№48, 16.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Алтын ордо

Тоолорунда кыргыздын көк тиреген, толуп жатат кен байлык,асыл ташы
Шейшемби күнү өлкөнүн премьер-министри Игорь Чудинов министр Сапарбек Балкыбеков, губернатор Кыдыкбек Исаев, ЖК депутаттары "акжолчу" Сергей Ибрагимов, "СДПКчы" Роза Отунбаева, "коммунист" Бүмайрам Мамасеитова менен биргеликте "Кумтөр" алтын кенинде болду. Барган маселе баякы эле Кыргызстандын Кумтөрдөн алчу үстөгү (пайызы) үстүндө. Албетте, журналисттер үч күндөн бери ММКларда эмне сөз болуп, эмне койгонун байма-бай маалымдап жатышат. Ошол себептүү мен, "Шаршенчесинен" демекчи, айтылган нерсени, элге жеткен кеп-сөздү кайра кайталоону кажетсиз деп ойлодум. А көрөкчө, гүл өмүрдүн эки күнүн берип кайткан алиги тоо койнундагы дүйнө жөнүндө, "Кумтөр" жөнүндө эки ооз кеп айткым келип туру.
Дүйшөмбү күнү Бишкектен 25тей журналист түшкү он экилер чамалап Кумтөрдү "чаап" келгени аттанган элек. Оюбузда жетээр-жеткичекти кадимки Союз убагындагы топ ыргытсаң жеткизе алгыс бийиктиктеги, кадимки кыш-цементтен курулган завод-фабриканы элестетип барган элек. Барскоонго жете жайлуу маршрутканы таштап, аркыраган вахтовкага түшө, тоо аралай Кумтөргө бет алдык. Жакшыны жакшы деп эле айтыш керек. Курулай сын менен ичитардык, көралбастык кылганда не? Эчен кокту-колотту жиреп өткөн тоо койнунда болсо да "Кумтөрдүн" жолу Бишкектин кемпир-чалдын жыртылган дамбалы кейпиндеги айрым көчөлөрүнөн төөчөлүк болбосо да, бээчелик өйдө экен. Эки сааттан ашык жол жүрө Төө-Ашуудан эки эсе келген Барскоон ашуусун ашып, кечки саат сегиздер чамалап, "Кумтөрдүн" жумушчулар "шаарчасына" жеттик.
Тартипти, ирээттүүлүктү, тазалыкты, эч кимге, эч кимдин тиешеси жоктой, ар ким өз милдети менен өзү боло күжүлдөп жүрүп жаткан ишти өз өлкөмөн биринчи жолу көрдүм окшойт. Аймакка кирүү үчүн текшерүүнүн дыкаттыгын ушундан билиңиз, улуу сөздө уят жок дейт, ич кийимибизди гана текшерген жок. Байпактан тарта баш кийимге дейре кармалап көрүп, чөнтөгүңдүн тешигине дейре аңтарат экен.
Кеч күүгүм баргандыктан түз эле жайгашчу жерибизге алып жөнөштү. Экиден бириктирип бир бөлмө берди. Жатакананы сыртынан карасаң, кадимки Дордойдо казкатар тизилген контейнерлердей көрүнгөнү менен, ичине кире башка планетага туш келгендей болдук. Бир сөз менен айтканда, бардык шарт түзүлгөн. Кааласаң Америкага чалам десең да бекер телефон, жайгашкан жериңде ысык-муздак суусу менен душ, эс алуучу, телевизор көрүүчү бөлмөлөр, теннис, бильярд залдары, машыгуучу жай, деги койчу, адамга эмне керек болсо дээрлик бардыгы камсыз кылынган.
Ашканасын айтпай ак койсоң да болот. Улуттук беш бармактан тарта янкилердин пицца, хотдогуна дейре, колбаса, сыр, жер-жемиштин түрү, алма, банан, апельсин дегендерди каалашыңча коюп койгон. Болгону бир шарт бар: ашканага убагында кир да каалашыңча ич, же. Бирок, сыртка алып чыгууга болбойт. Ушул өңдүү ички шарттардын заманбап, алгылыктуу экени көңүлдү жылытты. Эртеси таң эрте тура Борбордон барчу үлкөн чиновниктерди күтүп калдык. "Кыргызча" жүрүшкө салган биздин "киргиз" мамчиновниктерибиз тогузда келмейди онго жеткиришти. Баса, биз барган күнү "кумтөрдөгүлөр" өздөрүнчө күбүрөшүп жатпайбы: "Эртең тигилер келишет турбайбы. Алар сөзсүз жандоочторун жамыратып алат эмеспи. Булары бүгүн эле келип алышыптыр го" дешип. Чулгоосу калың чиновниктерибиз алигилердин огобетер кыжырын кайнаталы дегенби, биз аз келгенсип, бизге окшогон дагы үч-төрт журналистти жандата келишиптир.
