№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Желтегирмен

А. Мадумаров өкмөттүк гезиттерди көтөрөбү?
Спикер Адахан Мадумаров "Кыргыз туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин тоо" гезиттеринин ар бирине бюджеттен 7 млн. сомдон (бардыгы 21 млн.сом) бөлүнөөрүн билдирди. "Мамлекеттин да өлкөдөгү коомдук- саясый кырдаал боюнча өзүнүн үнү, позициясы болушу керек. Мурда мамлекеттен ал гезиттерге 7 млн. сом эмес, 7 тыйын да бөлүнгөн эмес. Бул гезиттердин нускасын жакынкы 1-2 жылда 50 миңге, 4-5 жылда 100 миңге көтөрүүгө болот" деп айтты спикер.
Өкмөттүк үч гезит эле 300 миң окурманды өзүбүзгө тартып алабыз деген кыялга батышууда.
Мындай идея ишке ашабы же катардагы "өрдөк" катары учабы?

А. Акаевдин китепканасына кимдердин көзү түштү?
"Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин китепканасы" аттуу коомдук фонддун төрайымы, экс-президенттин балдызы Санаткүл Жамакеева экс-президенттин китепканасы саясый оюндардын курмандыгы болуп кетти деп билдирди. Анткени Бишкек райондор аралык сотунун чечими менен жакында китепкана жайгашкан Бишкектеги Раззаков көчөсүндөгү №8 үйдөгү фонддун имараты, ал жайгашкан 3 миң 618 чарчы метр жери алынып жана кезегинде спонсорлук жардам көрсөткөндөрдүн пайдасына 7,5 млн. сомду төлөттүрүп алуу каралган. Кезегинде ал фондго жардам көрсөткөндөр: КР президентинин администрация-сы, КР президентинин иш башкармалыгы, Эсеп палатасы, Кыргыз техникалык университети, "Манас" аэропорту, "Кыргыз темир жол" башкармалыгы, "Кыргызтелеком", "Кыргызнефтегаз", "Айыл банк", эки айыл өкмөтү ж. б. Булардын эсебине фонддон өндүрүлүүчү 7,5 млн. сом бөлүштүрүлүп берилмекчи. Ал эми фонддун имараты, ээлеген жери кимдин пайдасына чегерилет, белгисиз.
Фонддун төрайымы жогорку инстанцияларга арызданаарын билдирди.

Д. Үсөновго автокомбинатчылар нааразыбы?
Бишкек автокомбинатынын 3-автопаркына караштуу 5 гектар жери былтыр ШОСтун алдында "Тазалык" фирмасына сатылып, бирок ШОС аяктаган соң ал фирма жоюлуп кеткен. Мына ошол 5 гектар жерди мэр Д. Үсөнов 5 млн. сомго сатып жибергени боюнча кептер айтылып, ага автокомбинатчылар нааразы имиш (өзүбүз кайра алабыз деп).
Бул жерде кайчы пикирлер курчуп, нааразычылык күч алуу-да. 5 гектар жердин итбекер сатылышына күйгөндөр чыгууда.

"Аалам- пресс"




  Жик чыкты!

Кыргыз демократиясын ара жолго таштаба, Америка!
Россия, торпедоңду Ысыккөлдө эмес, Байкалда сына!
"Атамекен Америка менен" коомдук кыймылы эртең саат 10дон 12ге чейин М.Горький аянтында пикет өткөрүүгө борбор бийлигинен уруксат алды. Пикеттин маани-маңызы, максат-багыты тууралуу сураганыбызда кыймылдын жетекчиси Мадалбек Көчөрбаев мына буларды айтып берди.

