Коомдук-саясый гезит
№47, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Капчыктуулар калаасынан

Мамлекетти жеп-ичпей эле, кара күчү менен байыгандар…
Кыргызда ак эмгек менен дөөлөткө жеткендерди табуу кыйын. А кантип байышат? Мисалы, мамлекеттик кызматта туруп, чылгый коррупциялашып, казынага кол салып же бийликке "шапке" ыргытып, паралоо жолу менен. Санабайлы. О.э. кечээки салыктан качкан базарчылар бүгүн олигархтарга айланышты. Айрымдарын күч органдары куйрук толгомойго салды эле, сынып беришти. Кыскасы, Кыргызстандагы баймын дегендердин көчүгү эмес, бери жагы эле сасып турат.
Биз мындай шартта байлардын экинчи тобуна токтолдук. Алар Кыргызстандан сырткары жүрүп, кара күчү, акыл-эмгеги менен байыган азаматтар. Орусия, Казакстанда иштеп, соодадан көтөрүлгөндөрү да бар экен. Биз алардын бай адам катары оозго алынгандарын тизмектөөнү чечтик. Албетте, көпчүлүгү коомчулукка белгисиз.

Кадыр Бусурманкулов - Жалалабат облусунун Токтогул районунан. Екатеринбургда майда соодадан чоң бизнеске чейин өсүп жеткен. Азыр да ошол жакта акча айлантып жүрү. Екатеринбургдагы кыргыздардын башын кошконго салымы бар.

Курбан Абдыманов - Баткен облусунун Лейлек районунан. Киевде ар тармактуу бизнес менен шугулданат. Ишин соодадан баштаган. Учурда Киевдин Крещатик районунда (элитный) жашайт. Байлык жагынан Украинадагы кыргыздардын көч башында.

Темирбек Асанбеков - Ысыккөлдүн Ортөрүктү айлында туулуп-өскөн. 1965-жылкы. Москвада курулуш бизнесин өркүндөтүп жүрөт. Көлдүн тыңчыкма жигиттеринин бири.


Раимкул Аттокуров - Жалалабат облусунан. Майда соодадан көтөрүлгөн. Москвада үлкөн курулуш бизнесин жүгүртөт. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси.

Мухтар Өмүракунов - Нарын облусунун Атбашы районунан. 1964-жылкы. Майда соодадан чоң бизнеске секирик жасаган. Сырткы мигранттардын башын бириктирип, "Замандаш" ассоциациясын түзгөн, мигранттар арасында кадыр-барктуу. Кыргызстанда саясый фигура катары аброю өсүп келатат.

Камчы Каримов - Ош облусунан. Екатеринбургда кыргыздын белдүү жигиттеринин алдыңкы сабында. Бул да майда-барат соодадан көтөрүлгөн. Азыркы байлыгы жетиштүү, бардар адам.

Урмат Барктабасов - Ысыккөлдөн. Бул ысым коомчулукка кеңири белгилүү. 2005-жылдын 17-июнунда массалык башаламандык уюштурду деген айыпта күнөөлөнгөн. Бийлик аны Кыргызстандан сүрүп чыгарган. Ал Казакстанда энергетика тармагынан көтөрүлүп, "Астана энергияны" жетектеген.


Адилет Шамырканов - Ысыккөл облусунун Темировка айылында туулган. 1959-жылкы. Москвада курулуш бизнеси боюнча алектенет. Курулуш бизнесине чейин соода иштеринде да эмгектенген. Учурда Россия, Казакстандагы кыргыз байларынын катарында.

Кумар Стамкулов - Жалалабаттын Сузак районунан. Кыргызстандан сырткары жүрүп байыгандардын эң жашы. 1976-жылкы. Россиядагы кыргыздар соода кылган базарлардын негиздөөчүлөрүнүн бири. Соопчулук кылмайы бар. Сузактын Кызылсеңир айылын таза суу менен камсыз кылган.

Шафкат Исмаилов - Ысыккөлдөн. Астана шаарында курулуш бизнесин уюштургандардын анабашы. Казакстандагы кыргыздардын эң байларынын катарын толуктайт. Соопчулук иштерге кайдыгер эмес.

Даярдаган Апас Ниязалиев




  Орусия жүрүштөрү

Д. Медведев В. Путин сунуштаган өкмөт мүчөлөрүн дайындады
Биринчи вице-премьерликке мурдагы өкмөт башчысы Виктор Зубков жана президенттин экономикалык маселелер жана административдик реформа боюнча мурдагы жардамчысы Игорь Шувалов, "катардагы" вице- премьерликке Александр Жуков, Сергей Иванов, Алексей Кудрин, Игорь Сечин жана Сергей Собянин дайындалды.

