Коомдук-саясый гезит
№47, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  С п о р т м а й д а н ы н д а

ФутЗал
Кыргызстан Индонезияны утту
Учурда Тайланддын борбору Бангкокто футзал боюнча Азиянын чемпионаты өтүүдө.
Жекшембиде "А" тобунда Кыргызстан Индонезия өлкөсү менен беттешип, 5:1 эсебинде алгачкы утушка ээ болду. Мында кыргызстандык чабуулчу Нуржан Жетибаев айырмаланып, үч голдун "автору" болду.
Кечээ биздин футболчулар Ирактын командасы менен таймашып, 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыгышты.
Кыргызстандын башкы атаандашы - Тайланддын командасы. Эгерде быйыл Кыргызстан финалга чейин жетсе, 1-2-орунду ээлеген командаларга Бразилияда өтчү дүйнө чемпионатына жолдомо берилет. Былтыр Азия чемпиону Жапония менен жарым финалга чейин жетип, Кыргызстан төртүнчү орунга түшүп калган. Мурдагы жылдары футзал командабыз Азиянын коло байгесинин ээси болгон.

  Белкуруң бекпи?

БЭЭЖИНГЕ ОН АЛТЫНЧЫ ЖОЛДОМОНУН ЭЭСИ - КАНАТ БЕГАЛИЕВ
Италиянын борбору Рим шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар келди. Мында грек-рим күрөшү боюнча жеңүү-чүлөргө Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев мөрөй алуу менен Бээжинге 16-жолдомону утуп алды.

Жекшембде, 11-майда, Римде грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык алгачкы мелдешинин мөрөй талашуулары жыйынтыкталды. Бул грек-рим күрөшү боюнча Бээжинге жол ачуучу биринчи турнирге 50 өлкөнүн 200дөн ашуун балбаны катышты. Кыргызстандын намысын 55 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Азиз Бейшалиев, 66 кг салмакта Азия чемпиону Канат Бегалиев, 74 кг салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов, 84 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев жана 96 кг салмакта Азат Эркинбаев коргоду.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Бээжинге жолдомо алган Кыргызстанга, ал түгүл Азияга, дүйнөгө таанымал балбан Канат Бегалиев жыйырма төрт жашка келип, баралына жетип турган учуру. Канат 2006-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында калыстардын айынан күмүш медаль тагынууга аргасыз болгон. Былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, Азия чемпиону аталган.
- Канатбек - кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер. Азиян жана дүйнө биринчиликтеринде бир нече ирет мөрөй алып жүргөн. Кийинки учурда калыстар калыстык кылбай бир нече ирет баш байгеден куру калган. Көп жылдан бери Кыргыздын туусун бийик көтөрүп, Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Бул жигиттен чоң үмүт кылса болот, себеби ал учурда табына келип турат. Эми Бээжин олимпиадасына жакшы даярдык көрүүсү үчүн ага бардык шартты түзүп беребиз - дейт Касымкул Оболбеков.
Римде 66 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, коло байге менен кошо Бээжинге жолу ачылган Азия чемпиону Канат Бегалиев алгач грузиялык Гергес Букисти утуп, андан кийин орусиялык балбан Сергей Коваленкого аз упайга утулган. Сергей финалга чыгып, Канат үчүнчү беттешүүсүндө даниялык Фредрих Екстромду жеңип, коло байге үчүн таймашууда өзбекстандык атаандашы Рафшан Рузикуловду утуп, коло медаль жеңип алуу менен Бээжинге жолдомо алды.
Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн 74 кг салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов бул ирет актай албады. Ал эстониялык атаандашы Эрик Апске аз упай менен алдырып, таймаштан чыгып калды. Бирок Даниярдын дагы бир мүмкүнчүлүгү бар. Майдын аягында Сербияда өтө турган эларалык турнирде Бээжинге жолдомо алууга аракет кылат.
Кыргыз спорт күйөрмандарын күйүнткөнү 55 кг салмакта күрөшкөн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Азиз Бейшалиев казакстандык Эрбол Коңуратовдон утулуп калды.
Ал эми 84 кг салмакта жаштар арасында дуйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев алгач румыниялык Роберт Папты утуп, чейрек финалга чейин фин балбаны Кимюси Нурмелону жеңип, бирок коло байге үчүн таймашта хорбатиялык Ненат Зюгайга алдырып коюп, Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калды.
96 кг салмакта Азат Эркинбаев түркиялык Мехмед Озалга утулуп, күрөштөн четтеп калды.
Айтмакчы, даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канат Бегалиев 1984- жылы Манас бабабыздын кутман жери Таласта жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршекеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты - Кыргызстанга эмгек сиңирген машыкты- руучу Мейрамбек Ахметов. Канат өлкөнун биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001-жылы уландар арасында Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.
2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Ушул жылы Ташкентте өткөн Гран-при эларалык турниринде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. 2004- жылы Афина олимпиадасында намыс талашып, дүйнөдөгү эң атактуу балбандарга каршы туруп, 8-орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын катарына кошулган.
2006-жылы Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канат Бегалиев Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байге утуп алган.
Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жол ачылып калышы ажеп эмес.





