№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Саресеп

Жантөрө Сатыбалдиев, коомдук ишмер:
"Путин - Медведев тандеминин өмүрү узун болот"
"Күлбө жаныңдагы коңшуңа, анын тагдыры келет сенин да башыңа" деген сөз бар. Кечээ "кыргыз бийлигинин көмүскө атасы" Владимир Путин президенттиктен кетип, Медведев мырзанын "тебетейине" бакыт кушу конду. Ушул багытта коомдук ишмер Жантөрө Жолдошевичти кепке тартып, ой-пикирлерин уктук.

- Жантөрө Жолдошевич, Медведев мырзанын ант берүү аземинен кийин Борбор Азия өлкөлөрү мураскер издөө мүшкүлүнө түшүш керекпи?
- Мен ойлойм, 7-майдагы ант берүү аземи Орусиянын тарыхындагы эң жакшы көрүнүштөрдүн бири. Мындай изги жөрөлгөлөрдүн урматы үчүн мурдагы президент Ельцинге орус эли ыракмат айтса да аздык кылат. Анткени, ал киши көптөгөн саясатчыларга өрнөк катары өз ыктыяры менен кызматтан кетип баратып, Орусияны ишеничтүү кадрларга тапшырып берди. Билсеңер керек, 1999-жылкы Орусия жөнүндө көптөгөн ача пикирлер бар эле. Андан бери Путин саясый элита жактырган программанын негизинде өлкөнү биротоло бутуна тургузалбаса да, жашоо деңгээлин көтөрүп койду. Эми мындай көрүнүш бардык эле Борбор Азия өлкөлөрүндө өз нугунда ишке ашып, өнүгүп кетсе, анда маселе жок. Мындай көрүнүшкө эл деле макул болот.
- Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүндө Орусия дүркүрөп өстүбү?
- Биринчиден, Путин мамлекеттүүлүктү түптөй алды. Ошону менен катар айрым кемчиликтери да болду. Мисалы, демократиянын негиздеринен аябай эле артка кайтты. Балким өнүгүү процесси учурунда ушул керек болгондур. Эгер демократиянын негиздеринен артка чегинбесе, балким стабилдүүлүктү түптөй алмак эмес. Федеративдик мамлекет болгондуктан ал көп жагынан, маселен, республикалардын жетекчилерин жана губернаторлорду шайлоодон кайтып, кыйыр шайлоону тандады. Ал ушул жол менен ийгиликке жетти. Ал эми демократиядан кеткенин элдин кызыкчылыгына багытталат деп түшүнсө болот. Кандай болгон күндө да Орусияда элдин турмушу жакшырды. Эмгек ресурстары жетишпей, экономикасы алдыга жылгандыгына байланыштуу биздин эмгек мигранттары ошол жакта иштеп жүрүшпөйбү. Орусия өнүгүүнүн эң сонун жылдарын Путиндин мөөнөтүндө жашады.
- Мураскер тандоо саясаты дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн сынына кабылып отурбайбы?
- Мураскерлерди тандоо ушул нукка түшө турган болсо, анда элге пайдалуу да. Анткени карапайым калк үчүн кандай, ким аркылуу келсе да, турмуш жолу оңдолсо жакшы.
- Мураскер тандоо саясаты тоталитардык режимге жакындатат турбайбы...
- Тоталитардыкпы же демократиялыкпы, иши кылса, көпчүлүк эл кайсынысын колдосо, ошол режимге барганыбыз жакшы. Тарыхый шарттарда түзүлгөн окуяларды карап көрсөң, ошол эле 70-жылдагы Германия менен Чили, 80-жылдардын Кытайы тоталитардык режимдин доорунда гүлдөп-өнүккөн.
Өзүнүн экономикалык өнүгүүсүн көрсөтө алган. Накта демократиялык негиздерди алып карасак, тоталитардык режим менен өнүгүү туура эмес. Ошондуктан Медведевдин мезгилинде Орусия демократияга өтөөрүнө ишенбейм. Өздөрү айтмакчы, "регилуровный демократия" менен жүрүп отуруп, анан накта демократияга жетишет сыяктанат.
- Путин-Медведев тандеми менен Бакиев-Кулов тандеми арасында кандай өзгөчөлүктөр бар?
- Биринчиден, тигилердин тандеми саясый стабилдүүлүктүн мезгилинде түзүлгөн тандем. Ал эми биздеги тандем саясый абалдын курчуп турган убагында, элди экиге бөлүп албоо саясатына муктаж катары түзүлгөн тандем болчу. Ошондуктан, мен ойлойм, экөөнүн ортосунда айырма өтө чоң. Путин-Медведев тандеминин өмүрү узун. Экөө Башмыйзамдагы мөөнөтүнүн акыркы мүнөтүнө чейин иштешет.