Жуков, Иванов, Кудрин көпчүлүккө белгилүү болсо, Собянин буга чейин президенттик администрациянын башчысы, Сечин - анын орун басары жана президенттин жеке аппаратынын башчысы, Шувалов - президенттин экономикалык маселелер жана административдик реформа боюнча жардамчысы болуп иштеген.
Өкмөттүн биринчи заседаниесинде Путин белгилегендей, негизги милдет Шуваловго жүктөлөт, ал тышкы экономикалык байланышты тейлейт, Россиянын ВТОго кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү, монополияга каршы көзөмөл жана табигый монополиянын тарифтери, кичи бизнести өнүктүрүү жана мамлекеттик менчикти башкаруу иштерин жүргүзөт.
Александр Жуковдун да аппараттык салмагы өсөт, мурда ал негизинен Сочи олимпиадасына даярдык көрүү менен чектелсе, эми социалдык тармакты жана улуттук долбоорлор (айыл чарбасынан башка) менен алектенет, б.а. өкмөттө Дмитрий Медведевдин ордун басат.

Устиновдун отставкасы
Зубков агрардык сектор, балык чарбасы жана токой чарбасын, Сечин - өнөр жайдын граждандык секторун, энергетика, экологияны, Иванов коргоо өнөр жайын тейлейт. Собянин өкмөттүн аппарат башчысы болуп дайындалды, Кудрин - финансы министри боюнча калат.
Июнь айынын аягында Дмитрий Медведевдин ордуна Зубковду "Газпромдун" директорлор советинин төрагалыгына шайланат дешет.
Президенттин Приволжье федералдык округундагы мурдагы өкүлү Александр Коновалов мурдагы генпрокурор Владимир Устиновдун ордуна юстиция министри болуп дайындалды.
Россиянын Франциядагы элчиси Александр Авдеев маданият министри Александр Соколовдун ордуна олтурат.
Өкмөттүк маалымат башкармалыгынын мурдагы башчысы Игорь Щеголов Леонид Реймандын ордуна байланыш жана массалык коммуникация министри болуп дайындалды.
Энергетика боюнча жаңы министрликке министр болуп "Атомстройэкспорт" мамкорпорациясынын башчысы Сергей Шматко дайындалды.
Өкмөттүн калган мүчөлөрү, анын ичинде, тышкы иштер министри Сергей Лавров , коргоо министри Анатолий Сердюков , ички иштер министри Рашид Нургалиев , өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу өз ордунда калды.
Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча жаңы министрлик түзүлдү, аны россиялык футбол союзунун төрагасы Виталий Мутко жетектейт.
ФСБдагы өзгөрүүлөр
Россиянын Конституциясы боюнча министрлерди президент премьер- министрдин сунушу боюнча дайындайт. Буга Думанын макулдугу талап кылынбайт. Дмитрий Медведев өкмөттүн структурасына кирбеген бир нече негизги кызматтарга жетекчилерди дайындады. Президенттик администрация башчылыгына өкмөттүн мурдагы аппаратынын башчысы, Сергей Нарышкин , Федералдык коопсуздук кызматынын директорлугуна, ФСБнын мурдагы директорунун орун басары жана экономикалык коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын начальниги Александр Бортников дайындалды.
53 жаштагы Нарышкин 1980-жылдары СССР мамлекеттик комитетинин тышкы байланыштар боюнча эксперти, андан кийин Брюсселдеги советтик элчиликте иштеген. Учурда ал КГБ менен кызматташ болгон деп айтышат, бирок буга далил жок. 1992-1995- жылдары Санкт-Петербург мэриясында иштеген. Мэриядан Владимир Путин менен губернатор Яковлевдин жеңишинен кийин кеткен. Петербургдагы "Промстройбанкта", Ленинград областынын администрациясында тышкы экономикалык байланыштар менен алектенген, ал иштеген жылдары Ford, Philipp, Morris сыяктуу ири инвесторлорду алып келген. 2004-жылдын февралынан тартып президенттик администрациясында, андан кийин РФ өкмөтүнүн аппаратында иштеген.
57 жаштагы Бортников - инженер-темиржолчу, 1975-жылдан баштап кадрдык чекист, Москвага которулганга чейин 2004-жылы ФСБнын Санкт-Петербург жана Ленинград областы боюнча башкармалыгын жетектеген.
Николай Патрушев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.













Яндекс.Метрика