Туз көрсө, жамырап чуркаган койлорчосунан фотоаппарат, диктофонубузду көтөрө баягы сары вахтовкабызга убаша-чубаша түшүп алып, чоңдор олтурган "джиптерди" ээрчип жөнөп бердик. Алгач ак мөңгү баскан тоолорду оюп, жиреп тешип кардай майдалап ташып жаткан (береги сүрөттөгү) карьерге бардык. Айтор, фабрикасына, Петров деген орус унтер-офицеринин атын алган кыргыз көлүнө, хвостохранилищесине, дагы биртоп жерлерине барып чиновник, депутаттарыбыздын көз көрдү кылып койгонун үтүр-чекит, шыбыш-ирмемине дейре аңдып жүргүчө түш оой саат эки чамалап калды. Ал жерден көргөнүм ушу болду. Аппак мөңгүлөр кадимки кара күл баса чаңып жатканы, козголгустай көрүнгөн тоолор коого айланганы, анан ыргагын бузбай кызуу жүрүп жаткан иш. Тагыраагы алтын казуу, иштетүү, ташуу.
Депутат айым Бүмайрам Мамасеитова айтмакчы чын эле азыркы кейпи, башчылары менен Кыргызстан эзели мындай ишкана куруп, иштетип, үзүрүн көрө алмак эмес экенине ынандым. Дагы бир көргөнүм байкуш премьерибиз Чудиновдун кейпи болду. Ал жердеги жетекчилер улам бир жерге барганда ал жакта эмне иш кылышаарын, тарыхын, көлөмүн, келечегин жан сабай айтып жатышса, тапшырмасын аткарбай калып, мугалимдин астында күнөөсүн мойнуна алып койбой эки жагына элеңдеген экинчи класстын баласынын образын жаратып жатканы бир эсе күлкүнү келтирсе, бир эсе кыжырды кайнатат экен. Дагы бир кызыгы "Центерра Голд" өмүрүмө коркунуч туудуруп жатат" деп жар салган депутат Кубанычбек Исабеков Жетөгүзгө дейре барып, "Кумтөргө" белгисиз себептер менен жетпей калган. Ошол жерде да шыбыш кеп тарап, бир даары "кан басымына байланыштуу келбептир" дешсе, бир даары "өмүрүнөн коркуп" дешти. Кыскасы, Исабеков барса, оо, көп маселенин башы кылтыйып, журналисттерге оңбогондой эле олжо болмокпу. Түшкү экилер чамалап лагерге кайттык да, премьерибиз жандоочтору менен маалымат жыйын өткөздү. Ал жерде деле башы ачык сөз болбой, "жыйын өттү" кыла эки ооз сөз сүйлөнгөн соң, шашылыш жыйын жабылды да өлкөнүн экинчи адамы "Кумтөр" ашканасынан сый даам сыза кайтып кетти. Биз да сапар карыта жолго чыктык.
Сөз аягында баса айтчу дагы бир маселе, бул жолку үлкөндөр сапары деле эч бир олуттуу чечим, маселе менен кайтпады. Жөн гана көрүп, таанышып коелу маселеси болгондой. Неси болсо да биздин улуу тоонун койнунда ушундай 100% шарты түзүлгөн, жемиштүү ишкана иштеп жатканы көңүлгө төтөп болду. Бул албетте, бир гана тарабын айтканда…

Кумтөр алтын кени ортоңку Тянь-Шань тоолорунун чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги мөңгү баскан аймакта жайгашкан. Аталган аймак Ысыккөл областына карап, Бишкек шаарынан 350 км алыстыкта.
"Кумтөралтын" долбоору тоо башындагы Кумтөр чакан дарыясынын атынан аталып калган.