Манас Осмон




  Артка кадам

Айла кеткенде кайра колхозгобу?
"Нан кризиси" чыккандан бери айыл чарбаcындагы эски проблемалардын баары кайра көтөрүлүп, анын ичинде кооператив түзүү идеясы дагы айтыла баштады. Майда дыйкан чарбалар техниканы сатып ала албайт экен, жерди которуштуруп айдоо жана башка алдынкы агротехникалык ыкмаларды пайдаланууга да мүмкүн болбойт экен деген себептер айтылууда. Булардын баары чын. Ири чарбанын иши да ири. Ири чарба айыл чарбасында эле эмес, экономиканын бардык тармактарында, анын ичинде өнөр жайында да эффективдүү. Чакан бизнес жакшы дешкендери менен дүйнөдө чыгарылган продукциянын көбүн миллиарддаган долларды тегереткен эларалык корпорациялар беришет. Ошондуктан чакан бизнес менен экономикада чоң кадам жасайбыз дегендер терең жаңылышат. Дүйнөнүн ар кайсы бурчуна продукциясын экспорттогон ири ишканалар түзүлгөндө гана биздин экономика алдыга жыла баштайт. Бирок дыйкан чарбаларды кооперативге бириктирүү азыркы Кыргызстандын шартында реалдуу эмес. Аны биздин экономиканын сырын жакшы билбегендер айтып жатышат деп ойлойм.
Айыл чарба кооперативи жерди, техниканы бириктирип, чогуу иштөөнү талап кылат. Бириккенде да, дыйкандар өз ыктыяры менен биригиши керек. Жеке чарбалар буга барабы? Менин оюмча, күчкө салбаса барбайт. Күчкө салса, алардын мурдагы колхоздордон айырмасы болбойт. Бирикпеген себеби, алар бири-бирине ишенишпейт. Айткандарым түшүнүктүү болсун үчүн бир мисал келтирейин. Советтер Союзу учурунда Ысыката районунда "Орток" деген совхоз болгон. 90-жылдары рентабелдүүлүгү төмөн чарба катары биринчилерден болуп таратылып, малы-мүлкү жана жери анда иштегендерге бөлүп берилген. Чочко фермасын гана калтырып, калганын таратып жиберишкен. Тарагандар адегенде чогуу иштечүбүз деп, уруу-уруу болуп биригишип, 3 чарба түзүшкөн. Анын экөөсү бир жылдан кийин эле бириндеп тарап кеткен. Эмне дегенде кирешени бөлгөндө мен эшектей иштедим, а тиги болсо той-аштарда эле айылчылап жүрдү деп кооперативчилер жаман-жакшы айтышып урушканга чейин барышкан.Үчүнчүсү 4-5 жыл бирге иштеп, а да акыры ошол себеп менен эле жок болду.
Кооператив акционердик коом сыяктуу чарба жүргүзүүнүн татаал жана назик формасы. Ал менчик ээлеринин укугу бекем сакталганда гана кеңири жайыла алат. Бул үчүн мыйзамдуулук катуу болушу зарыл. Бизде мыйзамдуулук барбы? Эл укук коргоо органдарына ишенбей, адилеттүүлүктү рэкеттен издеп жатса же Акүйдүн алдына пикетке чыкса, кайдагы мыйзамдуулук. "Дастан" акционердик коомунда, "Ысыккөлинвестбанк", "Кыргызөнөржайбанк", "Кыргызстан" банктарында жакында эле чыккан чыр-чатактар, алардын бир тараптуу чечилиши мамлекет менчик ээлеринин укугун коргой албастыгын көрсөтүп жатпайбы. Кыргызстандагы азыркы акционердик коомдор, кооперативдер негизинен ишканаларды менчиктеширүү этабында түзүлгөн. Кийин майда менчик ээлеринин бириккени тууралуу фактылар жокко эсе. Ач кулактан тынч кулак деп ишкерлер иш жүргүзүүнүн индивидуалдуу формасын тандап алышып, өз акчасын өзү иштеткенди туура көрүшөт.