- Биздин бул акциянын негизги максаты - Кыргызстандан демократиянын абалына дүйнө коомчулугунун, асыресе, Америка менен Россиянын көңүлүн буруу. Не дегенде, Кыргызстан жууса кеткис "кызыл-күрөңдөрдүн" ортосунда калды. Россия менен Казакстанда авторитардык бийлик орноду. Түркмөнстан менен Өзбекстан небак хан бийлигин түзүп алган. Тажикстан Россиянын жетегинде. Мындай чырмалышып туташкан геосаясый алкакта Кыргызстанга окшогон экономикалык жактан алсыз, саясый жактан уюмдашып, криминалдашкан бийликтен башы чыкпаган өлкөлөр үчүн өзалдынча демократия куруу мүмкүн эместигин тарых далилдеди. Ошонүчүн биз демократиясы өнүккөн өлкөлөрдүн, асыресе Евросоюз мамлекеттеринин, АКШнын жардамына, таасирине муктажбыз. Анткени ошолордун, айрыкча Американын материалдык да, моралдык да жардамы менен демократия курууга бет алганбыз. Алар көзөмөлдөп, дүйнөлүк пикир түзүп, кыргызча айтканда жаскап-тескеп турганда жаш демократиябыз туура жолго бет алган.
Арийне, Американын "Ганси" авиабазасы Кыргызстанга орногондон бери абал кескин өзгөрдү. Себеби, АКШ аскер базасына кыргыз бийлигинин көзүн түз кармоо максатында Кыргызстанда демократия аңга кулап баратканын байкамаксан болду. Ушуга чейин байкамаксан болуп келатат. Антпегенде Акаев бийлиги биздин коомдук өнүгүшкө мынчалык оңой кете койбос кедергисин тийгизмек эмес. Бакиев элди ушунчалык басмырлап, көзбоемочулук менен референдум, шайлоо өткөрүп, жеке бийлик орнотмок эмес. Ага каш кайтаргандарды камап, сабап, эл пикири, коомчулук каршылыгы эске алынбай, Каркырадай касиеттүү жерибиздин, Ысыккөлдөй кереметтүү көлүбүздүн өңүрү Казакстанга түбөлүккө тартууланмак эмес. Б.а. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетмек эмес.
Россия ушунун баарын көрүп-билип туруп, калыс мамиле жасаганды мындай кой, кыргыз бийлигинин зордугу менен кордугун ачык колдоп, сүрөмөлөп атат. Аны түшүнсө болот: Россия кайрадан жанданып жаткан тоталитардык империя катары Борбор Азияда Америка менен Кытайдан таасир талашып атыр. Ага каршылыгыбыз жок, ар мамлекеттин, анын ичинен АКШ менен Кытайдын да бизде өз кызыкчылыгы бар. Ал кызыкчылыкты көздүн карегиндей сактап, жүзөгө ашырууга аракет жасоо ар мамлекеттин милдети. Арийне, Кыргызстандын да кызыкчылыгын эске алып, теңата өнөктөш мамлекет катары мамиле жасоо менен. Антпеген күндө ал кызматташтыкка эмес, баскынчылыкка жатат.
Россия тескерисинче, кыргыз бийлигинин эрки боштугунан, намыс-ары, интеллектуалдык көрөңгөсү жоктугунан экономикалык жактан биркатар көзкарандылыгыбыздан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетибизди - мамлекет, элибизди - эл катары теңсинбөөгө чейин барууда. Анын айкын мисалы бир тыйын төлөбөй Россия Кыргызстанда 4 аскер базасын кармап турат. Алардын контингентин күн сайын кеңейтип барат. Маңдайга бүткөн жалгыз көздөй көлүбүзгө совет мезгилиндегидей эле элибизден суроо-сопкутсуз согуштук торпедолорун сыноодо. Дагы баса айтабыз, бир тыйын төлөбөй.
