№48, 16.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  КурумУшу

"ОБОНдун куралы - жумуртка"
Саясат изилдөөчүлөрү "түстүү революция" деп аталган окуя болуп өткөн өлкөлөрдө, атап айтсак, Сербия, Украина, Грузия менен Кыргызстанда бийликти басып алуунун өзгөчө саясый технологиясы пайдаланганын белгилешет. Өз максатына жетпей калган Өзбекстандагы Анжиян окуясын да ошол "түстүүлөрдүн" катарына киргизишет. Ал эмне болгон технология?

Коомдогу бийликке нааразы маанайды чеберчилик менен өз максаттары үчүн пайдалануу. Бийликти элге жаманатты кылып каралоо үчүн массалык маалымат каражаттарында же оозеки түрүндө ар кандай ушак-айыңдарды таратуу. НПО менен жаштардын кыймылын "жек көрүндү" коррупцияланган режимге каршы айдактоо. "Революциянын" кыймылдаткыч күчү катары коомдогу люмпендешкен социалдык катмарды мобилизациялоо. Региондордун, кландардын ортосундагы карама-каршылыктарды курчутуу. Мындай технология бардык "түстүү революцияга" мүнөздүү экенин политологдор ынанымдуу түрдө далилдеп беришкен.
Асыресе, Кыргызстандагы 2005-жылдагы 24-марттагы "мандалак революциясынын" учурунда башка "түстөрдө" жолукпаган саясый ноу-хау пайдалангандыгы көңүл бөлдүрөт. Кыргызстанда эч өлкөдө кезикпеген "революциянын" атайы күжүрмөн отряды түзүлдү. Аларга бир кезде Дооронбек Садырбаев ОБОН деген "музыкалык" ат берген эле. Аббревиатурасы "отряд баб особого назначения". Жөнөкөй тилге салганда "жалданган ажаан катындардын саясый бригадасы" деп аталат. Алардын жүрүм-турумдарында чектен чыккан агрессивдүүлүк мүнөздүү. Аялдар тобуна каршы такоот болуп бере турган жан чыгышы кыйын. Ажаан катындардын биримдиги үчүн эч кандай тоскоолдук жок. ОБОН келатат дегенде армия да, милициялар да кирерге жер таба албай калышат. 24-марттагы "элдик революцияда" ошол кездеги мамлекет башчысы А.Акаев жан талашып чет жерге качып, жаңы "түстүү" бийликтин келишинде оппозициянын гвардиясы, бийликтен жутаган кландык топтор, криминалдык элементтер, наркобарондор, борбор калааны кандуу булоон талоонго алган мародерлер, жер баскынчылары, Т.Акун, Н.Мотуев, Т.Тургуналиев, М.Эшимканов эмес, биринчи кезекте ОБОН чечкиндүү роль ойноду. ОБОН "элдик революциянын" тагдырын чечти десек ашыктык болбос эле.
24-мартта оппозиция жеңишке жетип, "өз жыргалчылыгын эмес, бир гана элдин камын ойлонгон" "өтө демократиялык" жаңы бийлик келгенден кийин ОБОН өзүнүн тарыхый миссиясын аяктаган эле.Тагыраак айтканда аяктады деп эсептелүчү. Чындап эле алар көптөн бери саясый аренада көрүнбөй калган. Бар же жок экени билинбей дайынсыз кеткен. Асыресе, алар али да болсо аман экен. Өз таламдуу учурун күтүп бугуп жатыптыр. Кайрадан жарк этип саясый сценада пайда болбодубу. Азыр болсо мурдагыдан кубаттуу күчкө айланыптыр. Саясый күрөштүн алдыңкы технологиясын өздөштүргөн экен. Бул Түп районундагы Казакстанга берилип кеткен жерлерге байланыштуу оппозициянын жөө жүрүш деп аталган нааразычылык акциясында далилденди. ОБОН оппозиция менен тиреше келгенде эки сааттын аралыгында аларды чар учургандай кылды, чилдей кубалап таратты. ОБОН ошону менен эффектиси жагынан өткөн жылы 29- апрелдеги "элдик фронтту" газ колдонуп кууп таратуудагы спецназдан да алда канча артык күч