№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жумасереп

Күңгөй-тескей
Владимир Путин мураскерин такка отургузду. Орус тарыхында өнүккөн заманга ылайыкташкан тоталитардык режимдин жол башчысы катары Путин татыктуу орун алып отурат. Ал чөккөн империянын акыркы мураскеринен өлкөнү өткөзүп алгандагы мезгил менен азыркы учур арасында опол тоодой айырма бар. Мисалы, тышкы саясат менен экономика жаатында Орусиянын чапанына жуккан көөнү жууп, тазалаганга жетишти. Европа жана Алыскы Чыгыш өлкөлөрү менен болгон муздак мамилеге от жагып, достук алакаларды жылытты. 70 жылдык колониядан кийин эркиндикке чыккан Борбор Азиянын тизгинин кайрадан колуна алды. Путиндин тышкы саясаттагы эң эле чоң ийгилиги ушул. Ички саясаты болсо, мындан да жылтыр. Дүйнөлүк статистика Орусиядагы орточо айлык акылар 2000 доллардын тегерегин түздү деп айтып жатат. Бул өнүккөн Европа өлкөлөрүнө теңтайлашуу дегенди түшүндүрөт экен. Миграция 60 пайызга, кылмыштын аркандай түрлөрү 37 пайызга, жумушсуздук 70 пайызга дейре кыскарып, курулуш тармагына байланышкан аркандай жумуштар 90 пайызга чейин өсүү жолунда экенин айтышууда. Путин 8 жылдык президенттик доорунда ошентип Орусияны кайрадан катарга кошту. Башмыйзамды оңдогон жок. Оппозиция менен жалпы тил табышууга аракет кылды. Ошондуктан Жириновский сыяктуу фракция башчылары аны бир добуштан премьер-министрлик кызматка колдой тургандыктарын кечээле билдиришкен. Кечээ Дмитрий Медведев ант берүү аземинде Путин салган чыйырдан карыш баспайм дегендей мукактанды. Чын эле ошондойбу? Айрым эл аралык саясый уюмдар менен саясат иликтөөчүлөр Медведевди укугу чектелген президент катары эсептешет. Түпкүлүгүндө ошондой, бирок, Путин-Медведев тандемин 2020-жылга чейинки Орусиянын саясаты жылытып турат.
Кыргыз саясаты деле Путиндин багытында баратат. Бирок, өңүтү бир болгону менен, тышкы жана ички саясаттагы чалкештик, миграциянын күч алышы, 30 пайыздан ашкан экономиканын мите курту, күнсайын өсүп бараткан кылмыштуулук жана билим берүүнүн начардыгы Курманбек Салиевичти Путин болуудан алда канча алыстатып баратат. Эң эле жөнөкөйү президент эл атасы катары бийликке жек көрүндү Текебаев баштаган оппозиция менен тил табышалган жок. Өлкөнүн Түндүк-Түштүк ажырымы жаңы бийиктиктерге жетти.
Өкмөттүн, парламенттин кейпи бузук телефонду элестетет. Укугу өтө эле чектелген. Менимче, Курманбек Бакиевдин мураскери азыр белгисиз...

Манас ОСМОН




  Премьер-министру Кыргызской Республики И.В.Чудинову

ОБРАЩЕНИЕ
Уважаемый Игорь Витальевич!
Архитектурная общественность Кыргызстана прочитав обращение Ташкула Керексизова через СМИ в Ваш адрес решила поддержать просьбу этого известного общественного деятеля.
Дело в том, что Т.Керексизов со своей деятельностью внес и вносит неоценимый вклад в развитии Иссык-Кульского курортного региона. Построенный с Его усилиями культурно-этнографический центр "Рух-Ордо" в г. Чолпон-Ата доказала, что этот объект является достопримечательностью не только Иссык-Кульского района, области, но и всей Республики. Этот объект посещали и посещают гости и делегаты со всех стран мира, всемирно известные личности, тем самым способствуя развитию курортно-туристического строительства в этом регионе.
Начало строительства Музея под открытым небом кочевой культуры народов Мира в районе пгт. Каджи-Сай дало толчок на интенсивное освоение южного побережья озера Иссык-Куль.
Учитывая, что в этом объекте предусмотрены простые строения - шифр Духа Кыргызов - Умай Эне, Адам Ата, Дерево Жизни, сказатели эпоса Манас, Юрты и др., которые не представляют собой опасности в сейсмическом отношении получили поддержки архитектурно-строительных служб Тонского района и Иссык-Кульской области.
Требования отдельных служб о возмещении более 11,0 млн. сомов якобы за упущенную выгоды от потери сельхозугодий, считаем препятствием и преградой создания еще одного уникального объекта на берегу озера Иссык-Куль. Мы тоже надеемся, что наше Правительство решит данную проблему в пользу культурно-этнографического комплекса "Аалам-Ордо".
Э.Б.Бекташев - Председатель Союза Архитекторов КР, профессор международной академии архитектуры
А.И.Исаев - Академик Архитектуры, заслуженный архитектор КР
Г.П.Кутателадзе - заслуженный архитектор КР, член Совета Старейшин САКР
К.М.Алыкулов - Академик Академии архитектуры стран Востока, заслуженный архитектор КР
Р.К.Асылбеков - заслуженный архитектор КР
К.К.Ибраев - заслуженный архитектор КР
В.Д. Фохт - заслуженный деятель культуры КР
Члены Правления САКР:
А.Ч.Алсеитов
С.Б.Амыркулов
А.М.Абдраимов
А.Т.Анарбаев
К.М.Океев
М.Т.Отунчиев
Ю.Г.Смирнов
Т.Ч.Мурзакулов
А.Д.Кожалиев
К.А.Каепкулов
А.К.Клишевич
А.М.Насирдинова
Т.К.Алыкулов
С.А.Султанов
О.Ч.Байгожоев




