№47, 13.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кайыш тилмей

Кыкеңдерди дили буруулар соебу?
Тили буруу Валентин Богатырев деген аналитик бар. Ар дайым кыкеңдерге акыл үйрөтүп, кемсинткендей маанайда шугулдангандан тажабады. Эскертип коелук, кыргыз өз акылы менен эле ушул күнгө чейин күн кечирип келген. Майда-чүйдө көп улуттарга караганда мамлекеттүүлүгүн сактап, улут катары жоголбой. Бүгүн улутубуз убактылуу басмырланып турса да, түпкүлүгүндө руху бийик. Ошон үчүн тили буруулардын акыл сөрөйү биз үчүн суу кечпейт. Эмесе, политтехнолог В.Богатыревдун Бишкек-пресс клубуна чыккан макаласынын айрым жерлерине токтолуп көрөлү (24.04.08. ВРС).
В.Богатырев: "Выдуманная демократия, выдуманный рынок, выдуманный президент, выдуманная оппозиция и так далее"
А.Ниязалиев: Ал дайым ушинтип акылдуусунат. Биздин өлкөдөгү бардык нерсе ал үчүн ойлоп табылгандай эле опоңой нерсеби? Мындай көзкарашы менен оппозицияга эле эмес, ажо К.Бакиевдин короосуна да таш ыргытууда.
В.Богатырев: "Кыргызстан действительно, еще семнадцать лет тому назад стал жертвой политических и идеологических технологий".
А.Ниязалиев: Албетте, бул табалагандык. Мындай пикир менен улутубузду, мамлекеттүүлүгүбүздү курмандыкка байлап, моралдык жактан төө бастыга алууда. Терең ойлонгон адамдын намысын ойготору ажеп эмес. Өзгөчө улуттук рух менен жашаган атуулдарыбыздын жүрөгү өлбөсө, биздин таянычыбыз ошол.
В.Богатырев: "Курултай возбудил только его организаторов, и даже люди из самой оппозиции не скрывали своего разочарования содержательной пустотой этого мероприятия. Понятно, что особенно грустно в такой ситуации политологам и различного рода экспертам. У них спрашивают, а сказать-то нечего. Вот и придумывают".
А.Ниязалиев: Курултай ата-бабадан калган салттуу жыйын. Бир нерсени эске алып коелу, азыр өнүккөн өлкөлөр өткөнүнө, тарыхына кайрылып саясат жүргүзүүдө. Жакшы көрүнүш. Бул жагынан алганда, оппозиция Курултай өткөзүү менен учурдагы күйүп аткан көйгөйлөрдү козгоп, элдин таламын талашкандай түр жаратты. Мындай кадамды кодулабай, тескерисинче, колдоо керек. Ал эми В.Богатыревдун шылдың, оппозициянын жүрүшүн көралбаган көзкарашын түшүнсө болот. Бир эсе бийликке жагынуу ишпалдасы болсо, ошол эле учурда Акүй саясатын кебез менен мууздагандай саясат жүргүзүүдө… Кызыгы, оппозиция лидерлери В.Бнын "чабуулун" чымын чаккандай көрүшпөгөнү белгилүү.
Ушул эле макаласында "…в интересах которых иметь слабый и несамостоятельный Кыргызстан" деп кемсинтип, башка өлкөлөргө салыштырмалуу басмырлайт. Ал дайыма кыргыз улутунун жок болуп кетиши жөнүндө коңгуроо кагат. Ойлонуп көрүңүз, мындай акылы менен Кыргызстанды аңга тыгууга кызыкдарбы?..