экенин көрсөтө алды. Өзүңүз калыс болуңуз, албуут 6-7 катын жасаган иш менен курал жаракчан, башына каска кийип чопкутталган 200-300 спецназдын жасаган иштеринин айырмасы барбы? Талашсыз, бар. Кеп, жөө жүрүштү кууп таратууда деле жатпайт. Ал иш жүрбөй калган милиция бөлүмдөрүнүн колунан келет. Кеп, ОБОНдун Түп окуясынан кийин оппозициянын оппоненттери үчүн толук жеңилди, баш көтөрбөй калды деген сөзгө жем таштатып, моралдык жагынан үстөмдүк кылууга өбөлгө түзүп берип жатканында турат. Түп жөө жүрүшүнөн кийин ОБОНдун саясый күрөштө оппозицияга каршы натыйжалуу иш алып бара ала тургандыгын эске алып, аны легалдаштыруу муктаждыгы чыкты. Бийлик Улуттук гвардия сыяктуу эле ОБОНду туруктуу штатка алып, привилегиялык жалыйна төлөп берсе туура болор эле.
ОБОНдун башка саясый күчтөрдөн айырмалаган кандай артыкчылыктары бар? Биринчиден, чагым салуу жагынан ОБОН эч кимди алдыга салдырбайт, ашкере долулугу, бет тырмарлыгы менен айырмаланат. Эч кандай жүйөөгө, эч бир кой-айга көнбөйт. Экинчиден, эч бир моралдык принцип же нравалык тормоз деген болбойт. Жасап жаткан иштерине эч убакта отчет бербейт. Көз караш, ишеним дегенден кур жалак. Көз карашты мындай кой, башында бүдүр ой бар экени арсар. Кыргыздын аялдарын, деги эле аял заты аттуунун баарын, өздөрүнүн бала-бакырасын, урук туугандарын, жердештерин уят кылып жер каратып жатышканын ойлоп да коюшпайт. Балдарын келечек муунга шерменде кылып ташташкандары менен иши жок. Кожоюн тиешелүү акчасын төлөп, кырдуу стакан менен "эки жүздү" аттырып жиберип, колуна бир коробка жумуртка карматып туруп шилтеп жиберсе болду, кандай саясый тоскоолдук болбосун алып түшөт, кандай гана саясый күч болбосун жеңип өтөт. Мындай уюшулган зөөкүр катындар бригадасына, албетте, туруштук берүү кыйын, мүмкүн да эмес. Аларга каршы эч кандай саясый-нравалык вакцина табууга болбойт. Кыскасы, саясый салгылашта табылгыс кубаттуу зор күч.
Президенттин 24-мартты майрам күнү катары календарга киргизип, "элдик революция" деп атоо боюнча буйругу чыкканы азыркы режимдин апологеттерине жага бербей калды. Айрымдары 24-мартка арналган эстелик тургузуу сунуштарын киргизгенге үлгүрүштү. Ырас эмеспи, эмне үчүн эстелик тургузбаса болбосун дейсиң? Тарыхта андай преценденттер толуп жатат. Мисалга 1917-жылдагы октябрь революциясына арналган эстеликтерди алсак болот. Өкүнүчтүүсү - "элдик революцияга" эстелик тургузуу сунушу бар, бирок анын конкреттүү проектиси азырынча жок, белгисиз. Баамымда ал эстелик ОБОНго арналганы дурус болор эле. ОБОН революциялык эстеликке кадиксиз татыктуу. Өтөгөн үзүрлүү эмгегин эске алуу кажет эмеспи. Октябрь революциясынын символу болуп калган И.Шадрдын "Булыжник -- оружие пролетариата" деген монументалдык скульптурасынын аналогиясына таянып, эстеликти "ОБОНдун куралы - жумуртка" деп атаса, куп жарашаар эле. Эстеликтин айкелинде мээсинде ой жок, долулугу чектен ашкан жоон катындын оппозицияга каршы жумуртка жаадырып жаткан учуру сүрөттөлсө, эстетикалык жагынан да, саясый жагынан да, тарыхый жагынан да утуш алмак. Эгер ушундай эстелик тургузулса, көргөндүн көзүнүн жоосун алган ажайып скульптура пайда болору талашсыз. Ага бизге конокко келген эл кадиксиз суктанмак.