* * *
"Кумтөр" боюнча геологиялык изилдөөлөр 1920-жылдары башталган. Бирок, "Кумтөр" кени 1978-жылы "Кыргызгеология" геофизикалык экспедициясы тарабынан ачылган. Аймактагы алтын запасы 1991-жылы болжол менен 716 тонна экени аныкталган.

* * *
"Кумтөр оперейтинг компаниде" 2500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын 96%ы Кыргызстандын жарандары.



"Кумтөр" кенинде учурда казылып жаткан 3 участок бар. Аттары "Центральный", "Юго-Западный" жана "Сарытөр". Калган 266 чакырым жердеги аянт "Кумтөр аянты" деп аталат, ал жерде лицензия боюнча "Кумтөр голд компани" жаңы участокторду чалгындап жатат.

***
Кумтөрдүн "Центральный" аянты "Кумтөр" кениндеги негизги участок болуп эсептелинет. Анда 700 тоннага жакын алтын бар. Ал эми "Юго-Западныйда" 8 (сегиз), "Сарытөрдө" 6 (алты) тоннадай гана алтын бар дешүүдө.

Кумтөрдү иштетип жаткан "Центерра" компаниясы 2008-жылы 17,9-19,2 тонна алтын алууну болжоп жатат. Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн 70%дан ашыгы 2008-жылдын экинчи жарымына туура келет, ал кезде кенге бай зонасы ачылып, тоо-кен иштери башталат деп пландашууда…

1978 - "Кыргыз геология" геофизикалык экспедициясы тарабынан "Кумтөр" кени ачылган.
1989 - СССРдин геология министрлиги "Кумтөр" кенин деталдык иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган.
1992 - Кыргызстан өкмөтү жана "Камеко" корпорациясынын геологдорунун мурунку СССР аймагы боюнча жаңы кендерди чалгындоосу.
1993 - техника-экономикалык негизинин иштелип аякташы.
1994 - "Кумтөр" кенинин курулушунун башталышы.
1995 - финансылык документтердин топтолушу жана бекитилиши.
1996 - "Кумтөр" кенинин ачылыш салтанаты.
1997 - коммерциялык өндү-рүштүн башталышы.
1998 - 1 миллион унций алтындын алынышы.
2002 - алтын өндүрүү 100 тоннадан ашты (3,2 млн. унций).
2004 - "Центерра Голд Инктин" пайда болушу. Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши.
2005 - геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча "Кумтөр" кенин экплуатациялоо мөөнөтү 2013 - жылга чейин узартылды.
2006 - "Кумтөр" өндүрүшүн модернизациялоого 95 млн. АКШ доллары инвестиция тартылды.


"Кумтөр оперейтинг компани" ишканасы Кыргызстандын өзү жайгашкан аймагында социалдык маселелер боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөзүп турат.
Алсак, Жетөгүз районунун тургундары үчүн чакан кредиттик агентчилик, жер-жемишти кайра иштетүүчү кичине цех ачылган.

* * *
Барскоон айылына аталган компаниянын күчү менен акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык каражаттар сатылып келинип, диагностикалык борбор ордуна келтирилген.

* * *
Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын социалдык-маданий объектилеринде ремонт жүргүзүлүп, жаңы спорттук залдар ачылган.

* * *
Компаниянын Кыргызстандын башка аймактарына да, ар кандай кырдаалдарда көрсөткөн акчалай жардамынын бир жылдык суммасы -- 4 млн. долларды түзөт.

Даярдаган Нурлан Жукеев