Апас Ниязалиев




  Жумасереп

Камбарата ГЭСи бүтөбү, бүтпөйбү?
Кызык эле турмуш болуп калды. "Кайда барсаң Мамайдын көрү" дегендей кеп. Кыргызстандагы экономикалык кризис айылчарба жумуштарына залакасын тийгизип, урук, жер семирткич жана ГСМ тартыштыгы дыйканды этектеп отурса, ал ортодо жазгы нөшөр көптөгөн өсүмдүктөрдүн бүрүн күбүп кетти. Катаал климат шартынан улам буудайлар запкы жеп туру. Ошентип, быйыл мөмөнүн таңкыстыгы эмеле байкалып, жашылча-жемиштер болуп көрбөгөндөй кымбаттоодо. Мындай кымбатчылыкка бийлик күнөөлүүбү? Албетте жок, бирок, айдалбай кысыр калып кеткен жерлер менен айылчарбасына керектүү нерселерди таап, эч болбосо, баасын арзандатып бербегени үчүн тийиштүү министрлик жооп бериши керек. Ансыз, өлкөдөгү ар кандай тармакта ырааттуулук дегеле байкалбайт. "Бышкан ашка жечү көп" деген макалды азыр бийликтегилер жаттап алышыптыр. Айтсаң эле тетири кабылдап, айтылган сынды таразага салып, өйдө-ылдыйын баамдабай келатышат. Легалдуу эмес жол менен сыртка чыгып кеткен жарандардын саны 1 млн эсебин чапчып жыгылды. Орустар, украиндер күн сайын азайып жатышат. Туулуп-өскөн мекенин таштап баратышы бизге кадыр-баркпы же зыянбы? Муну ойлонуштурган миграция комитети жок болуп жатат азыр. Талдап караганда бардык эле министрлер кол куушуруп отургандай сезилет, түгөттүкү. Кылган иши билинбейт же кылаарга иш жок. Бакиев "батальону" бийликке келгенден бери 3 жыл өттү. Айрым нерселерди кабылдаш керек, курулуш тармагында өтө аз деңгээлде жандануу бар. Көмүскө экономика дуулдап өстү. Мисалы, салык комитети, экономика министрлиги жана ошол эле соцфонд сыяктуу маанилүү тармактар чылк саясат менен алектенип келатышат. Ал эми бизде бажы комитети жоюлуп кеткенби же иштеп жатабы билген жан жок. Кыргыз бажысы кимге кызмат кылып жатат? Үйбүлөнүн астанасын сагалап жашаган бажычылар элестейт, атаңгөрү... Анан жалгыз көзгө басар көзүрү -- Камбарата ГЭСинин курулушун бетке тутушууда. Анысы жакшы экен. Бирок, ошол Камбарата деги бүтөбү? Маселенин баары ушул жерге келип такалып жатпайбы.
Мисалы, Камбарата ГЭСи 5 млрд. сом менен бүтүп, ишке кирээрин айтышкан. Анын 3.5 млрд. сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланса, калган 1.5 млрд. сырткы жардамдар менен гранттардан жабылмак. Жаңылбасам, Камбаратанын башталышында өкмөт ушундай деген. Арийне, бүгүнкү күнгө анын бүтүшү биртоп күмөн. Себеби, өкмөт иштеп чыккан чыгым менен учурдагы баанын кымбатташы ортосунда ат менен төөдөй айырма бар. Эң эле негизгиси, цемент былтыр 5 сом болсо, быйыл 7-8 сом, солярка менен бензин былтыр 22-23 сом эле. Ал эми быйыл 29 сомго кымбаттады. Арматура сыяктуу ГЭС шаймандарынын баасы асманда. Экинчиден, ГЭСтин агрегаты Ленинградда гана жасалаарын адистер айтып жүрүшөт. Аны сүдүрөп апкелалбагандан кийин, самолет менен жеткирүүгө туура келет. Кашайып, агрегатты жүктөгөн самолет Ошко коналбайт. Оштун абамайданы талапка жооп бералбайт экен. Бишкекке түшүрсө, анысы Төө ашуудан өтпөйт. Биринчиден, аны көтөрө турган көпүрө жок. Экинчиден, жолдор андай салмакка ыңгайлашкан эмес. Мындай тоскоолдуктарды чечүүчү өкмөт жок болгондон кийин, Камбаратанын бүтүшү, албетте, күмөн. Бүткөн чакта да агрегатты кантип жеткизээрин айтуу өтө эле оор. Бүтүп кетишин тилейбиз. Бирок, андай чоң курулушту аягына чыгара турган өкмөт бизде эч качан болгон эмес. Чудиновдун өкмөтүнөн болсо, таптакыр үмүт жок. Убактылуу көзжаздым саясатындай...

Манас ОСМОН




  Ойилик

- Жарым жылдан бери мамлекеттик катчынын орду бош турат. Бизге бул кызматтын кереги барбы же жокпу?
Накен Касиев, экс-мамкатчы:
- Бул өтө керектүү кызмат. Анын аткара турган биртоп жумуштары бар. Айрыкча өкмөттүн социалдык, маданий блогун тейлеген кызмат. Анын үстүнө анын аткара турган жумуштары Башмыйзамда көрсөтүлгөн. Эгер ушундай маанилүү кызматтарга көңүл бурулбаса, анда башкаларын деле жоюп салып, бир адам башкара берсин.

Курманбек Осмонов,
Жогорку Соттун экс-төрагасы:
- Кеп анын керек болуп, болбогондугунда эмес. Ал кызмат Конституцияда каралган. Ошондуктан, конституциялык кызмат болуп эсептелет. Анын аткара турган өзүнүн функциялары бар да. Ошондуктан, ошол функциялар аткарылбай калды. Ал эми эмнеге бош калганы жөнүндө маалыматым жок.

Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
- Эгер жаман иштешсе, Кыргызстандагы бир топ кызматтын кереги жок. Мамкатчылык Башмыйзамда бадырайып жазылып турат. Кереги жок болсо, жаңы Башмыйзам кабыл алып жатканда эмнеге киргизишти? Демек, кереги бар да. Билесиң, орустарда "свято место пусто не бывает" деген сөз бар. Балким ыңгайлуу бирөөнү табалбай жатышса керек да.

Султан Раев, маданият министри:
- Албетте, бул өтө керектүү кызмат. Идеологиялык маселелер менен социалдык сфераны тейлеш керек да. Азыркы күнгө чейин эмнеге бош турганын билбейт экем.

Жусупжан Жээнбеков, ЖК депутаты:
- Ал кызматтын аткарган иши өтө бийик. Аты гана мамкатчы деп аталбаса, кыргыздын идеологиясын ошол кызмат жүргүзөт да. Али күнгө чейин бош турганын президенттен сурагыла. Ылайыктуусун таппай жатса керек да. Былтыр деле биринчи вице-премьердин орду 8 ай бош турбадыбы...

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын жетекчиси:
- Ал жерге таза, интеллектуалдык деңгээли бийик адам барышы керек. Идеология менен иштей турган кадрдын түшүнүгү баарынан бийик болуусу зарыл да. Мамкатчылык кызматтын аткара турган жумушу толтура. Балким ошого ылайыктуу бирөөнү таппай жатышкандыр. Мынча убакытка чейин мамкатчылыктын орду бош турушу мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгын айгинелейт.

Бөдөш Мамырова, коомдук парламенттин депутаты:
- Өнүккөн Европа өлкөлөрүндө мамкатчылар маселе чечип, мамлекетке да, коомго да пайдасын тийгизишет. Ал эми бизде мамкатчы деген түшүнүк ММКларды көзөмөлдөп, сыйлык тапшыруучу гана кызмат болуп калган. Биздикилер ал кызматтын баркын билишпейт, ага татыктуу адам дайындалбайт. Бул жаатынан алып караганда кереги жок. Болбосо, өтө керектүү жумуш деп ойлойм.

Өмүртөрө Кудайбердиев