Коомдук-саясый гезит
№47, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Маектөр

Калнур Ормушев:
"Ушул мезгилге чейин губернатор, министр болалбайм деген кыргызды көрелекпиз"
Шамшыбек Медетбеков:
"Кана эрендерим, эмне иш бүтүрдүңөр" деп сурай турган эл бар"

Саясат сасып баратат. Илгери Кубатбек Жусубалиев айткан экен, суу агып турбаса сасыйт деп. Кыргыздын саясаты Кубат аканын токтоп турган суусуна окшош. Ошондуктан сасып баратат. Чегара чыры менен башын ооруткуча, экономикалык кризис муунтуп, алкымынан алган. Аргасы кетип, электр тармагы баш болгон бирнече маанилүү объектилерди сатыкка койду. Кылмыштуулук, көмүскө экономика, ууру-кескилик гүлдөп өнүгүүдө. Эми эмне кылыш керек деген бүдөмүк суроо Алатоону айланып жүрөт. Чын эле эмне кылуу зарыл? Мындайда оозунда сөзү бар эрендердин кеп-кеңеш, насил-насааттарын бийлик төбөлдөрүнө жеткизип, керегин пайдаланып, ачуу сөзгө алдырбай кеңеш тыңдагыла дегенден башка арга жок.
Айлуу түндөр таза ой-пикирлерге бай болот экен. Ушул жагын эске алып, коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков менен элибизге белгилүү саясатчы, экономика боюнча эксперт Калнур Ормушев мырзаны чакырган элек. Бул жолку маегибиздин өзөгүн ар түрдүү темадагы көйгөйлөр түздү. Кийинки сапар суу, электр энергия, оппозиция, Акүй сыяктуу "чексиз" соболдорду талкууга коебуз. Ой-пикириңиздер болсо же талкууга катышам дегендерге эшигибиз ачык.