  Спорт жаңылыктары

Жеңиш майрамындагы "жел тамандар" таймашы
9-май Жеңиш күнүнө карата спорттук бир катар мелдештер болду. Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясы бул күнгө карата 3, 10 жана 21 км аралыктарга жарыштарды өткөрүп, 100дөн ашуун жөө күлүктөр мелдешке катышты.

3 км аралыкта жарышта марага бишкектик Виталий Чегиминцев озуп келди. Муса уулу Адилет экинчи орунду ээледи.
10 км аралыктагы жарышта баш байгени бишкектик Айбек Жанаркулов жеңип алды.
Кыздардан Анастасия Ротанова биринчи орунду ээледи.
Жарым марафондук жарышта марага караколдук жөө күлүк Валерий Писарев биринчи келди.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды жана медалдарды өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов тапшырды.
"Дордой" Ассоциациясынын Кубогуна арналган эларалык турнир
Өспүрүмдөр арасындагы турнир 5-майдан бери өтүп жаткан. Ага Кыргызстандан "Дордой", "Алга" жана Бишкек футбол мектеби, Өзбекстандан "Пахтакор", Казакстандан "Кайрат", "Цесна", "Тараз" футболдук командаларынын өспүрүмдөрү катышты. Натыйжада биринчи орунга "Пахтакор" (Өзбекстан), экинчи орунга "Цесна" (Алматы) жана үчүнчү орунга "Алга" (Бишкек) командалары ээ болушту. Жеңишке ээ болгондорго атайын белектер жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Негизги үч орунду ээлеген үч команданын ар бирине 300 АКШ доллары акчалай сыйлык тапшырылды.


  Бишкекте Лейлек күрөшү өттү

9-Майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган салтка айланган Лейлек күрөшү өттү.

Лейлек күрөшүнө көрүүчүлөр арбын келишти. Адатта, бул таймашка бир эле Кыргызстандын эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин да балбандары катышып жүрөт. Күрөш жылына эки ирет, 9-майда Улуу Атамекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун, 31-августта Абдрахман балбандын элесине арналып өткөрүлүп келет. Бул жолку күрөштүн баш байгесине мамлекет президентинин атынан "Нива" автоунаасы коюлду.
Лейлек күрөшү быйыл Бишкекте 34-жолу болуп өттү.

Кыргызстан Бангладешти
2:1 эсебинде утту, бирок...

9-Май күнү "Спартак" стадионуна футбол күйөрмандары арбын келишти. Азия Футбол федерациясынын Чакырык Кубогунун бул жолку беттешүүсүндө Кыргызстан менен Бангладеш өлкөлөрүнүн командалары беттешип, экинчи таймда эсепти бангладештик чабуулчу Хасан Жахит ачты. Башында кыргызстандык футболчулардын дембе-дем чабуулдарынан жыйынтык чыкпай жаткан.

Беттешүүнүн 70-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу, Бишкектин "Шер" командасынын мүчөсү Роман Корнилов эсепти теңеп, 1:1 болду.
Жергиликтүү футбол күйөрмандарынын сүрөөнгө алуусуна шыктанган "Дордой" футбол командасынын капитаны, жарым коргоочу Руслан Сыдыков топту башы менен дарбазага таамай сүзүп киргизди.
Кыргызстандын тандалма командасы Бангладештин футболчуларын 2:1 эсебинде утканы менен Азия Футбол федерациясынын Чакырык Кубогунун финалдык тобуна кошулбай четке чыгып калды. "С" тобунда Кыргызстанды 1:0 эсеби менен уткан Ооганстандын футболчулары лидер катары финалдык оюндарга катышат.
Бишкекте Чакырык Кубогунун "С" тобунда жеңип чыккан Ооганстан өлкөсүнүн командасы 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алды. Ушул Чакырык Кубогун быйыл жана 2010-жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011-жылы Катарда өтө турган Азия Кубогуна катышууга жолдомо алат.
Кабыл Макешов














Яндекс.Метрика