№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Сапырык…

Саясаттан сан кайрык
Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты
"ЖОЖдорду менчиктештирүүгө каршымын"
- Ибрагим мырза, ЖОЖдорду менчиктештирүү долбоору ишке ашса, ОШМУга кайсы бир белгилүү досуңуз менен биргеликте ээлик кылганы жатыпсыз. Чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак…
- Бул туура эмес. Мен ОшМУну менчиктештирмек тургай, ал менчиктештирүү долбоору менен да тааныша элекмин. Таанышкан күндө да мен ОшМУну менчиктештире албайм.
- Дегеле, ЖОЖдордун менчиктештирилишине кандай пикирдесиз?
- Караманча каршымын. Эмне үчүн өзүн-өзү актап, билим жаатында да талапка жооп берген ЖОЖдорду менчиктештириш керек? Алар мамлекеттики, элдики. Эгер ошончолук эле чөнтөгү калың, идеясы бар адам болсо, анда ага лицензия берели. Андан соң өзү түптөп, өзү курсун. Болбосо, даяр нерсени "ме" деп кармата салганда болбойт.
- Демек, таптакыр менчиктештирилбеш керек дейсизби?
- Жо-жок, таптакыр эмес. Мисалы, майда институттарды берсе болот. Ошондо да өзүн-өзү актай албай калгандарын. Өзүн-өзү актап, пайда да берип жаткан ЖОЖдорду, мисалы, КУУну, КТУну, ОшМУну, ушул өңдүү чоң-чоң окуу жайларды эч убакта жеке колго бербеш керек.



Жумасарлык Нуржанов, мамлекеттик антимонополия агенттигинин директору:
"Бозгунбаев дегенди тааныбайм"
- Жумасарлык мырза, профсоюздун Көлдөгү пансионаттарынын сатылышына сизди кызыкдар дешет. Эмне үчүн?
- Менин таптакыр тиешем жок. Болбогон сөз. Мен азыр кызматтык эс алуудамын. Шашпай сүйлөшсөк болмок. Дагы айтам, менин эч тиешем да, кызыкчылыгым да жок.
- Сагын Бозгунбаев менен тирешип жатыпсыз. Эмне чатагыңыз бар?
- Ой, койгулачы… Мен айттым го, эч ким менен душмандыгым да, тирешүүм да жок. "Ушундай болуп жатыптыр" деп гезиттерден окуп алып, өзүм таңгалып жатам. Мен Бозгунбаев дегенди тааныбайм дагы…

Адиль Турдукулов:
"Мага сүйлөгөнгө болбойт"
- Адиль мырза, жаш саясатчы катары үнүң чыгып турчу эле. Дымып калдың, саясаттан кеттиңби?
- Кечирип койгула, мага саясат тууралуу, дегеле пикир айтканга болбойт.
- Эмне үчүн?
- Кызматыма байланыштуу.
- Кандай кызматтасың?
- Кыргызстандын Япониядагы элчилигине кызматка кетип жатам. Ошого байланыштуу бизге өлкөдөгү абалдын өйдө-төмөнү тууралуу сүйлөгөнгө болбойт.
- Качан кетип жатасың?
- Эртең, буюрса ал жактан сиздер менен кабарлашып турам.




Темирбек Курманбеков, Салыктар жана жыйымдар комитетинин төрагасы:
"Египетти көргөн эмесмин"
- Темирбек Барктабасович, сиздин Египеттен үлкөн суммадагы көлөмдүү жер сатып алгандыгыңыз айтылууда. Египетке кетейин дедиңизби?
- Андай болгон эмес. Бул карандай калп. Мени кызматтан кетирүүнү каалаган адамдар эмне кылаарын билбей, ооздоруна алы жетпей, жок жерден каралап айтып жүргөн ушактары болсо керек. Жер сатып алганды кой, Египетке барган да, көргөн да эмесмин.
- Сиздин көңүлүңүздү алганы аялыңызга Ленин жана Биринчимай райондорунун салык башчылары көлөмдүү алтын буюм белекке беришиптир го…
- Бизде мындай нерсе жок. Болбойт дагы. Айтып жатам го, булардын баары мага касын тигип, мени булгагысы келип жаткандардын кеби. Анүстүнө мен өзүм мындайларга жол бербейм…




Илим Карыпбеков, Медиа өкүл институтунун директору:
"Мен кызматыман эч жакка кетпейм"
- Илим мырза, сизди бийлик тарап кызматка чакырып жатыптыр. Кай кызматка экенин билели дедик эле...
- Чынын айтсам, андай сунуш, чакырык болгон жок. Болгон да эмес.
- Эгер чакырык болсо баруу оюңузда бар турбайбы?
- Андай эмес деп деле айтпайм. Турмуш болгондон кийин, ар кандай өзгөрүүлөр болуп кетет да. Буга чейин жеке чакыруулар болбогон соң, андай-мындай деш кыйын…
- Сиз кайсы бир гезитке маек берип, апрель айынан соң Медиа өкүл институтунун жетекчилигин өткөрүп берем дедиңиз эле. Дале иштеп жатасыз го?
- Жок, мен антип айткан эмесмин. Башка бирөө менен чаташтырып жатат окшойсуз. Мен эч кимге өткөрүп бербейм. Антип айткан да эмесмин.

Нурлан Жукеев





а ­е¦Є.НҐй«