Үсөн Касыбеков




  Көзтаңмай

Өкмөт энергетиканы пакеттеп сатууга киришти
(Уландысы. Башы 4-бетте)
Бул ишканаларды сатып алууга кызыккандар деп Машкевичтин Евразиялык өнөр жай ассоциациясы менен катар РАО "ЕС России" жана америкалык "АС" компаниясынын аттары аталууда. Мени шектендиргени - энергетиканы бирден сатарын же чогуу сатарын өкмөт өзү билбей жатса (чогуу сатыш керек деп жумушчу топ гана айтып жатат, бул боюнча өкмөттүн чечими азырынча жок), бул үчөө анын эмне кыларын Чудиновдун кабыргасынан билгенсип даяр болуп калышканы болду. Биздин чиновниктердин мындай фокустарын далай жолу көрүп жүрүп психолог деле болуп бүттүм окшойт - берки экөө чечүүчү моментте сыртка чыга бербесе, мага келгиле.
Америкалык "АС" компаниясы сырдуу пайда болуп калганы эле болбосо (мен бул компания тууралуу интернеттен эч кандай маалымат таба албай койдум), Евразиялык өнөр жай ассоциация менен РАО "ЕС России" талаша турган эч нерсе жок. Алардын Камбарата ГЭСтерин бирге курууга көңүлү бар экени көптөн бери айтылып келе жатат. Эгерде бийлик тендерди объективдүү өткөргүсү келсе, ага катышуучулардын саны 5тен ашмайынча тендер өткөрүлбөйт деп чечим чыгарып, тендердик комиссиянын курамына оппозициянын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн киргизбейби. Бир гана сураныч: социал-демократтарды же Исхак Масалиевдин коммунисттерин эмес, "Ата-мекен" партиясына окшогон анык оппозиция өкүлдөрүн. Ишти бүлүндүрүп жибергидей алардын мүмкүнчүлүгү деле болбойт. Тескерисинче, эл ошондо гана бийлик энергетиканы өз чөнтөктөрү үчүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн сатып жатканына ишенет эле.
Александр Машкевичтин талантуу бизнесмен экенинен менин күмөнүм жок. Бирок Кулов айткандай, анын туулган жериме жардам берсем дегенде көзү төрт экени, энергетиканы ошон үчүн гана алып жатканы чоң шек туудурат. Ал дүйнөнүн эң чоң миллиардерлеринин катарына кантип киргенин кийинчерээк кенен айтып берсемби деген оюм бар. Азырынча ал бизнести Бирштейндин мектебинен баштаганын эскертип коймокчумун. Мени тынчсыздандырган нерсе - өлкөнүн тагдырын ушу кишиге кантип ишенип берип жатышкандыктарында. Бийликтегилер энергетиканы пакети менен алган адам кандай монополисттик укукка ээ болорун элестете алышабы?
Учурунда биздин 5 банк казактарга сатылып кеткен. Казак банктарынын капиталы Кыргызстандын банк секторунун жарымынан көбүн түзөт. Азыр Казакстанда банк кризиси чыкса, бизди кыйгап өтөрү күмөн. Ошондой эле күйүүчү май куйган жана сактаган жайлардын көбүн чиновниктер бир эле компанияга - "НК Альянска" сатып жиберишкен. Анын мураскери Орусиянын "Газпром-нефть-Азиясы" - бул тармакта азыр монополист. Ал бир эле күн мунай алып келбей койсо, бүткүл Кыргызстан бир эле адамга, болгондо да бир эле компаниянын директоруна чөгөлөп берет. Эми "Түндүкэлектро" бөлүштүрүү компаниясын, Бишкек шаарынын жылуулук-электр борборун жана Бишкек жылуулук тармагын баарын кошуп бир эле кишиге сатабыз деп жатышат. Ага Камбаратаны да беришкени турат. Биздин бийликтегилер мындай нерсе өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин билишпейби же аларга баары бирби деген суроо туулат.

Сапар Орозбаков