№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу шыбырттарынан

Айгерим Ошто
Расул кызы Айгерим учурда Ош жергесинде гастролдоп жүргөн кези. Өзү жаш болсо да бир топ ийгиликтерге жетишип, чыгармачылыктын бийик тепкичтерин багынтууга жасап жаткан кадамдары мактоого татырлык. "Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" демекчи, жаш кезинде атак-даңкы келечекке даңгыр жол ачып берээри талашсыз.

Чолпонайды "уурдашты"
"Кылым" тобунун мурдагы солисти, азыр жеке чыгармачылыкка баш-оту менен аралашып жүргөн Чолпонайды эки күн мурун ала качып кетишкен. Кайсыл айыл экени белгисиз, бирок, ушу Чүй жергесиндеги айылдардын бири дейт. Бирок Чолпонайды чогуу иштешкен Алмаз Адамалиев деген жигит достору менен барып алып келген экен.

Урматтын жүрөгүндө муз
Буга чейин кыргыз эстрадасында алгач ырын угуп, анан ал ырдын клибин көрчүбүз. Бирок, кыргыздын "мачосу" аталган Урмат Усенов жаңылык киргизгени турат. Дегенибиз, Урмат мырза учурда "Муз жүрөк" деген ыр жазып, аны ачыкка чыгарбай, сыр кылып турат. Себеби, жаңы жазган ырын өзгөчөлөнгөн клип менен чыгарууну максат кылып турган кези экен.



  Жансырым

Аязгүл
Аязгүл айылда жакшы көргөн кызым эле. Бир майрам күнү тоо кыялап жайлоого баратканбыз. Гүл терип бериш таптакыр эсимде деле жок. Тоо ашкандан кийин аны кучактап алдым. Айлана ээн. Жылкычы чымчыктар окшоп шоктонгон сезимдеримдин туткунунда баратып, капыстан Аязгүлдү басып жыгылдым. Көздөрүм тунарып, дүүлүгүп алгам. Аязгүл токтоосуз эле ычкырымды бошото баштады да, колдорун соймолотуп жиберди. Ансыз да араң турганмын, ичимен бир бир нерсе сызып өткөндөй болуп, чып-чып тамчылай түштү. Соолуй түштүм. Аялзатына болгон арзуум жерге сиңгендей жок болуп, денем бошой түштү. Күнөөлүүдөй ордуман турдум да, ары көздөй басып кеттим.
Ушул окуядан кийин Аязгүл экөбүздүн мамилебиз тоңду да калды. Ал менден кача баштаганын сездим. Көрсө, апам ага жолугуп, "кой айланайын, баламдын башын айландырба. Айдай баламды бузулган кыздын койнуна кантип салып бермек элем, ыя?" - дептир.
Үйдүн алдында түлөгөн көгүш дөбөтүмдү сылап отурсам, Мырза жетим келиптир. Сүйлөгөн сөздөрүндө бираз шылдыңдоо бар.
- Ии, жигит, эркектана, кандайсың? - деди тиштерин ырсайтып.
- Келиңиз, - туруп барып учураштым.
Анан ал:
- Жакшы айгыр болот десе, бычылган текеден бетерсиң го, ыя?
- Эмне болду? - дедим түшүнбөй .
- Эмне болду деп коет. Аязгүл шуркуяга жарабай, көтөрүм кунан өңдөнүп, ха, ха, ха... Ычкырыңды чие байлап жүрбөйсүңбү?
Жер карап унчукпай туруп бердим. Мырза жетим ичи эзилгиче күлдү да, айгыр эшегин башка-көзгө чапкылап, жылып жөнөдү. Эшектин туягынан чыккан чаңдар уйгу-туйгу болгон жүрөгүмүн чаңдары сыяктанат. Ошол чаңдарда адашып кайдадыр бир жактарда жүргөнсүйм...
Дастан М.















??.??