presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бүркүтпү, акшумкарбы?

Темир Сариев:
"Текебаев менен идеябыз окшош, мамилебиз тоңбойт"
- Темир Аргенбаевич, "Атамекен" партиясынан бөлүнүп, кайрадан "Акшумкар" партиясын жандандыруу алекетин көрүп жатыпсыз. Буга эмне себеп болду?
- Мындан эч кандай деле себепти издештирбегиле. Өзүңөр билесиңер, парламенттик шайлоолор мезгилинде "Акшумкардын" саясый кеңешинин чечими менен бирдиктүү оппозициянын тизмеси менен шайлоолорго катышуу чечими чыккан. Ошого байланыштуу бизге, биздин идеяларыбызга жакын партия катары "Атамекенди" тандаганбыз. Арийне, турмуш деген турмуш экен. Шайлоолордун жыйынтыгын өзүңөр билесиңер. Ошентсе да "Атамекен" партиясы менен шайлоого катышкан талапкерлер адилетсиздиктен парламентке келбей калса да, элдин жүрөгүнөн орун алышты. Эми маселенин экинчи өңүтү бар. Ооба, "Акшумкар" партиясынын саясый кеңеши өз отурумунда партияны кайра жандандыруу, региондордо бөлүмдөрүн ачуу маселесин талкуулады. Ошого байланыштуу биз ушул чечимге келдик.
- Анда Өмүрбек Текебаев экөөңүздөрдүн ортоңорду кара мышык аралаган турбайбы?
- Жок, андай эмес. Өмүрбек Чиркешович экөөбүздүн мамилебизге азырынча муз тоңолек. "Акшумкар" партиясынын мындай жүрүшүнө кандайдыр бир саясый интрига аралашкан жок. Мындан саясат издешпесин. Биз жөн эле тандаган өз жолубузда кетели деп чечтик.
- Өткөндө жалаң спортсмен жигиттерди чогултуп, партияңыздын тагдыры жөнүндө кеңири сүйлөшкөн турбайсызбы?
- Кайдагы жок нерсени силер жазып чыкпадыңарбы. Ал таптакыр чындыкка коошпогон жалган маалымат. Силер аны кайдан алдыңар? Мен өзүм спортсменмин. Муну элдин баарыле билет. Керек болсо, өзүбүздүн коомубуз да бар.









??.??