№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жеңишке - сый

Согуш ардагерлерине кайрымдуулук
Шейшембиде "Кумтөр Оперейтинг компаниясы" "Кумтөр Элайкын" фонду менен бирдикте "Кумтөрдүн" Барскоондогу регионалдык офисинде Улуу Атамекендик согуштун ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу маалыматты аталган компаниянын ММКлар боюнча байланыш менеджери Сергей Дедюхин билдирди.
Компаниянын башкармалыгы ушул жылдан баштап согуштун катышуучуларына 500 сомдон персоналдык кошумча пенсия берүүнү көздөп, бул жолу анын башталышын ишке ашырышты. Аталган пенсия ар айдын тогузунда берилип турмакчы. "Жетөгүз району боюнча согуштун 22 гана ардагери калыптыр. Бул согуштун каарын көргөн карыларыбыздын жашоосуна аз да болсо көмөк болмокчу" дейт Сергей Дедюхин.
Белгилей кетчү нерсе, Жетөгүз районундагы Тосор, Барскоон, Кичи Жаргылчак, Чоң Жаргылчак айылдарынын демилгеси менен түзүлгөн "Кумтөр Элайкын" фонду жакында гана ачылды.




  Кош майрам!

Үсөн ага 58 жашта
Оозунда жүйөлүү кеби, калеминде ачуу чындыгы бар, оор басырыктуу Үсөн агабыз мына бүгүн 58 жашты майтарып отурат.
Кош майрамда кесиптеш агабызга денсоолук, узун өмүр тилеп, акыйкаттын жолунан тайбасына ишенип, мындан ары да кадамы күүлөнө берсин демекчибиз. Бар болуңуз, үйбүлөңүз менен жылуу очокто 80-90ду карытыңыз…
"Ааламчылар"




  Сыркече

Ынак мырза сырты жалтырак айымдарга кызыкпайт
Жаш ырчылардын арасынан өзүнүн ордун тапкан, маанилүү ырларды жаратып келген Ынак деген ырчы жигитибиз бар. Башкалардай чабылып-чачылып жылына 2-3төн концерт деле бербейт. Негедир быйылкы жылдын май айын аяктап жеке кечесин берем деп чамынып жаткан экен. Ошол ырчы мырзабыздын "аппак карлуу", "айлуу кечтеги" сырлары, чыккан сайын хит болуп жаткан ырлары, жеке турмушу, чыгармачылыгы тууралуу маегибиз төмөндө.