- Кыргыз саясатынын нугу Казакстан менен Россиянын саясатынан эч айырмасы жок. Ошондуктан ал жактарга кулак түрүп калчу болдук. Мисалы, Орусияда мураскер такка отурду. Ошону менен биздин саясый элита да мураскердин караанын издеп калышкандай. Биз да ушул саясатты ээрчип баратабызбы?
Калнур Ормушев: - Кыргызстан саясаттагы өзүнө таандык чыйыр жолун салалбайт. Ошондуктан Казакстан менен Орусияны аргасыз ээрчип баратат. Алар менен окшоштуктарыбыз оголе көп. Ал жакта "Единая Россия" менен "Нуротан" болсо, бизде "Акжол". Ички жана тышкы саясаттагы окшоштуктарды айтпай эле коеюн. Сурооңуз абдан туура. Жеке өзүбүзгө таандык саясый жолду табууга бизде аракеттер да болбой жатат. Путин 8 жылдык мөөнөт ичинде Орусиянын экономикасын көтөрүп салды. Буга дүйнөлүк эксперттер баа берип жатат. Аскердик кадыр-баркы, техникасы, ракеталары менен дүйнөнүн үшүн ала турган даражага жетти. Ошондуктан, Орусия өзүнө ишенген өлкө катары дүйнөлүк державанын туткасын кармап алган. Мураскер тандоосу бүгүнкү Орусияга жарашкан саясат. Ал эми биздин президент үчүн мураскер тандоо өтөле пайдалуу деп айталбайм.
Шамшыбек Медетбеков: - Мурунку СССР мезгилинде 15 республика бир казандан аш ичип, 70 жыл бирге жашады да. Ал мезгил аралыгында ою, пикири, түшүнүгү, тили, ал эле эмес, иштөө принцибине чейин окшош болчу. Союз кулаганда бири-бирибизди кылчактап карап, биз окшогон артта калган өлкөлөр алдыга озуп кеткендерине жетиш үчүн болгон аракеттерин жасап, туурап келатышат. Ал гана эмес, Грузия менен Украинада болуп өткөн "жоогазын революциясынын" Кыргызстанда кайталанышы деле эмнени каңкуулайт? Калнур мырза туура айтып жатат, мейли Орусияда мураскер такка отуруптур. Арийне, бизге ушул саясат канчалык пайдалуу деген суроо туулат.
Эми Путиндин ошол саясатын ээрчип алалы десек, бизде эл турмушу жакшырбай, экономика өнүп-өспөй, стабилдүүлүк толук орнобой, миграция тармагы айыкпас жарага айланып жатпайбы. Андыктан, бийлик өкүлдөрүнөн баштап, карапайым калк болуп, көптөгөн аракеттер жумшалышы зарыл. Ошондой эле кыргыз саясатында тазалыктын болушу кажет. Маселен, бийлик-оппозиция тирешүүдө кара күчтөргө таянбай, идеялык жарыштар менен, акыл-көрөңгө менен күч сынашса. Ошондо гана мураскер тандоо саясаты үзүрүн берет деп айтууга болот.
- Айтып жатасыздар, СССР оо дүйнө аттангандан кийин өз алдынча кеткен республикалар бир-бирине окшош саясат менен келатышат деп. А эмнеге экономикалары бири-бирине окшобой жатат?
Шамшыбек Медетбеков: - Себеби, ал мезгилде пландуу экономика болгон. Мисалы, Прибалтика республикалары иш менен камсыз болсун деп, микроавтобустар, тракторлор, насостор ж.б.ушул сыяктуулар чыккан заводдорду бир жерге курганы менен, тетиктери башка республикаларда жасалчу. Билсеңер керек, Латвиядан чыккан микроавтобустардын тетиктери Кыргызстанда чыкчу. Союз кулагандан кийин ошол байланыштардын баары үзүлдү. Европада деле канча жүздөгөн жылдар өз алдынча жашап көрүштү да, анан союз түзүп алышты. Ошону менен алар бири-бирин көтөрмөлөп, экономикалык кызматташтыктын негизинде өнүгүп кетишти.
Калнур Ормушев: - Шаке туура айтат. Союз тарагандан кийин көзкарандысыздык бизди эсиртти. Ураалап кол чапкан менен, эч нерсе кылалбай отуруп бердик да. Менимче, алгачкы күндөн баштап саясатты, улутчулдукту, менчиктештирүү сыяктанган көлөкө саясатты кое туруп, экономиканын рельсин оңдоп алуу зарыл болчу.
- Бизде күңүрт саясат өкүм сүрүп жатабы? Ачык, так саясат жокпу?
Шамшыбек Медетбеков: - Элдин келечеги кандай болот, кыйын болобу, анда канча жылга кыйындайт? Итке минген турмуштан качан кутулабыз сыяктуу суроолор азыр толтура. Эл жок дегенде ушул суроолордун жообун угалбай келет. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Элди иш менен камсыз кылып, эч болбосо жумушсуздук сыяктуу проблемаларды чечсек болот эле. Биздин эл жери, пансионат, энергетика тармагы менчикке кеткенин жакшы билет. А эмне үчүн жогор жактагылардын карапайым турмуштан кабары жок. Эл менен бийликтин ортосундагы жарака күндөн-күнгө чоңоюп баратат. Бул кооптуу көрүнүш. Бийликтин күңүрт саясаты деген ушул да.
- "Акжол" партиясын тышкы күчтөр жаратты деген пикирдесизби?
Шамшыбек Медетбеков: -"Казды туурап карганын буту сыныптыр" деген сөз бар эмеспи. Деги Башмыйзамыбыздын кейпи эмнеге окшошуп калды? Бул суроонун жандырмагын баарыбыз эле билебиз. Азыр "Акжол" партиясы өкмөттү түздү. Себеби, эки чылбыр, бир тизгин "Акжолдун" колунда. Демек, президенттин колунда. Акыры бардык нерсенин соңу бар да. Бир жыл, эки жыл өтөт. Анан эл сурайт, "кана, эрендерим, эмне жумуш бүтүрдүңөр?" деп. Кантип жооп беришет? Түзүлгөн партия жөнүндө өйдө-ылдый сөз айткым келбейт. Азыр убакыт бар. Иштеп көрүшсүн. Бирок, бул партиянын программасы жок экен. Алар сатканды, бергенди, менчиктегенден башка эч нерсени билбейт жатышат.
- Эми ошону сурай турган эл жок болуп жатпайбы?
Шамшыбек Медетбеков: - Жок, бар. Азыр эл күтүп атат. "Акжолдун" келгенине бир жыл толо элек. Бизди шайласаңар, жыргатабыз, куунатабыз деп келишти да. А бирок, ошол программасы ишке ашпай жатпайбы. Аягы кайда барып такалат? Туңгуюккабы? Белгисиз.
- Кыргызстан өз коңшуларынан аябай эле артта калып баратканына эл күнөөлүүбү же бийликпи?
Калнур Ормушев: - Экономиканы өнүктүрүү түшүнүгү субъективдүү себептерге байланыштуу болот. Ал эми бийлик үчүн күрөш бул объективдүү, башкача нерсе. Биздин калк өздөрүн өтө мыкты калктардын катарына кошуп алган. Баарыле кыйынбыз дешет. Америкада мындай бир сөз бар, "Эгер сен акылдуу болсоң, анда эмне үчүн кедейсиң" деген. Биз мактанганга эч негиз жок. Экономикалык, маданий катастрофада турабыз. Бизде баарыле министр, премьер, андан калса президент болгусу келет. Ушул мезгилге чейин "губернатор, министр болалбайм, менин колуман келбейт" деген кыргызды көрелекпиз. Көрдүңүзбү, биз ушундай эл экенбиз. Анан ары жагын өзүңүз таразалап көрүңүз да. Кыргызстандын артта калышына эл күнөөлүүбү же бийликпи, анын жообу оңой эле чыгат. Суу маселесин айрым саясатчылар 15-20 жылдан бери какшап келатат. Аларды кайсы бийлик укту? "Эшегине жараша тушагы" деген сөз аргасыздан эске келет. Демек, келген бийликке, алардын катачылыктарына үн чыгарбай, өзүбүз ортоктош болот экенбиз. Жандырмагы ушул.
Шамшыбек Медетбеков: - Эл өзүнүн ырыскысына, татыктуу жашоосуна ээ болалбай калганда, акыр-аягы жара сымал жарылып, Акаев режимин сүрүп чыгарууга аргасыз болгон. Кыргызда "эл тараза" дейт го. Эл өзүнүн баасын ушинтип берет. Бул бийликке да 2005-жылдагы элдин көтөрүлгөнү сабак болушу зарыл. Бийлик элге татыктуу жашоо түзүп берүүгө милдеттүү. Карапайым калк бийликке ишенип, таянышы керек. Тескерисинче, элдин көйгөйүн эсинен чыгарган бийликтин аракети чолок болот. Башка мамлекеттер менен да теңата саясат жүргүзө албайт. Артта калып. Эң оболу, улуттук сезимибизди көтөрө албасак, коррупцияны, паракорчулукту, кылмыштуулукту тыйбасак, бизде алдыга өнүгүү деген болбойт. Биз ойлоно турган мезгилден да кечигип баратабыз. Эл тынчсызданууда…

Маекти алып барган Манас Осмон












Яндекс.Метрика