Экономикалык мамилелер, анын ичинде менчикке байланыштуу мамилелер жалаң гана мыйзам менен тескелбейт. Мында салт, каада дегендердин да мааниси зор. Илгери кыргыз көчмөн болуп, сот чыга электе, адамдардын ортосундагы мамилелердин бардыгы ошол салт, каада менен гана жөнгө салынып турган. Уят өлүмдөн катуу деп адамдар жаман ишке барышпаган. Кийин анын ролун коммунисттик коомдун моралдык кодекси аткарып калган. Азыркы чакчелекей заманда эмне жаман, эмне жакшы, ким жаман да, ким жакшы экенин билүүгө мүмкүнбү? Мүмкүн эмес. Анткени канча адам болсо, ошончо пикир. Буга мен бир мисал келтирейин. Кечээ эле Акаевдин жанында жүргөн адамдар, айталы, Дастан Сарыгулов, "мен эски бийликтин учурунда запкы жегем" деп жатпайбы. Анын кызматтан алынганы төгүнбү? Бирок Акаевдин саясатын колдогонун, аны менен студент кезден берки достугун кайда жашырабыз? Эски бийликти колдоду деп айтыш үчүн чекти кайсы жерден коюш керек - ал үчүн Акаев менен бир жыл иштешиши керекпи, экиби же онбу? Эл ичинде сурамжылоо жүргүзсөңүз, Дастан акени жактагандар да, жактабагандар да тепетең чыгат. Ар бир конкреттүү нерсени алсаң, элде бир ой жок. Ыйман дегенди ар ким ар кандай түшүнөт.
Рынок экономикасы десе, көпчүлүк адамдар бирөөнү алдап, мамлекеттик мүлктү уурдап акча топтоону түшүнүшөт. Алдамчыларды жек көргөн сезим эч кимде жок. Бирок рынок экономикасы андай эмес да. Анда Америка жалаң алдамчылардын өлкөсү болуп калабы. Мен ыйман ошол жерде бар деп ойлойм. Бизде 1 миң сом бирөөгө карыз берсең, ишенбей расписка талап кыласың, ал жерде 1 млн. долларды кол алышып эле берип коет. Анткени ал жерде айткандарын так аткарышат. Рынок экономикасы бизде да ошондой терең тамыр жайса, адамдардын аң-сезими өзгөрөт? Маңдай тер менен тапкан акча барк-туу болуп, ууруларды, коррупционер-жегичтерди жек көрүү сезими күч алат. Азыркы коомго шайкеш келген жалпыга бирдей моралдык баалуулуктар иштелип чыгат. Ошондо гана менчик ээлеринин бири-бири менен биригүүсүнө кенен жол ачылат.
Шарттардын жоктугуна карабай, менчик ээлери азыр деле биригүүгө аракет кылып жатышканын айтпай кетүүгө болбойт. Бирок ал массалык түргө ээ боло элек. Ал көбүнесе бири-бирине ишенген, бири-бирин кыйбаган жакын адамдардын ортосунда жүрүп жатат. Биригүү массалык мүнөзгө ээ болуш үчүн, мен жогоруда айткандай, коом бышып жетилиши керек. Ошондуктан дыйкандарды жөн эле биригесиңер деп зордой бербей, анын бышып жетилишине жардам берүү зарыл. Өзгөчө мыйзамдуулукту күчөтүү керек. Муну айткан киши жок. Бийлик алмашкандан кийин укук коргоо органдарынын иши мурдагыдан да жаман болуп кетти. Мындай шартта дыйкандарды кооперативге киргизсе, эч кандай натыйжа чыкпайт. Мен жогоруда келтирген акционердик коомдордогудай конфликттерден баштары арылбайт. Кооперативдер өндүрүштүн масштабы жагынан утканы менен, менчик берген стимул жагынан уттурат. Менчик болсо рынок экономикасында ыйык деп айта турган чоң нерсе.

Сапар Орозбаков







а ­е¦Є.НҐй«