- Ынак мырза, көптөн бери концерт бербей келип, быйыл берип жаткан экенсиң…
- Ооба, мындан эки жыл мурун "Айлуу кеч" аттуу ырымдын аты менен кече өткөргөм, ошондон бери концерт бербей келип, быйыл чыгармачылыктагы жаңы-жаңы табылгаларымдын коштоосу менен чоң программадагы концерт өткөрүүнү пландап турам.
- Эмнеге 2-3 жылда араң бир кече өткөрөсүң?
- Эми ар бир иш өз мезгили, убакыт-сааты менен бүтөт эмеспи. Анын үстүнө жеке концерт берүү оюнчук эмес, аябай даярдануу керек. Анан кеченин аты, себеби деген бар. Мен деле "Айлуу кечтен" кийин чыккан "Гүлдөр" аттуу ырымдын аты менен кече өткөрүп койсом болмок, бирок ал учурда менде даярдык жок эле. Кудайдын буйругу менен ушу мезгилге туш келип калды.
- Жараткан ырларыңдын шыр эле хитке айланып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп кетишинин сыры эмнеде?
- Анын эч кандай сыры жок. Баштаган иштин аягына чыгып, талыкпай эмгектене берсе, анын үзүрү сөзсүз болот деген чын экен. Мен деле чыгармачылыкка аралашканы бир чыгып, бир жок болуп кетип, олку-солку абалда жүрбөдүмбү. Буюрса, эми ордумду таап келе жатам десем болот. Анан мен ырды чыгараарда аябай изденем, которо калып же уурдап ырдагандан алысмын. Ырдай турган ырымдын маани-маңызына көңүл буруп, обону кандай, сөзү кандай сыяктуу сын көз караш менен таразалап, анан жаздырууга киришем. Балким "хитке" айланышынын себеби ушундадыр…
- Үйбүлөң тууралуу кененирээк маалымат бере кетсең…
- Үйбүлөлүүмүн, үч кызым бар. Келинчегимдин аты Сырга, Таластан болот. Улуу кызым быйыл 1-классты аяктап жатат. Андан кийинкиси Сумая жаңыдан тили чыгып, бизди күлкүгө бөлөп жаткан кези. Кичүү кызым Айдай.
- Чыгармачыл адамдар айрыкча ырчылар, эл көзүндө болот эмеспи. Кокустан бир жаш кызды сүйүп калып, ал кыз да бардыгына макул болуп, үйбүлө куралы десе, эмне деген жооп айтат элең?
- Андайдан кудай сактасын. Сен айтмакчы, эл көзүндөгү адам болгондон кийин күйөрман-сүйөрман дегендер да чыгат. Анан күнүмдүк кызыкчылыкка алданып, андайларды ээрчип кетүүдөн алысмын. Өмүрүмдүн аягына чейин Сырга менен эле жашайм деп ойлойм. Кудай ошого жеткирсин. Мен аялзатына туруктуумун…
- Бир чыгып, бир жок болуп, олку-солку жүрүшүңө балким үйбүлөлүү болушуң таасир эткендир. Бойдок болсоң, атак-даңкка эртерээк жетет белең?
- Мен ырчы болуп атак-даңкка жетет элем деп үйлөнбөй жүрө бермек белем. Ал жагынан өкүнүчүм деле жок, сүйгөн кызыма жеткем. Жанагы фанат болуп жаткан кыздардын арасында үйбүлөлүү, бойдок деп бөлгөндөр бар. Бирок, арасында чыгармачылыкты, ырларды баалагандар да жок эмес.
- "Артистти аялым дебе" деген сөз бар эмеспи…
- Түшүндүм, эмнени сурайын деп атканыңды. Ар адамдын башы өзүндө, турмушун каалагандай кылып жасап алууга кудурети жетет. Өзүн башкара албаган бир-эки артисттин аркасы менен баарыбызга сөз тийип атат деп ойлойм. Жеңил ойлуу болбой, терең ойлонсок, мындайдан алыс болобуз да.
- Айымдардын сулуулугуна кызыгасыңбы?
- Бардыгын бир беткей караган болбойт. Медалдын деле эки бети бар да. Сыртынан сулуу көрүнгөн көпчүлүк айымдарыбыздын жан дүйнөсү сулуулугуна дал келбейт. Сырты "жалтырактарга" кызыкпайм. Айрым айымдарыбыз анчалык деле чырайлуу болбосо да, жароокер, жылдыздуу, адамгерчиликтүү. Сырт келбети менен жан дүйнөсү төп келген аялзатын кезиктириш кыйын, негизинен эки тарапты тең бирдей кароо керек го.
- "Досуңдун ким экенин айт, өзүмдүн ким экениңди айтып берейин" деген сөз бар эмеспи, достукка кандайсың?
- Достукка бекеммин десем болот. Өзүмдөн улуу ага дос, ини дос жана курбалдаш досторум абдан көп, кудайдын кулагы сүйүнсүн.
- Саясатка аралашкың келеби?
- Мезгилдин агымы менен өлкөдө болуп жаткан саясый, маданий жаңылыктар тууралуу маалыматты мамлекеттин ар бир атуулу билиш керек. Мен деле ошол сыяктуу, болуп жаткан маалыматтардан алыс эмесмин, бирок саясатка кызыкпайм.

Аман
Мусагулов










??.??