№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  А й л а н к ө ч ө к

Деңиз сөз
Жаңжалдуу үйдүн куту жок,
Бейкайрат эрдин күчү жок.
Туура бийде тууган жок,
Туура сүйлөп түз жүргүн,
Жолуңду бирөө бууган жок.
Жеңижок

Кайран заман куурулду.
Бей-бечара момундар
Баткак болуп жуурулду.
Бирди болуш жеп койду.
Бир ыстарчын деп койду.
Арадан журтту жеп койду.
Арстанбек

Жакшы чыккан азамат
Элин билээр.
Элин билген ал адам
Билим билээр.
Эчен түрлүү адамдын
Тилин билээр.
Калыгул
Лөлүкан кеңеш

Бадыраң

Майда тууралган бадыраңдын суусуна бир тамчы лимон суусун тамчылатып, бетке сүртөт. Жарым сааттан кийин таза кебез менен аарчып, анан суу менен чайкап койсо, бет агарат.

Банан

Эзилген бананга бир аш кашык каймакты кошуп бетке сүрткөндөн кийин 25-20 мүнөт күтүү керек. Андан кийин бетти таза жууп салуу зарыл. Мындай ыкма бетти тез эле жашартат.

Ашкабак

2 аш кашык бышырылган ашкабакты жакшылап эзип, ага 1 кашык өсүмдөк майын кошуп аралаштыргандан кийин 20 мүнөттөй бетке сүртсө, бет кургабай калат. Муну жумасына бир жолу жасоо жакшы.




  Азиза Абдрасулова, укук коргоочу

- "Жаныш Бакиев өмүрүмө коркунуч туудуруп жатат" деп камактан Кушбак Тезекбаев билдирүү таратты. Мунун укугу кантет?
- Биринчиден, мен ал кишинин сот процессине катышкан жокмун. Делосу менен да тааныш эмесмин. Анын үстүнө Ош жергесинде күнөөлөнүп жатпайбы. Бир нерсе айтсам туура болбой калат. Эгер тууган-уругу кайрылса, мыйзам чегинде жардам көрсөтөөр элек.
- Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары максатына жетеби?
- Аны азыр айтыш кыйын. Ал кишини жактап, коргош алардын укугу. Ишенбай мырза Жогорку Кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты. Таанымал инсан. Мен соттордун бир жерине ичим чыкпай калды. Чечимин чыгарбай туруп, күнөөлүү, күнөөлүү эмес экенин далилдебей эле отургузуп салды.

  Эр эмгегин эскерип

Жалалабаттык согуш
ардагерлерине медалдар тапшырылды
Орусиялык коммунисттердин "Советтер өлкөсү үчүн!" деген төш белгиси облустун ар кайсы шаар-райондорунда жашаган экинчи дүйнөлүк согуштун он катышуучусуна тапшырылат. 8-майда Компартиянын облустук комитетинин 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаев аталган медалды Сузак районунда төшөктөн туралбай жаткан эки ардагерге тапшырып, денсоолук каалады. Облустук бийликтин район-шаарларга бөлүнгөн жооптуу кызматкерлери согуш ардагерлерине президенттин жарлыгы менен берилчү жөлөк пулдарды тапшырышты. Жалалабаттан 30 миңден ашык адам согушка катышкан. Жети адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Эми эсине келип...
Кыргызстанда демократия артка кетти
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Тынч митингдерди чогултуу тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулап жатканда Кыргызстанда демократия артка кетти деп билдирди. Акыйкатчы бийликти тынч митингдерди, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө жасалып жаткан тоскоолдуктарга көңүл бурууга чакырды. Оппозициялык кыймылдын 26-апрелде Ысыккөлдө жөө жүрүш уюштуруу аракетинин үзгүлтүккө учуроо себептерин иликтеген акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы бир күн мурда өз тыянагын жарыялаган. Анда жөө жүрүш жасоого тос-коолдуктар жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган деп айтылат.

Сомуң союл
Инфляцияны Осмон ооздуктайт
Сомдун курсу ылдыйласа, инфляцияны ооздуктоого оңой болот. Мындай пикирин ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтуусунда, Улуттук Банк сомдун курсун түшүрүүгө жол берүүгө тийиш. Мындан доллар кымбаттап, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын сыртка сатууга мүмкүнчүлүк кененирээк ачылат.




  Сынак

40 миң сом байге!
Ташкул Керексизовдун премьер И.Чудиновго жазган ачык катын кыргызчага которуу боюнча конкурс жарыялаганбыз (гезиттин №43, 44-сандарында). Анан эле редакцияны каттар басып жатып калды. Котормолорду кабыл алууну 10-майда токтотобуз. Эң мыкты текстти тандоо менен, 40 миң сом байгени келаткан жума ичинде тапшырмакчыбыз. Ташкул мырзанын колу менен. Эмесе, 16-майдагы гезиттин санында жеңүүчүбүздү окуйсуздар.


  Угабы?

Карыпбеков кайрылат
Бүгүн Медиа өкүл институту президентке кайрылуу жолдойт. Анда Жогорку Кеңеш кабыл алган "Теле жана радио берүү жөнүндө" мыйзамдын кемчиликтерин жоюу үчүн артка кайтаруу керектиги, анткени бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын кыйла оорлотуп жибериши мүмкүн экендиги айтылат. Кайрылууга учурда бир катар медиа уюмдары жана журналисттик коомчулук кол коюп жатат. Бул тууралуу Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков "Азаттыкка" билдирди.

Досбол Нур уулу экзамен алып жатат дейт
- Кана айтчы, суу канча градуста кайнайт?
Окуучу башын кашып ары ойлонот, бери ойлонот... Билбей коет.
Анда Досуке айтат дейт:
- Суунун канча градуста кайнаары менин да эсимде жок, бирок, суу 40 градуста жинди сууга айланса, анда 30 градуста кайнайт экен да...

  Океандын ары жагынан

Жээнбековду желкелешеби?
Каржы полициясы Жээнбековго "Кайыңды-Кант" акционердик коомунун 10 пайыз акциясын саткан деген айып тагууда. Мындан мурдараак "Асыл таш" пансионатын классташына менчиктештирип берди деп башкы прокуратура иш козгоп, бирок, ал кийинчерээк кайра жабылган.
Саясатчы март ыңкылабынан кийин Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу, андан кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2006-жылкы нааразылык акцияларына катышкан. Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Равшан Жээнбеков бул айыптоолорду четке кагып, "кызматтан кеткенден кийинки айыптоолор сөзсүз саясий өңүт алат" деди.
"Аалам-пресс"