  Ойилик

- Орусиядагы мураскер тандоо саясаты Кыргызстанда кайталанышы мүмкүнбү?

Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер:

- Ошондой болушу мүмкүн. Бул саясаттагы табигый көрүнүштөрдүн бири. Ар кандай партия өз лидерин алмаштырып турат. "Акжол" партиясынын программасында балким 2015-2020-жылга мураскер тандоо планы бар болушу мүмкүн. Мындай көрүнүш Кытайда деле болбодубу.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:

- Андай болоорун, мураскерликке ким аттанаарын билбейм. Бирок менин бир билгеним, кандай болсо да Курманбек Салиевичти 2010-жылы 2-мөөнөткө калтырышыбыз керек. Биз, "Акжол" партиясы, азыртадан иштей баштабасак болбойт. Анан ким мураскер болот, аны мезгил көрсөтөт.

Эмил Алиев, "Ар-Намыс"
партиясынын төрагасы:

- Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцинден бери мураскер тандоо саясаты жүрүп келатат. Путин деле ошол жолдон тайган жок. Эми, муну элдер кандай кабыл алып жатат, аны билбейбиз. Бирок, Орусиядагы өнүгүү стратегиясы бүгүн эң бийик деңгээлге жетти. Кыргызстанда андай болбой жатпайбы. Ошондуктан, мураскер тандоо саясаты бизге туура келбейт. Арийне, президент ошол жолго да барышы мүмкүн.

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер:

- Мурунку бийликтин кемчилигин айтып жатканда Конституциядагы өз мөөнөтүн узартып, көбүрөөк отуруп алганын белгилээр элем. Ал эми Курманбек Салиевич Конституциянын чегинен чыкпайм деп айтканын билесиңер. Мындан, Орусиядагыдай мураскер тандоо саясатын тандабайт деп түшүнөбүз. Демек, ал киши 2015-жылыбы же 2020-жылга чейинби, Кыргызстанды көтөрүшү керек. Буга ишенич бар.

Арфидин Аланов,
Ош шаарынын вице-мэри:

- Менимче андай болбойт. Президентибиздин элге пайдалуу өз саясаты бар. Учурда Кыргызстандын ар кайсы тармагы оңолуу жолунда баратат. Эгер ушул темптен жазбасак, өлкө башчысын кайрадан шайлап алуу элдин колунда. Ошондуктан, мураскер тандоо саясатын унутуп эле, Курманбек Салиевичти дагы бир мөөнөткө шайлап алышыбыз керек деп ойлойм.

Алманбет Шыкмаматов, саясий серепчи:

- Путин Орусияны 8 жыл башкарып опол тоодой кадыр-барк жыйнады. Ошондуктан орус эли Медведевге эмес, Путиндин өзүнө добуш берген. А биздеги көрүнүш таптакыр башка. Ошондуктан, мындай саясаттын эпкини жүрө баштаганда эле элдин арасында ар кандай ызы-чуулар башталат.

Айдар Бакыев, Республикалык
жаштар партиясынын төрагасы:

- Кыргыздын табияты бөлөк. Тарыхты карасаңар, бизди башкаргандар дайыма туюктан келген. Кыргыз өз ханын кокустан, чукул убакыттын ичинде шайлап алганын көрүп, билип жүрөбүз. Менимче, мураскер тандоо саясаты бизге өтпөйт. Үчүнчү президент кокустан шайланат. Андай болбогон чакта да мураскер тандоону туура эмес деп эсептейм.

Өмүртөрө Кудайбердиев











??.??