Коомдук-саясый гезит
№47, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  ЖоКелең жооп

- Каркыра боюнча жакшы эле кармашканыңыз акүйчүл саясатчыларга жакпай, андан калса, парламентте деле кээбир коллегаларыңыз өгөйлөп жатат деп айтып жүрүшөт. Ушул чынбы?
Жангороз Каниметов,
ЖК депутаты:
"Мага президенттин көзү түз"
- Жо-ок, таптакыр андай болелек. Мени эч ким басынтып өгөйлөгөн жок. Акүй жактагылардын деле мамилеси мурункудай. Бул боюнча президенттин деле көзү түз. Мен ойлойм, ачык, так позиция кайда болсо, жакшы да. Анан пысмыйып, ичиңде былгый берсе, ошол жаман. Биздин фракцияда адамдын көз карашына урмат кылынат. Ача пикирлер үчүн эч качан бири-бирибизди бөлгөн эмеспиз.

- Парламентти Ошко көчөт деген имиштер тарады. Эгер андай болсо, чын көңүлүңүз менен барып иштейсизби же мандатты тапшырып бересизби?
Зайнидин Курманов, ЖК депутаты:
"Ошко көчсөк деле иштейбиз"
- Ой ушул сыяктуу ушак-айыңдарды кайсы жинди чыгарып жатат? Силер да ишене берет экенсиңер. Өзүңөр айткылачы, иштейбизби же көчүп жүрө берелиби... Ал жакка көчкөнгө таптакыр шарт жок. Бул жакта чечилбеген толтура жумуштар турат. Ошондуктан көчүп - нетпей эле ордубузда иштей беребиз. Эгер сиз айткандай болуп калса, арга жок, кетесиң да. Эл үчүн барып иштегенге туура келет.



- Экс-депутат Ахматбек Келдибеков менен 20 жылдык достугуңуз саясаттан улам бузулган экен. Ал киши менен азыр жолукканда ыңгайсыз болбойсузбу?
Улугбек Ормонов,
ЖК депутаты:
"Ахмат азыр да досум"
- Ал дале досум. Экөөбүздүн арабызды эч качан кара мышык аралаган эмес. Мурдагы мамилебиз бекем. Оозуна алы жетпегендер ушак чыгарып жатышса керек.
- Парламентти Ошко көчүрүү демилгесин катуу колдоп жатыпсыз го...
- Парламентти эмес, алгач 5 министрликти көчүрөбүз. Азыр ушул тууралуу сөз жүрүп жатат. Кийинчерээк борбор Ошко көчсө, балким парламент да кетет.

- Бийлик айрым облустардын жетекчилерин кызматтан алат экен деген каңшаар тарады. Сизди Ошко кудалап жатышыптыр го. Эгер жөнөтсө барасызбы?
Жусупжан Жээнбеков,
ЖК депутаты:
"Бийликтин
сунушуна тойдум"
- Койчу эй, кайдагы нерсени айтасыңар. Андай нерсе таптакыр болбойт. Эгер сунуштап калышса, мен барбайм. Тойдум. Эки облусту башкарып бердим, жетишет да. Мага эч ким айткан жок. Менимче, бул жөн эле ушак сөз го. Баргысы келгендер бара берсин.

- Коммунисттер фракциясынын өзү эмес, көлөкөсү сезилбейт. Маселе чечалбагандан кийин өз ыктыярыңар менен кетип калсаңар болбойт беле? Же "кресло" кумары азгырып жатабы?
Анаш Сейтказиев, ЖК депутаты:
"Коммунисттер аягына чейин күрөшөт"
- Мындай суроо менен көпчүлүгү кайрылып жатышат. Ал эле эмес, Нарындын коммунисттери интернет аркылуу ушундай суроо менен бизге кайрылышыптыр. Эми чычалап кетип калганда эмне? Андан көрө күрөшүш керек. Азыр мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. ММКлар аркылуу элге-журтка кайрылганга да болот. Ушул сыяктуу шарттарды туура пайдаланып, максатыбызга жетебиз деген оюбуз бар. Анан сиз айткандай, "кресло" кумарына кармалып калган жокпуз.

- Депутат Эрик Арсалиев менен учурда мамилеңиз кандай? Экөөңүздөрдүн бизнес боюнча чатагы бар дешүүдө...
Бегалы Наргозуев,
ЖК депутаты: "Бакыт Сыдыков талкалап атат..."
- Эрик Сайдалиевич менен мамилем дурус эле. Өткөндө трибунада анын абамайданындагы мурдагы ишмердүүлүгүн айтып чыктым. ЖЧК "Манас Менеджмент" түзүлгөндө 51 пайыз мамлекеттики, 49 пайызы жеке менчик болгон эле. Эрик мырза аэропортко барганда 100 пайыз мамлекеттики кылган. Ал эми азыр Бакыт Сыдыков 80 пайызын менчик, 20 пайызын мамлекеттики кылды. Эриктин жакшы иштерин кайра талкалап жатат.

- Түштүктө бизнес чөйрөсүн колго алганыңыз тууралуу аңыз-кептер бар. Ушунун чын-төгүнүн билели дедик эле...
Санжарбек Кадыралиев, ЖК депутаты: "
"Эркечтамда бизнесим жок"

- Аны ким айтып жүрөт? Азыркы заманда бир кишинин чоң нерсени жалгыз тейлеши өтө кыйын нерсе. Өзүмдүн бизнесим бар. Башканыкын билбейт экем.
- Эркечтам тарапты өзүңүз тейлеп жатыпсыз го?
- Жо-ок, андай эмес. Ушундай сөздөрдү чыгаргандар жаңылышат. Эркечтамда эч кандай бизнесим болгон эмес.

Даярдаган Өмүртөрө Кудайбердиев












Яндекс.Метрика