлгү болуп сөзү өтөөр кадырлуу карылардан элдин уучу кур эмес экенине топук кылам…
Өлүм дегениң өнөргө, талантка карабайт экен. Дүйнөгө эч ким түркүк болбойт тура. Бирок, алар искусствонун түркүктөрү, маданияттын дөө-шаалары эле. Композитор менен ушинтип сүйлөшүп отурдук. Анан Б. Миңжылкыев, Б. Бейшеналиев, Т. Турсунбаева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, С. Бекмуратова, Э. Турсуналиев, Т. Океев, К. Молдобасанов, С. Чокморов, кечээ жакында эле дүйнө салган Сабира Күмүшалиева өңдүү жана башка кыргыздын кайран кыраандары, катарлары улам суюлуп баратканы, алардын адам суктанарлык мүнөз-пейили, аянычтуу тагдыры, табышмактуу өлүмү, жарыбаган жашоосу, унутта калган эмгеги, бааланбаган таланты жөнүндө айтып келип, азыркы жиниккен мезгилдеги жинди жаңылыктардын ичинен ачуусу, оору, азаптуусу - ошондой инсандардын көзү өтүп кеткендиги экендигин айтат маэстро, ой түбүнө чөгүп...

"Не для печати"
Мурат агай менен маектешип отуруп, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, мыкты аңгемечи экенине ынандым. Анча-мынча ойлорду "не для печати" дегенине карабай, айтып да жибердик, таарынбастыр. Экөөбүз маектешкен саясат, маданият, спорт, дин, журналистика, жетине албай сыймыктанган окуучулары, дүйнөлүк музыка жөнүндөгү ойлорун, гезиттин чектелүү бетине сыйдыра албай кыйналдым. М. Бегалиевдин музыкалары жаңырып турганда, консерваториянын терезесинен аспаптардын маршы угулуп турганда, көрүнүктүү композитор жөнүндө гезит бетине дагы далай жазыларынан шектенбей, макалага чекит койдум.

Гүлбарчын ЯКУБОВА