Ошого карабай, Кыргызстан рубль зонасында турганда орус өкмөтү акча саясатын туура жүргүзө албагандык кесепетинен жаралган кризисти жабуу максатында республикабызга берген 100 млн доллар 185 млн долларга жеткен мезгилде доолап. Аны стратегиялык мааниси бар ишканаларыбызга чегерип, Россия карамагына өткөрүү аракетинде. Белгилеп кете турган жагдай, белгилүү экономист Сапар Орозбаковдун изилдөөсүнө таянсак, андай кредитти бардык республикалар, анын ичинен Украина миллиарддаган долларлап алган, бирок бири дагы кийин төлөп берүүгө макул болгон эмес.
Ошого карабай, москвалык "Независимая газетанын" билдирүүсүнө караганда, жылына 40 млн. доллар, ал эми Кыргыз бийлиги аркандай төмөнкү сумманы айткан аренда акыны төлөп турган АКШнын "Ганси" авиабазасын айдап чыгууга Россия кыргыз президентин ачык дагы, жабык дагы мажбурлоодо. Президенттин тышкы саясатта айкын багыты ачык көзкарашы жоктугуна байланыштуу Кыргызстан эки дөөнүн ортосундагы кашка чымынга айланды. Андан убактылуу болсо да көз жазгыра туруу амалында кыргыз бийлиги бардык пастыкка барууда. Мисалы, Атажурт бүтүндүгүн сактайлы деген девиз менен пикет өткөрүп, коомчулуктун патриоттук сезимин козгоого аракет жасаган кыргыз жаштарын камап, сабап таратып, "чөнтөк" сотторунун өкүмү менен штраф салып, түрмөгө кесүүгө чейин барууда. Ошо учурда "Сергий Радоженский менен айкөл Манас" деген атына заты дал келбес уюмга, а чындыгында, орус диаспорасынан чыккан он чакты биздин граждандарга "Ганси" авиабазасы Кыргызстандан чыксын!" маанисинде митинг, пикет уюштурууга кеңпейилдик менен уруксат берип атыр. АКШ менен түзгөн келишим шарттарын аларга ачык түшүндүрүп, өз позициясын айкын билдирбегенине караганда, кыргыз бийлиги АКШ авиабазасын Кыргызстандан айдап чыгуунун амалын таппай аткандай. Ага Россиянын эмес, АКШ саясатын колдоп пикетке чыккан уйгур диаспорасындагы граждандарыбызды уруп-сабап, камап таратканы да күбө.
Биздин уюм "Ганси" авиабазанын Кыргызстанда турушу Афганистандагы өтө катаал абалды жөнгө салуу үчүн эле эмес, өлкөбүздүн коопсуздугун сактоого, алдуу-күчтүү коңулаш мамлекеттердин үстөмдүгүн теңсалмактоого, андан калса, экономикабызга өлөк-жөлөк болууга зарыл деп эсептейт. "Ганси" авиабазасы коңшу өлкөлөрдүн, эң ириде Россиянын макулдугу менен Бишкекке орногону маалым. Атүгүл Казакстан бизге орноткула деп чыккан, бирок жер шартына байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстан ылайыктуу деп табылган. Өзүңүздөр билесиздер, Өзбекстан бийлигинин өз элине жасаган аеосуз деспотчулугун АКШ департаменти катуу сынга алган. Ага ардыккан президент Каримов АКШ авиабазасын Өзбекстандан айдап чыккан. Эки мамлекет акыркы мезгилде кайрадан алакага келип, Өзбекстан АКШ авиабазасын кайрадан алып келүүгө макул болуп атканы эле көп нерсени, асыресе, Борбор Азия чөлкөмү коопсуздугунда АКШ таасири зарылдыгын каңкуулайт.
Биздин кыймыл Россиянын улуулугун, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүндө, геосаясатында анын ролунун зордугун эчкачан танган эмес жана танбайт. Ошоле учурда АКШнын дүйнөлүк өкүмзор саясатына, айрыкча Ирактагы баскынчылыгына сын көз менен карайт. Бирок Борбор Азия, анын ичинен айрыкча Кыргызстан, демократия дөөлөттөрүн орнотууда АКШ жардамына, таасирине муктаж деп эсептейбиз. Жогорудагы жана ушуга окшогон жагдайларды коомчулукка түшүндүрүү, алардан колдоо табуу эртеңки акциябыздын негизги акыбети.

Нурлан Жукеев





а ­е¦Є.НҐй«